Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жаратуу жолундагы Саид Баюми

Автору: Элиана-Марьям Сатарова / Сүрѳттѳр: Хамсия Кулинова / Жарыяланды: 8 февраль 2018

Саид Баюми – эмгекти сүйгөн, ар бир минутасы алдын-ала мерчемделген, харизмалуу, кызыктуу адам. Анын бел чечип эс алып отурганын көрүүгө мүмкүн эмес, анткени, анын уюмунун жардамына көптөгөн адамдар муктаж. Чыныгы мусулман катары, айткан сөзү, аткарган ишине дал келет. Анын уюмунун ишин, бүткүл министрликтердин иши менен салыштырууга болот. Ал оору сезимин, кыйынчылыкты башынан өткөрүү кандай экенин жон териси менен сезе билет. Анткени, анын баардыгы көз алдынан өтүп турат. Бирөөгө жардам берүү, адамдардын жашоосун жеңилдетүү жана бакыт тартуулоо кандай экендигин дагы мыкты билет.

Саид Баюми, кайрымдуулук, интервью
Саид Баюми – эмгекти сүйгөн, ар бир минутасы алдын-ала мерчемделген, харизмалуу, кызыктуу адам.

Апам бизге баарын берди

Саид Баюми, Египеттин Аш-Шаркия шаарында туулган. Анын үй-бүлөсү – бул өлкөдө аябай кадыр-барктуу. Байлыгынын көптүгүнөн же жогорку кызматта тургандыгынан эмес. Алардын билимдүүлүгүнөн. Саид орто жашаган үй-бүлөдө төрөлүп, алты бир тууганды ата-энеси асырап өстүргөн. Адамдын жакшы сапаттарына үй-бүлөнүн таасир тийгизери шексиз. Ата-энеси балдарын ислам баалуулуктарынын жана адебинин духунда тарбиялап, баардыгына жогорку билим берген. Саид, Александрия университетинде билим алып, инженер-механик адистигине ээ болгон. Адистиги боюнча алты жыл эмгектенген. Ата-энесинин бул дүйнөдөн биринин артынан бири өткөнүн кайгыруу менен эскерип, апасына болгон кусалыгын жашырбайт: «Ал бул жашоодогу баардык нерсени бизге тартуулады: тарбия, динге үйрөтүү, мүмкүн болгондун баардыгын биз үчүн жасады». Саид Баюми апасынын урматына, Бишкек шаарынын четинде мечит курдурган.

Саид Баюми, кайрымдуулук, интервью
Саид мырза жетектеген бирименин коомдук бирикменин асыроосуна 2000 жетим бала алынып, аларга ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул төлөнүп, кышкы жана жайкы кийимдер, мектепке тиешелүү окуу куралдар менен камсыздалышат.

Кыргызстан менин жүрөгүмдү бир жумада багынтты!

2000-жылдардын башында, Саид Баюмини Кыргызстанга иштөө үчүн чакырышкан. Ал жаңы уюмду – Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясын жетектемек. Баюми мырза мойнуна алгандай, кайсыл өлкөгө бара жатканын таптакыр билген эмес, ошондуктан, аны көрүп туруп, макулдук берерин билдирген. «СССР тараганга чейин, бул өлкөлөр тууралуу маалыматтар аз болуп, алар жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Кыргызстанга келерим менен, аймактарды кыдырып, өлкөнүн түштүгүнөн, түндүгүнө чейин түрө кыдырдым. Албетте, аба ырайы, дайыма кургак жана ысык Египеттен аябай айырмаланат. Бирок, бул жердин табияты кооз, дарыялар, тоолор. Ошентип, Кыргызстан менин жүрөгүмдү бир жумада багынтты. Азыркыга чейин, тандоомо өкүнбөйм».

Саид Баюми, кайрымдуулук, интервью
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, өлкөнүн ар кыл аймактарында 700 скважина ишке киргизилип, 600 суу соргучтар жана атайын суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулган. мындан тышкары, көптөгөн ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер жана башка социалдык мекемелер менен объектилер таза суу менен камсыздалган.

Өзүмө төрт жыл мөөнөт бердим

2000-жылы, Кыргыз Республикасына жаңы уюмду жетектөө үчүн келген, Саид Баюми өзүнө сөз берип, төрт жыл аралыгында, Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясын өнүктүрүп, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүдө, калкка натыйжалуу жардам берүүнү максат кылып койгон. Кол алдында иштеген төрт адам менен биригип, иш баштаган. Көйгөйлөр өтө көп эле. Бирок, алардын эң негизгилерин чечүүгө бел байлашкан. Айылдарда таза суу маселеси курч бойдон калып, суу менен камсыздоо тутумдары эскирип, жаңы скважиналарды казуу зарылдыгы турган. Канча жыл динден тышкары жашаган калктын арасында, мечиттер жетишпей, адамдар мечит куруп берүү суранычы менен кайрылып жатышты. Жардамга жана стипендияга муктаж жетим балдар менен студенттер аябай көп болчу. Бул маселелер, алгачкы төрт жыл аралыгында негизгилерден болуп, тынымсыз эмгек кылышкан.

Саид Баюми, интервью, кайрымдуулук
Саид Баюми жетектеген уюм медицина тармагына да зор салымын кошууда

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясына 15 жыл

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, 1972-жылы Эр-Риядда, ар кыл өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө, уюмдун 75 өкүлчүлүгү, бүткүл дүйнөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, калктын аялуу катмарына – жаштарга, жетим балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз жардамын берип келет.

15 жыл аралыгында, Кыргыз Республикасынын аймагында аткарган иштеринин көлөмү, көпчүлүктү таңгалдырат. Көрсөтүлүп жаткан жардамдар, бир министрликтин ишине тете. Жыл сайын КРнын экономикасына 10 млн доллардан ашык каражат салынат. 15 жыл ичинде, 100 млн доллар каражат, биздин өлкөгө жумшалган. Саид Баюми аябай сыпайы адам болгондуктан, өз командасынын жетишкендиктерин жарыя кылганды жактыра бербейт. Бизге интервью берип жатып, ушунча аз каражат салганына кечирим сурап, мүмкүнчүлүктөрү ушуга жеткенин кошумчалады. Кээде, эмне себептен мектебинен мечити көп деген суроо салынганда, Саид Баюми ага да жооп бере алат. мусулман катары, ал билим алуунун маанилүүлүгүн абдан жакшы түшүнөт. Ошондуктан, анын уюму мечиттерди эле курбастан, акыркы жылдардын аралыгында, бүткүл республиканын аймагында 30 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Заманбап технология менен салынган мектептер, зарыл болгон баардык техника менен жабдылып, мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилген!

Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, өлкөнүн ар кыл аймактарында 700 скважина ишке киргизилип, 600 суу соргучтар жана атайын суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулган. мындан тышкары, көптөгөн ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер жана башка социалдык мекемелер менен объектилер таза суу менен камсыздалган. Бул багытта көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып, көптөгөн жылдар бою адамдарга өз жемишин тартуулайт.

Тагдырдын жазмышы менен ата-энесинен эрте ажыраган балдарга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынан болуп саналат. Азыркы учурда, коомдук бирикменин асыроосуна, 2000 жетим бала алынып, аларга ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул төлөнүп, кышкы жана жайкы кийимдер, мектепке тиешелүү окуу куралдар менен камсыздалышат. Мындан тышкары, «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмесинин эсебинен, үч ай сайын медициналык кароодон өткөрүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте, жыл сайын, заманбап медициналык жабдууларды жана зарыл дары-дармектерди колдонуп, жогорку квалификациялуу дарыгерлерди тартуу менен «Медицина кербени» кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, республиканын алыскы аймактарында жашаган жашоочуларга кайтарымсыз медициналык жардамдар көрсөтүлүп келет. Бүгүнкү күнгө чейин, 16 жолу «Медицина кербени» уюштурулган.

2010-жылкы июнь окуяларынан жабыркап, турак-жайсыз калган, Ош жана Жалал-Абад облусунун жашоочуларына 21 үй курулуп, күнүмдүк турмушка керектелүүчү баардык тиричилик техникалары менен жабдылган.

Өзгөчө кырдаалдын капшабына кабылган аймактарга, гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп келет. Мезгил-мезгили менен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан студенттерге стипендиялар, жалгыз бой энелерге материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлүп келет. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жүздөгөн майыптык арабалар тапшырылган. Берилген жардамдарды санасак, кагаз бети түтпөйт. Бирок, эң негизгиси, миңдеген адамдар тиешелүү жардамдарды алышты.

Мечиттердин курулушу жөнүндө да айта кетпесек болбойт. Ушул уюмдун жардамы аркасында курулган мечиттер, өлкөдөгү эң кооз имараттардан болуп саналат. Анткени, аймактын же калктын муктаждыгына жараша, кээ бир мечиттердин аймагына, балдар үчүн спорттук аянтчалар, компьютердик сабаттуулукка жана чет тилге үйрөтүүчү класстар, жыйын бөлмөлөрү кошо курулуп, ал жерге жетим балдар, дегеле баардык каалоочулар бара алышат. Мечиттер, башка объектилер сыяктуу эле, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик менен макулдашып, калктын же муфтияттын арызынын негизинде курулат.

Саид Баюми белгилегендей, жардам жашоочулардан, аймак башчыларынан келип түшкөн арыздардын негизинде көрсөтүлөт. Уюмдун курамында, ар түрдүү комитеттер иш алып барып, арыздарды карап чыккандан кийин, жардам көрсөтүү жөнүндө чечим чыгарылат. Эгерде бир айылда мечит болсо, бир дагы мечит жок башка айылга курулат. Уюмдун акыркы беш жылдагы негизги багыттарынын бири болуп, мектептерди, бейтапканаларды куруу эсептелет. Баардык балдарга билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо зарыл. Билим алуудан – келечектеги коомдун саламаттыгы жана өнүгүшү көз каранды. Ар кыл тармактардагы ийгиликтүү иши үчүн, КРдагы Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы, дүйнөдөгү 75 кеңсенин ичинен, 3 жыл катары менен мыкты өкүлчүлүк деп табылган.

Саид Баюми, интервью, кайрымдуулук
Саид Баюми: "Бакыт – бул бакыт жаратуу"

Биздин Саке

2008-жылы Саид Баюмиге Кыргызстандын ардактуу жарандыгын беришкен. Ал, египеттин жарандыгынан баш тартып, Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган. Биздин көпчүлүк мекендештерибиз, Саидди өз тууганындай көрүп, кыргызча Саке деп чакырышат. Ал эми, Саид-Саке Кыргызстан жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүндө, «биздин эл, биздин адамдар» деп көп айтат. «Биздин элибиз аябай мээримдүү, мыкты эл». Арабыздагы бир дагы адам, Кыргызстандын көптөгөн шаарларынын, айылдарынын ардактуу жашоочусу экендиги менен мактана албаса керек. Ал эми, Саид Баюми мактана алат. анын кеңсесиндеги текчелер ушундай күбөлүктөргө толгон. Бул адамдар аны сүйөөрүнүн жана өлкөнүн кайсы бурчу болбосун, кучак жайып тосуп аларынын күбөсү.

Саид өзү айткандай, ушул жылдар аралыгында, Кыргызстандын баардык булуң-бурчунда болуп, кыргыздардын салт-санаасын, каадасын, менталитетин үйрөнүп, жадыбалдай жаттап калган. Анын жардамчысынын айтымында: «Биздин агайыбыз, кыргыздардын салты боюнча койду устукандаганды, тартылган устуканга же берилген белекке карата жообун бергенди мыкты билет. Өзүм Баткендик болгондуктан, Нарындын салттарын көп биле бербейм. Бирок ал билет». Ал туулган жери, Египетке барган учурда, баардыгы алыскы өлкө жөнүндө сурап, алар үчүн кызыктуу болгон. «Мен ата-энеме жылкынын этин жеп, бээнин сүтүн иче тургандыбызды айтып берсем, туугандарым таң калып, ишенишкен жок. Кыргызстанда тойлор кандай өтүп, анын аягында устукан берип, баштык тартуулаарын, аны үйдөгү туугандарыңа да жеткизсе болорун айтып бердим. Ата-энем менен бир туугандарым, Кыргызстанга конокко келгенде, менин айтып бергендеримди өз көздөрү менен көрүп, чучукту аябай жактырышты».

Саид орус тилинде жакшы сүйлөп, кыргыз тилин үйрөнүп жатат. Кыргызстандын кайсы аймагында жашоону каалайсыз деген суроомо, жыл мезгилине карата баардык аймак жага тургандыгын, өзгөчө Египетти эске салган, айыл жергесинде жашоо жагарын белгиледи. «Египетте, шаар тургундары, айылдын жашоочуларынан айырмаланып турат. Айылдагы адамдар меймандос, мээримдүү келишет. Менин балдарым шаарда окугандыктан, шаарда жүрөм. Болбосо, айылга эле жашамакмын». Биздин уюм, майыптар үчүн үйлөнүү үлпөтүн уюштуруп, 50 жупту турмуш жолуна узатканбыз. Кыргыздын салты боюнча аларга эмеректер жана тиричилик техникалары белекке берилген. «Күндөрдүн биринде, кайсы бир айылда жүрсөм. Мага балалуу келин келип: “Бул сиздин балаңыз!”, - деди. Мен таңгалып эле карап калдым. Ал мага, канча жыл мурда, биз аларды үйлөнткөнүбүздү айтып: “бул бала сиздин да балаңыз болот”,- деди. Мен үчүн абдан жагымдуу болду».

Мусулмандар жөнүндө

Биздин, мусулмандар жана ислам жөнүндөгү жалган ойлор менен кантип күрөшөбүз деген сурообузга, Саид Баюми мындайча жооп берди: «Ислам – башкалар элестетип жүргөндөй эмес. Ислам – бул таза дин, тынчтыкка, өнүгүүгө жана эң башкысы билим алууга үндөйт. Алгачкы жиберилген ачылуу “Икра!” да бекеринен эмес. Анын маңызы: “Сенин Эгеңдин аты менен оку!”,- деген маанини берип турат. Эгерде тарыхка кайрыла турган болсок, аалымдар менен окумуштуулар Орто Азияны жердеген! Алар: имам Бухари, Тирмизи, Нисаи, имам Муслим жана башкалар. Алар шариятты гана эмес, алгебра, химия, физика, тарых сыяктуу илимдерди да таасын билишкен. Эң чоң китепканалар, Ирак менен Александрияда болгон. Ислам башкаларга каршы эмес, баарына толеранттуу. Ислам социалдык жигердүүлүккө чакырып, кайрымдуу болууга, башкаларга жардам берүүгө үгүттөйт. Жаштар сапаттуу билимге жана мыкты тарбияга ээ болушу зарыл. Жаш муун канчалык билимдүү болсо, мамлекет ошончолук күчтүү.

Жаш муун, ар кыл тармактан заманбап билим алып, интелектуалдык жактан өрчүп, мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн эмгектенет. Албетте, экономиканы өнүктүрүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, адамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн баардык алкактарын жакшыртуу зарыл. Бирок, эң башкысы – өлкөнүн мыйзамдарын сыйлай билүү. Кыргызстанда, тарыхый жактан калыптанган ханафий мазхабы (исламдагы юридикалык мектептер), бузуучулук илдеттен коргойт. Жаштардын буга карата иммунитети болуш үчүн, мектеп программасына «Диндин негиздери» сабагын киргизип, туура эмес жана коркунучтуу идеялардын алдын алса болот».

«Саякаттап жүрүп, согуш, террор, кан төгүлүү жүрүп жаткан өлкөлөрдү көргөнүмдө, жүрөгүм менен жан дүйнөмдөн кайгынын каны агат». Муну карап туруу өтө оор, адамдар Ыйык Куранда эмне деп жазылганын унутуп калышты. Анда айтылат: «”…Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузук таратса, анда ал баардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал баардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете…” («Маида» сүрөөсү, 32-аят), “Чындыгында, ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңорду түздөгүлө! Аллахтын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула!” («Хужурат» сүрөөсү, 10-аят)».

Саид Баюми, интервью, кайрымдуулук
Саид Баюминин бош убактысы аз болгондуктан, ал үйүндө болгон учурларда, балдары кубанып: «Ура! Атабыз бүгүн үйдө!», - деп кыйкырышат.

Бакыт оору менен чарчоону жашырат

Саид Баюми, 15 жыл аралыгында көптөгөн нерселерди башынан кечирип, ал аркылуу далай адамдардын тагдыры өттү. Кээ бир адамдар, жылт эткен элеси менен, анын эсинде сакталып калат. «Күндөрдүн биринде, Кара-Кулжага сапар тартып калдык. Жолдун узактыгынан чарчап, бир жагынан белим ооругандыктан, мен үчүн азапка айланды. Балдар үйүнө жетерибиз менен, ар бир балага белектер салынган баштыктарды тапшырдык. Анын ичинде шоколад, алма, шире жана банан бар эле. Бир баланы карасам, бананды кабыгы менен жеп жатыптыр. Мен анын өмүрүндө бананды биринчи жолу жеп жатканын түшүнүп, кантип жешти көрсөтүп бердим. Ошол минутада, сыздап ооруп жаткан белим басылып, чарчаганымды унутуп калдым. Таластык, Нурбек деген томолой жетим бала бар эле. Биз аны бөлгөндө (өзүнүн тандоосу менен) биздин үйгө туш келип калды. Бара-бара мен ага байланып, бала кылып алуу ойлоп жатканда, аны туугандары келип, алып кетишти».

Кээде, Саид Баюми, уюмдан жардам албай туруп, адамдарга жардам берет. Жашоосу төшөккө байланган, Амангелди аттуу баланы эч унута албайт. Энеси экөө ижарага алган батирде жашап, турак-жайдын азабын тартып келишкен. Мечит куруудан артып калган акчага, алар кичинекей үй куруп, ал баланы, Саид Баюми өз колуна көтөрүп үйүнө киргизген.

Айтмакчы, уюм жетим балдарга 18 жашка чейин жардам берип, андан кийин аларды, ушул эле уюмдун билим берүү бөлүмүнүн карамагына өткөрүп беришет. Алар окуунун акысын төлөп, стипендия берип, жогорку билим алууга көмөктөшөт. Бүгүнкү күндө, кээ бир балдар эрезеге жетип, билим алып, үй-бүлө куруп, бала-бакыра күтүп, ар түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип жатышат. Арасында, белгилүү спортчулары да бар. «Бүгүн бала – мектеп окуучусу, эртең – студент, бүрсүгүнү бир жерде иштеп калат. Ошондуктан, биздин коомдун келечеги көз каранды болгон, жаштардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз. 18 жаштан 35 жашка чейинки курак, эң натыйжалуу, аны акыл-эс менен пайдалана билиш керек. Ал гана эмес, исламда дагы жаштарга аябай көңүл бурулат. Ошол себептен, биздин уюм Жаштардын бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы деп аталат».

Бакыт – бул бакыт жаратуу

Саид Баюминин бош убактысы аз болгондуктан, ал үйүндө болгон учурларда, балдары кубанып: «Ура! Атабыз бүгүн үйдө!», - деп кыйкырышат. Ал балдарды абдан жакшы көргөндүктөн, алар менен табияттын койнуна чыгып, эс алып, качандыр бир кезде апасы тартуулаган мээримди, балдарына берип, апасынан мурас кылган, ислам тарбиясы аркылуу, билимге, окууга багытайт. «Балдарды уруп-согуп, сындап тарбиялоо мүмкүн эмес. Аларга дагы эркин иш-аракеттерди кылууга, ойлонууга мүмкүнчүлүк бериш керек». Эмгек жамааты менен балдар үйлөрүнө барган учурда, жанына өз балдарын ээрчитип алат. Анткени, алар башкалардын абалын көрүп, боорукер болушун каалайт. «Күндөрдүн биринде, кызым чогулткан акчасын көтөрүп келип, аны жетим балдарга берүүмдү суранды. Демек, бул эненин берген тарбиясынын натыйжасы». Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, оңой эмес турмушта жашап жаткан балдарды кароо, ага өтө оор. «Кээде көзүмө жаш тегеренип кетет. Албетте, эркек болгондон кийин, ыйлап, эмоциямды көрсөтүү оорураак. Атам көз жумганда, ыйлай алган жокмун. Апам каза болгондо, тун уулум көз жумганда ыйладым. Кара-Кулжадагыдай учурларды көргөндө, жашымды кармап тура албайм. Менин эң кубанганым – башкалардын бактысын көрүү, балдардын жүзүнөн бактылуулукту көрүү».

«…Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт!» («Аалу Имран» сүрөөсү, 134-аят)

Саид Баюминин кеңсесинде, эл аралык уюмдардан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана министрликтеринен, жергиликтүү бийлик органдарынан алган сыйлыктары өтө көп.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 31-декабрындагы Указына ылайык, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыктары боюнча, республиканын интеллектуалдык жана ички дараметин көтөрүүгө, социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, каармандыгы жана эрктүүлүгү үчүн, Саид Баюми – мамлекеттик сыйлык – «Даңк» ордени менен сыйланган.

«Эгерде, мен бүгүн жарыктык менен кош айтыша турган болсом дагы, коом үчүн эмгектенгенден башканын кереги жок», - деп Саид Баюми чын жүрөктөн айтты.

Качандыр бир кезде төрт адам менен ишти баштап, убада кылынган төрт жыл ичинде ийгиликтерди багынткан адам. Бүгүнкү күндө, 15 жылдык жемиштүү эмгекти артка таштап, арымынан жазбай, жалпы республика боюнча 200гө жакын адам эмгектенген ири уюмду түптөй алды. Алар күн сайын, жөнөкөй элдин көйгөйүн чечип, жашоого үмүт тартуулап келишет.

Артына абай салып карап, ишинин жыйынтыгын карай турган болсо, аткарган ишине сыймыктанат. Буга карабастан ар дайым алдыга умтулуп, улам жаңы көйгөйдү чечүү менен алек. Чечилбеген маселелер дагы да көп. Египетте төрөлүп, Кыргызстанды сүйүп, ал үчүн кылып жаткан эмгегин көрүп, өзү ушул жерде төрөлүп, өзүн төшкө койгулап, мекенчил аталып жүргөндөр үчүн уялдым.

Саид Баюми, Курандын сейрек нускаларын жөн жерден чогултпайт. Ал жиберилгендерди жашоосундагы жетекчилик катары колдонот. Ал, Жараткандын белегине жетүү оңой эмес экендигин билет. Аллах, чындыгында жакшылык кылуучуларды сүйөт. Ошондуктан, анын жолу – жаратуу жолу!

Саид Баюми, кайрымдуулук, интервью
Саид Баюми – мамлекеттик сыйлык – «Даңк» ордени менен сыйланган.

P.S. Саид Баюми мырзага, ооруп жаткандыгына карабастан, айткан сөзүнө туруп, жумушуна келип, интервью бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Аллах, ага кылган иши үчүн жакшылык берип, дартына даба, илдетине шыпаа берсин!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 август 2018г.
Багымдат
04:22
Күндүн чыгуу
06:05
Бешим
13:06
Аср
17:23
Шам
20:07
Куптан
21:23