Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кувейттик доктурлар акысыз операция жасоо үчүн Кыргызстанга кайтып келишет

Автору: Айкол Болотбекова, которгон-Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 24 июль 2017

Ушул жылдын жаз айында Бишкекке Кувейттен 32 жогорку квалификациялуу доктурдан турган “Үмүт” медициналык кербени келип кеткен. Бир жуманын ичинде алар медициналык жардамга муктаж кыргызстандыктарга 64 операцияны акысыз жасашты. Ал эми айрым оорулууларга алардын профили туура келбегендиктен, бейтаптарды куру кол калтырбай акчалай жардам да беришти. Мындан тышкары, кувейттик доктурлар жергиликтүү адистер менен өз тажрыйбаларынан бөлүшүштү.

2 айдан соң кувейттик доктурлардын бири, “Аль Ахмади” ооруканасынын жаш балдар хирургия бөлүмүнүн башчысы Васми Аль Фадли бейтаптарын көрүп, аларды кароодон өткөрүү үчүн Кыргызстанга кайтып келген. Ал “Умма” журналына жазында операциялар кандай өткөнүн жана алдыдагы пландар тууралуу айтып берди.

null

“Жардам берүү-динибиздин бир бөлүгү”

“Үмүт” кербенин түзүү, кайсы бир себептерден медициналык жардам ала албагандарга жардам колун сунуу идеясы досторума таандык. Алардын баары жогорку квалификациялуу доктурлар”, - дейт Васми Аль Фадли.

null

“Биздин өлкөдө жогорку квалификациялуу доктурлар көп. Эгер алар бир жума ишке барбай калышса,көп деле билинбейт. Андыктан биз чет жактагы бир туугандарыбызга колдоо көрсөтүүнү чечтик. Кудайга шүгүр, Жараткан бизге сапаттуу билим алганга мүмкүнчүлүк берди. Доктур досторум, алардын арасында мен да Канададан окуп келгенбиз. Мен Канадада 7 жыл билим алдым. Айрымдарынын биз сыяктуу билим алганга мүмкүнчүлүктөрү болгон жок, демек, биз аларга билимибиз менен бөлүшүүбүз абзел. Жардам берүү – бул динибиздин бир бөлүгү. Муну биз садака катары түшүнөбүз”, - дейт балдар доктуру Васми Аль Фадли.

Васми Аль Фадли мырзанын досторунун бири Хишам эч ойлонбостон кайрымдуулук идеясын реалдаштырууга аракет кылып баштаган. Калганы аларды бир ооздон колдошкон. Болгону каражат жана логисттердин тобун табуу керек эле. Бул ишти Кувейттин кайрымдуулук уюму өзүнө алган.

“Кербенибиздин башка өлкөгө жетүүсүн уюштуруу - абдан татаал процесс. Негизи даярдыкка жарым жылдан 1 жылга чейинки убакыт кетет. Биз бара турган мамлекет менен алдын-ала байланыш түзүп, оорукана, бейтаптарды табуу, визага байланышкан маселелерди чечүү, оорулууларды реабилитациялоо процесстерин тыкыр сүйлөшүү керек. Бул маселелердин баарын атайын ующулган команда чечет. Биздин ишибиз - операция жасоо”,-дейт профессор.

Алгач ирет Азияга келдик

9 жылдан бери “Үмүт” кербени Африкада иштеген. Бул жылы медициналык топ Азияга келүүнү чечишкен. Алар кызматташуу сунушу менен бир топ Азия өлкөлөрүнө жазышып, бирок сүйлөшүүлөр өтө жай жүргөн. Бул жаатта кызматташууга биринчилерден болуп Кыргызстан жооп берген.

“Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги бизге чоң көмөк көрсөтүштү. Элчи Жусупбек Шарипов менен байланышып, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөштүк. Алгач Кыргызстанга бизден 2 киши келип, ооруканаларды кыдырып, байланыш түзгөн соң анан биз келдик”,-деди ал.

null

Бул “Үмүт” кербенинин Кыргызстан менен болгон акыркы байланышы эмес. Сентябрда топтун Кыргызстанга кайрадан келиши күтүлүүдө. Бейтаптардын тизмеси азыртадан баштап даярдалууда. Бул жолу медициналык топ жалаң балдар доктурларынан турат.

“Мурункусунда биз онкологиялык оорулар менен жабыркаган жана тубаса майып балдарга операция жасаганбыз. Жалпысынан түрдүү татаалдыктагы шишиктерди алуу боюнча 32 операция, дене түзүлүшүндө тубаса аномалия менен төрөлгөндөргө 32 опреция жасадык”, - дейт доктур Васми Аль Фадли.

“Бейтаптардын тизмесин Кыргызстант тарап даярдап жатат”

Бейтаптардын тизмеси биз келгенге чейин даярдалып бүтөт. Оорулууларды тандоодогу башкы критерий - доктурлардын профилине жараша диагноз жана жардамга муктаж үй-бүлөлөр.

“Биздин башкы максат – колунда жок адамдарга жардам берүү. Бардык операциялар толугу менен акысыз жасалат. Биз бейтап ооруканага төлөш керек болгон чыгымдардын баарын өзүбүзгө алабыз. Өткөн жолкусунда Кыргызстандын алыскы аймактарынан бери келген бейтаптар болгон. Биз бул жакта жасалбаган өтө оор операцияларды жасагандыктан, тилекке каршы, оорулуулардын тизмеси абдан узун”.

“Суткасына 18 саат тынбай иштедик”

Кувейттен келген доктурлар колдон келишинче баарына үлгүрүп, бейтаптарга операция жасоого аракеттеништи. Алар таң аткандан түн киргенге чейин тамактануу менен намазга чыкканы эле болбосо, тынымсыз иштеп жатышты.

“Өткөндө биз таңкы 8ден түнкү 10го чейин тынымсыз иштедик. Бир жолу кесиптешим экөөбүз эртең мененки 8ден түнкү 2.30га чейин операция жасадык. Орточо операция 2-3 саат убакытты алып, күнүнө 4 бейтапка операция жасап жаттык. Ооба, биз үчүн абдан оор болду. Бирок, биз мусулман катары, сооп үчүн, колдон келген аракетти жумшадык”, -дейт профессор.

null

Доктурлардын бел чечпей иштешкенине карабай, медициналык жардам ала албагандардын аягы суюлган жок. “Колдон келишинче баарына жардам бергенге аракет кылдык. Бирок татаал аномалияларды бир операция менен айыктыруу мүмкүн эмес эле. Биз аларга каржылык жактан жардам берүүгө аракет кылдык. Ошондой эле, өтө кичинекей жана алсыз балдар болду, тилекке каршы, аларга жардам бере албай калдык. Бул - биздин жумушубуздагы эң оор жагдай. Ошондой эле, керектүү медикамент жана инструменттердин болбогондугунан операция жасай албай калдык. Өткөн жолкусунда биз өзүбүз менен 800 кг медикамент жана инструмент ала келгенбиз.

Кыргызстандын медицинасы жөнүндө

Кыргызстандагы доктурлардын айтымында, аларга Кыргызстанда иштөө Африка өлкөлөрүнө караганда оңой болгон.

“Биз Улуттук онкология борборунда жана Жалдагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда иштедик. Жалдагы оорукана менен жакшы мамилелерди түзө алдык. Ошондуктан, бул жолкусунда жалаң педиатрлардан турган топ келет. Кыргызстанда медицина жакшы өнүгүптүр, болгону дагы бир аз эмгек, техникалык жактан колдоо керек экен. Тилекке каршы, бул жакта оорунун бир топ багыттары боюнча операция жасалбаганы жана патологистти табуу кыйынга турду. Кийинкисинде патологистти биз өзүбүз менен кошо ала келебиз.

null

Алар аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам да көрсөтүштү

Кыска убакыттын ичинде доктурлар 64 оорулууга операция жасап гана эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө да үлгүрүштү. “Биздин максатыбыз операция жасоо менен гана чектелбейт, жергиликтүү доктурларга өз тажрыйбабыздан бөлүшүүнү да каалайбыз. Кыргызстандык доктурлар биз менен операция жасалуучу бөлмөгө чогу киришет, аларга процесс кандай жүрөрүн түшүндүрөбүз”, - дейт Васми аль Фадли.

Кувейттик доктурлар операция менен жардам көрсөтө албаган оорулуулардын үйлөрүнө зыяратка барып, материалдык жардам көрсөтүштү.

“Умма” журналынын кеңеши менен алар 2 балага- омуртка сыныгы менен жабыркаган Зарина жана оор авариядан соң инвалид отургучуна байланган таланттуу Тилекке зыярат кылышты. Биз алардын оор тагдыры менен окурмандарга бөлүшкөнбүз.

Тилекке каршы, бул балдарга операция жасоо кувейттик доктурлардын профилине кирбегендиктен, алар медициналык жардам ала алышкан жок. Бирок доктурлар 2 баланын үй-бүлөлөрүнө каржылык жардам көрсөтүшүп, аларга операция жасачу тиешелүү доктурларды издеп көрүүгө сөз беришти.

Ошондой эле, алар “Умма” журналынын эң жаш ыктыярчысы Уларбектин үйүнө да зыяратка барышты. Уларбек көп балалуу үй-бүлөдөн, анын атасы бутунан айрылып, азыр үйдө отурат. Балдардын түйшүгүн толугу менен энеси тартат. Аларга да акчалай жардам көрсөтүлдү.

null

Балдардын көздөрүнөн бакыттын учкунун көрүү - кесибибиздеги мыкты учурлардан

Васми Аль Фадлинин айтымында, алар жергиликтүү доктурлар менен бейтаптарды реабилитациялоо процессин тыкыр сүйлөшүп жатышат.

“Биз кетерге 1 күн калганда эч кимге операция жасаган жокбуз. Оперция жасагандардын ал-акыбалын текшерип, алардын жарааттарынын айыгып кетүүсүн, кантип кам көрүү керек экендигин бул жактагы доктурлар менен сүйлөшүп жаттык. Мындан ары кыргызстандык доктурлар менен интернеттен байланышып турабыз. А бул жолу мен бейтаптарымды өз көзүм менен көрүүгө келдим. Мурункусунда өзүм 16 балага операция жасадым. Алар азыр өз үйлөрүндө, акыбалдары жакшы экендиктерин көрүп, төбөм көккө жеткиче сүйүндүм. Балдардын жана ата-энелеринин көздөрүнөн бакыттын учкунун көрүү - кесибибиздеги мыкты учурлардан”.

null

Васми Аль Фадлиден доктурларга кеңеш

Медицина- бир эле убакта акча таап жана Аллахтын сыйлыгына ээ боло алчу мыкты кесип. Бул аны башка кесиптерден айырмалап турат. Эгер доктурлар бул нерсени унутушпаса, чоң ийгиликтерге жетишишет. Бетаптарга эң биринчиден өз мээримиңди төгө билүү керек. Ошондой эле, ар дайым окуп, билимди өстүрүп туруу абзел. Мага берилген билим алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Аллахка чексиз шүгүрчүлүк келтирем. Мен Жараткандын улуулугун жана мээримин ар дайым сезем.

null

Доктурлар тууралуу маалымат:

Ушул жылдын жаз айында Кыргызстанга Кувейттен пластикалык хирургия, жалпы хирургия, реаниматолог, анестезиолог, кулак-мурун дарыгери жана орто медициналык персоналдант турган “Үмүт” медициналык кербени келген.

Ал эми жакында эле Кувейттеги “Аль Ахмади” бейтапканасынын балдар хирургия бөлүмүнүн башчысы Васми Аль Фадли жеке визити менен келип, бейтаптарынын абалынан кабар алып кетти.

Васми Аль Фадли жалпы хирургия боюнча канадалык кеңештин мүчөсү, Канададагы МакМастер университетинин балдар хирургиясы боюнча профессору.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
17 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:17
Күндүн чыгуу
07:56
Бешим
12:46
Аср
15:55
Шам
17:42
Куптан
18:57
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов