Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2017г.
Багымдат
04:23
Күндүн чыгуу
06:11
Бешим
13:04
Аср
17:23
Шам
19:23
Куптан
21:17

Парашюттан 126-жолу ийгиликтүү секирген мечиттин имамы
Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 4 апрель 2017

Татарстандагы Кызыл-Байрак айылынын мечитинин имамы Тимур хазрат Ибрагимов 4 км бийиктиктен 126-жолку парашюттан секирүүсүн ийгиликтүү ишке ашырды. Бул тууралуу Татарстан мусулмандар дин башкармалыгынын пресс-кызматы кабарлайт.

Парашют спортун жакшы көргөн, жашы 90го чукулдап калган Тимур хазрат Ибрагимов алгачкы жолу 18-жашында секирген эле. Өзү Оренбургдагы жогорку аскердик-авиациялык училищаны аяктап, 28 жыл бою мекенге кызмат кылган. 2013-жылы Станинград салгылашуусунун 70-жылдыгына карата Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин атайын медалы менен сыйланган.

2016-жылы Б.Кузнецов атындагы Казань кадет мектеп –интернатынын “Жаш десантник” аскердик клубунун кадеттери менен өзгөчө трио- имам Тимур хазрат Ибрагимов, 92 жаштагы согуштун ардагери жана православ чиркөөсүнүн башчысы асманга учушкан.

Тимур хазрат парашютту киерден мурда учактын жанында намаз окуп, кудайдан баары жакшы өтүшүн тилеген.

1 / 3



Башка макалалар
Малайзия: биз алардай боло алабызбы?
Кызыктардан / 5 август 2017 / Данияр Надырбек уулу
Көңүл чөгөрүп, чүнчүбөңүз!
Диний агартуу / 8 август 2017 / Гульнара-Салима Молдожанова
Намаз кыймылдары менен йоганын окшоштугу
Кызыктардан / 9 август 2017 / "Умма" журналы
Дагы кѳрсѳтүү