Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам дүйнөсүндөгү китепканалар тууралуу 12 факт

Автору: кыргызчалаган: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 14 февраль 2022

Эң биринчи Ислам китеби VII кылымда пайда болгон. Албетте, бул – Мухаммед пайгамбарыбызга ﷺ түшүрүлгөн Ыйык Куран. Ал эми эң алгачкы мусулмандардын китепканасы Муавия ибн Абу Суфьяндын мезгилинде Дамаск шаарында негизделген.

%article_title%

14-февраль – Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата Ислам китепканалары тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

1. Аббасий халифи аль-Мамун грек тилинен араб тилине которгон котормочуларга ошол китептин салмагындай алтын төлөп берген. Бул аракеттин аркасы менен аз убакыттын ичинде байыркы грек окумуштууларынын көптөгөн эмгектери которулган. Аббасиддер доорунда 100 миңдеген окурмандар пайдалана турган миңдеген китепканалар ачылган.

2. Омейяддардын тушунда Испаниянын Кордова китепканасында 600 миң китеп сакталган. Кордова халифи Хакам II убактысын китепканада өткөрүүнү жактырган. Ошондуктан ал жөнүндө: “Ал тактыдан да китептерди жакшы көрөт”, - деп айтышкан.

3. Окумуштууларды өзүнө тарткан атайын адистештирилген китепканалар да болгон. Коомдук китепканалар ушунчалык көп болгондуктан, жыйылып турган китеби жок мечитти табуу кыйын эле.

4. Моңголдордун басып алуусуна чейин Багдадда 36 китепкана бар эле. Каирде, Алепподо, Ирандын ири шаарларында, Орто Азия жана Месопатамияда көп сандагы китеп сактоочу жайлар иштеген.

5. Дарул-кутуб деп аталган мечиттеги китепканаларда авторлор жана окумуштуулар изилдөөлөрүнүн натыйжасын кесиптештерине тааныштырышкан. Мындай жыйындарга каалаган адам катышып, сөз сүйлөй алган. Чогулуштагы баарлашуулар жазылып, китеп түрүндө чыгарылган.

6. Тунистеги аз-Зайтун мечитиндеги китепканада 100 миңден ашык кол жазма болгон. Хафсид династиясынын башкаруучулары китепкананы байытып, алардын иштөөсүн жакшыртууда бири-бири менен кадимкидей жарышкандыгы айтылат.

7. Жеке китепканалар да чоң масштабга ээ болгон. Тарыхчы Эдвард Гиббондун маалыматы боюнча, бир мусулман дарыгери Бухара эмиринин чакыруусунан баш тартат. Мунун себеби дарыгер китептерин таштагысы келбейт, ал эми аларды ташуу үчүн 400 төө керек болгон.

8. Ал кездеги адамдар китепти абдан жакшы көрүшчү. Илимге умтулгандар пайдалансын деп, жеке китепканаларын мечитке өткөрүү салтка айланган.

9. Көптөгөн китепканалар архитектуралык кооздугу менен өзгөчөлөнгөн. Тарыхчы аль-Макдиси Шираз шаарындагы китепкананы мындайча сүрөттөйт: “Анын айланасы булактары бар бакчалар жана роза гүлдөрү менен курчалган. Имараттын эки кире бериши жана 360 бөлмөсү бар. Ар бир бөлүмдүн текчесинде каталогдор бар. Бөлмөлөр килем менен төшөлгөн”.

10. Ошол убакта эле керектүү китептерди табууга мүмкүндүк түзгөн классификация системасы иштелип чыккан. Китептерди үйгө алып кетип окууга мүмкүн болчу. Мусулман тарыхчысы Якут аль-Хамави 200 китепти күрөөсүз эле алып кетүүгө боло тургандыгын жазган.

11. Китептерди алуу эрежелери азыркыдан көп деле айырмаланчу эмес. Китептерди сүйлөшүлгөн мөөнөткө чейин кайтаруу, китепке жазбай, кылдаттык менен колдонуу керек болчу.

12. Китепкана башчылыгына билимдүү адамдар гана коюлган. XII-XIII кылымдарда Түндүк Африкада китепканаларды башкаруу артыкчылыктуу мамлекеттик кызмат катары эсептелген.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 сентябрь 2023г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:48
Бешим
12:55
Аср
17:12
Шам
19:05
Куптан
20:37