Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Элдер ага "Ислам сени кедей кылды" дешкен. Индонезиялык бизнесмендин ийгилик сыры

Автору: Которгон-Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 январь 2018

Мындан 10 жыл мурун индонезиялык Жони Чаньяго үй бүлөсүн багуу үчүн бир кесим нанга жан үрөчү. Ал эми азыр ал түрдүү өлкөлөргө саякаттап, мекендештеринин окуусуна демөөрчүлүк кылат. Жони 27 өлкөнү кыдырганга жетишти. Өткөн жылы болсо Кыргызстанга алгач ирет саякаттап келди. “Умма” ислам журналы анын ийгиликке кантип жетишкенин жана Кыргызстанда кандай көрүнүштөр эсинде калганы тууралуу маек курду.

null

- Ассаламу алейкум, Жони. Эмне себептен Кыргызстанга саякаттоону чечтиңиз?

- Мен Бали аралында (Индонезия) жашагам. Ал жер – туризмдин борбору. Бизге дүйнөнүн чар тарабынан саякатчылар келишет. Ошондуктан, мен бардык өлкөлөр жана элдер тууралуу кабарым бар деп ойлочумун. Бирок, 2004-жылы Индияда биринчи жолу кыргыздарды жолуктурганымда бул эл жана алардын өлкөсү тууралуу эч нерсе билберимди түшүндүм. Ошондо Кыргызстан тууралуу маалыматтарды издеп, бул өлкөгө барган саякатчылардын баяндарын окуй баштадым. Ал эми Кыргызстан жибек жолунун бир мүчөсү болгонун билгенимде кызыгуум эки эсе жогорулады. Анткени жибек жолу соода-сатыктын жана исламдын таралышынын жолу болгон. Андан соң мен Бангладеште Кыргызстандан келген мусулмандардын чоң тобун жолуктурдум. Конференцияга 5 миллиондук чакан мамлекеттен биздин мамлекеттикиндей эле топ келгенине таң калдым. Анткени биздин калктын саны силердикинен 50 эсе көп эле. Ошондо мен “сөзсүз бул өлкөгө барышым керек” деп ойлодум.

- Кыргызстандан кандай таасирлендиңиз?

- Мага бул жер аябай жакты. Калк сүннөттү карманат. Эл меймандос жана спорт менен машыгат. Силерде азыркыга чейин ат минүү жана жаа атуу сакталып калыптыр. Көчмөн руху дагы деле жашагандыктан, жашооңордо ритм жана кыймыл-аракеттүүлүк байкалат. Индонезияга салыштырмалуу бул жерде баары оңой жасалат экен. Мага дагы бир жаккан нерсе, бул жерде мусулмандар көп жана намаз убагында мечиттер элге толот. Индонезияда мен христиан аралында жашайм, мусулмандар аз. Ошондуктан мечитке жетүү үчүн 3 саат машинеде жүрүү керек болот.

Силердин табигатыңар керемет экен. Мен, керек болсо, индонезиялык досторумду Австрия же Швейцариянын ордуна Кыргызстанга келүүлөрүнө чакырам. Бирок бир нерсени айтып коюу керек, туристтерге айрым кыйынчылыктар бар экен. Биринчиден, бул жакта баардык жазуулар жана белгилер кириллица тамгасында. Экинчиден, коомдук транспорт - туристтер үчүн ыңгайсыз. Кайсыл маршрурт каякка барат, кайсыл жерден чыгуу керектигин билбейсиң. Көбүнчө таксини колдонууга туура келет. Ошондо да, айрым айдоочулар даректерди биле беришпейт экен. Маалымат пункттары жок. Кафеде тамакка буйрутма бергенеде да кыйыныраак. Анткени алардын аттары кыргызча жана орусча гана жазылган. Мен, адатта, менин кошунам кандай тамакка буйрутма бергенин карап, мага да ошондой тамак алып келүүлөрүн суранчумун.

null

Анан албетте эң башкы көйгөй - Малайзиядан бул жакка түз каттамдын жоктугу. Жакартадан (Индонезия) Бишкекке жетүү үчүн Жакарта – Малайзия – Сингапур – Ташкент– Бишкек каттамдары менен жүрүп отурууга туура келди. Бул – абдан чарчатат. Ага караганда Европага баруу жеңилирээк. Анктени Малайзиядан түз каттамдар бар. Эгер сиздер Малайзия менен түз авиажолжолдорду кура алсаңыздар, биздин региондон бул жакка каттаган туристтердин саны көбөйөт.

null

- Сиз 27 мамлекетте болупсуз. Саякатыңыз кантип башталганы кызыктуу...

- Мен мурда туризм тармагында иштегем. Балиде жашап жүргөндө күндүз туристтерге серфинг тебүүнү үйрөтүп, ал эми кечинде аларды түрдүү көңүл ачуучу клуб, барларга алып барчумун. Туристтерге кошулуп көңүл ачсам да, ичимде бактысыз элем. Мени жан дүйнөмдөгү түшүнүксүз боштук кыйнап, бир нерсени издеп жаткандай туюлчу. Бир күнү аябай мас болуп калдым. Башым сынып ооруп, кыйналганымдан Кудайдан кечирим сурап, мечитке барууну чечтим. Ошондон баштап үй-бүлөгө кам көрүү ,адал жол менен акча табуу, бардык жаман нерседен оолак болууга үндөгөн өз динимди изилдеп баштадым. Алгачкы айларда мен мурунку жумушум менен эле алектене бердим. Бирок акыры бул иште Аллахтын ыраазычылыгы болборун түшүнүп, акча табуунун башка жолдорун издей баштадым. Продуктыларды он-лайн сатуу ишине кириштим. Жумушум жакшы жүрүшкөн жок. Мүлкүмдү сатып, башка аралга көчүүгө туура келди. Балдарга тамак алып бергенге да акча калбай калган учурлар болгон. Бирок мен чөгүп кетпей, алдыга умтулуумду уланта бердим. 5 жылдан соң гана киреше алып келген бизнесимди кура алдым. Менимче, Аллах мени бул 5 жыл бою сынап, тазалады деп ойлойм. Ошол күндөрдө достор жана туугандарым бул абалыма исламды күнөөлөшкөн эле. Алар: “Диниң сени кедей кылды. Ал сени баардыгынан кур калтырды”, - деп айтышкан. Ал эми, мен үчүн баары тескерисинче, ислам менин иштериме береке берип, коомдо сый-урматка татытты жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады. Азыр менин ажылыкка барууга, саякаттоого, түрдүү маданияттар менен таанышууга, дүйнөнү таанууга мүмкүнчүлүгүм бар. Колумдан келишимче көп элге ислам жардылардын дини эместигин далилдөө үчүн саякаттоомду баштадым. Ислам бизди тиги дүйнөдөгү суракка даяр болуу үчүн бул жашоодо жоопкерчилик менен жашоого үндөйт. Эгер биз бул дүйнө үчүн гана жашасак, анда азыркы жашообузду көрүбүзгө айлантабыз.

- Жони, ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

- Менимче, болгон ийгилик, кыйынчылыктарга карабай, адал жол менен акча табууга аракеттенгеним. Ырыскы Аллахтан болоруна толук ишенүү керек. Анан албетте өзүңдүн тармагыңды тынымсыз изилдеп туруу керек. Мен он-лайн соода-сатык менен алектенем. Бул убакыт аралыгында сатуу инструменттерин оптимизациялоо үчүн ондогон китептерди окуп чыктым. Кайсы бир жерден утулдум, уттум. Индонезия тилинде он-лайн маркетинг тууралуу китеп жаздым. Бул китеп жердештериме жергиликтүү рынокту, жашоочулардын керектөөлөрүн, алардын тандоолоруна таасир тийгизген инструменттерди түшүнүүгө жардам берет. Азыр химиялык продуктыларды сатуу менен алектенем.

null

- Биз сиздин кайрымдуулук менен алектенип, мекендештериңизге билим алуууга жардам берериңизди уктук. Эмнеге мындай кадамга барууну чечтиңиз?

- Кыйналып жургөн кезде менин курсагым эле эмес, жан дүйнөм да ачкачылыкка сугарылган эле. Мен чет өлкөдө окууну самап жүрдүм, бирок буга чөнтөгүм чак келмек эмес. Ошондо өзүмө “акчам болгондо билимге умтулгандарга сөзсүз жардам берем” деп сөз бердим. Азыр мен ай сайын чет өлкөдө окугусу келгендерге 1,5 миң долларга чукул каражат бөлүп турам. Альхамдулиллах, 2 жыл аралыгында 32 адамга жардам бере алдым. 5 жыл жокчулукта жашап жүргөндө Аллах жолунда эч нерсе жасай албаган элем, азыр ошол боштуктарды толтуруп жатам.

null

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Мен өз саякатым тууралуу китеп жазгым келет. Буюрса, 27 өлкөнү кыдырганга жетиштим. Ар бир барган өлкөмдө өзгөчөлүктөрдү, эсимде калган көрүнүштөрдү жазып турам. Булардын баарын иреттеп, китебиме түшүргүм келет. Анан албетте, китеп барактарынан сиздердин өлкө Кыргызстан да татыктуу орунду ээлемекчи.

1 / 3



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 июль 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:23
Куптан
22:16
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов