Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Көз жоосун алат: Топ 50гө кирген Түркиянын тектоник көлдөрү

Жарыяланды: 6 декабрь 2022

Түркия – К ара деңиз, Мармара, Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңиздеринин мээлүүн жели аралаган, толкундарынын эпкини тийген абасы таза, жаратылышы кооз тропикалуу өлкө. Жер ортолук деңизин болсо түрктөр Ак деңиз деп аташат. Дал ушул Ак деңизде Көлдөр району бар. Бул район экзотикалуу пейзаждары, кооз жаратылышы туристтерди өзүнө тартып турат. Көлдөр району «2023-жылы саякатталуучу эң мыкты 50 жердин» катарына киргизилген.

%article_title%

КӨЛДӨР РАЙОНУНДАГЫ КООЗДУК

%article_title%

Түркиянын түштүгүндөгү Афьонкарахисар, Анталья, Бурдур, Ыспарта жана Конья облустарынын чек арасында жайгашкан Көлдөр районуна акыркы жылдары туристтер агылып келе баштады. Көлдөр районунда Ажыгөл, Акшехир, Акгөл, Бурдур, Бейшехир, Гавур, Ышыклы, Илгин, Эгирдир, Эбер, Ковада, Салда, Карамык, Сугла, Ярышлы жана Караташ сыяктуу майда-майда көлдөр бар.

ТЕКТОНИК КӨЛДӨР МЕНЕН ТАРЫХЫЙ ЖЕРЛЕР

%article_title%

Торос тоолорунун этектериндеги бул көлдөр жер титирөөдөн кийин пайда болгон тектоник көлдөр болуп саналат. Бул район бир гана табигый көлдөрү менен гана эмес, тарыхый жерлери, аймакта сакталып калган Грек жана Рим шаарлары, байыркы атмосферасы менен да туристтерди кызыктырып келет.

РОЗАЛАР МЕКЕНИ БОЛГОН ЫСПАРТА

%article_title%

Түркиянын Ыспарта районунда роза жана лаванда гүлдөрү өстүрүлөт. Бул аймак гүл өндүрүүсү менен дүйнөгө белгилүү. Гүл жамынган Ыспарта - көз жоосун алган кооз ландшафты менен гана эмес, байыркы маданияты, экономикасы, тарыхый байлыгы жана жаратылыш кооздугу менен кишини суктанткан Көл районунун эң популярдуу облустарынын бири.

ЛАВАНДА ТАРТУУЛАГАН СУЛУУЛУК

%article_title%

Ыспартага лаванда гүлдөрүнүн тигилгенине көп деле болгон эмес. Бирок кыска убакытта аймак көрккө бөлөндү. Кызгылт, көк түстүү сулуулук жана көк килем жамынган талаалар көпчүлүктүн көңүлүн тарткан дестинацияга айланды.

18 CİTTASLOW ЖАНА ЭГИРДИР

%article_title%

Түркиянын 18 Cittaslow “эң жай шаарына” кирген Ялвач жана Эгирдир да Ыспартада жайгашкан. Эгирдир көлү пляждары жана тунук суулары менен белгилүү. Ошондой эле алма-өрүк, шабдалы өсүп, тал-теректер тигилип, мажүрүм талдар ийилген кооз локациялар да бар.

ЙЕШИЛ АДАДАГЫ БАЙЫРКЫ АТМОСФЕРА

%article_title%

Эгирдирден 1,5 км алыстыкта Йешил Ада жайгашкан. Йешил Аданын жалпы аянты тогуз гектарды түзөт. Бул дестинация чакан таш жана жыгач үйлөрү, тар көчөлөрү менен өзгөчөлөнүп турат. Йешил Ада мурун Нис деп аталган. Бул балыкчылардын баш калкалоочу жери болгон. Нисте христиандар тарабынан ыйык деп эсептелген Айя Стефанос чиркөөсү да бүгүнкүгө чейин жакшы сакталып турат. Ал жердеги хостелдерде, балык ресторандарында байыркынын атмосферасы кадимкидей сезиле түшөт.

КОВАДА КӨЛҮНДӨГҮ КООЗДУК

%article_title%

Ковада көлү – тайыз, аны менен катар флорага бай уникалдуу жер. Сыртта эс алуу жана көңүл ачуу үчүн чоң потенциалга ээ. Ковада көлүнүн тегерегиндеги улуттук паркта жаратылышты изилдөө, кемпинг, жөө жүрүү, куштарды көрүү жана альпинизм сыяктуу иш-чаралар өткөрүлөт. Жан-жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыган Гөлжүк көлү аймактын тургундарына эс алуу, көңүл ачуу жана спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүп келет.

Түркиянын Көл районун дүйнөгө белгилүү “Travel + Leisure” журналы 2023-жылдагы «Саякат кыла турган эң мыкты 50 жер» тизмесине киргизип, «Маданий байлыктары үчүн зыярат кылына турган жер» категориясына каттады.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 апрель 2024г.
Багымдат
4:43
Күндүн чыгуу
6:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01