Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ринат Мухаметов: “Бүгүнкү күндө мусулмандар эмне менен алек?”

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 3 август 2017

Мусулман окумуштууларынын катарын толуктаган россиялык Абдулла Ринат Мухаметов жакында эле Кыргызстанга иш сапары менен келип кетти. Анын алкагында Ринат мырза мусулман жаштарынын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсү тууралуу кыргызстандык жаштарга өз ой-пикири менен бөлүштү.

null
Ринат Мухаметов Кыргызстанда өткөн мусулман жаштарынын руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө арналган эл аралык тегерек столго катышты

Абдулла Ринат Мухаметов тууралуу

Ринат Мухаметов - жаш окумуштуу, Москва мамлекеттик университетин аяктаган, саясат илимдеринин кандидаты. Окурмандары көп, алгачкы орус тилдүү, ислам темасында жазган профессионалдуу islam.ru сайтында 10 жыл башкы редактор болуп иштеген (2001-2011-жж). Андан соң “Русия аль-яум” араб тилдүү телеканалында ислам темасына арналган көрсөтүүлөргө продюссерлик кылган. Учурда Ринат Мухаметов Стамбулдагы Мармара университетинде Жакынкы Чыгыш жана ислам дүйнөсүн изилдөө боюнча окуусун улантууда. Мындан тышкары, ал - Ютуб каналдагы мусулмандардын жашоосун чагылдырган Алиф ТВ каналында башкы редактор.

Өнүгүүнүн башатында билим турат

Ринат Мухаметов мусулман жаштарынын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнүн башатында терең билим турарын айтты:

“Ислам дини адамдарды, биринчи кезекте, илим-билим алууга үндөйт. Эң алгач түшкөн сүрө “Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен...” деген маанилер менен башталат.

Аллах Таала адамдарды бул дүйнөгө баарынан улук, аң-сезимдүү кылып жараткан соң, акылын татыктуу колдоно билүүсү керек. Кудай ыроологон аң-сезим, ой жүгүртүү Аллахты жана анын кереметтерин таанууга, адамзатка жардам берип, жакшы иштерди жаратууга багытталышы зарыл. Исламдагы 5 маскатты (динди, жашоону, аң-сезимди, мал-мүлктү жана урпактарды коргоо) ишке ашыруу үчүн мусулмандар сапаттуу билимге муктаж.

Бүгүнкү күндө мусулмандар эмне менен алек?

Биз болгон көйгөйлөрүбүзгө Батышты, Американы күнөөлөп көнүп калганбыз. “Батыш күнөөлүү, Америка жаман” дейбиз, бирок, кайра эле баарыбыз ошол жактагы университеттерде окуп, иштегенди кыялданабыз. Эмне үчүн? Анткени алар сапаттуу билим сунушташат, дүйнө жүзү ошол өлкөлөрдүн стандарттарын алганга умтулушат. Американы өмүрүндө көрбөгөн бала “USA”, “California” деген жазуусу бар футболканы сыймыктануу менен киет. Бул нерселердин баарына ой жүгүртүп көрөлүчү?

Азыркы учурдун мусулмандары дүйнө жүзүнө эмне сунуштап жатышат, кандай маселелер менен алек? Кандай ачылыштарды жасадык? Айтуу кыйын. Тескерисинче, биз ар кандай жаңжал, согуш менен атыбыз чыгып жатат. Дүйнө жүзү бири-бири менен согушуп жаткан мусулман өлкөлөрүн карап таң калышууда. Биз башкалар үчүн чоң бир көйгөйгө айлангандайбыз. Экстремизм, терроризм түшүнүктөрү ислам менен маанилеш айтылып жатат. Мунун баары - өз ичибизди ирээтке келтире албай, динибиздин баркына жете албаганыбыздын кесепети.

Ислам эрежелери менен жашайт десе, айрымдары мечиттен чыкпай, Куран жаттап, молдо болуш керек деп түшүнүшөт. Албетте, биз өз динибизди изилдеп, үйрөнүшүбүз милдет. Бирок 1,5 миллиард мусулмандардын баары имам, хафиз, молдо боло албайт. Ушундай болуш керек деген деле шарт, тапшырма жок. Ким аалым болгусу келсе, ал профессионалдуу түрдө алектенип, ошол багытта билим алат. Бирок ошондой эле, мусулмандардын арасынан мыкты доктур, экономист, юрист, тракторист жана башка кесиптин ээлери чыгышы керектигин унутпоо абзел. Келгиле, ислам максаттарынын бири болгон жашоону коргоо деген максатты алып көрөлү. Бул максаттын аркасында адам баласынын ден-соолугуна кам көрүү, саламаттыкты сактоо жаатын өнүктүрүү, профессионалдуу адистерди даярдоо деген маани жатат да. Мал-мүлктү коргоо максаты болсо экономиканы өнүктүрүү, адамдарды жумуш менен камсыздап, аларга адал жол менен акча табууга өбөлгө түзүү дегенди айтып турат эмеспи. Ал эми эң негизги динди коргоо максатын карасак, биз дин тутуу эркиндиги жана ага алып келүүчү жолдордун корголуусуна көз салышыбыз керек. Ал үчүн мусулмандар, өзгөчө жаштар, өлкөсүнүн активдүү жарандары болуп, ойлорун туура билдиргенди, жүрүш-турушу менен үлгүлүү мусулман экендиктерин көрсөтө билүүлөрү абзел.

Учурдагы мусулмандын имиджи кандай?

Тилекке каршы, Россияда, мусулман адамдын образы билими тайкы, кара жумуштарда иштеген, же криминал менен байланышы бар, террорист катары элестетилет. Албетте, мындай образдын калыптанышында исламофоб, ММКлардын таасири тийди. А бирок, бул ойлор жөндөн-жөн чыкпаганын да танбоо зарыл. Бүгүнкү күндө мусулмандын образы исламдын баалуулуктарына таптакыр карама-каршы келип жатат. А чынында ал образ, билими күчтүү, өз ишинин профессионалы, кайрымдуу, өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкон адам болушу керек эле.

Өнүгүү Түркиянын мисалында...

Мен өзүм учурда Стамбулдагы Мармара университетинде билимимди улантуудамын. Бүгүнкү күндө өнүккөн мусулман өлкөлөрүнө Түркияны мисал келтиргим келет. Байкасаңыздар, акыркы 15 жылдын ичинде бул өлкө болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Экономикасы өнүккөн алдынкы өлкөлөрдүн сабына кошулду. Бул жаатта өлкө башчысы Эрдогандын салымы зор деп эсептейм. Анткени ал бийликке келгенде дароо экономика жагына көңүл буруп, андан соң ислам баалуулуктарын көтөрдү. Мындан 5-6 жыл мурун мамлекеттик кызматтарда жоолукчан аялды элестетүү да мүмкүн эмес эле. Ал эми азыр Эрдоган жоолук салынган аялдарга болгон дискриминацияны жойду деп ишеничтүү айта алабыз.

null

Шымдын, сакалдын узундугу мусулмандарды бөлбөшү керек

Менимче, мусулмандар, айрым маселелерде өтө майдаланып бара жаткандайбыз. Шымдын, сакалдын узундугун талкуулап, ал үчүн бөлүнүүгө чейин баруудабыз. “Эркек кишиге галстук тагынганга болобу?” деген маселенин айланасында чоң талкуу уюштуруп, бул боюнча илимий эмгектер жазылат экен. Макул, бул нерселер да талкууланышы керек, бирок ал жалпы мусулмандардын биримдигине доо кетирбегидей болушушу зарыл да. Биз азыр реалдуу маселелерге көбүрөөк көңүл бурганыбыз - биз үчүн пайдалуу. Ислам интеллигенциясын көтөрүп, бардык тармакта, мейли экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо жааттарында күчтүү мусулман адистеринин тарбияланышы учурдун талабы болуп турат.

Ислам патриоттуулукка үндөйт

Бүгүнкү күндө жаштардын энергиясын туура нукка буруп, эффективдүү пайдалана тургандай аянтчалар жетишпей жаткандай. Анткени мусулман жаштары динине кантип кызмат кылышты билбей, өз жолун таба албай, радикалдуу күчтөргө кошулуп, же такыр эле коомдон алыстап калып жатышат. Биздин жаштар түрдүү социалдык, улуттук тарых менен байланышкан долбоорлордо ыктыярчы катары катышып, коомдогу активдүүлүгүн көрсөтүшсө дээр элем. Биз өз билгенибиз менен бөлүшүп, коомго пайда келтире аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Мен улуттук тарыхка байланышкан долбоор дегенди өзгөчө баса белгилеп кетким келет. Анткени көп учурда ислам кайсы бир элдин тарых, маданиятына, салт-санааларына каршы чыгат деп түшүнүлөт. Бул - таптакыр жаңылыш ой. Тескерисинче, ислам, өз ата-тегиңди, тарыхыңды билип, патриот болууга үндөйт. Маселен, пайгамбарыбыз эч качан өзүнүн араб экенин танган эмес. Эгер душмандардын басымы болбогондо ал Меккеден көчүп кетпейт эле. Пайгамбарыбыз өз элинин патриоту болчу.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов