Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулмандардын кыштагы “Мыкты туристтик айыл” деп табылды

Жарыяланды: 12 январь 2023

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) 2022-жылдын мыкты туристтик айылдарын жарыялады. Бул тизмеге дүйнө жүзү боюнча он сегиз өлкөнүн 32 дестинациясы киргизилген. Алардын арасында Измирдеги Бирги айылы да кошулган. Бул материалда Бирги айылы тууралуу айтып беребиз.

%article_title%

«Мыкты туристтик айыл» номинациясы туризмди өнүктүрүүнүн генератор жерлерине, жаңы бизнести баштоого шарты бар аймактарга, киреше алуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон айылдарга берилет. Муну менен катар маданий баалууктарды сактоо, жайылтуу жана өнүктүрүү критерийлерине да басым жасалат.

БАЙЫРКЫНЫН ИЗДЕРИ КАЛГАН БИРГИ

%article_title%

Бирги айылынын көчөлөрү таза, бак-дарактуу жашыл аймак. Эгей деңизинин эпкини айылга тийип, салкын жел дайым согуп турат. Айылда XII кылымга таандык үйлөр, эски курулуштар бар. Көчө аралап бассаң байыркы издери байкалып, өтмүштүн атмосферасы сакталып калгандай сезилет.

БИРГИ КЫШТАГЫНЫН ТАРЫХЫ

%article_title%

Бирги кыштагынын тарыхы биздин заманга чейинки 3000-жылга барып такалат. Фригиялыктар, лидиялыктар жана перстер башкарган Бирги аймагы Пергамон падышалыгы жана Рим жана Византия империяларынын бир бөлүгү болгон. Айыл Анадолу п доорунда Айдыноулдары падышалыгынын борбору болуп турган. 1426-жылы Бирги Осмон империясынын карамагына өтүп, 17-кылымга чейин административдик жана маданий борбор болгон.

АЧЫК АСМАН АЛДЫНДАГЫ МУЗЕЙ

%article_title%

Бирги айылын ачык асман алдындагы музей десек да болот. Дестинацияга барып калсаңыз, күмбөз, медреселер жана мечиттер менен катар Анадолу жана Осмон дооруна таандык көптөгөн тарыхый курулуштар менен фонтандар, мончо жана китепканаларды көрөсүз. Аймакта 200дөн ашык тарыхый эмгектер сакталып турат.

%article_title%

Анадолу доорунда курулган Улу мечити (Айдыноглу Мехмет Бей мечити) 18-кылымда архитектура кандай өнүккөнүн көрсөтүп турат. Ошондой эле айылдагы Чакырага сарайы, Имам Биргиви мүрзөсү, Сандыкоглу сарайы, Дервишага мечити жана Үммү Султан Шах күмбөзү да кишинин көңүлүн бурган тарыхый курулуштар болуп саналат.

%article_title%

Бирги кыштагы 1996-жылы "Өзгөчө коргоого алынган аймак" деп жарыяланган. Айыл 2012-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Мындан тышкары Бирги аймагын Түркиянын Cittaslow (Жай шаар) шаарларынын тизмесине киргизүү аракеттери да көрүлүүдө.

БИРГИ – ЭС АЛУУ ҮЧҮН МЫКТЫ ЖАЙ

Бирги айылы кооз жаратылышы жана жергиликтүү ашканасы, ошондой эле бай тарыхы менен белгилүү. Бул дестинацияда айылдын чыныгы атмосферасы сезесиз. Жергиликтүүлөр менен тал-терек, чынарлардын көлөкөсүндө көк иче баарлашып, айылдын маданияты жана тарыхы менен таанышып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

БИРГИ КАЙСЫ ТАМАКТАРЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ?

%article_title%

Биргинин жергиликтүү ашканасы, гастрономиясы да өзгөчө. Айыл деңиз азыктары, зайтун майлары, чөп-чар менен жасалган тамак-аштары менен белгилүү. Биргинин даамдуу тамактарынын арасында толугу менен табигый азыктардан жасала турган Эгей эртең мененки тамагы бар. Ошондой эле айылдагы чайканаларда тоок шорпо, куурулган же органикалык чөптөр кошулган салаттар, май кошулган кешкек (буудай/арпа жана эттен жасалган тамак), чатал шорпо жана ашкабак гүлүнө фарш салынган тамактар жасалат.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 февраль 2024г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:46
Бешим
13:15
Аср
16:59
Шам
18:49
Куптан
20:04