Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мекенин чексиз сүйгөн Шахризада

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 14 август 2017

Шахризада Аданова – Москвадагы кыргыз кыз-келиндерин бириктирген “Айым” клубунун түзүүчүсү жана жетекчиси. 24 жаштагы Шахризада өзүнүн жаштыгына карабай, 1 жылдан ашык убакыттан бери аталган клубду активдүү иштетип, Москвадагы мигрант эже-сиңдилерибиздин ынтымагын бекемдөөдө эбегейсиз зор салымын кошууда. Шахризада айымды өтө мекенчил, эл-жерин сүйгөн адам десек жаңылышпайбыз. Анткени ал “Айым” клубунун алкагында кыз-келиндерди бириктирип гана койбой, Москвада кыргыз элин татыктуу көрсөтүп, улуттук кийим, каада-салттарыбызды түрдүү иш-чаралар аркылуу таанытууга аракет жасап келет. Уюштуруучулук жөндөмү мыкты, бир орунда турбай, тынымсыз изденген, элинин, мекенинин, динини патриоту Шахризада Аданова менен маек курдук.

null

- Ассаламу алейкум, Шахризада. Алгач кеп нугун өзүңүздөн баштасак...

- Валейкум ассалам. Мен Ош облусунун Садырбай деген айылынан болом. Балалыгым ушул айылда, чоң ата, чоң энемдин колунда өттү. 4 бир туугандын улуусумун. Мектепте активдүү кыздардын катарын толуктачумун. Тарых, англис тили, география сабактарын жакшы көрүп окучу элем. Кийин Москвалык ишкердик жана укук интститутуна тапшырдым. 1 жылдан соң ал Бишкекке которулуп кетип, окуу жайымды алмаштырууга туура келди. Себеби ата-энем мени Бишкекке жөнөтпөй коюшту. Кайра Ош технологиялык колледжине программист багыты боюнча окууга кирип, 1 жылдан кийин бул кесип меники эмес экендигин түшүнгөн соң, окуумду андан ары уланткан жокмун. Алгачкы мамлекеттик жумушум Оштогу “Сулайман – Тоо” музейинде башталып, ал жакта экскурсовод болуп иштедим. Бул жактан тарых боюнча билимимди тереңдете алдым. Кийин мени ЭлТР телеканалынын директорунун орун басары байкап калып, телевидениеге жумушка чакырды. Телеберүүлөр, чакан съемкаларды жасап, түз эфирлерге да чыга баштадым. Журналисттик кесипке аралашканымда билимдүү, мыкты адамдар менен маектешип, дүйнө таанымым кеңейди. Эң башкысы, алдыга умтулуу, жаңы нерселерди жасоо идеялары келди. Мурун мага бирөө “ушуну мыкты кылат экенсиң” деп айтмайынча өзүм билип бир нерсе жасайын деген жайым жок эле.

null

- Моквада жашаганыңызга канча болуп калды?

- Толук 3 жыл. Жолдошум Москвада окуп, мамлекеттик кызматта иштеп, 16 жылдан бери ушул жакта жашайт. Турмушка чыккан соң, Москвага келдим. Буюрса, көнүп калдым, баары жакшы. Москвада өзүмдү Кыргызстанда жүргөндөй эле сезем. Себеби, бул жакта мекендештерибиз көп.

- Сиз бул шаарда кыргыз мигрант айымдарын бириктирген клубду жетектейсиз. Мындай клуб түзүү идеясы кайдан келди?

- Жогоруда айткандай, журналистикага аралашканда түрдүү адамдарга жолугат экенсиң. Мен ишиме байланыштуу айыл жергелеринде колдоого муктаж, өзүнүн укуктарын билбеген айымдарды көрүп, жардам бергим келе берчү. Эл алардын үнүн угуп, көйгөйлөрүн билиши керек дечүмүн. Бирок мен аларга кантип колдоо көрсөтө аларымды билчү эмесмин. Бирок моралдык жактан колдоо көрсөткөн бир бирикме түзсөм деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Бир топ тажрыйбалуу адамдардын кеңештерин угуп, оюм да жетилди. Кийин турмушка чыгып, Москвага келгенимде, ал мага “жөн отурба, өзүң сүйгөн иш менен алектен” деди. Ошондо мен жолдошума көптөн бери ойлоп жүргөн ойлорумду айтып, “бирок өзүмө ишенбей турам, муну жасай албайм го”, десем, ал “жасай аласың, башка эч нерсени ойлонбо” деп шыктандырды.

- Анан биринчи эмнеден баштадыңыз?

- Социалдык тармактан баракча ачып, ал жакка ойлорумду жаза баштадым. Мени колдогондор көп болду, бат эле катталгандардын саны да өсө баштады. Түрдүү сунуштар, кеп-кеңештер түштү. Ошондо эмне каалап турганымды, ишти кандайча жүргүзүү керек экендигин түшүндүм. Ошентип, март айында алгачкы жолугушууну уюштурдук. Анда 10 гана аял келди эле, 2-жолкусунда болсо 60 кыз-келин келди. Азыр, кудайга шүгүр, саныбыз аз эмес.

- Клубдун алкагында кандай иш-чараларды өткөрүп турасыздар?

- Москвадагы эже-сиңдилер болуп, айына 1 же 2 жолу жолугуп турабыз. Анда түрдүү тренингдер, мисалы, укук, дин, ден соолук боюнча жана мотивациялык семинарлар болот. Жолугушуубуз дайыма берекелүү дасторкон үстүндө уланат. Иш-чаралар бир туугандык атмосферада өтөт. Эже-сиңдидей болуп бири-бирибизге билгендерибиз менен бөлүшүп, сырдашабыз. Москванын башка шаарларынан да атайын келгендер бар. Мигрант эже-сиңдилер өз ара таанышышып, байланыштарды чыңдап турушат. Күнүмдүк түйшүк деп жүрө бербей, табият койнунда эс алууларды уюштуп, жумушка энергиябызды толуктап турабыз.

null

- Бир жарым жыл ичинде клубдун кандай ийгиликтерин баса белгилеп көрсөтө аласыз?

- Негизи биздин максатыбыз - кыргыз айымдарын бириктирип, улутубуздун өнүгүшүнө ар тараптуу салым кошуу. Анткени, үй-бүлөдө эне өтө чоң ролду ойнойт эмеспи. Эненин саламаттыгы-улуттун саламаттыгы, эне канчалык мыкты тарбия, күчтүү билимге ээ болсо, улуттун деңгээли да ошондой болот. Ийгиликтерден айта турган болсок, клубубузга 1 жыл болгондо “Өнөрлүү айым” деген конкурс өткөрдүк. Анда эже-сиңдилер жашына карабай өз өнөрлөрүн тартуулашты. Баарыбыз улуттук кийим кийип, эң сонун атмосферада өткөн иш-чара болду. Ошондо Москвада эң көп тиражда чыккан “Вечерняя Москва” гезити биз тууралуу жазып, улуттук кийимдерибизди сүрөткө тартып, “Кыргызская красота” деген макала чыгарышты. Мындан тышкары, Москвадагы аксакалдар кеңеши, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен ардак баракчаларды алдык. Ошондой эле жыл сайын, клуб, мекенибиздин эгемендүүлүгүнө карата иш-чараларды уюштурат. Өткөн жылы баланы бешикке салуу салтын жасап көргөзгөнбүз. Бул жылы болсо кыздар арасында воллейбол боюнча таймаш уюштуралы деп жатабыз. Дагы бир кубанткан нерсе, Россиянын башка шаарларынан, Түркиядан клубду конокко чакыргандар, кызматташалы деген мекендештерибиз болуп жатат. Алар да биз тууралуу билип, кайдыгер карабаганы жүрөк кубантат.

null - Бул иш менен алектенүүдө кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо керек?

- Албетте, ар бир иш сөзсүз түрдө кыйынчылык менен коштолот. Бирок ийгилигин көргөн кезде анын баары унутулуп калат экен. Канчалаган жакшы адамдар менен таанышып, алардын ар биринен сабак аласың. Бул нерселердин баары ал кыйынчылыктарды айтууга деле арзыбайт. Ошондой эле, мен, ишке ашпай калган нерсенин баары жакшылыкка деп жоруган адаммын. Ислам дининде деле мусулман адам барга каниет кылып, ал эми кыйынчылыктарга сабырдуулук менен жооп бергенди билиши керек.

- Кайрадан эле өзүңүз тууралуу суроо берсем. Ар бир адам өз ордун таап, жашоого болгон көз караштарын аныктап алганга аракет кылат. Сиз ислам жашооңузда өтө чоң роль ойнорун айттыңыз. Бул нерсеге кандайча келдиңиз?

- Чоң энем ырым-жырымды да, динди да бекем карманган адам эле. 6-классымда энемдин намаз окуганын көрүп жүрүп эле үйрөнүп алгам. Кийин динге жан дүйнөсү менен берилген мыкты адамдарды кездештирдим. Чындыгында, исламдын жашоомдогу ролу чоң. Мурун дин бул намаз окуу менен “муну жасаса болот, муну болбойт” деген өкүмдөрдөн турган мыйзам деп гана түшүнчүмүн. Убакыт өткөн сайын анын философиясы терең экенин, үтүр, чекиттеринен бери маани камтылганын, дин адамдын жашоосун жеңилдетерин аңдай баштадым. Кудайга шүгүр, азыр намаз окуйм, жоолук салынганыма 2 жыл болуп калды.

- Москвада жоолук салынган кандай? Көбүнчө алкыш сөздөрдүбү, же сын - пикирлерди угасызбы?

- Бул жакта кийимге анча көңүл бурушпайт. Москвада эл көп, миң түрдүү кийинишет. Ал эми пикирлерге келсек, көп учурда алкыштарды угам. Орустардын арасынан деле “чыныгы аялзаты ушундай кийиниши керек” деген сөздөрүн угуп, кулагым сүйүнөт. Кээ бирлери келип “жоолугуң сонун экен, кайдан алдың?” деп да сурап калышат. Терс ой-пикирлерге дээрлик кабыла элекмин.

null

- Дегеле, Москвадагы мусулмандар тууралуу да айтып берсеңиз?

- Бул жакта мусулмандар мигранттардын эсебинен абдан көп. Акыркы учурда жергиликтүүлөрдүн арасынан да исламды кабыл алгандар көбөйүп жатат. Борбордук мечитке барып турабыз, ал жак абдан кооз. Жума намазда мечит элге жык толот, 50-60 миң адам келип окуйт. Орус улутундагылардан да ислам тууралуу сурап, “Мечитиңерге кирсек болобу? Бул жакта атмосфера башкача” деп кызыгып, суктангандарды кездештиргем.

- Кыргызстандагы жана Москвадагы жашоо темпинде кандай айрымачылыктарды байкай алдыңыз?

- Москвада жашоо темпи, албетте, ылдам. Адамдар да бир жакка шашкандай өтө тез басышат. Анан бири-биринин эмне кийим кийип жүргөнүнө көп деле маани беришпейт. Эгер эл алдындагы адам болбосо, катардагы элдер өтө саркеч эмес, түрлөнбөй, кийимдин ыңгайына карап кийинишет. Кыргызстанда эмне кием деп ойлоно берчү элем, бул жакта андай эмес. Дагы бир таң калычтуу жагы, метродо жаштар улгайгандарга орун бершпейт. Эгер орун берип койсоң, аны жергиликтүүлөр туура эмес түшүнүп, жадагалса, капа болушу да мүмкүн. “Мени карыган деп ойлоп жатасыңбы, туруп деле кете берем” дегендей (күлүп).

null - Шахризада, Москвада жашоо темпи ылдам деп калдыңыз. Демек, убакыт да өтө баалуу болсо керек. Сиз аны кандай бөлүштүрөсүз?

- Мен өзүмө 1 күн, 1 жума, 1 жыл деп максат коюп, план түзүп алам. Анан ар бир мүнөтүмдү текке кетирбегенге аракеттенем. Чарчадым, бүгүн укташым керек” деген ойлордон алысмын. Узун сериалдарды көрбөйм. Өзгөчө баса белгилей кетчү жагдай, 5 маал намаз адамды дисциплинага көндүрөт.

- Алдыга кандай пландарды коюп жатасыз?

- Буюрса эли-жериме кызмат кылгым келет. Ойлогон ойлорум акырындан ишке ашууда. Кээде өзүм да таң калып кетем, Аллах Таала керектүү учурда, керектүү адамдар менен жолуктуруп, кыялдардын ишке ашышына Өзү жол салып коет экен. Алдыда Москвадагы жогорку окуу жайына тапшырып, билимимди улантсам дейм. Анан албетте, “Айым” клубун өнүктүрүп, мекениме пайда келтирүүнү каалайм.

- Мекендештериңизге кандай каалоо-тилек айткыңыз келет?

- Мен баарына ыйман, тынчтык, ден соолук жана бакыт тилейм. Өзгөчө, чет жерде жүргөн мекендештериме, Кыргызстаныбызды татыктуу таанытууга чакырат элем. Анткени ал жактагылар 1 адам аркылуу бүтүндөй улутка баа берип коюшу мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат. Ийгилик каалайбыз.

1 / 8



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17