Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бурсанын жүрөгү - Улу-Жами мечити

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 17 ноябрь 2022

Бурсада жайгашкан Улу-Жами мечити Түркиядагы маанилүү тарыхый эстеликтердин сап башында турат. Бул мечит өз кезегинде мааниси боюнча 5-орунду (Мекке, Медина, Иерусалим, Дамасктагы мечиттерден кийин) ээлеп келген.

%article_title%

20 куполдон, 12 түркүктөн жана 2 минареттен турган Улу-Жами Осмон империясындагы алгачкы чоң мечит катары саналат. Анын дээрлик 600 жылдык тарыхы бар..

%article_title%

ТАРЫХЫ

Улу-Жами 1396-1399-жылдары курулуп бүткөн. Осмон доорунун 4-султаны Баязид Йылдырым Нигболуда кресттүүлөр менен болгон салгылашта жеңишке жеткен соң, Аллахка ыраазычылык билдирүү ниетинде 20 мечит курууну чечет. Бурсага келип, бул оюн даанышман Султан Эмирге билдирет. Султан Эмир 20 мечиттин ордуна 20 куполдуу чоң мечит курууну сунуш кылат. Ошондой эле мечиттин орду тууралуу Эмир Султан түш көрөт. Чындап эле эртеси ошол жерге чөп өсүп калган болот. Баязид чоң мечит курууга киришет. Улу-Жами Нигболудагы жеңиштен түшкөн олжого курулуп бүтөт.

%article_title%

Архитектуралык эстелик башынан көптү өткөргөн. Түрдүү басып алуулардан жана жер титирөөдөн жабыркап, бир нече ирет өрттөлгөн.

%article_title%

КАЛЛИГРАФИЯ

%article_title%

Мечиттин ичи кооз жазылган каллиграфиялар менен көз суктандырат. Жалпы 41 каллиграф тарабынан жазылган 192 каллиграфиялык эмгек бар. Булар Ислам каллиграфиясындагы эң мыкты коллекция катары эсептелинет. Аллахтын 99 ысымын, пайгамбарыбызга арналган салаваттарды, Куран аяттарын көрүүгө болот.

%article_title%

ФОНТАН

%article_title%

Мечитте даарат алуу үчүн мрамордон жасалган фонтан орун алган. Уламышка ылайык, мечит салынган жердин бир бөлүгүндө аялдын үйү болгон. Ээси үйүн саткысы келбей, көчүүдөн баш тартат. Кийинки күнү аял түш көрүп, акыры сатканга макул болот. Ушул аялдын урматына анын үйү турган жерге архитекторлор фонтан курушкан.

КААБАНЫН КИСВАСЫ (ЖАБУУСУ)

%article_title%

Мечитте Каабанын жабуусу илинип турат. Бул кисва Султан Селимдин убагында алынып келинген. Явуз султан Каабада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, Стамбулдан келген жабуу менен Каабанын кисвасын алмаштырган. Ал эми мурдагы жабууну Бурсага алып келип, өз колу менен Улу-Жами мечитине илип койгон. Канча кылымдан бери келе жаткан бул жабуунун саймалары өчүп калган, жазуулар күндүз жакшы көрүнбөйт.

%article_title%

Өзгөчө мечит 2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Тарыхый жерлерге, архитектуралык эстеликтерге кызыккандарга сөзсүз Улу-Жамини зыярат кылуу сунушталат.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов