Азирети Абу Бакр Сыддык (р.а) Мухаммед пайгамбарыбыздын эң улуу сахабасы жана досу. Мусулмандардын эң биринчи халифи.
Азирети Абу Бакр (р.а)эркек кишилердин арасынан Исламды эң биринчи кабыл алган жана калган өмүрүн бүт динге арнаган адам. Улуу сахабанын кеңештерин окуп, турмушта пайдаланыңыз.
1. Өзүндү оңдо. Ошондо инсандар сага жакшы мамиле кылышат.
2. Ар бир оору – мусулманга шыпаа. Кээси напсиңди тазалайт, кээси күнөөңдү.
3. Өмүрүн пайдасыз нерселер менен өткөргөндөр - талаага эгин себүүнүн убагын өткөрүп ийгендер. Эгин жыюнун убактысы келгенде өкүнүшөт.
4. Кыйынчылык канча чоң болсо да, диниңердин буйрук жана тыюуларын унуттурбасын.
5. Жан дүйнөнүн тынчтыгын тапкыңар келип жатса, азан менен тирилгиле, намаз менен жашагыла.
6. Инсандын айтарга сөзү, же унчукпаганга адеби болуш керек.
7. Бирөөгө сабыр кыла албай жатсаң, анда Аллах сага канчалык сабыр кылып жатканын ойлочу.
8. Кишинин сөзү анын акылы менен пазилетин көрсөтөт.
Башка макалалар