Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Осмон империясынын биринчи борбор шаары Бурса тууралуу кызыктуу 8 факт

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 12 ноябрь 2022

Бурса миңдеген жылдык тарыхы, архитектурасы, жаратылышынын кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Калаа эл арасында изумрудка салыштырылып, “Жашыл Бурса” лакабын алып жүрөт. Бул макалада көргөн адамды жипсиз байлаган ажайып Бурса жөнүндө кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

%article_title%

1) Бурса шаары 395-1326-жылдары Византия империясына карачу. Ал эми 1326-жылы шаар Осман Гази тарабынан каратылган соң, жаңы түптөлгөн Осмон империясынын борборуна айланган.

%article_title%

2) 2020-жылда жарыяланган расмий маалыматка таянсак, Бурсанын калкынын саны – 3 милиондон ашык. Шаар чоңдугу боюнча Стамбул, Анкара жана Измирден кийин 4-орунду ээлейт.

3) Бурсада Осмон стилинде курулган айыл бар. Шаардан 14 км алыстыкта жайгашкан Жумалыкызык кыштагында байыркы үйлөр, көчөлөр ушул кезге чейин сакталуу. Аталган айыл ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

%article_title%

4) Бурса шаары 150 жылдык тарыхы бар Искендер кебабы менен таанымал. 1867-жылы Искендер эфенди ачкан “Искендер кебаб” легендага айланып, келген туристтер сөзсүз Искендер кебабдын даамын татмайынча кайтышпайт.

%article_title%

5) Бурса – экономикалык жактан алдыңкы шаарлардын бири. Бул жерде тамак-аш өнөр жайы, автомобиль чыгаруу, текстиль, айыл-чарбасы, дыйканчылык өтө жакшы өнүккөн.

6) Бурса “Жибек шаары” аты менен да белгилүү. Мурда Жибек жолунун Чыгыш менен Батышты байланыштырган бир маршруту мына ушул жерде жайгашкан болчу. Шаарга келгендер Чыгыш атмосферасына толук

%article_title%

күбө болуу үчүн “Козахан” жибек базарына барыш керек.

7) Шаарда масштабдуу панорамалык музей орун алган. «Панорама 1326» музейи 3D форматында Бурсанын басып алынган күнүн чагылдырат. Көчмөндөрдүн жашоосун накта чагылдырган өзгөчо музей панорамасы көргөн адамды таң калтырбай койбойт.

%article_title%

8) Быйыл шаар түрк дүйнөсүн жакындатып, ынтымагын бекемдөөгө себепчи болду. Бурса түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары беделдүү “Коркут Ата” кинофестивалын жогорку деңгээлде өткөрдү.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов