Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Марат Сарсенбаев: “Халал - бренд эмес, шарият талабы”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 20 июль 2017

Жакында эле, тагыраагы 17-июлда, Казахстандын Халал индустрия ассоциациясынын башчысы Марат Сарсенбаев Кыргызстанга келген. Убагында дал ушул адам Кыргызстандагы Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун ачылышына себепкер болгон. Марат Сарсенбаев - кесибин жанынан артык сүйгөн өз ишинин профессионалы. 13 жыл мурун ал Казахстанда халал индустриясынын түптөлүшүнө жол салып, аны азыркыга чейин жетектеп келет. Ошондой эле, ал - малайзиялык халал стандарттарына аккредитация алган Борбор Азиядагы бирден-бир өкүл.

null

- Ассаламу алейкум, Марат Агибаевич. Сизди Казахстанда халал продукцияларынын атасы катары таанышат экен. Өлкөңүздө халал индустриясын түптөө идеясы кандайча жаралган?

- Валейкум ассалам. Мен өзүм кесибим боюнча доктурмун. Медицина университетинин дарылоо факультетин аяктагам, профессорлук наамым бар. Бир катар мамлекеттик кызматтарда иштедим. Тутунган динимди чоң кызыгуу менен изилдеп баштаган соң, “халал” деген түшүнүккө туш келдим. Байкасам, көбү буга анчейин маани бербейт экен. А чынында, дуба-тилектердин кабылдануусу үчүн ичкен-жегениң, баскан-турганыңдын баары адал болушу, арам нерсенин аралашпашы керек турбайбы. Мен ислам динин илимий аспектен да карап көрүп, өтө кызыктуу нерселерди таптым. Адал тамак менен тамактанууну бир гана диний жактан эмес, медициналык ракурстан алып карасак, анын ден соолукка тийгизген эбегейсиз чоң пайдасын көрөбүз. Өз изилдөөлөрүмдөн соң, 2004-жылдан баштап, Казахстанда халал индустриясын өнүктүрүү боюнча план жаза баштадым.

- Кыйынчылыксыз иш болбойт дегендей, сиз кандай татаалдыктарга туш келдиңиз?

- Казахстанда ошол жылдары бул жаңы тармак болгондуктан көп изденүүгө туура келди. Мага менин медицина жагын аяктаганым чоң керекке жарады десем болот. Бул тармакты түптөө үчүн динден да кеңири мааалыматым болушу керек экендигин түшүндүм. Ошондо атайын Казахстандагы Имамдардын квалификациясын жогорулатуу институтуна тапшырып, аны артыкчылык менен аяктадым. “Халал” сөзү менен байланышы бар өлкөлөрдү бүт кыдырдым, халал жарманкелерине калтырбай бардым. Анткени, менин дүйнөлүк тажрыйба менен таанышуум керек эле. Ошентип жүрүп, 2003-жылы Халал индустрия ассоциациясын негиздеп, 2005-жылы атайын техникалык комитет түзүлдү. Малайзияда өткөн Эл аралык халал форумга катышып, 4 мазхабга ылайыкталган 8 стандартка аккредитация алдык.

- Негизи халал стандарттардын түрү көп эмеспи. Сиздин оюңузча, эмне үчүн Борбор Азияда малайзиялык стандарт көп колдонулат?

- Бардык стандарттардын башында малайзиялык стандарт турат. Кайсы гана өлкө халал стандарттарын иштеп чыктым дебесин, ал анын пайдубалын баары бир дүйнөдө чоң авторитетке ээ малайзиялык стандарттан алышат.

null

- Бизде айрымдары азыркыга чеийн “халал” десе эт, колбасаны гана түшүнүшөт. Момпосуй, торттор да адал болмок беле деп таң калгандар жок эмес. Ал эми казахстандыктардын халал продукциялары боюнча маалыматы канчалык?

- Бизде деле башында дал ушундай абал болгон. Адал индустриясын өнүктүрүп баштаганыбызда алгач түшүндүрүү иштеринен баштаганбыз. “Адал тамак деген эмне? Бизге анын кереги барбы?” өңдүү суроолорго так, далилдүү, диний жана медициналык, ар кыл аспектен талдоого аракет жасадык. Бара-бара өндүрүүчүлөр адал стандарттарына жооп берген продуктыларынын маанисин, анын келечегин аңдай башташты. Атайын адал продуктыларды издеген керектөөчүлөр да көбөйдү.

Негизи ар бир продукт халал сертификатынан өткөнү жакшы. Сиз айткандай, халал менен конфеттин кандай байланышы болушу мүмкүн? А эгер ошол конфетти даярдоодо чочко майы колдонулган болсочу? Малайзияда керек болсо кадимки суу да халал сертификатына ээ. Анткени сууну фильтрлөөдө активдешкен көмүр колдонулат. Анын курамында бизге жеп-ичүүгө тыюу салынган заттар болушу мүмкүн. Ошондуктан, Малайзияда кокостуу активдешкен көмүрдү гана колдонушат.

- Сиз жогоруда адал азыктарынын пайдасы туурасында да сөз кылдыңыз. 1-2 мисал менен тактай кетсеңиз?

- Эң эле жөнөкөй малдын этин алалы. Ыйык Куранда Аллах Таала кайсы малдын этин жегенге болорун, малды союу процедурасынан бери толугу менен түшүндүргөн. Анда кандай чоң даанышмандык жатат. Мисалы, чочконун этин жегенге болбойт. Бул жөн жерден чыккан нерсе эмес. Ал - баарын катары менен жеген өтө кир жаныбар. Чочконун этинде коркунучтуу вирустар бар экендиги илимий жол менен тастыкталды. Эми мал союу процедурасына келели. Батышта малдарды электр тогу менен өлтүрүшөт. Ушундай жол менен союлган малдын этинде уулуу заттар бар экендигин да илим далилдеди. Анткени, мындай учурда жаныбардын денесине кан, өлүк уусу ылдамдык менен тарайт экен. Ал эми ислам бизге мал союунун туура жолун көрсөтүп берип жатат. Мунун баары бизди ойлондурушу керек. Бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оорулардын 85%ы тамак-аштардан келип чыгарын айтып жатышат. Андыктан, адам эмне жеп - ичип жатканына маани бериши абзел.

- Кээде “халал” деген сөздүн баркы кетип бара жаткандай туюлат. Мисалы, халал-такси, халал-мейманкана....

- Ооба, туура айтасыз. Аны туш келди пайдалана берүүгө болбойт. Биз халалды “адал”, “аруу”, “таза” деген сөздөргө маанилеш деп түшүнөбүз. Айрымдар аны бурмалап, жадагалса мааниси жагынан туура келбеген арак, пиво өңдүү заттарга чаптоого чейин барышууда. “Халал” бул бренд эмес, а шарият көрсөткөн нормаларга ылайык иштелип чыккан стандарт экенин унутпайлы.

null

- Кандай болгон күндө да дүйнө жүзүндө адал азыктарга болгон талап өсүүдө. Казахстанда да ушундай болсо керек...

- Албетте, бул - турган иш. Кимдир-бирөө дубасы үчүн болсо, айрымдары ден соолугуна карап азыктардын адал сертификатын текшерип алышат. Адал азыктарынын келечеги чоң экендигин эч бир күмөн санабай айтууга болот. Өндүрүүчүлөр да муну жакшы түшүнүп, бул стандартка туура келүүгө умтулуп жатышканы кубандырат. Анткени анын экономикалык да мааниси чоң. Мисалы, бүгүнкү күндө кыргызстандык “Ата” жана “Куликовский торт” компаниялары Казахстандын рыногунда ийгиликтүү иш алып барып жатышат. Негизи эле Кыргызстанда 100дөн ашык компания адал стандарттары менен иштеп жатканы өтө кубандырат. Биз дүйнөлүк рынокто иштегенге да умтулушубуз керек. Ал үчүн халал стандарттарынын эл аралык шарттарына жооп берүүбүз абзел. Азыр дал ушул жаатта иш алып барып жатабыз. Буюрса, 11-12-сентябрда Казахстанда эл аралык деңгээлдеги VI адал азыктарынын көргөзмөсү өтөт. Жыл сайын 10дон кем эмес өлкө көргөзмөгө катышуу арызын ташташат. Быйыл да катышуучулардын саны арбын болорунан үмүтүбүз чоң. Бул масштабдуу иш-чарада кыргызстандык компанияларды да күтөбүз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17