Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жума күндүн урматына 100 нанды акысыз таратып келген Сидра айым

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 15 февраль 2018

Кайрымдуулук бул айымдын жүрөгүндө жашайт. Ал айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга кылдаттык менен көңүл буруп, ыңгайы келген жерде аларга жардамын берип калууга шашылат. Каарманыбыз Сидра айым кезинде башынан көптөгөн сыноолорду өткөргөн. 8 жылдык тынымсыз эмгектин натыйжасында учурда Сидра Турсунова 4 баласы, жолдошу менен бутуна туруп, бир нече бизнеске ээлик кылышат. Бул интервьюда каарманыбыздын ийгилик сырын ачууга аракеттендик.

Сидра Турсунова, интервью
"Чыныгы бакыт- элдердин жүзүнө жылмаюу тартуулоо"

“Жума күндөрү мутаждарга 100 нанды бекер таратабыз”

- Ассаламу алейкум, Сидра айым. Биз сиздердин дүкөндө акысыз нан берилет деп угуп калдык...

- Валейкум ассалам. Ооба, биз ар жума күндөрү муктаждарга, пенсионерлерге акысыз 100 нан беребиз. Каалагандар дүкөнүбүзгө келип алып кетишет.

- Бул идея кандайча оюңузга келди?

- Мен өзүм аябай боорукермин. Кыйналып жаткан адамды көрсөм, жөн өтүп кете албайм. Бир жолу дүкөндөн кассада кезекте турганбыз. Алдыбыздагы апанын нанга акчасы жетпей, тыйындарын санап калды. Ушундан улам нанды бекер берүү идеясы келди. 1 жыл мурун жолдошум экөөбүз кеңешип, ар жума күнү ушундай акцияны өткөрүп келебиз. Пенсионерлер пенсиянын аздыгы, күнүмдүк жашоого эптеп жетери, кээде жетпей да калары тууралуу айтышканын көп угуп калабыз. Бул менин кайрымдуулугум, мамлекетке кошкон салымым болсун дедим.

Сидра Турсунова, кайрымдуулук
Кайрымдуулук кылуу-жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы ынтымакты бекемдейт

- Сиздин мындан башка да кайрымдуулук иштериңиз тууралуу кулагыбыз чалды эле...?

- Ооба, колдон келишинче мекендештерибизге жардам берүүгө аракеттенебиз. Ишкерлик менен алектенгендиктен, кээде таң атпай товарларыбызды базарларга ташыйбыз. Ошондо көчө шыпырган улгайган ата-апаларды көрүп аябай боорум ооруйт. Аларга ыңгайы келсе эле азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтөбүз. Аябай сүйүнүшүп, ыраазы болушат. А бул нерсе - бизге бакыт тартуулайт.

Бул кыш абдан суук болгондуктан, Ош базарынын айланасында жумуш издеп, араба түрткөн адамдар абдан кыйналышты. Мен үйдөн тамак жасап, ал эми жолдошум, сиңдим, балдарым таратып келишти. Эми алардын сүйүнгөндөрүн айтпаңыз. Ошондой эле, суук күндөрдө жолдошум экөөбүз атайын машинебиз менен чыгып үйүнө жете албай жаткандарды үйлөрүнө ташыдык. Балдарыбызга да үлгү болсун деп мындай кайрымдуулук иштерин жолдошум экөөбүз чогуу, бат-бат жасап турганга аракеттенебиз. Бул иштен ынтымагыбыз бекемделип, бакытыбызга бакыт кошулат.

Сидра Турсунова, интервью
"Балдарыбыз да бизден үлгү алса дейбиз"

- Келечекте кайрымдуулук уюмун ачайын деген пландарыңыз барбы?

- Ал тууралуу деле ойлонбоптурмун. Кайрымдуулукту атайын иш кылып, уюшкан тартипте алып кетүү деле планда жок. Күнүмдүк жашоодо алдыман чыккан муктажды көрсөм жардам берем. Өзүбүз да кезинде бир топ кыйынчылыктардан өткөндүктөн, колуман келип турса жардам бербей кое албайм.

“Баары үйдө печенье жасоодон башталган”

- Азыр сиз үй-бүлөнү да, ишкерликти да ийгиликтүү алып баруудасыз. Бул нерсеге жетүү үчүн кандай сыноолордон өтүүгө туура келди?

- Мен 20 жашымда турмушка чыктым. Биз да көпчүлүк жаш үй-бүлөлөрдөй батирде турчубуз. Мен Түркиядан диний билим алып келгем. Бул жакка келип өз кесибим менен иштедим. Бирок жашообузга жете турган акча таба албадым. Ата-энем таттууларды чыгарып, ишкерлик кылгандыктан, мен да ар кандай торт, таттуу нандарды жасаганга кичинекейимен эле кызыкчумун, ашпозчулукка шыктуу элем. Жумушуман чыгып, үйдөн апам белекке берген Kumtel деген чакан мешке печенье жасап, сата баштадым. Жөө, дүкөндөрдү кыдырып, өзүмө кардарларды издечүмүн. Ишим жакшы жүрүшүп, дагы 2 чакан меш сатып алдым. Ошентип, өзүбүзгө үй, машина сатып алдык. Андан соң атамдын кеңеши менен Түркиядан Кыргызстанга кийим-кече алып келип, сата баштадык. Кудайым берекесин берип, ишибиз жүрдү. Албетте, мунун баары бир заматта, оңой-олтоң келе калган жок. Маңдай тер төгүп, тынымсыз эмгектендик.

Бир окуяны айтып берейин. Түркиядан бул жакка кийим-кече ташыган алгачкы жылдары 200 кг жүк алып келчүмүн. Аэропорттон жүгү жок адамдарды издеп, аларга менин жүгүмдү ала түшүүсүн суранып, акысына бир аз акча берчүмүн. Мындай жол менен бир канча акчамды үнөмдөп калмакмын. Бир жолу Кыргызстанга 300 кг жүк алып келдим. Элдерден суранып, алар менин багажымды өткөрүп беришти. Ошондо 120 кг жүктү сумка, каптарга салып, өзүм көтөрүп чыкканмын. Анда 7 айлык боюмда бар. Ошого карабай аркама оор-оор сумкаларды асып, элдер мени “кыйналган бир байкуш экен” дебесин деп, намыстанганыман эңкейбей, түптүз басып өттүм эле (күлүп). Ошондо азыр ойлосом, үнөмдөп отуруп, 2000доллар пайдага иштеген экенмин.

Сидра Турсунова, интервью
"Канчалык көп акча тапсак, ошончолук көп кишиге жардам бере алабыз"

- Азыр жылмайып эстей турган окуялардан дагы айтып берсеңиз.

- Биз кезинде нан сатып да иштеп калдык. Атайын наабайчыларды жалдап, нан жасатып, жолдошум экөөбүз дүкөн, кафелерге таратчу элек. Биздин нандар жөнөкөй эмес, сырты жалтырап турчу. Бир жолу кафеден депутаттын тоюна 500 нанга буйрутма алдык. Наабайчылар менен 1 кап нанды 800гө деп сүйлөшсөк, алар 1000 сом кылгыла дешти. Биз 900гө сүйлөштүк. Ошентип, аларга нанга керектүү продуктыларды сатып бердик. Сүзмөсү эле калган.Ал үчүн жолдошум менен базарга жөнөдүк. Сүзмөлөрдү алып келсек, нан жапчуларыбыз качып кетишиптир. Эмне кыларыбызды билбей, жалдырап турдук. Жакында той, биз болсо ишти баштай да элекпиз. “Наабайчылар жапкан нанды биз жаба албайбызбы? Алардын жасаганын көрүп эле жүрөбүз” деп күйөөм экөөбүз намыстанып, жеңди түрүнүп, өзүбүз жапмай болдук. Камырын экөөлөп жасадык. Даяр болгондо тандырга жапсак, нандарыбыздын баары түшүп калды. Эмне болду деп, апамдарга чалсак, тандырыңарды ысытып ийипсинер, бир аз муздаткыла деди. Бир аз муздатып, кайра жапсак, камырыбыз жабышып калды. Көрсө, өтө муздатып коюпбуз. Орточо температурада кылып, кайра жаптык. Ошентип түнү менен нан жаап чыктык. Башында наныбыз өңүнө келбей, жарабай жатты. Бүгүн той деген күнү нандарыбыз өңүнө келип, сонун чыкты. Ошентип, жолдошум экөөбүз намыстанганыбыздан нанды өзүбүз жаап, убагында өткөрүп бергенбиз. Азыр эми нан жапкандын бүт сырларын билебиз (күлүп).

- Жашоодогу мындай кыйынчылыктарга берилбей, жыгылган сайын кайра туруп, жолду улантууга сизге эмне дем берет?

- Негизи эле мен табиятымда бир нерсе кылмайынча тура албаган адаммын. Ар дайым кайсы бир иштин үстүнөн ойлонуп, оюмду ишке ашырганга аракеттенем. Бир жагынан тутунган диним мага түрткү берет. Мусулман болгон соң сооп иштерди көп жасап, өзүң жашаган коомду оңдоп калууга умтулат экенсиң. Мен канчалык көп акча тапсам, ошончолук көп кишиге жардам бере алам. Бул нерсе мени шыктандырат. Кыйналганда дуба кылам. Анан кыялдангандан такыр тажабайм. Бирок ошого жараша аракеттенем. Биз батирде жашап жүргөндө элем, “бейтапкана курам”, “элдерге жардам берем” деп кыялдана берчүмүн. Айланамдагылар “койчу, өзүң биринчи жашооңду оңдоп алчы” дегенсип, мыйыгынан күлүшчү. Бирок мен бул максаттарыма жетериме өзүм чын жүрөктөн ишенчүмүн. Эми азыр ушул жолдо аракеттенип жатабыз. Буга чейин жолдошум экөөбүз тапкан каражатыбыздан азыр конок үй салып жатабыз. Андан түшкөн каражатты, буюрса, муктаждарга жардам берүүгө жумшайбыз. Кайсы бир ишти баштоодо ар дайым ниетти түздөп, тынымысыз аракет, анан сабыр кылуу керек. Ийгиликтин болгон сыры эле ушунда жатат.

- Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат!



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43