Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
15 декабрь 2017г.
Багымдат
06:43
Күндүн чыгуу
08:25
Бешим
12:57
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Котормочу, хафиз, спорт чеберинин кандидаты - Өмүрбек Эргешов
Жарыяланды: 20 ноябрь 2017

Кыргызстанда көпчүлүгүн “Медресенин бүтүрүүчүлөрү эмне менен алек?” деген суроо кызыктырат. Өлкөбүздө бул суроого жооп берчү расмий изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. “Умма” журналы медресенин бүтүрүүчүлөрү менен байланышып, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп тапканга аракет кылды. Алардын бири, бүгүнкү каарманыбыз – Өмүрбек Эргешов.

Котормочу, хафиз, спорт чеберинин кандидаты

Кезинде мектеп менен бирге медреседеги окууну да калтырбай, талыкпай окуган Өмүрбек - бүгүн ийгиликтүү студенттердин бири. Ал 1-курстан баштап расмий делегаттарга котормочу болуп, аларды коштоп жүргөн. Анын бул ийгилигинин башатында дал ошол медреседе алган билими жатат. Азыр ал Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин араб тили жана филология факультетинин 3-курсунда билим алууда. Мындан тышкары, каарманыбыз - хафиз (Куранды жатка айткан адам) жана спорт чеберинин кандидаты.

null

Мени көп нерсе шыктандырат

Мен Жалал-Абаддын Ырыс айылында туулуп, балалыгым дал ушул жерде өткөн. Атам – бухгалтер, апам-кыргыз тили мугалими. Өзүм мектепте окуп жүргөндө айылдагы мечит, медреселерге калбай барып жүрдүм. Араб тилине болгон кызыгуум ошол мен барган медреселерден башталган. Окууну аяктоого чукул кайсыл окуу жайга тапшырарымды так аныктап калган элем. Анда Кара-Балтадагы “Куран нуру” ислам институту тууралуу угуп, дал ушул окуу жайына тапшырууну максат койдум. Бул окуу жай Куран жаттоого багытталып, ошону менен катар араб тили, грамматика сыяктуу кошумча сабактар да өтүлчү. “Куран нуру” ислам институту 4 жылдык болуп, 100 балага ылайыкталган. Мен окуп жүргөн кезде 70-80дин тегерегинде студенттер бар эле. Бирок окуу жайды аяктаганга чукул студенттердин саны кыйла кыскарды. Айрымдары үй-бүлөлүк шартка байланыштуу чыгып кетишсе, башкалар окуунун кыйындыгына чыдай албай таштоого мажбур болушту. Негизи, араб тили татаал тилдердин катарына кирет. Бул тилди үйрөнүүдө жана Куран жаттоодо, эң башкысы адам напсисин тыя билип, сабырдуулукка тарбияланышы керек. Мен окууну таштап койбой улантуума агайларымдын насааттары жана өзүмдүн кызыгуум түрткү болду десем жаңылышпайм. Мындан тышкары, котормочулук жаатта чоң ийгиликтерге жетишкен агаларымды көрүп, билимимди тереңдетип, талыкпай окууга күч алдым.

null

1-курста расмий делегаттарга котормочу болдум

1-курстун аягында Кувейт мамлекетинен иш сапары менен келген маданият министрлигинин өкүлдөрүнө тил жагынан жардамдашып, которгонго Чыгыш университетинен ыктыярчыларга тандоо жүргүзүштү. Ошол 4 ыктыярчынын катарына мен да кирдим. “Кувейт маданият жумалыгында” мен министрдин орун басарын жандап жүрдүм. Бул иш-чара мага зор таасир калтырды. Өзүмдү мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларда кантип алып жүрүш керек, которуу чеберчилиги боюнча тажрыйбамды баштадым.

Негизи котормочулук - татаал жана көп эмгекти талап кылган иш. Мыкты котормочу болуу үчүн бир гана тилди эмес, ошол элдин маданиятын, ой жүгүртүү ыкмасын да түшүнүү керек. Бул дагы жетиштүү эмес. Которуп жаткан адам эне тилин мыкты билип, таза адабий тилде сүйлөй алмайынча өз ишинин профессионалы боло албайт. Анан да адам кайсы бир чет тилди мыкты билбесин, “мен жакшы билет экенмин” деп токтоп калбашы керек. Анткени дүйнө алдыга жылып, технология өнүккөн сайын жаңы сөздөр чыга берет. Тил бир орунда турбайт. Андыктан аны күн сайын машыктырып туруу зарыл.

Араб тили - өтө бай жана кооз тил

Келечекте дипломатиялык багыт менен ишөөнү максат коюп жатам. Ошондуктан, азыр талыкпай окуп, убактымдын 70%ын окууга арноодомун. Мындан тышкары практика болсун деп, туристтик агенттиктерде да иштеп калам. Айрым учурда арабдар таң калып, “Сен менден да жакшы сүйлөйт экенсиң. Араб тилин кандай максат менен үйрөндүң?” деп кызыгып сурашат. “Биздин мамлекетке иштебейсиңби, жакшы жумуш таап беребиз” деп сунуштагандары да жок эмес.

Араб тили өтө бай тил болгондуктан, сөздөрдүн синоними көп. Эгер бир сөздү унутуп калсаң да, оюңду толугу менен түшүндүрүп кетүүгө мүмкүн. Мисалы төөнүн эле 100дөн ашык синоними бар.

null

Тилекке каршы, айрымдар "диний окуу жайларга 2-сорттогу балдар тапшырат" деп ойлошот

Мен коомдо калыптанган мындай бир ойду байкадым. Көбү дин менен байланышкан окуу жайларда экзаменден өтпөй калган 2-сорттогу студенттер окушат деп ойлошот экен. Бул - өтө чоң жаңылыштык. Анткени мен диний окуу жайларда билим алган өтө кыйын балдар менен тааныштым. Алар ой жүгүртүү, анализдөө жагынан Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларында билим алган студенттерден ашса ашат, бирок кем калышпайт деп ишеничтүү айта алам.

Эл кызматындагы жигит болуу - тилегим

Келечекте элиме колдон келген жардамымды көрсөткүм келет. Мамлекеттик жумушта иштесем да, калкыбыз муктаж болгон арабча диний китептерди жалпак, түшүнүктүү кыргыз тилине которуп, жеткирсем деген тилегим бар.

Окуудан тышкары стол тенниси менен машыгам. Спорттун бул түрүнө болгон кызыгуум окуучулук кезде эле ойгонгон. Ал эми бир жарым жылдан бери теннис менен профессионалдуу түрдө машыгып келем. Областтык деңгээлде өткөн жарыштарга катышып турам. Ошондой эле, Спорт мастеринин кандидаты наамына да ээ болдум.

Илим бул - Аллахтын нуру

Негизи Аллахтын илимин алып жүрүүчүлөр ар дайым өзүнө көз салып, кыпындай да болсо күнөө кетирбегенге аракет кылышы зарыл. Мен өзүмдү мисал кылып айтсам, айрым учурда шартка байланыштуу майда күнөөлөрдү кетиргенде эс тутумумдун алсыздап калганын сезем. Көп окумуштуулар мисал катары айтып жүргөн Имам Шафиинин окуясын айтып бергим келет. Имам Шафии китепти бир окуганда баарын эстеп кала тургандай өтө зээндүү адам болгон экен. Күндөрдүн биринде ал бир эмес, 2 жолу окуганда эстеп калганын байкайт. Ошондо устатына барып, окуяны айтып берет. Устаты ага “Сен күнөөлөрдү ташта. Илим бул-Аллахтын нуру. Ал күнөөлүүлөргө берилбейт” деген. Андыктан, мен Куран үйрөнүп, жаттоону максат кылгандарга ар бир кадамыңарга баа бергиле деген кеңешимди айткым келет.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү