Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сами Юсуф клиптерин Кыргызстанда тартат

Автору: Мария Айткулуева / Сүрѳттѳр: фейсбук баракчасынан / Жарыяланды: 7 июль 2017

Үстүбүздѳгү жылдын 30-июнунда дуйнѳлүк деӊгээлдеги аткаруучу Сами Юсуфтун кѳптѳн күткѳн концерти болуп ѳттү. Сами Юсуф Кыргызстанга 10 мыкты мультинструменталисттерден турган тобу менен келди. Алар ѳз чеберчилиги менен кѳрѳрмандарыбызды таӊкалтырды. Музыканттардын коштоосунда ырчы ѳзүнүн эӊ белгилүү чыгармаларын жана миӊ жылдык тарыхы бар Хурасан чѳлкѳмүндѳгү элдик күүлѳрдү аткарып берди. Сами Юсуфтун Бишкекте болуп ѳткѳн концерти жана ырчынын Кыргызстан жѳнүндѳгү ойлору туурасында «Умма» журналына GammaMediaGroup компаниясынын башчысы, концерттин уюштууруучусу Ислам Сатаров маек куруп берди.

%article_title%
Сами Юсуфтун сол жагында GammaMediaGroupтун жетекчиси - Ислам Сатаров

Сами Юсуф Кыргызстанга акыркы жолу келген жок

Ырчынын бизге келүүсүнѳ 8 жыл даярдык кѳрүлгѳн. Уюштуруу процесси кѳп каражат, күч жана кѳп убакытты талап кылды. Мээнеттин бары текке кеткен жок деп айтсак болот. Себеби, Сами Юсуф угучууларды ѳз таланты менен багындыргандан сырткары, аны менен Кыргызстан үчүн ѳтѳ керектүү жана уникалдуу келишимдерге кол коюлду.

%article_title%

«Аталган концерттин чыгымдары акталат дегенден алыс болгонбуз, ал гана эмес киреше табуу жѳнүндѳ ой болгон эмес. Биз атактуу ырчы биздин ѳлкѳбүздү жактырып калса кийинки кызматташууга жол ачылат деген үмүтүбүз бар эле. Чындыгында, биздин ойлорубуз ишке ашты» - деди кубанычын жашырбаган Ислам Сатаров.

Сами Юсуфтун Кыргызстан менен келечектеги кызматташуусу тѳмѳнкүдѳй болмокчу:

1) Сами Юсуфтун расмий Борбордук Азиядагы ѳкүлчүлүгү Кыргызстанда ачылат.

2) Ал эми белгилү ырчынын 2018-жылы чыгарыла турган жаӊы альбомуна кирчү 4 клипти Сами Юсуф Кыргызстанда тартмай болду.

«Кудайбуюрса, Сами Юсуф августтун аягында келип аталган клиптерин тартуу үчүн биздин ѳлкѳдѳ бир ай журѳт. Ал биздин жаратылыштын кооздугуна ушунчалык суктанып клип тартуу ниетин билдирген. Биз Борбордук Азиянын мыкты режисеррлорун чакырабыз анткени, биз үчүн сапат эӊ манилүү нерсе болуп саналат. Кудай буюрса, клиптерде Сары Челек кѳлу, Таш Рабат чеби, Бурана мунарасы, Сулайман Тоо, Ысык-Кѳл, Жети-Огүз сыяктуу не бир ажайып кооз жерлерибизди кѳрсѳтүүгѳ аракет кылабыз. Бул да болсо туризм чѳйрѳсүнѳ кошкон салымыбыз болот, себеби Сами Юсуфтун клиптерин миллиондогон кѳрѳрмандар кѳрүүгѳ ынтызар эмеспи»,- деп кошумчалады GammaMediaGroup компаниясынын жетекчиси.

3) Сами Юсуф кыргыз улуттук аспаптарын колдонуу менен «Кѳчмѳндѳр Оюндарына» гимн жазып берүү тууралуу ойлорун билдирди.

«Белгилүү ырчы биздин комуздун, кыл-кыяктын, ооз комуздун күүлѳрүн уккандан кийин: «Мен дүйнѳдѳгү бардык аспаптар менен таанышмын деп ѳйлоп жүргѳнмүн, бүгүн мурда болуп кѳрбѳгѳндѳй бир жаӊылык ачып жатамын», -деди. Биздин аспаптар тууралуу кѳп адамдар билбегени ырчыны таӊ калтырды. Ал кыргыздын улуттук аспаптарын жалпыга таанытууга ѳз салымын кошкусу келет. Ал эми комуз да кѳп ойнотуп күү чертүү ѳнѳрү Сами Юсуфту ушунчалык арбагандыктан ал кѳзү жаш алды. Ошондуктан Сами Юсуф кыргыз улуттук аспаптарын колдонуу менен «Кѳчмѳндѳр Оюндарына» гимн жазып берүүнү ѳзү сунуштады. Албетте, Сами Юсуф ѳз ишинде жогорку деӊгээлдеги кесипкѳй болуп саналат. Ал ар түрдүү улуттук аспаптар менен жакындан тааныш болгондуктан алардан сыбызгыган музыканы жанындай сезе билет. Балким, келечектеги гимн бирнече салттуу жана классикалык аспаптардын синтези болоор. Мындай манилүү ишке катышууга мамлекетибиздин мыкты музыканттарын чакырууга ниеттенип жатабыз».

%article_title%
Концертке ар кайсы ѳлкѳдѳн угармандар келди .

4) Сами Юсуф жана Ислам Сатаровдун дуэти күтүлүүдѳ

GammaMediaGroup компаниясы Сами Юсуфту кыргыз элинин салты, ѳнѳрү жана чыгармачылыгы менен тааныштырууга аракеттенди. Даражалуу меймандын урматына «Камбаркан» фольклордук тобунун, камералык оркестрдин жана Нэна, Аско, Адилет Жумабеков, Айганыш Абдиева, Гульзада Рыскулова сыяктуу эстрада ырчыларынын катышуусу менен чакан концерт уюштурулган. Алар кыргыз элдик ырларын жана батыштын белгилүү композицияларын аткарып беришти. Сами Юсуф кыргыз ырларын абдан жактырды. Ислам Сатаров да Рыспай Абдыкадыровтун ырларынан ырдап берди.

«Европага жетеленбегиле, ал жол силердики эмес. Силер ѳз салтыӊарды, улуттук ѳзгѳчѳлүгүӊѳрдү, тилиӊерди урматтап ѳнүгүшүӊѳр зарыл, – деп Сами Юсуф бизге кеӊеш берди. Анын ою боюнча, ушундай аракеттер келечектеги ийгиликтерге алып келет. Ошондой эле Сами Юсуф менин талантымды жогору баалап, кийин дуэт менен ыр аткарып жаздырууну сунуштады. Кудай буюрса, атактуу ырчынын Дубайдагы үн жазуучу компаниясында дуэт жаздырабыз, - деп Ислам Сатаров ѳзүнүн пландары менен бѳлүштү.

Сами Юсуф биздин жаратыштын кооздугуна суктанды

Чет мамлекеттен келген меймандар Ала-Арча жаратылыш паркына эс алууга барышты. Аларды ак мѳӊгүлүү тоолор, шаркырап аккан дарыя шаардан 30 чакырым жерде эле жайгашканы, абанын тазалыгы суктандырды.

«Сами Юсуф кѳп ѳлкѳлѳрдѳ болгонун бирок мындай ажайып кооз жерди кѳрбѳгѳнүн жашырган жок», -деди Ислам Сатаров.

Жадакалса Сами Юсуф инстаграммдагы ѳзүнүн расмий баракчасында Ала-Арчада тартылган видео менен бѳлүшүп, «Beautiful»(Сонун!)- деп мүнѳздѳмѳ берген.

%article_title%
Сами Юсуф: "Мындай тоолорду мен биринчи жолу кѳрүп жатам"

Мыкты угармандар

Сами Юсуфтун концерттерин жаӊдуу музыка гана айырмалабастан, ал дайыма зал менен интерактив жүргүзүп, ѳзү жана кѳрѳрмандар чогуу ырдашат. Бишкектеги концертте да ошондой болду.

«Сами Юсуф биздин активдүү аудиторияга абдан ыраазы болду, угуучулардын кѳпчүлүгү анын ырларын билгени таӊ калтырды», – деп белгиледи И.Сатаров.

%article_title%
Угармандар белектерди сунушташты

Персия килеминин ордуна шырдак

Сами Юсуфтун концерттеринин дагы бир ѳзгѳчѳлүгү – ал ырларын килемге отуруп ырдайт экен. Белгилүү аткаруучунун командасы персиянын килемин салып берүүнү ѳтүнгѳн, бирок уюштуруучулар шырдакты артык кѳрүштү.

«Биз шырдакты даярдоо, жасоо жолун айтып бергенден кийин меймандар абдан кызыгып калышты. Биринчи жолу дүйнѳлүк деӊгээлдеги «жылдыз» ырларын шырдакка отуруп алып аткарды, десе болот»,- деди сыймыктануу менен Ислам агай.

«Биздин Спорт Сарайыбызда жандуу музыка аткарылбайт» - деген стереотипти жокко чыгардык

Ислам Сатаров ѳткѳрүлгѳн концертке эӊ жогорку баа берди. Жетишкендиктердин катарында «биздин Спорт Сарайыбызда жандуу музыка аткарылбайт»- деген шылтоо мындан ары айтылбастыгын белгилейт.

«Бул имаратта акустика таза болбогондуктан аспаптарда ойноого мүмкүн эмес, добуштар таза чыкпайт, - деген ойлорду жокко чыгардык. Ѳзүнѳр угуп кѳргѳндѳй ар бир үн, добуш шыбырына чейин дана угулуп турду. Биз эӊ мыкты музыкалык аппаратураны коюп, эн сапаттуу микрофондорду орнотуп үн ѳткѳрүү боюнча жогорку сапатка жетише алдык», - деди И.Сатаров.

Ар нерсенин эки жагы болот

Ислам Сатаровдун айтымында концерт ѳткѳрүүдѳ кыйынчылыктар болбой койгон жок. Музыкалык аспаптарды, шаймандарды табууда, демѳѳрчүлѳрдү издѳѳдѳ, логистикалык маселелерди чечүүдѳ жана билеттерди сатууда кыйынчылыктар болду. GammaMediaGroup компаниясынын командасы 300-400 билетти ѳзүнүн ѳнѳктѳштѳрүнѳ таратып берген. Ал эми алардын кээ-бирѳѳлѳру не бир сонун кечеден ырахат алгандын ордуна белекке берилген билеттерин арзан баага сата баштаган. Алсак, 6 миӊ сомдук билеттерди 500-1000 сомго сатып жиберишкен, албетте концертке билетти ѳз баасына сатып алгандар нааразы болушту.

«Кѳп адамдар биз билеттерди ѳзүбүз арзансатып жибергендей кѳрүштү. Андай болгон жок. Биз

%article_title%
Сами Юсуф биринчи жолу ат минди
белекке берген билеттерди ѳнѳктѳштѳрүбүз арзан сатып жиберген. Сатылбаган билеттер касса кайтарылып берилди. Ар бир билет үчүн биз салык тѳлѳйбүз да, 2 миӊ сом үчүн салык тѳлѳп анан билеттерди 500 сомго сатабызбы?" – деп сурады Ислам Сатаров.

Маегибиздин акырында Ислам агай тереӊ дем алып минтип айтты: «Биздин кыялыбыз орундалганына ушу күнгѳ чейин ишенбейм. Бардыгы түшүмдѳ болгондой сезилет»

Үч күнгѳ созулган «түш» кѳз ирмемде соӊуна чыкты. Бирок, туш аяктай элек. Алдыда Кыргызстанды Сами Юсуф менен кызматташуу күтүп турат…

«Умма» журналы аталган иш-чаранын медиа-ѳнѳктѳшү болгон. Биздин окурмандарга Сами Юсуфтун чыгармачылыгынын тереӊдигин жана ѳзгѳчѳлүгүн кѳрсѳтүүгѳ далалат кылгандыгыбыз үчүн GammaMediaGroup жетекчиси Ислам Сатаров ыраазычылыгын билдирди.

«Биз сиздер менен кызматташканыбызга сыймыктанабыз. Сиздердин иш алып барганыӊар, командаӊар жана иш билгениӊер жогорку деӊгээлде экен. Силер менен мындан ары кызматташабыз деген үмүттѳбүз. Кудай буюрса, мындан да кѳлѳмдүү долбоорлорду бирге ашыраалабыз. Бардыгыӊыздарга жана ишиӊиздерге ийгилик каалайбыз!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов