Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Уникалдуу борбордун жетекчиси Жаркын Рашанбекова

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 октябрь 2017

Бул жолку маек төрүбүздүн коногу ар тараптуу айым- Жаркын Рашанбекова. 26 жаш курагында ал 1 уулдун энеси, “Асылзат” бакубат үй-бүлө борборунун аткаруучу жетекчиси, психология, конфликтология багыттарында мыкты тренер болуп саналат.

null
Үлгүлүү кыз, бактылуу жубай, ийгиликтүү айым Жаркын Рашанбекова

- Ассаламу алейкум, Жаркын. Сиз Бишкектеги билим берүүчү уникалдуу борборлордун бирин жетектейт экенсиз. Көп эле эже-сиңдилерибиз турмушка даярдоочу борборлордун болушун кааласа керек. “Асылзат” бакубат үй-бүлө борборун түзүү идеясы кандай жаралган?

- Валейкум ассалам. Рахмат, туура айтасыз. Мындай борборлордун болушун көптөрү эле каалайт. Аны биздин курска келген кыздардын айткандарынан билсе болот. Аталган борборду түзүү идеясы апам Тинатин Мамбетказиевага таандык. Ал көп жылдар бою мектеп, жогорку окуу жайларында химия, биологиядан сабак берип жүрдү. Апам - ачык мүнөз, бирөөдөн жардамын аябаган адам. Окуучу, студенттерине жакын болгондуктан, алар менен сабакка байланыштуу гана эмес, а жашоо, үй-бүлө куруу боюнча да айтып берип, кеп-кеңештерин берип калчу экен. Ошондо, кыздар апама “Ушундай жолугушуулар болуп турса, бир нерсе уюштурбайсызбы” деп айтып калышчу. Ал убакта апамдын мындай иш-чараларды өткөрүүгө убактысы болгон эмес. Бирок ичинен идея бышып, жетилип жүрүптүр. Кийинчерээк мени менен бөлүшүп, оюбузду орундатып көрүүнү чечтик. Талыкпаган эмгектин натыйжасында максатыбыз орундалып, буюрса 4-жыл борборубузду ийгиликтүү иштетип келебиз.

null
Жаштар үй-бүлөлүк тренингдерди кызыгуу менен угушат

- Борбордун ишмердүүлүгү тууралуу толугураак айтып берсеңиз?

- Борборубуздан эже-сиңдилерибиз кулинардык, кондитердик курс, тикмечилик, визаж, чач-тарач өнөрлөрүн, ошондой эле, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча тренингдерди ала алышат. Келгендер курстардын баасы жана ыңгайлуулугун жакшы деп жатышат. Кыздар өзүлөрүнө ыңгайлуу убакты тандап келе беришет. Курстардын аягында сертификат берилет. Жогорудагы курстар профессионал адистер тарабынан, бардык техникалык жабдыктар менен өтүлөт. Ал эми үй-бүлөлүк маселелерге байланышкан тренингдерди апам экөөбүз өтөбүз. Мен өзүм Кыргыз-Орус академиясынын психология, социология багытын аяктагам. Апам өзүнүн бай турмуштук тажрыйбасына таянса, мен аны профессионалдык жактан толуктап турам. Турмушка аттануу ар бир кыздын жашоосундагы жоопкерчилиги чоң кадам болгондуктан, биз аз да болсо өз салымыбызды кошуп, эже-сиңдилерибизге бул жагынан жардам бергибиз келет.

null
Биздин кулинардык курстан окугандар кийин жеке бизнестерин ачып, улантып кетишет

- Сиздердин борбор калктын калың катмарына таанылып, өз ордун таба алды десек болот. Бул чоң эмгектин аркасында апаңыз экөөңүздөр турасыздар. Башында кандай кыйынчылыктар болгон?

- Борборду жаңы ачкан жылдары бул эмне болгон жер экенин түшүндүрүүдө кыйынчылыктар болду. Анткени ал убактарда, азыр деле, мындай борборлор саналуу гана. Анда бизди кризистик борборлор менен адаштырып, айылдан “жатакана барбы?” деп чалгандар да кездешкен. Эгер биз медициналык борбор, же дүкөн ачсак, аны жүргүзүп кетүү оңой болмок эле. Ал эми биз баштаган тармак элибиз үчүн жаңы болгондуктан аны бутуна тургузууда 2 эсе эмгектендик. Бир жерден жылбай, ал тургай артка кеткен учурлар да болду. Ошондо биз мыкты кызматкерлерибизди кетирбей, кармап калуу үчүн өз чөнтөгүбүздөн айлык төлөчү элек. Бардык иштин өз кыйынчылыгы болот. Бирок аны сабыр жана эмгек менен жеңсе болорун биз ишибиз менен далилдедик.

null
Алтын апам менен

- Бул борборду иштеткенге чейин сиз эмне менен алектенчү элеңиз? Дегеле, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен өзүм 2 кесиптин ээсимин. Туризм академиясынын менеджмент жана Кыргыз-Орус академиясынын психология жана социология багытында билим алгам. Буга чейин түрдүү иштерде өзүмдү сынадым. Маселен, “Марва-Тв” студиясында журналист, алып баруучу болдум. Кийин турмушка чыгып, балалуу болгон соң, бир нече ай үйдө отуруп калдым. Негизи өзүм - энергиялуу, дайыма бир иш менен алектенип, жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулган адаммын. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бул жашоодо пайдам тийген адам болгум келет. Үйдө отурганда “Башкаларга кантип жардам бере алам?” деп өзүмө суроо бере берчүмүн. Коомубузда адамдар арасында түрдүү пикир келишпестиктер, көйгөйлөрдү көрүп, анализдеп, аларды чечүү жолдорун өз алдымча анализдейт элем. Ошондуктан, балам торолуп калганда 2-жолу кайра студент болуп, окууга тапшырдым. Учурда ошол кездеги көксөгөн кыялыма жетип, психология, конфликтология багыттарында тренингдерди өтөм. Буга кошумча, өзүм жоолук салынган кыз болгондуктан, менден дин тууралуу көп сурашат. Алган билимим исламды жөнөкөй тил менен жеткиликтүү түшүндүрүүгө жардам берүүдө.

- Жакшы. А өзүңүз диний үй-бүлөдө тарбиялангансызбы?

- Жок, убагында биздин динден такыр эле түшүнүгүбүз жок эле. Исламга кызыгуу 17 жашымда башталган. Туризм академиясында окуп жүргөндө биз чет өлкөгө практикага барышыбыз керек эле. Мен Түркияны тандап, документтерди камдап, кетмей болдум. Баары даяр болгон соң, атамдан “ал жакка барбайсың, сен али жашсың” деген сөз уктум. Ушунчалык жаман болуп, көңүлүм чөктү. “Адам болгон күч-аракетин жумшап, жыйынтыгында ал каалагандай болбосо, анда жашоонун маңызы эмнеде? Дегеле бир нерсенин болорун же болбосун ким көзөмөлдөйт?” деген суроолор жаралып отуруп, “Мен киммин? Бул жашоодогу максатым эмне?” деген сыяктуу суроолорго жооп издөөнүн арксында динге келдим. Анткени бул суроолорума мен башка жактан канааттандырарлык жооп таба алган жокмун. Намаз окуп, андан соң жоолук салындым. Башында атам жоолук салынуума абдан каршы болуп, акырында баарыбир аны көндүрө алдым.

Мен ислам тууралуу билгендеримди сөзсүз башкалар менен бөлүшөм. Ошонун аркасында үй-бүлө, туугандарым да динге кызыгып, динди тереңден изилдей башташты. Апам азыркыга чейин “Чыныгы исламды мага сен түшүндүрдүң” деп айтып калат.

- Конфликтология багытында тренингдерди өтөм дедиңиз. Дегеле, “конфликт” деген темага келсек, көп учурда бул маселе эмнеден жаралат?

null
Тренинг учуру

- Конфликт бул ой, көз караштардын кагылышуусу деп түшүнсөк болот. Жер жүзүндө канча адам болсо, ошончо ой пикир бар. Бирок баарыбыз жер деген бир планетада жашагандыктан бири-бирибиз менен ар дайым тыгыз байланышта болобуз. Демек, байланышта болгондон кийин сөзсүз түрдө өз ара түшүнбөстүктөр чыгат. Айрыкча, азыркы учурда бул маселе өтө курч турат деп айтсак болот. Социалдык тармактарга кирсек деле, бири-бири менен тытышкан, каралаган билдирүүлөрдү окуйбуз. Адамдар бири-бирин угуп, ошол маселени чечкилери келишпейт. Мен тренингдеримде конфликт эмнеден жараларын, анын деңгээлин, конфликттерди чечүүнүн эффективдүү жолдорун айтып берем.

- Борборду жетектеп, тренингдерди уюштуруп, үй-бүлөңүзгө да кам көрүп кантип үлгүрөсүз? Бул жагынан сырларыңыз менен бөлүшсөңүз.

- Мен аз уктаган адамдардын катарына кирем (күлүп). Анан бир жума мурун план, жолугушуулардын тизмесин жазам. Баарын өз убагында, так аткарганды жакшы көрөм. Мени тааныгандар “немис” деп коюшат. Анткени жолугушууларга дайыма 10-15 минута эрте бармай адатым бар. Дагы бир жагы, ушунча ишти жетектеп жаткандан кийин жумуш өзү эле сенин бош отурушуңа жол бербейт. Кандай гана учур болбосун баарына даяр туруш керек. Биринчиден, борбордун жетекчиси катары, аны өнүктүрүү, бардык жаңылыктардан кабардар болуп турууга аракеттенем. Экинчи жагынан, тренер катары ар дайым жаңы бир нерселерди өздөштүрүп, өзүмдү профессионалдык жактан байытып турушум зарыл. Күн сайын өзүмдү рухий жана профессионалдык жактан өнүктүрүүгө көңүл бөлөм. Китепти өзгөчө сүйгөн адаммын десем болот. Үй-бүлө да четте калбайт. Саат 6да сөзсүз үйдө болуп калам.

null
Бөбөктөргө арналган кондитердик курсубуз ийгиликтүү иш алып барууда

- Канчада уктап, канчада ойгонсуз?

- Негизи күнүм багымдат намазы менен башталат. А кечинде 11-12лерде, аябай кызыктуу китеп окусам андан да кеч жатышым мүмкүн.

- Өзүңүздү 20 жылдан соң кандай айым катары элестетесиз?

- Биринчиден, көп балалуу болгум келет. Ал эми жумушка келсек, 20 жылдан соң өзүмдү коомдук ишмер катары көрөм. Азыр мен ушул багытта иш алып барып жатам. Эл менен иштеп, пайдам тийгенин сезсем аябай бактылуу болом. Тренинг өткөндөн кийин ушунчалык ырахат алып, чарчагандын ордуна, энергиям толукталып калат.

- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов