Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кичи ажылык кылган Борбор Азия өлкөлөрүнүн ажолору

Жарыяланды: 24 август 2022

Бул материалда умра кылган Борбор Азия мамлекеттеринин мурдагы жана азыркы өлкө башчылары менен тааныша аласыз.

%article_title%

ШАВКАТ МИРЗИЁЕВ

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жакында эле кичи ажылык кылып кайтты. Өзбекстандын өлкө башчысына Ыйык Каабага кирүү буйруду.

КАСЫМ-ЖООМАРТ ТОКАЕВ

Ушул жылдын 24-июлунда Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев Меккеге зыярат кылып, умра кылган. Ажо Каабанын ичине кирүүгө мүмкүнчүлүк алган.

СЕРДАР БЕРДЫМУХАМЕДОВ

Түркмөнстандын жаңы Президенти Сердар Бердымухамедов июнь айында умра кылуу үчүн Сауд Арабиясында болгон.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын декабрында Сауд Арабиясына болгон иш сапарында кичи ажылык кылган.

ЭМОМАЛИ РАХМОН

Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон бир нече ирет умра кылган. Анын Меккеге болгон акыркы зыяраты 2016-жылы орун алып, ал үй-бүлөсү менен биргеликте кичи ажылык кылган.

ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАМЕДОВ

Түркмөнстандын мурдагы ажосу Гурбангулы Бердымухамедов 2016-жылы кичи ажылык кылган. Мындан соң ал Медина шаарына барып, Пайгамбарыбыздын мечитин зыярат кылган.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ

Кыргызстандын мурдагы Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылы Сауд Арабиясына болгон иш сапарында умра кылган.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ

1994-жылы Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев иш сапар убагында кичи ажылык кылган.

ИСЛАМ КАРИМОВ

Өзбекстандын мурдагы өлкө башчысы Ислам Каримов 1992-жылы ажылык кылган. Ал Меккеге зыярат кылган постсоветтик өлкөлөрдүн алгачкы лидери болуп калды.



Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов