Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Болочок теолог Бегимай триатлон боюнча эл аралык жарышта өлкө намысын коргойт

Автору: Которгон-Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 4 октябрь 2017

Саналуу күндөрдөн соң, тагыраагы 15-октябрда мекендешибиз Бегимай Алыбаева спорттун оор түрү эсептелген триатлон боюнча эл аралык жарышка катышат. Учурда ал жарышта мекенинин желегин желбиретүү үчүн тынымсыз машыгып жаткан кези.

Болочоктогу теолог, окуу менен 3 жумушту бирдей айкалыштырган жана спорттун өзгөчө түрү триатлон менен машыгып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келе жаткан Бегимай Алыбаева жашоо, эмгек, тырышчаактык, ийгилик темасында маек курду. Бегимайдын интервьюсу көптөгөн жаштарды шыктандырарына ишенебиз.

%article_title%

Үй бүлөдө Бегимайды төңкөрүшчүл дешет. Анткени ал - мектепте биринчилерден болуп жоолук салынып, группалаштарынын арасында да окуу менен 3 жумушту ийгиликтүү айкалыштырган, триатлон сыяктуу спорттун оор түрү менен машыккан мекендешибиз.

Бегимай 20 жашта. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Теология факультетинде билим алат. Бир жыл мурун ал интрига жараткан “Кыргызстандагы алгачкы темир адам” деген макаланы окуп, “темир адам деген ким?” деп кызыгып калган. Макаланы окуган соң Бегимай биринчи жолу триатлон деген спорт түрү менен таанышат. Триатлон 3 баскычтан - 3,86 километр аралыкка сүзүү, андан соң 180,25 километр велосипед тебүү жана 42,195 километр марафон аралыгында чуркоо болуп, үч баскычтын ортосунда эч кандай тыныгуу берилбейт.

“Макаланы окуп бүткөн соң менде өзгөчө сезимдер пайда болду. Спорттун бул түрүнүн динамикалуулугу кызыгуумду жаратты. Триатлон менен машыгып көрүүнү чечтим. Эгер бул спорт жөн гана сууда сүзүү, велосипед тебүү же чуркоо болсо анда мен тажап кетмек болушум керек. Ал үчөөнү тең камтыганы үчүн чечкиндүү түрдө триатлон менен машыккым келди. Азыр туура чечим кабылдаганымды түшүнүп жатам”, - дейт Бегимай.

Чечим кабыл алган соң Бегимай аны дароо аткарганга киришип, триатлон мектебине машыгууга жазылат. Бегимай алгачкы машыгуу күндөрүн мындайча эскерет:

“Чынын айтыш керек, оңой болгон жок. Көптөрү триатлондун оңой эмес сыноолоруна туруштук бере албай, таштап салгандар болду. Аягында эң чыдамдуулары эле калды”.

%article_title%

Бел чечпей, маңдай терин агызып, 4 ай машыккан соң спортчу кызга триатлон боюнча мелдештерге катышуу убактысы келип жетет. Ал катышкан алгачкы эле мелдеште 100 дөн ашык спортчунун ичинен жеңиш Бегимайга буйруйт.

“Бул ийгилик мага андан да көп ишеничти алып келди. Ишенич бул - 1-орунду багындырганым эмес, а белгиленген аралыкты басып өтө алганыма болгон ишенич. Мени ошондо Аллах Таалага болгон чексиз ыраазычылык каптады эле”,-дейт спортчу Бегимай.

Маектешибиздин айтымында, спорттун бул түрү анын мүнөзүнүн калыптануусунда чоң роль ойноду:

“Машыктыруучулар бизди техника, бекем дисциплинага гана эмес, кунт коюу, чечкиндүүлүк жана психологиялык жактан күчтүү болууга үйрөтүшөт. Алардын кеңештери бизге кандай гана кырдаал болбосун жашоонун кыйынчылыктарын сабырдуулук менен кабыл алууда жардам берет. Бул үчүн мен аларга ыраазымын”.

%article_title%

Биз жашообуздун ар бир секундун жакшы иштерди жасоо үчүн пайдаланышыбыз керек

Бегимай чоң үй-бүлөдө,7 бир туугандын арасында чоңойгон. Ата-энеси аны жоопкерчиликтүү, эмгекчил, башкаларга камкор болууга тарбиялаган. Ананьева айылында мектепти аяктаган соң каарманыбыз Кыргызстандагы престиждүү университет саналган Кыргыз-Түрк “Манас” университетине өз күчү менен өтөт. Ошондо эле ал финансылык жактан эч кимге көз каранды болбошу керектигин сезип, 1-курстан баштап иштеп баштаган.

“Күч-кубатка толуп турган жаш кезде биз Аллах Таала белек кылган убакытты колдонуп калышыбыз абзел. Окуп, иштеп, спорт менен машыгып, ошол эле учурда эс алганга да жетишишибиз керек. Эгерде буларды чындап кааласак, анда биз баарына үлгүрө алабыз. Ошондуктан, мен окуудан тышкары кошумча жумуштарда иштей баштадым. 1-курста 3 жумушта иштедим. Сабактан кийин 15.00-18.00 арасы анан дем алыш күндөрү 2 жумушта. Мен буларды үй-бүлөбүздө акча жетишпегени үчүн эмес, а эмгектин баалуулугун сезиш үчүн жасайм. Болбосо ата-энемдин мени толук каржылаганга күчү жетет. Өзүң иштеп, акча тапканда, биринчиден, берекелүү, экинчиден, акчаны туура жумшоого үйрөнөт экенсиң.

“Мен өзгөрүүдөн коркпойм!

Апасы Бегимайды төңкөрүшчүл дейт. Аны ал Бегимайдын жоолук салынганы жана спорттун өзгөчө түрүн тандап алганы менен байланыштырат.

“Биз ар дайым өзүбүздү издеп, ой жүгүртүшүбүз керек. Ой жүгүртүү аркылуу мен Аллах Тааланы таанып, мектепте биринчилерден болуп жоолук салындым. Исламды түшүнүп, мындай жолго түшүшүмдү жашоомдогу эң чоң жетишкендик деп эсептейм. Мен Аллахтын даанышмандыгына таң калып бүтө албайм. Ал жараткан нерселерге карап ой жүгүртөм. Мына ошол жараткандардын арасынан эң таң каларлык жаратылган жан бул –адам. Көп адамдар өзүлөрүнүн жөндөмдүүлүк, дараметтерин таанып, аны өркүндөтүп кете албай кыйналышат. Биз, эгер адам бир нерсени чын жүрөгү менен каалап, аракет кылып, жыйынтыгын Аллах Таалага койсо, каалаган нерсесине жетерине көпчүлүк убакта ишене бербейбиз. Бирок бул чынында таң каларлык экен. Мен өз тажрыйбамда көп нерсени түшүндүм. Эң негизгиси чын жүрөктөн аракет кылсаңыздар жыйынтык өзүн көп күттүртпөйт. Мен талыкпай 9 айлык машыгуудан соң триатлон боюнча спорт чеберинин кандидаты болдум”.

Бегимай учурда теология адистиги боюнча билим алып жаткан кези. Анын бул багытты тандап алышы көптөрүн таң калтырган. Бегимай мындай чечимин туура жашоо боюнча чыныгы билим алууга болгон терең сүйүүсү жана каалоосу менен түшүндүрөт.

“Адам алектенип жаткан нерсесин сүйүшү керек. Мен теология багытын тандап алган себебим Аллах Таала көрсөткөндөй жашап, жакшы менен жаманды так айырмалагым келет. Айрымдары туура жашоо үчүн жакшы тарбия жетиштүү деп ойлошот. Бирок, менин оюмча, эң мыкты тарбияны адамды жараткан зат-Аллах гана бере алат. Ислам менен жашоо бул өзүңдү жана айлана-чөйрөңдөгүлөрдү сыйлоо, өзүңө жана башкаларга зыян келтирбөө, ошондой эле эч бир кайгысы жок, көңүл ток жашоо деп билем”.

%article_title%

“Бүгүнкү күн кечээкиге караганда жакшы болушу керек”

Бегимай ар бир жаңы күнүн өтүп кеткен кечээки күнгө караганда пайдалуу өткөргөнгө аракет кылат. Ал жашоонун агымы менен сүзүп кете бербестен, маанилүү чечимдерди кабыл алып, түрдүү сыноолорго туруштук бергенге даяр.

“Мен адамдар көп учурда стереотиптүү ой жүгүртүп, таңууланган нерселер менен жашарын байкайм. Бирок азыркы заман бул - мүмкүнчүлүктөрдүн заманы. Биз ушундан пайдаланып, өзүбүзгө жана коомго пайда келтиргендей анан уруксат берилген жолдор менен жашообуздун көркүн ачканга аракет кылышыбыз зарыл. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам жана салаваттары болсун): “Бүгүнкү күн кечээкиге окшошпойт” деп айткан.

Менин максатым - ironwoman (темир аял) болуу!

Триатлон - спорттун кымбат түрү. Машыктыруучуга төлөгөнгө акча, бассейнде машыгуу, велосипед жана анын тетиктерин сатып алуу жана башка майда-чүйдөлөргө сарпталчу каражат керек. Анын арасында эл аралык таймаштарга барууга аз эмес чыгым жумшалат.

Бул жылы Бегимай биринчи жолу каржылык кыйынчылыктарга туш болду. Анткени ал ушул жылдын октябрь айында Түркияда өтө турчу эл аралык “Half Ironman” таймашына катышууга мекендештеринин колдоосуна муктаж болду. Бегимайды түшүнгөн адамдардын жардамы менен спортчу кызга керектүү сумма да чогултулду. Мындан сырткары, Бегимай тууралуу биздин сайтта орус тилинде макала жарыяланган соң “Сажда” кийим брендинин ээлери жаш спортчу Бегимайга колдоо көрсөтүп, шарияттын эрежелерине жооп берген спорт кийимин да тигип беришти.

“Чет өлкөдө триатлон менен машыккан спортчуларга жакшы киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бир жеңиши менен алар миңдеген долларларды утуп ала алышат. Ал эми бизге өз каражатбызды жумшоого туура келип жатат. Эгер сен студент болсоң өз алдынча тиешелүү каражат чогултуу андан да оор болот экен. Биздин өлкөдө да спортту сыйлап, чет өлкөдөгүдөй колдосо абдан жакшы болмок”, -дейт Бегимай.

%article_title%

Азыр Бегимай жакында өтө турчу эл аралык жарышты ойлоп, Ironwoman титулун жеңип, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү кыялданып жаткан кези.

“Бизде көп учурда чыгыш менталитети менен исламды чаташтырышат. Ушундан улам мусулман кыздарына чуркоо, велосипед тебүү, спорт менен машыгуу, иштөө, коомдун активдүү мүчөсү болууга тыюу салынган, болбойт деп ойлошот. Мындай тыюу салуулар исламдан эмес, а чыгыш менталитетинен келген. Ислам укугунда аял киши өзү тапкан акчаны өзү каалагандай корото алат. Ушул эле нерсе, демек, аял кишиге иштөөгө боло тургандыгын айтып жатат. Эгер аял окубаса, элдер менен мамиле түзбөсө жана ой жүгүртүүсү тар болсо, анда ал кандай муунду тарбиялайт? Мага кийин балдарым, неберелериме, сүрөт альбомумду көрсөтүп жатып, жашоом кандай кызыктуу, ар тараптуу болгонун баяндап берүү - маанилүү. Алар мен жасагандан да көптү жасоого шыктанышы керек. Мен азыр мелдештен 1-орунду алып, Кыргызстандын желегин көтөрүүгө тынбай машыгып жатам. Мекениме болгон сүйүүм чексиз. Мен кудайга мусулман анан кыргыз болгонум үчүн миң мертебе шүгүрчүлүк келтирем”, -дейт маектешибиз.

Биз мекендешибизге күйөрмандык кылып, келе жаткан мелдеште биринчи болушуна тилектешпиз. Аллах Бегимайдын бардык иштерине береке берсин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17