Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Каныкей: "Москвага иш издеп барып, мода үйүн ачып, Вячеслав Зайцевдин мектебине өттүм"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 1 март 2018

Кыялдар орундалат. Ал үчүн болгону тынымсыз аракет жана сабырдуулук керек. Бул нерсени мекендешибиз Каныкей Батырова өзүнүн жеке мисалында толук далилдеди. Москвага жумуш издеп барган студент кыз өзүнө ылайыктуу иш гана таппастан, чоң мегаполисте жеке Мода үйүн негиздеди. Дагы бир жакшы жаңылык, Каныкей жакында эле Россия модасынын легендасы, дизайнер- модельер Вячеслав Зайцевдин мода лабороториясына (тикмечилик мектеби) кабыл алынды.

Каныкей Батырова

“Идеяларым өтө көп, аларды ишке ашырып үлгүрүп калгым келет”, -дейт маектешибиз Каныкей.

Тикмечилик – мага ырахат тартуулган хобби

Мен тикмечилик менен алектенип, акча табуу мүмкүн экенине такыр ишенчү эмесмин. Ошондуктан, жогорку окуу жайына такыр башка багыттагы кесипке тапшыргам. Улуттук университетинин экономика факультетинин бүтүрүүчүсүмүн. Ошондой болсо да, адамдын жан дүйнөсү сүйгөн нерсе баарыбир аны жөн койбой,эңсеген тармагына алып келип коет экен. Өзүңүздөр азыр күбө болгондой, мен минтип мода дүйнөсүнө аралашып, бул өзгөчө ааламда артыма жакшы из калтыргым келет.

Баары куурчактарыма кийим тигүүдөн башталган

Каныкей Батырова

Мен чоң үй-бүлөдө өсүп жетилдим. Жети бир туугандын (6 кыз, 1 уул) төртүнчүсүмүн. Кичинемде куурчактар менен ойноп, аларга түрдүү кийимдерди тикчүмүн. Кийин мектеп курагына келип калганда да башкалардан өзгөчөлөнүп кийингенди жактырчумун. Өзүмө өзүм ар кандай дизайндарды ойлоп таап, тигип алар элем. Мени көргөндөр “Муну кайдан сатып алдың?” деп сурашып, мага мактоо сөздөрүн көп айтышчу.

Мага жашоонун өзү дем берип, шыктандырат

Мага адамдар, жаратылыш, жашоодогу кандайдыр бир жакшы окуялар дем, берип,канат байлайт. Айланамдагылардын көбү менин кийинүү стилиме кызыккандыктан, Мода үйүн ачуу идеясы пайда болуп, аны былтыр, 15-августта ачтым. Кыска аралыктагы ийгиликтерибиз жаман эмес. Бизге кызыккандар көбөйдү.Москвада чакан кийим көргөзмөлөрүн өткөрүп турууга жетиштим. Ошондой эле, мен Москвадагы “Кыргыз биримдиги” деп аталган комитеттен “Жылдын мыкты дизайнери” номинациясына ээ болдум.

Каныкей Батырова

Моквадагы мекендештериме жардам бергим келет

Буга чейин өзүмдү бизнестин түрдүү 10 го чукул тармагында сынап көрдүм. Москвага өзүмдүн жеке ишимди ачууга капитал топтоо үчүн келгем. Бирок насип болуп, ушул жакта калып калдым. Тикмечилик жан дүйнөмө баарынан жакын келгендиктен, ушул тармак менен кетүүнү чечтим. Мода үйү менен биргеликте тикмечилик курсун да ачтым. Бир жагынан бул менин сүйгөн ишим, билгендеримди башкаларга үйрөтүү болсо, экинчи жагынан мекендештериме колдоо көрсөтүү дейт элем. Анткени мекендештерибиздин (эже-сиңдилер) көбү кара жумуштарда иштешет. Анан дагы жоолукчан кыздарды көп жерге жумушка ала беришпейт. Менин мектебимден алар тикмечиликти үйрөнүп алышса, жумуш орундарын түзсөм дейм. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинде мыкты цехтерге орношуп иштегендер, өзүнүн ательесин ачкандар да бар. Бул жыйынтыктар мага чоң мотивация берет.

Мыкты дизайнер болуу...

Мыкты кийим дизайнери болуу бул башкалардан өзгөчөлөнүү, өзүн өнүктүрүүгө болгон тынымсыз аракет жана кардардын бир көз карашынан анын эмнени каалап турганын сезе билүү деп ойлойм.

Каныкей Батырова

Жашоодогу менин компасым

Жашоомдогу негизги жол көрсөткүч деп тутунган динимди-исламды айтар элем. Ислам бул- керемет дин. Бул ааламдан жан дүйнө тынчтыгын, сүйүү, сый-урмат, байлыкты табууга болот.

Өзүм динге мектептеги кезден кызыга баштагам. Ошондо намаз окуп, кийинчерээк шариаттын эрежесине ылайык жоолук салынгым келген. Бирок жоолук салынуу, менимче, көпчүлүк кыздардагыдай эле мен үчүн да бир аз кыйынга турду. Анткени атам, жакындарым бул кадамымды анча колдошкон жок. Атам мага “турмушка чыккан соң, эгер жолдошуң уруксат берсе салынасың” деген эле. Бирок Кудурети күчтүү Жараткандын каалоосу менен мен ага чейин эле бул парзды аткарганга жетиштим.

Жашоодо Аллах мага көптөгөн сыноолорду берди. Өтө кыйын учурлар болду. Жаңы иш баштаганда эч нерсе оңой-олтоң эле боло калбайт экен. Кандай гана кыйынчылык болбосун, аларды жеңип чыгуу менен адам дагы бир жаңы тепкичке көтөрүлөт. Сыноолор аркылуу Аллах бизди бийиктикке көтөрүп, чоң максаттардын аткарылышына даярдайт деп ойлойм. Менин турмуштагы маанай чөктүрүүчү окуяларга болгон мамилем же философиям ушундай (күлүп).

Каныкей Батырова

Мусулман кыздарга жарашыктуу кийимдерди тикким келет

Акыркы учурда жоолук салынган кыздарга карата сый-урматты байкап жатам. Албетте, бул нерсе мени абдан сүйүндүрөт. Бирок ошол эле учурда айрым адамдарда “жоолук салынган кыздар өзүлөрүн карашпайт, кийингенди билишпейт, шалбырап жүрө беришет” деген сыяктуу ойлор бар экен. Мындай ой-пикирлердин туура эмес экенин далилдөөгө аз да болсо салым кошкум келет. Аллах сулуу жана Ал сулуулукту жакшы көрөт. Мен жоолук салынган кыздарга шариаттын негизиндеги тыкан жана жарашыктуу кийимдерди тиксем дейм. Вячеслав Зайцевдин мектебинде да мени “мусулман кыздарына кооз образды жарат” деп шыктандырып турушат.

Эгерде жалпы эле мода дүйнөсүндөгү жоолуктун орду тууралуу сөз болсо, ал айымдардын гардеробундагы өтө керектүү аксессуар деп айтар элем. Жоолук түрдүү стилде чачка, моюнга, кийимдин кайсы бир элементтерине, жадагалса сумканы кооздоо үчүн да колдонулат. Ал эми динибизде ал, албетте, Жараткандын парзы болгону үчүн биз үчүн мааниси өтө жогору.

Мен үчүн эң бактылуу мүнөт бул-...

Каныкей Батырова

Жаңы дизайнды жаратуу - адамдын эргүүсүнө жараша. Эгер модель анча татаал эмес болсо 2-3 күндүн ичинде иштелип чыгат. Кээ бир көйнөктөр иштин татаалдыгына жараша бир нече айлык эмгекти талап кылат. Оюңа кандайдыр бир модель келсе, дайыма эле жыйынтыгында дал ошондой тариздеги кийим даяр болбойт. Иштин жүрүшүндө дагы жаңы ойлор келип отуруп, өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мен өзүмдүн тигүүчүлүк ишимдеги эң чоң ырахат деп көйнөк даяр болуп, кардардын кийип көргөн мүнөтүн айтам. Сен жараткан модель кыздын денесинде жарашыктуу болуп отурса, бул мага чексиз бакыт тартуулайт.

В.Зайцевдин мода лабороториясынан алган билимим мага чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем

Россия модасынын легендасы, дизайнер- модельер Вячеслав Зайцевдин мода лабороториясына окуу менин кыялдарымдын бири эле. Ошол нерсе азыр аткарылып отурат. Зайцевдин мектебине каалаган эле адам кабыл алынбайт. Бул дагы менин көп жылдык тынымсыз эмгегимдин натыйжасы деп ойлойм. Анткени буга чейин Кыргызстанда, кийин Москвадан да тигүү курстарына калтырбай барчумун.

Аталган мектепке экзамен аркылуу өтүп, портфолиомду көрсөттүм. Кийин маектешүүгө чакырышты. Менин оюмча, алар менин көзүмдөн жалындаган отту, ушунчалык окугум келгенин сезишти окшойт. Башымдан өтүп жаткан бул мыкты көз ирмемдер, албетте, Аллахтын каалоосу менен болуп жатат.

Буга мен миң мертебе шүгүр келтирем.

Зайцевдин мода лабороториясына киргенде өзүмдү башка дүйнөгө түшкөндөй сезем. Бул мектепте күчтүү мугалимдерден сабак алып, жогорку модадагы кийимдер кантип жараларын өздөштүрүп жатам. Жип, кебез менен сүрөт тартуу ыкмаларын үйрөнүүдөмүн. Келечекте люкс класстагы кийимдерди иштеп чыгып, Европа дүйнөсүнө шариатка дал келген жогорку модадагы эмгектерим менен кадам таштагым келет.

1 / 7



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14