Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ольга: “Исламды изилдейм деп аны чын жүрөгүм менен сүйүп калдым”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 16 август 2017

Көпчүлүгүбүз үчүн түрдүү улут жана башка ишенимдеги адамдардын ислам динин кандай шартта, кантип кабыл алганы кызык болсо керек. Биз сиздерге христиан үй-бүлөсүнөн чыккан орус кызы Ольганын кантип мусулман болгонун, исламды кабыл алган соң жашоосуна кандай өзгөрүүлөр киргени туурасында баяндайбыз. Бул тууралуу Ольга Цыганкова Алиф ТВ каналына интервью берген.

null

Ольга кадимки христиан үй-бүлөсүндө, Россиянын Ставрополь аймагында чоңойгон. Бирок үй-бүлөдө анын чоң энеси гана чиркөөгө барып сыйынып турчу.

Ольга мектепти аяктаган соң Москвадагы Ички иштер министрлигин башкаруу академиясына юриспруденция багытына тапшырат. Окууну аяктаган соң үй-бүлө куруп, 9 жыл бою кесиби менен иштеген. Бирок, тилекке каршы, кийин, пикир келишпестиктерден улам жолдошу менен ажырашууга туура келген.

Арадан бир канча убакыт өткөн соң Ольганын ислам динине кызыгуусу башталып, аны тереңден изилдей баштайт. Бирок, алгач, ал християнчылыкты изилдеп, окуп көрүүнү чечкен. Ал эми исламга жакындоосуна бир окуя себеп болот.

null

“Бир күнү Москвадагы кызыл аянттан араб өлкөлөрүнөн келген турист үй-бүлөнү көрдүм. Алар шаарды кыдырып, эс алып жүрүшүптүр. Мен алардын кыймыл-аракеттерин карап эле отура бергим келди. Күйөөсүнүн аялына болгон камкордугу, сыйы менин жүрөгүмдү ушунчалык жылытты. Мен мурда мындай мамилени чындап эле көрбөпмүн. Бул окуядан соң өзүмө “Эмне үчүн мындай? Мен өзүм жашаган жерден күйөөсү аялын ушунчалык сыйлаган үй-бүлөнү көргөн эмесмин. Себеби эмнеде?” деп суроо бере баштадым. Мындан улам, исламды жөн гана изилдеп көргүм келип, жыйынтыгында чын жүрөгүм менен бул динге болгон сүйүүм пайда болду”, - дейт Ольга.

Ислам динин кабыл алуу Ольга үчүн, чынында, чоң сыноо болгон. Ал баарынан да ата-энеси, жакындарынын ой-пикирлеринен корккон. Ата-энеси анын мындай өзгөрүүсүнө толугу менен каршы чыгып, бул кадамын аларга болгон сый-урматсыздыгы, саткынчылык деп баалашкан. Бирок Ольга сынып калбай, өз оюнда туруп, исламды кабыл алгандан 2 жыл өткөн соң шариатка ылайык жоолук салынып, динин дагы бир кадамы менен толуктайт.

Ал:

“Ислам, чынында, оор дин эмес, аны кабыл алуу жеке өзүм үчүн жеңил болду. Болгону, арада, мен ата-энем, жакындарымдын рекцияларынан корктум. Ар бир адамда Жаратканга болгон ишеним, сүйүү болсо, ал Аллахка кантип сыйынуунун жолдорун издеп баштайт. Акыр аягы келип бул жол исламга такалат”, -дейт ал.

Учурда Ольга бош отурбай, шариатка туура келген кийимдеринин дизайнери болуп, өзү ачкан магазинди иштетет.

null

Ал мусулман кыздарынын жарашыктуу, тыкан кийинүүсүн каалайт. “Мен жашаган коомдо мусулман кыздарын күйөөгө тийүүдөн башка эч нерсе кызыктырбаган, билимсиз адам катары көрүшөт. Бир топ адамдар менен сүйлөшүп көргөнүмдө, алардын көпчүлүгүнүн ислам, мусулмандар тууралуу, биз эмнеге жоолук салынарыбызды деле түшүнүшпөйт. Мусулман кыздары коомдо өз активдүүлүгүн көрсөтүп, жакшы ойдун калыптанышына салымдарын кошушу керек”, - дейт Ольга.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов