Түркияда таравих намазынан кийин мечитке келген балдар имам менен ойноого чакырылат. Албетте, бул аракет балдардын мечитке ыракаттануу менен баруусуна себепчи болот.
Анкаранын Хамди Ками мечити сындуу Түркиянын жаңы мечиттеринде атайын балдар аянтчасы бар. Эгер мечит ичинде бөбөктөр үчүн атайын орун жок болсо, анда мечит сыртына бакча даярдалат. Ошентип, мечит балдардын сүйүктүү жерине айланат.
Түркия мечиттериндеги такталарда Осман халифатынын 7-султаны Мухаммед Фатихке таандык мындай сөздөр жазылып турат:
“Урматтуу мусулмандар, намаз окуп жатканыңарда артыңардан балдардын күлкүсү угулуп турбаса, анда келечек муун үчүн кооптонгула”.
Кыргызстан мечиттеринде да бөбөктөргө ушундай көңүл бурулушун каалайсызбы?
Башка макалалар