Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Нур-Султанда курулган жаңы мечит тууралуу кызыктуу 12 факт

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 17 август 2022

Жакында эле Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Орто Азиядагы өзгөчө мечит жөнүндө кененирээк билгиңиз келсе, бул макаланы окуп чыгыңыз.

%article_title%

1) Колдонууга берилген жаңы мечит Борбор Азиядагы эң чоң мечит болуп саналат. Мечитттин жалпы аянты – 57 миң чарчы метр. Ал эми мечит жайгашкан жер тилкесинин аянты 10 гектарды түзүп, имараттын айланасын фонтандары бар чоң парк курчайт.

2) Мечиттин 4 мунарасы бар. Анын бийиктиги 130 метрди түзөт. Ар бир мунара 5 бөлүктөн туруп, Исламдын 5 түркүгүн билдирет: ыйман, намаз, орозо, зекет жана ажылык. Коноктор сол канаттагы мунарага лифт аркылуу көтөрүлүп, кооз айланага көз чаптыра алышат.

3) Көк түстө жасалган башкы куполдун бийиктиги 83,2 метрди, диаметри 62 метрди түзөт.

4) Мечиттин кире бериш эшиги дүйнөдөгү эң бийик жыгач эшиктердин бири болуп эсептелет. Эшик тропикалык Африкадан келген ироко жыгачынан колго жасалган. Анын бийиктиги – 12,4 метр, салмагы 1,5 – тонна. Эшиктер казак оймо-чиймелери менен кооздолгон.

5) Мечиттин дубалдары жана куполдун ичи түркүн түстүү оюулар, оймо-чиймелер менен кооздолуп, Куран аяттары жана дубалар түшүрүлгөн.

6) Кыбыла тараптагы дубалга Аллахтын 99 ысымы чегилип, ичинен алтын нур менен жарыктандырылып турат. Мозаикалык дубалдын узундугу -100 метр, бийиктиги – 22,4 метр. Мозаика түрдүү түстөгү 25 миллион айнектен турат.

7) Чоң зал жана аялдар залы толугу менен казак оюулары түшүрүлгөн килемдер менен капталган. Килемдин жалпы аянты 15 525 чарчы метрди түзүп, бул дүйнөдөгү эң чоң колго токулган килем болуп эсептелет. Килемдин калыңдыгы – 15 миллиметр. Ал Жаңы Зеландияда 100% жүндөн токулган.

8) Башкы залдын борборунда хрусталдан жасалган асма чырак илинип турат. Анын диаметри – 27 метр, салмагы – 20 тонна. Ал 1 360 890 кристалл сыныктарынан жасалган. Кошумчалай кетсек, мечиттин төрт бурчунда диаметри 8 метр болгон төрт асма чырак бар.

9) Мечиттин бир бөлүгү жер алдында жайгашкан. Жер астындагы кабатта 440 орундуу банкеттик зал бар. Ал жерде маркумду акыркы сапарга узатуу жана кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлөт.

10) Имараттын астында 405 орундуу чоң унаа токтотуучу жай бар. Мечиттин астына атайын туннель курулган. Шаардык автобустар жүргүнчүлөрдү метро станциясынан мечитке чейин жеткире алат. Бул мечитке келген зыяратчылардын жолун кыскартып, аба ырайы бузулганда коопсуз деп эсептелет.

11) Мечиттин жалпы сыйымдуулугу – 235 миң. Ачык аянтта бир убакта 200 миңге жакын адам ибадат кыла алат. Ички залга 35 миң, ал эми мечит короосуна 170 миң адам батат.

12) Намаз окулуучу жайдан тышкары 1-2-кабаттарда окуу бөлмөлөрү, жыйындар залы, нике залы, Куран окуу залы, телестудия ж.б. бар.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50