Өзер Реваноглу - Кыргызстан эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдары, андан кийин да кыргыздардын өз динине кайтуусуна, исламдын өнүгүүсүнө, көптөгөн жаштардын намаз окуусуна себепкер болгон адам.

1994-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кызматташтык келишими түзүлүп, Түркиянын диний фонду тарабынан Кыргызстанда 3 мечит курулмай болот.
1994-жылдын июнь айларында Өзер Реваноглу 5 бригадир менен Кыргызстанга келет. Өзер мырзанын жетекчилиги астында Кочкор районунда алгачкы мечит салынат. Курулуш иштери бат эле аяктап, айылдыктар ага “Ак мечит” атын коюшат. Өзер мырзанын айтымында, элет эли бул жаңылыкты чоң сүйүнүч менен кабыл алып, акырындан анын ичи мекендештерибизге, өзгөчө жаштарга толо баштайт.
Ислам Кыргызстанда динамикалуу өнүгүүдө
“Андан бери өлкөдөгү диний абал жакшы тарапка өзгөрүүдө, эл өз баалуулугуна акырындан кайтууда”, - дейт Өзер мырза. “Бишкектеги борбордук мечит жаңы салынган жылы жума намазына 400 киши келсе, анын жүзү гана кыргыз, ал эми имам уйгур улутундагы мусулман бир тууганыбыз болчу. Эми карасаңыз, азыр дал ушул мечитте жума намазга бери дегенде 3000 киши келет, анын 2500ү кыргыз. Бардык мечиттерди эске алып, ага келгендердин орточо жашын чыгарсаң 20, 21, 23 деген сандарды аласыз. Демек, азыр динге көбүрөөк жаштар тартылууда. Дайыма мечитке келген 40, 50, 60 жаштардагылар чанда гана кездешет”, - дейт ал.

Кыргызстанга болгон сүйүүм чексиз
Түркиянын Мерсин шаарынан болгон Өзер мырза 1994-жылы Кыргызстанга алгач ирет келип, ошол бойдон анын жүрөгү бул жерге байланган. Арада мекенине барып-келип жүргөнү менен кандайдыр бир кырдаалдар анын Кыргызстанда калышына себепкер болду. 25 жылдан бери Кыргызстанда жашаган ал, бул убакыт аралыгында бир топ маанилүү иштердин башталышына себепкер болгон. Дал ушул адамдын демилгеси менен Ош жана Ноокатта мечиттер курулуп, ишке берилди. Мындан сырткары, ал Рамазан айларында облусттарда ооз ачуу (ифтар) дасторкондорун уюштуруп, бул ыйык айдын мааниси, берекесин калктын калың катмарына жеткирүүдө эбегейсиз зор салым кошту.
Өзер мырза, ошондой эле, борбору Анкарада жайгашкан Евразия жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Анын “Тоолордун көз жаштары” аттуу чыгармасында көбүнесе Кыргызстан тууралуу баяндалып, бул эмгеги үчүн Түркияда “Жылдын мыкты китеби” наамына татыган.

Бул адамдын кыялы дүйнө жүзүндөгү мусулмандар биригип, качандыр бир кездеги күчүнө келсе. Өзер мырза учурда мусулман дүйнөсүндө болуп жаткан кейиштүү окуяларга жүрөгү канайт. Иерусалим тууралуу сөз болсо, кайсы бир окуяны ал көзүнө жаш алмайын айтып бере албайт.
Бул жолу да ал мусулман баалуулуктарыбыздын алдындагы жоопкерчиликти сездирген баянын айтып берди:
“Осмон дөөлөтү кулап, 1-дүйнөлүк согуштан соң түркиялыктарга ажылыкка барууга тыюу салынган. 1951-1952- жылдары гана алгачкы ажылык топ 5 автобус менен сапарга чыгышат. Ажылык топту ошол кезде калк арасында сүймөнчүлүккө ээ болгон, кадыры бийик гөнелли Мехмет мырза жетектейт. Бул адам дин үчүн күйгөн, кезинде 400-500 хафизди тарбиялаган эле. Дал ушул автобус Кудуска (Иерусалимге) кирип барганда кереметтүү окуя орун алат. Күн күркүрөп, жамгыр төгүп баштайт. Таң калычтуусу, элдер үйлөрүнө кире качпай, сүйүнүшүп, автобусту тегеректеп калышат. Гөнелли Мехмет булар эмне болгон адамдар жана алар бизден эмнени сурап жатышканын билүүнү айттырат. Алдыдагы адам автобустун эшигин ачканда элдер майрамдагыдай шаңдуу. Көрсө, бул жакка 3 жылдан бери тамчы да тама элек экен. Баары арабдар, өз тилдеринде “Кудустун чыныгы ээлери келди! Кош келиңиздер!” дешип, коноктордун колдорунан өөп жатышты. Көрдүңөрбү, баардык нерсе элдин эсинде. 400 жыл бою Осмон дөөлөтү өз карамагындагы жерлерди адилеттүү башкарып, жылдыздуу доорун жашап өткөн. Тарыхта чоң орду бар Йавуз Султан Селим бир топ жерлерди багындырган. Султан Селим Египетти багындырганда имам хутбада анын кайсы жерлерди багындырганын айтып, Анадолу башчысы, Балкандардын башчысы, Сириянын башчысы, Шамдын башчысы, Египеттин башчысы деп санап айтып келе жатып, “Меккенин, Мединанын башчысы” дегенде, Йавуз Султан Селим көзүнөн жашын агыза ордунан туруп, “башчысы”, “ээси” эмес, а “кулу”, “кызматкери” деп бир нече ирет өктөм үн менен айтат. Ошол кезде кызматкер эркектер кулагына сөйкө такчу. Султан Селим да Меккенин, Мединанын кызматкери, Алланын кулу деген таризде кулагына сөйкө таккан”.
