Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Экотуризми өнүккөн Түркиянын көз жоосун алган кемпинг жана глемплингдерине саякат

Жарыяланды: 24 ноябрь 2022

Айлана-чөйрө, жаратылыш менен гармонияда жашаган Түркия кооз табияты, бай ашканасы, тарыхтын издери калган байыркы шаарлары менен дүйнөгө таанымал. Бул өлкө акыркы жылдары экотуризмге да өзгөчө маани берүүдө. Токой, жайлоо экосистемасын бузбай туруп, эс алуучу жайлар, кемпинг жана глемплинг аянтчаларын да сала баштады.

%article_title%

Кемпинг жана глемплингдер айрыкча ызы-чуудан качып, тынчтыкты гана каалап калгандар үчүн өтө ыңгайлуу келет. Түркиянын кемпинг жана глемплинг аянтчаларынын көпчүлүгүндө жаш балдар атайын ойной турган жайлар да курулган. Ошондой эле деңизге жакын жайгашкан кээ бир кемпингдерде кумдуу пляждар бар. Глемплингдердин баарында ысык-суу, электр энергия, дегеле жашоого керектүү бардык шарттар түзүлгөн.

%article_title%

Ызы-чуудан, көр тириликтен чардадыңызбы? Анда жумушту токтото туруңуз да мээлүүн жел, салкын төрлүү Түркияга барып, эс алып келиңиз.

%article_title%

КАБАК БАЙ-ФЕТХИЕ (МУГЛА МАРШРУТУ)

%article_title%

Бир убакытта деңиз-кум-күн энергиясынан рахат алгыңыз келсе, анда Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда жайгашкан Кабак булуңундагы чатыр жана глемпингдерге барыңыз. Фетхия районунда жайгашкан Мугла – Түркиянын эң тынч, абасы таза айылдарынын бири. Учу-кыйры жок токойлор жана токой аралаган ичке жолдор менен Кабак айылына барасыз. Чатырларда түнөп, деңиздин муздак суусуна түшүп, сергип кетиңиз.

ФАРАЛЯ-ФЕТХИЕ (МУГЛА МАРШРУТУ)

%article_title%

Түркиянын кол жеткис пляждары жана көк булуңдары менен белгилүү Фараля курорту жашыл табияты жана глемпинг борборлору менен да туристтердин кызыгуусун арттырып келет. Курортто жогорку деңгээлдеги мейманканалар, комфорт ресторан жана жыгач кемпингдер бар. Ызы-чуудан алыс эс алгысы келгендерге гремплингдер да тигилген. Ошондой эле Фараля курортунун жеке бакчалары, бассейндери жана жакузилери, массаж терапиялары да бар. Жаңы үйлөнгөн жаштар бал айларын көбүнчө курорттун дал ушул жеке бакчаларында өткөрүшөт.

КӨПӨЛӨКТӨР МЕКЕНИ – ФЕТХИЕ (МУГЛА МАРШРУТУ)

%article_title%

Көпөлөктөрдүн 80ден ашык түрү жашаган Көпөлөктөр өрөөнү – чет өлкөлүктөр таң калган дагы бир өзгөчө жер. Коноктор жап-жашыл талаа жана 350 метр бийиктен түшкөн шаркыратманын тегерегине чатыр тигип, эс алып кетсе болот. Бул өрөөнгө ыңгайлуу бунгалолор жана таш үйлөр көрк берип турат. Ошондой эле Көпөлөктөр мекенинде парапландар да бар.

КАПАДОКИЯ (НЕВШЕХИР)

%article_title%

Дүйнөдөгү эң кызыктуу пейзаждардын бири Кападокия туристтер үчүн ыңгайлуу жана кооз кемпингдерди сунуштайт. Пери бажалари, сыйкырдуу жер асты шаарлары жана даамдуу ашканасы менен өзгөчөлөнүп турган бул аймак Гөреме ачык асман музейи, Сүйүшкөндөр өрөөнү жана Аванос айылы сыяктуу маанилүү жерлерге да жакын жайгашкан. Бул жерде да коноктор үчүн атайын кемпингдер, лагерлер бар.

ЙЕДИГӨЛЕР УЛУТТУК ПАРКЫ (БОЛУ МАРШРУТУ)

%article_title%

Болу облусунун чет жакасында жайгашкан Йедигөллер улуттук паркын Кара деңиздин токойлору кенен көлдөрү курчап турат. Жаратылыш койнунда мээ сергиткиси келгендер бул районду издеп таап барышат. Паркта жети көл бар. Туристтер көл жээктерине чатыр тигип, эс алышат. Паркты түрө велосипед менен кыдырып чыксаңыз, жөө басып сейилдесеңиз да болот.

ИГНЕАДА УЛУТТУК ПАРКЫ (КИРКЛАРЕЛИ МАРШРУТУ)

%article_title%

Игнеада улуттук паркында өсүмдүктүн 670 түрү бар. Ошондой эле канаттуунун 194 түрү жашайт. Паркта жыгачтан “чатырлар” тигилген. Жыгач гремплингдер үстү айнек менен жабылгандыктан асман көрүнүп турат. Мындай гремплингдерде чалкалап жатып, токой жана парктын түнкү кооздугун көрө аласыз.

Көр тирилик деп эле көгөрүп жүрө бербей, өзүңүзгө да көңүл буруп, эс алып келиңиз.



Намаз убактылары
18 апрель 2024г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:16
Бешим
13:01
Аср
17:47
Шам
19:51
Куптан
21:06
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов