Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

АКШдагы дүйнөгө белгилүү ислам аалымы менен жолуккан 2-кыргыз кызы

Автору: Айдай Аманкелди кызы / Сүрѳттѳр: каармандын жеке архивинен / Жарыяланды: 16 март 2018

Кыргызстан –билимге умтулган жаштарга бай. Алдыга чоң максаттарды коюп, келечекке ишенимдүү кадам таштаган Курманжан сыяктуу мекендештерибиз бизди сыймыктандырат. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыз өз күчү менен Америкага окууга өтүп, учурда Техас штатындагы Жошуа деген шаарда жашап, америкалык мектептердин биринде 11-класста окуйт. Курманжан Америкага акысыз билим алууга кантип өткөндүгү, бул өлкөнүн билим берүү системасынын өзгөчөлүгү жана эң башкысы, АКШдагы белгилүү ислам аалымы, профессор Ноуман Али Хан менен кандайча жолугуп, ага ак калпак кийгизгенин айтып берди.

%article_title%

Америкага окууга өтүшүмө атамдын бир эле сөзү чоң түрткү болду

Мен 17 жаштамын. Мектепти 10-класска чейин Ошто окудум. Ал эми азыр 11-классты Америкадагы мектептердин биринде улантып жатам. Көпчүлүк эле жаштар чет өлкөдөн билим алууну кааласа керек. Мен да ошолордун катарындамын. Бала кезимен эле “Мен Америкада окуйм” дечүмүн. Ал кезде мага булардын бары оңойдой сезилчү , акча, билет, виза деген сыяктуу нерселер ойго да келген эмес. Кийин, эс тартканда, чет өлкөдө билим алуу оңой эмес экендигин, ал үчүн англис тилин жогорку деңгээлде билүү, анан акча да маанилүү ролду ойнорун түшүндүм. Өзүм карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Менин “Америкадагы окуу” деген тилегим аткарылбайт окшойт деп бул оюмдан кайта баштадым. Бирок ата-энемдин колдоосу жана атамдын мага айткан бир эле сөзү: “Колуңдан келгендин баарын жаса, колуңдан келбегенине Аллах жардам берет” дегени мага чоң дем берди. Атакемдин бул сөзүн жашоомдогу урааныма айланттым. Ошентип, максатыма жетиш үчүн тынымсыз аракет кылып, колумдан келгенин жасап, окуй берүүнү чечтим. Ата-энем мени катуу кармашып, ар бир мүнөтүмдү пайдалуу өткөргөнгө түрткү болушту. Мындан тышкары, бизди курчап турган адамдардын да таасири да күчтүү экен. Мен досторуман көп сабак алып, алардан кем калышпай, тең болууга умтулдум. Жараткандын колдоосу менен арзыган тилегим ишке ашып, Америкада акысыз билим алуу боюнча программадан ийгиликтүү өттүм.

%article_title%
Курманжан Ислам кызы: Бул адамдардын аркасынан мындай ийгиликке жеттим

Америкадагы үй-бүлөм тууралуу

Учурда мен Техас штатындагы Жошуа деген шаарда америкалык ыктыярчы үй-бүлөдө жашап жатам. Окуган мектебимдин аталышы да – Жошуа. Бул жактагы үй-бүлөм адамгерчиликтүү, ак көңүл, жакшы адамдар. Алар китепти абдан көп окушат экен. Үй-бүлөсү менен баары биригип, Америкадан тышкары 20 өлкөгө саякаттап келишиптир. Ислам дини тууралуу да көп окушкандыктан, биздин эреже-мыйзамдарды жакшы билишет. Мен кошумча орозо кармаган күндөрү сааркы тамактарды даярдап, ооз ачарга жакын мени менен кечки тамакка чогулушат.

%article_title%

Бул жактагы билим берүү системасы мага жакты

Америкадагы билим берүү системасы Кыргызстандыкынан бир топ эле айырмаланат. Бул жакта окуучулар келечектеги кесибине керектүү предметтерди тандап, сабактардын ырааттамасын (расписание) өздөрү түзүшөт. Албетте, сөзсүз бериле турчу, жалпы сабактар бар. Алар: англис тили, Американын тарыхы, экономика, математика жана кайсы класста окуганына жараша дагы башка сабактар. Окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүчү, ар тараптуу инсан катары өстүрүүчү сабактар 7-класска чейин тереңдетилип окутулат. Мындай система окуучулардын келечекте мыкты адис болоруна мыкты шарт түзөт деген ойдомун.

Америкадагы мектептердеги мен байкаган дагы бир жакшы өзгөчөлүк бул жакта мектеп директорлорунан тышкары атайын кеңешчилер (консультанттар) да бар экен. Алар биздин өлкөбүздөгү социалдык педагогдордун ишин аткарат десем болот. Бул жакта кеңешчилер окуучулардын сабактарга жетишип жатканынан баштап, жогорку окуу жайларына өтүүлөрүнө чейин көзөмөлдөп, жардам беришет. Ошондой эле, алар окуучунун үй-бүлөлүк маселеси, жакындары менен болгон мамиле, каржылык кыйынчылыктар, психикалык, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр турушат.

%article_title%

Бул жакта “классташ” деген түшүнүк жок

Бул жакта окуганыма 5 ай болсо да, бир да жолу доскага чыгып жооп бере элекмин. Мен эле эмес, 11 жыл окугандардын да доскага чыккан күнү болбосо керек. Анткени америкалык мектептерде тартип башкача. Ар бир окуучуда Chromebook (ноутбук) бар. Мугалимибиз сабакты түшүндүргөн соң, бизге берилген тапшырманы он-лайн түрдө ага жөнөтөбүз. Мындай жол менен эч кимде көчүрүп жазууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ар бир класстык иш, үй тапшырма, текшерүү иштеринин жыйынтыктарын он-лайн түрүндө көрө алабыз. Алган бааларды да ата-энелер ата-энелердин баракчасы аркылуу көзөмөлдөп турушат.

Дагы бир өзгөчөлүк, эгер кайсы бир мугалимдин мамилеси, сабак өтүү ыкмасы жакпаса, аны өтүнүп, башка мугалимге алмаштырууга болот. Ошондой эле, бул жакта “классташ” деген сөз жок. Ар бир сабакта ар башка окуучулар менен жолугабыз. Кесиптик сабактарды тандап окугандыктан, 9-класстар 12-класттар менен чогуу сабак алып калган учурлар да болот.

Бул жакта мектеп спортуна өтө чоң маани берилет. Эгер сабактардан алган бааларыбыз 80 пайыздан төмөн болсо, курама топтон четтетилип, ойной албай калабыз. Мен мектебимдеги баскетбол командасына өткөн жылдын август айынан бери кошулуп, ойноп келе жатам. Бир күндүк тартибим абдан жыш. Ошого карабай, сабак, спорт, анан албетте намазды да калтырбай бирдей алып кеткенге аракеттенүүдөмүн.

%article_title%

Науман Али Ханга жолуккан 2-кыргызмын деп ойлойм

Мындан 1 жыл мурун эле Науман Али Хандын баяндарын интернет аркылуу угуп жүрсөм, эми аны чыныгы жашоодо көрүүгө мүмкүн болду. Далластагы “Аль Байина” диний окуу жайына көп жолу сабакка барып, Науман Али Хандын эле эмес, анын кесиптештеринин да сабактарына катыша алдым. Буга Америкадагы үй-бүлөмдү салымы чоң. Даллас биз жашаган шаардан алыс болгонуна карабай, ал жакка көп жолу мени алып барышты. Акыркы жолу 3 күндүк семинар болгондо алар 1 күн мектептен калуума уруксат беришип, өздөрү да жумуштарынан суранышты.

Ошентип, Науман Али Хандын сабактарынын биринде тыныгуу учурунда анын жанына барып, өзүмдү тааныштырып, Кыргызстандан келгенимди айттым. Америкага барып калсам, жолугам деген ниетте Кыргызстандан ала келген ак калпак жана боз үй сувенирин алып алгам. Ага:

“Сиздин видео-сабактарыңызды биздин өлкөдө да көптөр көрөт. Бул – биздин улуттук баш кийимибиз. Устаттарыбыз сабактарда, хутбада, намаз окуганда кийишет”,
- деп айтып, белек кылдым
.

Ал аябай сүйүндү, окуучулардын баары кызыгып, бизди карап калышты. Науман Али Хан мен ойлогондон да тамашакөй адам экен. Мен калпакты берип, дароо ордума отуруп карасам, ал калпакты тескери кылып кийип алыптыр. Кайра барып, оңунан кийгизип, чогуу сүрөткө түштүм. Ал Кыргызстан тууралуу бир топ суроолорду берип, бир-эки кыргызча сөздү айтканга да аракет кылды. Науман Али Хан сабакты калпак кийип өтөйүн деди эле, бирок окуучулардын баары калпакты карап жатып, сабакты укпай калбасын деп алып койду. Өзүм азырынча жоолук салынбагандыктан,“Аль Байина” университетине барарда Кыргызтандан ала келген узун көйнөк, жоолугумду кийип алчумун. Дайыма бирдей кийим менен жүргөндүктөн, акыркы семинардын эртеси окуу жайдын атынан деп сонун кийим жоолугу менен белек кылышты. Аны эмдиги сабакка кийип барам, буюрса.

Америкалыктар абдан патриот келишет экен

Азыркы мен жашаган шаарда жана окуган мектебимде бир да кыргыз жок. Америкага келип, Кыргызстаныма болгон сүйүүм дагы да күчөдү. Американын ар бир жараны өз өлкөсүн абдан жакшы көрүшөт экен. Ар бир үйдө Американын жана штаттын желеги желбиреп турат. Унаа, кийим, буюмдардан “Американы сүйөм”, “Техас - менин жүрөгүмдө”, “Өлкөбүздү Кудай колдойт” деген сыяктуу жазууларды көрдүм. Мектепте да ар бир класста желек болот.

Чет өлкөдө окуп жүргөн соң өз өлкөңдүн элчиси гана эмес, динибиздин күзгүсү да болот экенсиң

Мектепке барган 1-күнү “Мени кандай кабыл алышат?”, “Мусулмансың деп четке какпайбы?” деген сыяктуу түпөйүл суроолор болуп, бир аз тынчсыздандым. Мусулмандарды көбү террорист деп стереотиптүү кабыл алгандай, биз да америкалыктарды жаман адам катары элестетип алган окшойбуз. Мен кийчипейил, ак көңүл, адамгерчиликтүү америкалыктарды көп жолуктурдум. Ошондой эле, алар өз динин бекем карманышат экен. Мектебибизде “Биз Кудайга ишенебиз”, “Американы Кудай колдойт” деген сөздөр көп жерде жазылуу.

%article_title%

Баскетбол курама командасында болгонум үчүн көбүнчө багымдат намазын мектепте окууга туура келип калды. Намаз окуп алуума машыктыруучум убакыт берчү. Мага жагымдуу болгону, менин намаз окуп жатканымды көргөн кыздар буттарынын учу менен акырын басышып, шыбырашып сүйлөшүп калышчу. Чет өлкөдө окуп жүргөн соң өз өлкөңдүн элчиси гана эмес, динибиздин күзгүсү да болот экенсиң.Ата-энем айткандай, өзүмдү болушунча жакшы алып жүрүүгө аракеттендим. Мугалимимдин айткан сөзүн эч качан эсимден чыгарбайм: “Өзүбүз жүрүш-турушубузду эң мыкты деңгээлге жеткирип, динден алыс адамдар өздөрү бизден дин тууралуу сурай тургандай кылуу керек”.

Келечектеги эң чоң максатым...

Келечектеги эң эле чоң максатым - мусулман бир туугандарымдын ийгилигине, жакшылыгына себепчи болуу. Окуумду мындан ары да чет өлкөдө улантып, алган билимиди Кыргызстандын өнүгүүсүнө жумшагым келет. Мекениме кызмат кылууну жашоодогу чоң милдеттеримдин бири деп эсептейм.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 апрель 2018г.
Багымдат
4:26
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:00
Аср
17:49
Шам
19:55
Куптан
21:10