Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Марс Ибраев: “Бүгүнкү күндө коом ислам интеллигенциясына суусап турат”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Хамсия Кулинова / Жарыяланды: 19 июль 2017

14-июлда Кыргызстан Ислам Университети туура 14 жылдан соң кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияга ээ болду. Мындан ары Кыргызстан Ислам Университети 4 жылдык бакалавр программасы боюнча жогорку кесиптик билим берүүгө укуктуу жана бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом бермекчи.

Аталган университеттин ректору Марс Ибраев менен мындан жарым жыл мурда курган жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгү, көйгөйлөрү жана артыкчылыктары, Кыргызстандагы диний билим берүү тууралуу маегибизди окурмандарга сунуштайбыз.

null

- Ассаламу алейкум, Марс агай! Сиз Ислам университетине ректор болуп дайындалганыңызга 5 ай болуптур. Алгач Ислам университети жана окуу жайдын жетишкен ийгиликтери туурасында сөз кылсаңыз.

-Биринчиден, Аллах Таалага шүгүрчүлүк келтирип, андан соң бул окуу жайды түптөгөн жана анын өнүгүшүнө салым кошкон жалпы жамаатка ыраазычылыгымды билдирем. Кыргызстандын тарыхында, биринчи жолу мындай диний жогорку окуу жайынын болушунун өзүн эле чоң жетишкендик деп билем. Окуу жай, 2003-жылы Университет макамын алгандан бери, диний чөйрөдө иш алып барган сабаттуу адистерди даярдап келе жатат. Бүгүнкү күндө университетибизде 60 мугалим иштейт. Араб тилинен сабак берген 6 араб мугалимибиз бар. Студенттердин 1-курстан баштап эле араб тилин мыкты өздөштүрүүдө бул окутуучулардын салымы зор. Тилди мыкты өздөштүрүп алган соң, фыкх (юриспруденция), хадис, тавсир ж.б. илимдердин бардыгын жакшы алып кетишет. Бизде 3 кафедра иштейт: 1-шариат илимдери; 2-ислам илимдери; 3-араб тили же лингвистика кафедрасы. Бүтүрүүчүлөргө шарият илимдери жана араб тили боюнча адис деген диплом беребиз.

-Университетте окутуу акысызбы, же контракттык негиздеби?

-Окутуу ушул күнгө чейин акысыз болду. Документке деп 1000 сом, жыл ичинде ремонтко 1000 сом алышыбыз мүмкүн, бирок андан тышкары акча албайбыз. Окууда мыкты жетишкен жана социалдык жактан муктаж суденттерге стипендия берилет. Бирок ушул жылдан баштап контракттык негизди да ойлонуп жатабыз. Бир чети бул мамлекеттин талабы болсо, экинчи жагынан мындай кылбасак азыркы кризистен чыгуу кыйын болуп калат экен.

-Негизи эле, университетке финансылык колдоону ким көрсөтөт? Бул жаатта мамлекеттин канчалык салымы бар?

-Мамлекеттен бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Финансылык жардамды биз муфтияттан, айрым эл аралык фонддордон алып келебиз. Бирок, мамлекет өзү башында туруп, колдоп берсе деген тилегибиз бар. Диний радикализм, экстремизм, терроризм күчөп турганда бул нерсени жөнгө салуу абзел. Бул коркунучтарды алдын алуучу диний сабаттуулуктун башында университет турат эмеспи. Мамлекет буга өзү кызыкдар болбосо, динди тайыз түшүнүп, инсандардын акылын уулаган дин бузарлар көбөйө берет. Ошондуктан, биз мүмкүн болушунча диний билим берүүнү алдыга жылдырышыбыз керек.

-Жыл сайын Ислам университетине тапшыргысы келген абитуриенттердин саны канча? Дегеним, бул окуу жайга тапшырууга үндөгөн көрнөк-жарнактарды учуратуу кыйын.

-Абитуриенттерибиздин саны канааттандырарлык. Бул жылы 300 бала келди, алардын арасынан тандап 150сүн гана кабыл алабыз. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 баллдан жогоруларын тандайбыз. Бирок, жылдан жылга талаптарды да күчөтүп жатабыз. Анкени коомдо күчтүү мусулмандарды өстүрүш үчүн үчүн эң билимдүүлөрүн тартканга аракет кылабыз. Окуу жайды жарнамалабаганыбыздын бир себеби техникалык база жана окутуу мүмкүнүлүктөрүбүздүн чектелгени менен байланыштуу. Айтсак, имарат маселеси. 500 студент алгыбыз келет, бирок окутуу жайыбыз 150 гана орунга ылайыкталган.

-Университеттеги билим берүүдөгү окуу куралдары жана окутуучулардын курамы тууралуу да айта кетсеңиз.

null

-Окутуучулар тууралуу айта турган болсок, Сауд Аравия, Египет, Сирия, Ташкенттен бүтүргөн күчтүү окутуучулар сабак берет. Бул жааттта маселе жок. Окутуу бакалаврдык негизде 4 жыл, 2 жылдык магистратура ачуу планда бар.

Китепанабызда жалпысынан 3000ге чукул китеп бар. Биз негизинен классикалык, эски окумуштуу аалымдардын китептеринин негизинде окутабыз. Маселен, мындан 4-5 кылым мурда, ислам дүйнөсү кабыл алган салттуу ханафи мазхабына ылайык, Абу Ханифанын китептерин колдонобуз. Мындан тышкары, фонддордун колдоосу менен муфтияттан тиешелүү уруксат алынган китептерди кыргызчалап колдонобуз.

-Билим берүү кыргыз тилинде гана экен. Орус тилдүү мекендештерибизге да группа ачууга база барбы?

-Мурда орус группабыз бар эле. Бирок талаптын аздыгынан ал группа жоюлуп кеткен. Эгер талап жогору болсо эле бизде бардык шарттар бар.

-Бир топ жогорку окуу жайларында алмашуу программалары бар. Ислам университети бул жаатта кандай иш алып барып жатат?

-Бизде да мындай программалар иштейт. Алсак, Татарстандагы Казань Ислам Университети, Казахстандагы “Нур Мубарак” эл аралык университети менен келишимибиз бар. Быйыл Моквадагы Ислам Университети менен келишим түзүп, кызматташып баштадык.

- Окуу жайда кандай коомдук жана илимий иш-чаралар өтүп турат?

-Жыл бою студенттерибиздин илимий жарыштарын,тегерек столдор, республикалык деңгээлдеги иш-чараларды байма-бай өткөрүп келебиз. Маселен, 12 миң адам катышкан диний багыттагы китеп окуу жарыштарын муфтият менен биргеликте уюштурдук. Алгачкы жылы, пайгамбарыбыз Мухаммедди (САВ) таанытуу болсо, кийинки жылы хадистерин таанытып, жайылтуу максатын койгонбуз. Жакында эле, Кытайда “Исламдагы орто жол” аттуу илимий конференция болуп, ага да мугалимдерибиз катышып келишти.

-Бүгүнкү күнгө чейин университет Билим берүү министирлигинин аккредитациялык комиссиясынын каттоосунан өтпөптүр?

- Туура, окуу жайыбыз ушуга чейин, Билим берүү министрлигинин каттоосунан өтө элек, бирок, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен уруксат алган, муфтияттын алдындагы университет болуп саналат. Аталган министрликтен каттоодон өтүүгө бир нече аракеттер болгону менен кадр маселесинин айынан чечилбей келген. Бизде профессордук курам талабы боюнча көйгөйүбүз бар. Анткени Кыргызстанда теология илимдери боюнча даражалар берилбейт. Муну берчү атайын мекеме дагы жок. Бирок 2 жылдан бери Абдышүкүр ажы Нарматовдун демилгеси менен университетти каттатуу иши кайра жанданып, азыр акыркы этабында турабыз. Эгер лицензия ала турган болсок, анда светтик предметтер базалык жана вариативдүү түрдө кире баштайт. Ал эми шарият илимдерин Билим берүү министрлиги да, Дин иштери боюнча агенттиги да биз тандагандай кылып коюп берди. Бул дагы- чоң жетишкендик.

-Эмне себептен диний билим берүү жааты өлкөбүздө бүгүнкү күнгө чейин бир жолго салына элек?

-Эгемендүүлүгүбүздү алганыбызга 25 гана жыл болду. 90-жылдар эптеп динди, ыйманды үйрөнүү жылдары болсо, 2000- жылдардын башынан тарта билим берүүгө көңүл бөлүнө баштады. Азыр болсо сисемага түшүү жылдары келди. Бардык нерсе этап-этабы менен болот экен да. Бул дагы 4-5 жыл убакытты алат деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө, коом мусулман интеллигенциясына суусап турган чагы. Ал эми интеллигенция көчөдөн эмес окуу жайдан чыгат. Бул чөйрө мамлекеттин, муфтияттын карамагындагы ислам элитасы болуусу шарт. Албетте, бардык диний окуу жайларга менин урмат-сыйым жогору. Бирок алар учурда канчалык деңгээлде диний жаатта муфтиятка баш ийишет? Канчалык деңгээлде сабактарынын программаларын берип, бири-биринен кабардар болуп турушат? Биз билбейбиз, кээ бирлери катталган да эмес. Ар биринин ар башка окутуу программалары бар. Мына ошондуктан бул окуу жайлардан чыккан адистер бири-бирин түшүнбөй, калкка да сиңбей жатат. Биз, Ислам университети, муфтиятка да, дин иштери боюнча агенттигине да ар бир сабагыбыз, колдонгон окуу куралдарыбыз боюнча отчет беребиз. Мамлекеттин кээ бир медреселерди кыскарталы деп жаткандыгынын да туура жагы бар. Анкени деструктивдүү же радикалдуу күчтөрдүн элементтерин кээ бир медреселерден учуратууга болот. Ал эми Ислам университетинде мындай нерсенин болушу мүмкүн эмес. Бул жерде баары ачык-айкын жана мамлекет, муфтият тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынган.

-Сиз айтып жаткан мусулмандардын элитасын чыгарыш үчүн кандай кадамдарды жасоо зарыл?

-Биринчи кезекте университетти күчтөндүрүп, ар тараптуу колдоо керек. Мамлекет керек болсо, башка бир диний жогорку окуу жайын ачып, биз жашап жаткан коомдун жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн спецификасын мыкты түшүнгөн, калкка ислам динин туура жеткирген кадрларды алып чыгуусу зарыл. Себеби баары бир эл аралык негизде ачылган университеттердин кандайдыр бир саясий максаты болот экен.

Мындан тышкары, Билим берүү министрлигинин алдында теологиялык багыттагы окуу жайларды көзөмөлдөй турган бөлүмгө атайын теологиялык билими бар адис керек. Ошол эле Улутук илимдер академиясында да, Теология илими боюнча даражаларды бере турган атайын курам түзүү керек болуп жатат. Бул учурун талабы болуп калды.

null

-Маалыматтар боюнча ушул күнгө чейин теология багытында Кыргызстандан аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн саны 2000ден ашат экен. Учурда булар кайсыл жаатта эмгектенип жатышат?

-Чынын айтсак, алардын аз гана бөлүгү (10-15 %) диний чөйрөдө иш алып барышууда. Бул нерсе дагы бизди тынчсыздандырбай койгон жок. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, эгер окуу жайыбыз лицензия алса, бүтүрүүчүлөрүбүздү ишенимдүү түрдө иш менен камсыз кылуу дагы жеңилдейт. Көпчүлүгү Ислам университетин аяктагандарды имам, молдо катары гана көрүшөт экен. Бул-туура эмес. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз мечиттерде имам катары гана эмес, жетекчилик кылган казыяттарда, муфтияттарда, ошол эле мектеп, университеттерде, дин агенттигинде ж.б. органдарда атайын эксперт катарында, билимин дагы тереңдетип окуса дипломатиялык жаатта котормочу болуп иштеп кетсе болот.

Бүтүрүүчүлөр демекчи, университеттин алдында атайын бүтүрүүчүлөрдүн фондун ачканбыз. Окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн катарын Аким ажы Эргешов, Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр ажы Нарматов, Ниматулло ажы Рыскулов сыяктуу агайларыбыз улап келет.

Дагы кошумча билим алып, ошол чөйрөдө, маселен, экономист, юрист, доктур ж.б. болуп иштеп жаткандар да көп экен. Диний жаатта иштебесе да, алардын алган бул диний билими эч качан ашыкча болбой деп ойлойм. Анткени ыйман инсанды инсан кылат, а балким султан кылат.

-Алдыда окуу жайды өнүктүрүү боюнча кандай конкретүү пландарыңыздар бар?

-Конкреттүү пландар- университетке лицензия алуу, окутуу программасын дагы жакшыртуу, сырткы алаканы күчөтүп, илимий-практикалык конференцияларды байма-бай уюштуруу. Эң негизгиси окуу жайдын абройун жогорулатып, эл аралык аренага алып чыгуу. Бул үчүн бизге колдоо, үмүт жана оптимисттик маанай керек.

-Ислам тынчтыктын дини болсо да, тилекке каршы, бүгүнкү күндө ислам менен терроризм деген таптакыр эки түшүнүк синоним катары колдонулуп жаткандай. Буга эмне себеп болууда?

- Буга биринчиден диний сабатсыздык жана бул жаатта системалуу иш алып баруунун жоктугу себеп болууда. 3-5 медресе ачып коюу менен диний сабатсыздыкты жое албайсың. Бүгүнкү акыбалды системалуу түрдө комплекстүү дарылоо шарт. Экинчиден, өз ара пикир келишпестик да буга түрткү берип жатат. Душмандар пикир келишпестик зонасын түзүп берип койду. Биз бул оюндун себепкери да, курмандыгы да өзүбүз болуп, тиешелүү ролду мыкты ойноп берип жатабыз. Үчүнчүдөн, эч кимди уккусу келбей, өзүн гана ойлогон сабырсыз мусулмандар чыгып жатат. Эки жамаат урушса, үчүнчүсү кол чабат. Бул- ыймансыз инсан да кылбаган адепсиздик. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздүн нравалык нормативдерибизге көңүл бурушубуз керек. Пайгамбырыбыз (САВ) 10 нерсе айткысы келсе тогузун жашап көрсөтүп, 1ин айтчу экен. А бүгүн биз 1ин жасап, тогузун айтып жатабыз.

Ислам бир гана намаз, орозо эмес, ислам бул сенин салам берүүң, кечиримдүүлүгүң, мусулман эмеске да туура мамиле жасооң, эмгекчилдигиң жана билимге умтулгандыгың болуп саналат.

-Коомчулукта арабдашуу процесси жүрүүдө деген сөз көп айтылууда. Маселен, жаш балдардын узун сакал койгону сынга алынып келет. Буга сиздин көз карашыңыз?

-Бул табигый эле нерсе. Биздин коомго кимдер гана таасир бербеди. Тышкы атрибут көпкө турбайт, өтүп кетет. Муну 1-этап деп койсо болот. 2-этапта дин жүрөккө отурукташкан моделге өтөт.

Эгер пикир өзгөрбөсө, сакал коюу менен эле адам мусулман болуп калбайт. Бул нерсе сүннөт экенин кабыл алам, бирок буга байланыштуу менин өз принцибим бар. Балким ал диний себептен жана кырдаалдан болушу мүмкүн. Мен сакал коюп, 10 нерседен тыйылып калганча, сакалсыз 90 жерге киргеним пайдалуурактыр. Сакалдуулардын да илимдүүлөрү көп. Бирок араларында “Менин сиздей илимим жок, жок дегенде 1 сүннөттү аткарайын” деп сакал койгондор да бар. Мен бул адамдарды “ордунда велосипед тепти” дээр элем. Чыныгы мусулман ички дүйнөсүн да, сырткы келбетин да шайкеш алып кетет.

-Динди туура жайылтууда мусулмандар кайсы нерселерди эске алышы керек?

-Эң башкысы айткан сөзү менен кылган иш-аракети дал келсе. Анан бардык ишти Алланын ыраазычылыгы үчүн деп жазаса береке табат.

-Окурмандарга кайрылууңуз?

-Мен мекендештеримди сабырдуу болууга жана мекенин сүйүүгө чакырат элем. Эң башкысы ыйман жана ден соолук болсун.

-Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17