Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тамшандырган түрк эжигейлери (сырлары)

Жарыяланды: 18 сентябрь 2023

Ден соолукка өтө пайдалуу болгон эжигейдин көптөгөн түрлөрүн түрк ашканасынан кезиктирүүгө болот. Климаттык шарттарга байланыштуу ар бир аймакта сүт жана сырдын өзүнчө даамы жана жыты бар. Түркияда сыр жергиликтүү ашкананын маанилүү компоненти болуп саналат.

%article_title%

“АК СЫР” (Beyaz Peynir)

Эртең мененки түрк тамактарынын маанилүү компоненти жана өлкөдөгү эң популярдуу деликатестердин бири. Чанаккале жана Эдирне ак эжигейдин мекени болуп эсептелет. Эдирне ак сыры дарыя жээгиндеги аймактык чөптөр менен азыктанган кой, эчки жана уйлардын сүтүнөн өндүрүлөт. Мунун негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү – эч кандай кошулмасыз; сүт, ачыткы жана туз гана колдонулат. Эзине ак сыры – да түрк нанүштө дасторкондорундагы дагы бир салттуу жана маанилүү сыр. Жумшак, орто же катуу текстурада өндүрүлө турган бул эжигей Каз тоолорундагы табигый өсүмдүк жана минералдык ресурстар менен азыктанган уйдун, койдун же эчкинин сүтүнөн даярдалып, өзгөчө даамы менен эсте калат.

%article_title%

БАЛЫКЕСИР: ТҮРДҮҮ 50 СЫРДЫН МЕКЕНИ

Балыкесирге келсек, эжигейдин 50 түрүн кезиктиребиз. Михалич - Түркияда кылымдар бою өндүрүлгөн эски сыр. Бул сыр эчкинин же уйдун сүтүнөн жасалып, катып, кургаганга чейин туздуу сууда сакталат. Даамы курч болгондуктан көптөгөн тамактарга, салаттарга пайдаланса болот.

%article_title%

КАПАДОКИЯ АЙМАГЫНЫН КӨК ЭЖИГЕЙИ

%article_title%

Географиялык жактан Кападокияда даярдалган Нигде көк эжигейи 15 метр тереңдиктеги үңкүрлөргө салынып, ал жерде 7 ай бышат. Сыр бул убактан кийин даамдуу жана көк болуп калат, ошондой эле табигый антибиотик болуп саналат. Үңкүрлөрдө бышкан дагы бир салттуу сыр – Карамандын Дивле Обрук. Бул сыр дээрлик 700 жыл мурун пайда болгон жана дары чөпкө бай жайлоолордо жана чөптүү жерлерде багылган кой-эчкинин сүтүнөн өндүрүлөт.

%article_title%

Эжигей көк флорасы бар үңкүрлөрдө беш ай сакталып, алгач көк, андан соң ак, акырында кызыл көк менен капталат. Аймактагы көк сыры менен белгилүү болгон дагы бир шаар – Конья. Кылымдарды карыткан тарыхы жана өзгөчө даамы менен айырмаланган Коньянын көк сыры сүт жана ачыткыдан гана жасалып, атайын бөлмөлөрдө даярдалат. Осмон аскерлерине антибиотик катары берилген эжигей 6 айлык өндүрүш процессинен кийин даяр болот.

%article_title%



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
15 апрель 2024г.
Багымдат
4:38
Күндүн чыгуу
6:21
Бешим
13:02
Аср
17:45
Шам
19:48
Куптан
21:03