Мечит – Аллахтын үйү, намаз окуган адамдын жүрөгү бул жерден тынчтанат. Жалгыз эмес экендигин, “эң мыкты үммөт” деп сыпатталган жамааттын бир бөлүгү экендигин сезе алат. Эмесе, көз жоосун алган дүйнө жүзүндөгү өзгөчө кооз мечиттер менен таанышып чыгыңыз.
ВАЗИР ХАН МЕЧИТИ (ПАКИСТАН)
Бул мечит 1634-жылы курулган. Вазир-хан мечити классикалык монгол стилинде салынып, башкы имараттын фасады ошол убактагы шаардын мыкты усталары тарабынан кооздолгон. Мечиттин ички жасалгасы курулгандан бери эч өзгөртүлгөн эмес.
ТИЛЛЯ-КАРРИ МЕЧИТИ (ӨЗБЕКСТАН)
Самаркандда жайгашкан Тилля-Карри мечит-медресеси 1646-1660-жылдар аралыгында салынган. Тилля-Карри “алтын жалатылган” деген маанини туюндурат. Мечит-медресе 2001-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген, учурда миңдеген туристтердин көңүлүн буруп келет.
ФЕЙСАЛ МЕЧИТИ (ПАКИСТАН)
Пакистанда Азиядагы эң чоң мечит жайгашкан. 300 миң адамды батырган мечитти куруу иштери 1976-жылы башталган. Фейсал мечитинин конструкциясы башка мечиттерге окшобойт. Мечит бийик тоолор, жашыл токой менен курчалып, бедуиндин чатырын элестетип турат.
СИАНЬ МЕЧИТИ (КЫТАЙ)
Сиань мечити байыркы мечит болуп саналат, аны 742-жылы арабдар курган. Тан династиясы доорунда Ислам дини араб соодагерлеринин аркасы менен Кытайга жайыла баштаган. Ислам жана Кытай архитектурасын айкалыштырган Сиань мечити – жалпы коомчулук үчүн эшигин ачкан Кытайдагы жалгыз мечит.
ХАСАН II МЕЧИТИ (МАРОККО)
Дүйнөдө чоңдугу боюнча 2-орунда турган мечит 13 жылда курулуп бүткөн. Мечиттен айнек пол аркылуу деңиз толкундарына суктанууга болот. Убагында мечитти салуу үчүн көп каражат жумшалып, күнүнө 35 миң жумушчу иштеп турган.
ШАХ МЕЧИТИ (ИРАН)
Исфаханда жайгашкан мечитти куруу иштери 1611-жылы башталып, 1641-жылы аяктаган. Шах мечити же Имам мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген ислам архитектурасынын эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Анын жети түстүү кооз мозаикасы жана каллиграфиялык жазуулары өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.
ОММЕЙЯДДАР МЕЧИТИ (СИРИЯ)
8-кылымга таандык Чоң мечит же Омейяддар мечити Дамаск шаарында жайгашкан. Мечитте Иерусалимди кресттүүлөрдөн бошоткон кол башчы Саллахуддин Аль-Аюбинин көрүстөнү бар. Чоң мечит көптү башынан өткөргөн тарыхы, архитектурасы менен өзгөчөлөнүп турат.
УЛУУ МЕЧИТ (ИНДИЯ)
Делиде орун алган Улуу мечит 17-кылымда падыша Шах Жахан тарабынан курулган. Ал Индиядагы эң чоң мечит, 25 миң мусулманды ичине батыра алат. Үч куполдуу жана эки мунаралуу кооз мечитти көрүү үчүн жылына миллиондогон туристтер келет.