Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Шри-Ланкалык жубайлар 17 жылдан бери Меккедеги зыяратчылар үчүн кызмат кылып келишет

Жарыяланды: 9 июнь 2022

Жубайлар Ашраф жана Фатима 17 жылдан бери Меккедеги Ыйык мечитте зыяратчыларга кызмат кылып келишет. Алар ушуга чейин 900 жолу умра кылышкан.

%article_title%

Түгөйлөр ушунча жылдан бери мусулмандарга кызмат көрсөтүп келгендиги үчүн бактылуу экендигин билдиришти. Алар акча табууга, ошол эле маалда Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жумушу бар экенидгине шүгүр келтиришет.

Алгач Аль-Харам мечитинде Фатима иштей баштаган. Ал аялдар залын жана ошол жерде салынган жайнамаздарды кароого дайындалган. Фатима бир нече жылдан кийин күйөөсү Ашрафты Меккеге чакырган.

%article_title%

Бирок Ашраф Шри-Ланкада жумушу болгондуктан, мекенин таштап Сауд Арабиясына кетүүнү каалаган эмес. Акыры Фатима күйөосүн көндүргөн. Учурда Ашраф Аль-Харам мечитинде момундарга күнү-түнү кызмат кылгандыгы үчүн өзүн бактылуу сезет.

Ошондой эле жубайлардын жумушунун дагы бир артыкчылыгы бар. Алар мусулмандар үчүн эң ыйык эсептелген жайда эмгектенип, жума сайын умра кыла алышат. Түгөйлөрдүн айтымында, алар жалпы жонунан 900дөн ашуун ирет умра кылышкан.

Аллах Таала жубайлардын жакшы иштерин кабыл кылып, жасаган жумуштарын берекелүү кылсын!



Намаз убактылары
16 апрель 2024г.
Багымдат
4:36
Күндүн чыгуу
6:19
Бешим
13:02
Аср
17:46
Шам
19:49
Куптан
21:04
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов