Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тариэль Малашев: "Ишкерчиликти жаңы баштаганда чөнтөгүмдө бир тыйыным да жок эле"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 1 август 2018

Тариэль Малашев 28 жашында ишкерчиликтин майын чыгарып, көптөгөн жаштарга үлгү болууда. Бул мырзаны көбү “Каусар” чыгыш товарлар дүкөнүнүн негиздөөчүсү, ийгиликтүү ишкер жана кайрымдуу жаран катары таанышат. Мындан 5 жыл мурун чөнтөгүндө бир да тыйыны жок, бирок жүрөгүндө жалындаган оту бар мекендешибиз өжөрлүгүнүн аркасында “Каусар” аттуу брендди түптөп, учурда элибизге сапаттуу чыгыш товарларын сунуштоодо.

null
Тариэль Кыргыз-орус славян университетинин бизнести башкаруу факультетин аяктаган.

- Ассалам алейкум. Тариэль мырза, ишкерчилик чөйрөгө кандайча аралашып калдыңыз?

- Өзүмдү ушул жаатта шыктуумун деп эсептейм. Алгачкы бизнесим 1-2- класстарда башталган десем болот. Анда мен бөтөлкө, макулатура, темир-тезектерди чогултуп, өткөрчүмүн. 4- классымда кантип бизнесмен болуш керек деп көп ойлончумун. Таятам - ишкерликтин майын чыгарган адам. Негизи генетика боюнча балдар апасы тарапты көбүүрөк тартат экен. Балким таятамдын шыктуулугу мага чоң таасир эткендир.

- Азыркы ишкерлигиңизге чейин негизи кандай жумуштарда иштедиңиз?

- Буга чейин мен иштебеген жумуш калган жок го. Шишкебек бышырдым, Ысык-Көлдө гриль даярдадым, караоке, пирожки жасоо боюнча цех да иштетип көрдүм. Жарнама агенттиктеринде сатуу менеджери катары иш алып бардым. Журналга макала жазып да калдым. Айтор, көп жерде өзүмдү сынап көрдүм. Алгачкы жумуштарымда жарытарлык деле акча тапчу эмесмин. Ошол кезде тажрыйба топтоп, элдер менен таанышууга көбүрөөк басым жасадым.

null
“Каусарды” 3 жыл эч кандай пайда көрбөстөн иштеттим"

- Азыркы тапта “Каусар” аттуу чыгыш товарларынын дүкөндөр тармагынын ээсисиз. Мындай дүкөн ачуу идеясы кантип пайда болду?

- “Каусардын” иштегенине, буюрса, 5 жыл болуп калды. Жогоруда айтканымдай, түрдүү тармакта иштеп көрдүм, бирок ал жерлерде көпкө кала албадым. Жүрөгүмө жаккан ишти көпкө чейин издедим. Алгач мусулмандар үчүн таанышуу сайтын ачсамбы деп ойлондум. Бирок бул иштин тобокелчилиги чоңдой сезилди. Бул кызыктай угулушу мүмкүн, “Каусарды” ачууга мени илхом шыктандырды. Башыма мындай ой келди, дароо турдум да аткарууга кириштим. Алгач интернет-дүкөн түзүүнү ойлодум. Анткени ал убакта бизнести баштоого чөнтөгүмдө 1 тыйыным да жок эле. Мен бул иштин фанаты болдум, өжөрлүгүм болсо алдыга жылуума чоң түрткү берди. Табиятымдан бирөөнүн кол астында иштөө мага туура келбейт. Мен эркиндикти сүйгөн, кайсы бир ишти демилгелеп, аны жетектегенди жакшы көрөм. Интернет-дүкөндү ачып жатканда эле бренд жасоо тууралуу ойлонуп койгом. Кичинекей кадамдар менен ал тилегим аткарылды.

-Эмне үчүн “Каусар” деп атадыңыз?

- Бул да- илхом (күлүп). Мага бул сөздүн мааниси жагат. Каусар бул - бейиштеги дарыя. Араб тилинен молчулук деп которулат.

- Ишкерликке алгачкы кадам таштаган убактагы кыйынчылыктарды айтып берсеңиз.

- “Каусарды” 3 жыл эч кандай пайда көрбөстөн иштеттим. Бир жагынан ата-энем да бул иш менен алектенишимди колдошкон эмес. Бирок баштаганымды алып кетериме көзүм жеткендиктен, таштап салган жокмун. Алгачкы 3 жылда интернет-дүкөн катары иштетип, 1- дүкөнүмдү Логвиненко-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен ачтым. Андан кийинки жылы “Манас” проспектисинде, жарым жылдан соң Ахунбаев көчөсүндө, Аламедин-1 менен Жалда ачтым.

null
"Ишкерчиликтеги алдыдагы планым - эл аралык рынокко чыгуу"

- Азыр бутуңузга туруп, бир нече дүкөндөр тармагын жетектеп калыпсыз. Өзүңүздүн командаңызга кишилерди алууда эмнесине көңүл бурасыз?

- Биринчиден, адамдын жөндөмүнө карайм. Ал бул ишти алып кете алабы, же жокбу, ушул маанилүү. Экинчиден, мага иштин майын чыгара аткарган адамдар жагат. Мисалы, мага кандайдыр бир иш тапшырылса, мен аны жогорку деңгээлде аткарып берүүгө аракеттенем. Эптеп эле жасап койгон жакпайт. Үчүнчүдөн, албетте, жоопкерчиликтүүлүк жана жумушун жакшы көрүүсү керек.

- Ишкер адамдагы 5 негизги сапатты айтып бере аласызбы?

1- Ишкер өз ишин, өз продуктусун жакшы көрүшү керек. Ал өз ишинин фанаты болуусу тийиш.

2- Ишкер дайым жаңы идеялардын үстүндө ойлонуп, изденип жүрүшү зарыл. Мисалы, ушул нерсени дагы кантип жакшыртсам деген ой анда жашашы абзел.

3- Позитивдүү, оптимист болуп жакшы жыйынтыктарга үмүттөнө билиши керек. Ал эми иши оңунан чыкпай калган кезде да бул нерсеге оптимисттик маанай менен карай билүүнү үйрөнүшү маанилүү.

4- Тобокелчиликке сала билүү. Ишкер адам чечкиндүү болуусу абдан маанилүү. Кайсы бир жумушту көпкө ойлонсоң, кийинчерээк аны жасагың келбей калат. Бул жалкоолукка алып келет.

5- Префекционизм (идеалдуулукка умтулуу). Ишкер өзүнүн ишинде префекционист болууга тийиш деп ойлойм. Мисалы, Стив Жобс перфекционист болгон. Ал өзүнүн продукциясынын бардык тараптан идеалдуу болуусун каалаган. Ошондуктан, “Apple” сыяктуу бренд пайда болду да. Албетте, эч ким идеалдуу боло албайт, бирок ага жакындоого мүмкүн.

null
"Таятам - ишкерликтин майын чыгарган адам. Балким таятамдын шыктуулугу мага чоң таасир эткендир".

- Жакында эле “Ишкер” атуу клуб түздүңүз. Буга эмне түрткү болду?

- Мындай клубду ачуу идеясы менде 1 жыл мурун пайда болгон. Мусулмандарды, адал бизнес менен алектенген жалпы ишкерлерди бириктирүү максатын көздөгөм. “Ишкер” клубу - бизнесмендер үчүн өз ара таанышып, пикир алышып, керектүү жерден бири-бирине жардам колун суна турган платформа. Айрым мусулман бир туугандарыбызда “баары тиги дүйнөдө болот, бул жашоодо байлыктан баш тартыш керек” деген сыяктуу калыптанган ой-пикир бар. Бул – жаңылыш пикир. Тескерисинче, мусулмандар бай болсо, элдерге ошончолук көп жардамы тийип, өлкөнү, дүйнөнү жакшы нукка өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү болот. Менимче, мусулмандар руханий гана жактан эмес, а материалдык жактан да башка ишенимдегилерге үлгү болуп, алар суктангыдай болушу керек деп ойлойм. Пайгамбарыбыз да (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жакырчылыкты бир оору деген. Бул оорудан кутулушубуз үчүн биз бири -бирибизге жардам берип, бири- бирибизди туура маалымат менен сугарып, ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Бул долбоор аркылуу өлкөгө да пайда алып келерибизден үмүтүм чоң. Буюрса, азыркы тапта “Ишкер” клубуна 18 адам мүчө болду.

- Жумушуңуздан тышкары эмне менен алектенесиз? Кандай иштен ырахат аласыз?

- Китеп окуп, спорт менен алектенгенден ырахат алам. Учурда кроссфит менен активдүү машыгып, велосипед тебем. Ыр, аңгемелерди жаза койгонго да шыгым бар. Мектепте окуп жүргөндө рэп айтчу элем. Ал ырларым убагында радиодон да угузулуп калды (күлүп).

null
Тариэль Малашев "Мастер своего дела" аттуу автордук көрсөтүүсүн тартып баштаган. "Умма" журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова менен

- Салмактуу ийгиликке жеткенде ичиңизде кандай сезим болот?

- Мен анчейин жыйынтыктарыма ыраазы болуп, эйфорияга деле түшпөйм. Дайыма өзүмө сын көз караш менен карайм. “Мындан да жакшы кылсам болмок, эмкиде эске алам” деп ойлонуп коем.

- Сиздин инсан катары калыптанууңузга жана ислам динин бекем карманууга ким себеп болду?

- Кичинемде чоң ата, чоң апа жана таята, таенем жакта бирдей өстүм. Эки жакка тең барып турчумун. Үй-бүлөм деле динди бекем кармангандардан эмес эле. Айылда жүргөндө кой кайтарып, уй саап калган күндөр болду. Ошол кой кайтарган кездерде жалгыз болуп, айланага көз чаптырып, жаратылыштын сулуулугуна суктанып, аны менен сүйлөшчүмүн. Байкасак, пайгамбарлардын көбү койчу болушкан. Адам табияттын сырларына суктанганда Кудай жөнүндө ойлонот, ой чабыты кеңейет. Анын сыңары, Жараткан тууралуу ойлонуу сезими кичинемде эле пайда болгон. Эс тарткан соң, тагыраагы, 17 жашымдан баштап 5 убак намазга өтүп, үй-бүлөдө биринчилерден болуп динди практикалаган мен болдум. Азыр, Кудайга шүгүр, ата-энем да намаз окушат.

null
Китеп окуп, спорт менен алектенгенден ырахат алам

- Жашоодогу өзгөргүс 5 принцибиңизди айтып берсеңиз?

Биринчиден, албетте бул –дин. Адамдын ишеними анын компасы сыяктуу, туура жолдон адашпоого жардам берет. Экинчиси- адептүүлүк жана чынчылдык. Жалган сүйлөгөн, сатып кеткен адамдарды абдан жаман көрөм. Үчүнчү – демилгелүүлүк. Мен демилге көтөрүп, жоопкерчиликти өзүмө алган адаммын. Мүмкүнчүлүк болсо жаңы идеяларды сунуштап, ал ишти өзүм жүргүзөм. Демилгелүүлүк кыймыл-аракет жана прогресске жол ачат.Төртүнчүдөн, мен үчүн өзүм менен гармонияда болуу абдан маанилүү Эгер, мисалы, ата-энем менен түшүнбөстүктөр болсо, абалды түздөмөйүнчө өзүмдү жаман сезем. Анан, албетте, эркиндик. Эркиндик мага аба менен суудай керек.

- Биз сиздин бойдок экениңизди билебиз. Болочок жубайыңыздын кандай сапаттарга ээ болушун каалар элеңиз?

- Албетте, биринчиден, болочок жубайымдын ишеними мен үчүн маанилүү. Динди толук практикалабаса да, өзүн мусулман катары эсептеп, жүрөгүндө ыйманы болуш керек. Мындай адамдар бара - бара диндин кереметин, аны менен жашоо кандай сонун экенин түшүнөт деп ойлойм. Интеллектуалдык, менталдык жана социалдык жактан болочок жубайым экөөбүздүн бирдей деңгээлде болуубуз да маанилүү. Элдер менен оңой тил табыша алган, токтоо, орду менен эмоционалдуу болуусун кааламакмын. Ошондой эле, мен тил алчаак кыздарды баалайм. Сырткы келбети боюнча жылдыздуу жана спорт менен машыгып, дени сак жашоо образын жүргүзгөн кыз болсо дейм.

- Маегиңизге рахмат. Мындан ары да албан ийгиликтерди багындырышыңызга тилектешпиз!

1 / 4



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 август 2019г.
Багымдат
4:26
Күндүн чыгуу
6:12
Бешим
13:05
Аср
17:57
Шам
20:02
Куптан
21:25