Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

6 тилде эркин сүйлөп, көп улуттуу эл менен иштеген имам Ильяс Абдиев

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 18 октябрь 2018

Чет жерде бир топ ийгиликтерге жетишип, көпчүлүгүнө үлгү боло алган мекендештерибиз бир жагынан суктандырса, экинчи тарабынан шыктандырат. Бул маектешим да ушундай адамдардын катарын толуктайт. Мындан 12 жыл мурун Россияга сапар тарткан жердешибиз Ильяс Абдиев бүгүнкү күнгө чейин алыскы Сибирдеги Нягань шаарынын баш имам-хатиби болуп иштеп, бир топ адамдардын туура жолго түшүүсүнө себепчи болуп келет. 6 тилде эркин сүйлөп, көп улуттуу элдин көңүлүн таап, буту-бутуна тийбей иштеген мекендешибиз, кары, имам Ильяс ажы Абдиев менен кызыктуу маек курдук.

null

- Ассалам алейкум, Ильяс ажы! Эмне себептен эмгек жолуңузду Россияда баштоону чечтиңиз?

- Валейкум ассалам. Негизи Россияга барып, ошол жакта иштеп калам деген оюм жок эле. Мени ал жакка 2006- жылы түркиялык устатым чакырган. Ал киши ошол учурда Ханты - Манси аймактык автономдук округунун муфтийинин кеңешчиси болчу. Мен ал кишинин жанында жардамчы , котормочу катары иштеп жүрдүм. Кийинчерээк, устатым ден-соолугуна байланыштуу өз мамлекетине кайтып кетти. Муфтийдин көзүнө илингемби, айтор, андан соң ал мени расмий түрдө жумушка алып, ошол бойдон менин иш жолум башталды. Муфтийдин жардамчысы жана Сургут шаарында Курани Каримден балдар , кыздарга сабак берип эмгектенип баштадым.

- Ошол бойдон бул жакта иштеп калдыңызбы?

- 2 жыл Сургутта иштеп, андан кийин 5 жыл Лангепас шаарында баш имам- хатиб болуп , ал жактагы мечиттин курулушуна да өз салымымды кошуп калдым. 2013 - жылдан тарта Нягань шаарында баш имам - хатиб, андан сырткары "АлянсАвтоГрупп" ООО оор жүк ташуучу компанияда башкы директордун орун басары болуп азыркы убакка чейин эмгектенип келем.

- Негизи бала чагыңызда эле диний чөйрөдө иштесем деп кыялданчу белеңиз?

- Бала чагымда дипломат болсом деп ойлочумун. Бирок Кудай Таалам дал ушул диний чөйрөдө иштешимди каалаптыр. Бүгүнкү күндө имам болгонума такыр өкүнбөйм. Канчалаган элдерге ыйман жактан жардам көрсөтүп, жакшылыкка себепчи болуу - мен үчүн чоң сыймык.

null

- Динге болгон кызыгууңуз кандайча пайда болду эле?

- Чон ата, чоң энем беш убак намазын үзбөй окушкан, бирөөнүн акысын жебеген, эл ичинде кадыр- барктуу адамдар болчу. Чон атама Мамашарип калпа (пакиза) деп кайрылышчу. Өз атам да кичинесинен ислам динин тааныган, белгилүү аалымдардан илим алган экен. Менин динге жакындыгыма, Алланын жолун тандаганыма чоң атамдын жана өзгөчө, атамдын таасири чоң. Ал киши ар дайым мени жанына алып жүргөндүктөн ислам дини боюнча эл алдында айткан бир топ баяндарын угуп калдым. 1998- жылы Арашан айылындагы “Куран Курсу” медресесине кирип, 2001-жылы ийгиликтүү аяктадым.

- Сиз иштеген шаар көп улуттуулугу менен айрымаланат экен. Мындай шартта чоң мечиттин баш имам-хатиби болуп иштөө оор эмеспи?

- Ооба, туура айтасыз. Мен иштеген шаарда, негизи эле Орусиянын бир топ аймактарында көп улут жашайт. Ар биринин өз үрп-адаттары бар эмеспи. Ошол үрп-адаттары, динге болгон түшүнүктөрү көп учурда айырмаланып турат. Мечитке келгендер: татар,башкир, чечен, ингуш, тажик, өзбек, казак, кыргыз, дагестандыктар жана башка бир катар улуттун өкүлдөрү. Мурда мен Дагестан десе бир гана улут деп ойлочумун. Кийин байкаштырсам, Дагестандын өзүндө эле 33 улуттан ашык эл жашайт экен. Курандан, же хадистен сабак берген учурларда “Бизде мындай, биздин ата бабаларыбыз мындай кылчу эле” деп талашкан учурлар болот. Колдон келишинче ар биринин көңүлүн таап, менталитети, көнүмүш адаттарын эске алуу менен динди жеткиликтүү түшүндүрүүгө аракет кылам. Жаш муунду чет өлкөдө болсо да өз тилин, динин сактап калганга салымыбызды кошуп келебиз.

null

- Демек, сиз көп тил билген дипломат имам болушуңуз керек турбайбы. Канча тил билесиз?

- 6 тилде сүйлөйм. Кыргыз, орус, түрк, татар, араб, англис тилдери.

- Ильяс ажы, мечитке элдер көбүнчө кандай маселелер боюнча кайрылышат?

- Көпчүлүк учурда эркектер көп аялдуулук боюнча сурашат. Албетте, динибиз көп аялдуулукка уруксат берет, бирок менин жеке оюм биздин коом ал нерсеге даяр эмес. Анткени Ислам дининин “И” син, Аллах сөзүнүн “А” сын билбеген, динден такыр кабары жок инсандар көп аялдуулук бул сүннөт деп чыгып жатат. Башка жасай турган толгон- токой сооп иштер бар. Ошол ибадаттарды биринчи аткарса жакшы болмок дээр элем. Аялдар болсо көбүнчө жолдошторунун жоопкерчилиги, милдеттери тууралуу сурашат. Тилеке каршы, көптөгөн эже-карындаштарыбыз жолдошторунун жоопкерчилигин сезбегендиктен кыйынчылыктарга учурап келишет. Айрым эркектер кыйналып, маңдай тер менен тапкан акчасын кумар оюндарына уттуруп койгон учурларга күбө болдук. Аялы, балдары батирде, насыяларын төлөгөнгө акчасы жок кыйын абалда калган эже-карындаштарыбыз мечитке келип, “Жолдошума бир жакшы сөз айтып коюнузчу. Ойлонуп калсын. Оңолсун” деп суранышат.

- Көпчүлүгү имамды намазга жетекчилик кылган жана баян айткан гана адам катары билишет. Чынында, имамга дагы кандай милдеттер жүктөлөт?

- Имам бала төрөлгөндөн баштап, кайтыш болгонго чейин чоң жоопкерчиликте иш алып барат. Мисалы: наристе төрөлгөндө кулагына азан айтып, ат коюу, сүннөткө отургузуу, үйлөнгөндө нике окуу, талак, жаназа жана башка бир катар ушундай милдеттер менен алектенбиз. Мектеп, университет, колледж, лицейлерде тарбиялык сааттар, тегерек столдор, окуучу, студент, ата-энерлерге баян өткөрүп турабыз. Булардын баарын чоң, жоопкерчиликтүү иш деп эсептейм. Адамдар сенин ар бир сүйлөгөн сөзүңө маани берип турушат. Тюмень областында жалгыз кыргыз имам болгондугумдан, элимди , жалпы мусулмандарды уят кылбаганга аракет кылып келем.

null

- Иш практикаңызда башка ишенимдегилердин ислам динин кабыл алганына күбө болсоңуз керек...

- Албетте, жумасына 1, 2ден киши келип исламды кабыл алат. Ошондо бир айда 4-5 киши мусулман болушат. Мындай адамдар келгенде алар менен өтө көп сүйлөшөм. Дин бул оюнчук эмес экенин, бул жолго келген соң кийин кандайдыр бир кыйынчылыкка туш келсе таштап салбай өмүрүнүн аягына чейин карманышы керектигин айтам. Алар мунун баарын олуттуу кабыл алышат. Көпчүлүгү “Биз мындай ирээтсиз жашоодон чарчадык. Ичтик, чектик, каалашыбызча көңүл ачтык, бирок мындан жан дүйнөбүз эс алып, бактылуу боло алган жокбуз. Чыныгы бакытты исламдан издеп келдик” деп айтышат. Шаарыбыздагы орус бала мечитибиздин килемин бүт алмаштырып, кайрымдуулук кылды. Орусияда глобалдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын байкайм.Үй-бүлөлөрү менен динди кабыл алгандар бар. Мусулмандар күндөн күнгө көбөйүүдө.

- Ал эми сиз иштеген шаарда кыргыздар көппү? Дегеле Россиядагы кыргыздар жөнүндө айтып берсеңиз.

- Россияда кыргыздар мурдакы жылдарга салыштырмалуу бир топ өзгөрдү деп ойлойм. 10 жыл мурда мекендештерибиздин көбү кыйналып, аз айлыкка иштеп, батир үйлөрдө жашап келсе, бүгүн көпчүлүк кыргыздар өздөрү үй, машине сатып алышып, балдарын окутушуп, жакшылыктарында чоң тойлорду өткөрүүгө чамалары жетип калды. Мен бул жактагы кыргыздардын көп жакшылык - жамандыгына катышамын. Чет жерде жүргөндө кыргыздар ынтымактуу болуп, мекенге болгон сүйүүсү билинип турат. Мурда жердештерибизди мечиттен өтө сейрек жолуктурсак, азыр болсо намазга туруп, ыйман жолуна түшкөндөрдү арбын учуратууга болот. Ал эми мен иштеген шаарда кыргыздар абдан аз. Бирок кошуна шаарда көп болгондуктан, дайыма ал жакка барып түрдүү социалдык, маданий жана диний иш-чараларды уюштуруп, ортодогу алаканы бекемдеп турабыз.

null

- Сиздин оюңузча мыкты имам болуу үчүн кандай сапаттарды өстүрүп тарбиялоо керек?

- Эң биринчи бул - албетте ыйман. Аллах Таалага болгон бекем ишенич жана амал. Андан соң - илим. Талыкпай билим алып, өзүнүн үстүнөн тынымсыз эмгектенүү зарыл. Ошондой эле, өтө маанилүү сыпат эл менен иштеше билүү жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде өздөштүрүү абзел. Бул жөндөмдүүлүк бара-бара практика менен келет экен. Мен өзүм элге жакын адаммын. Калк менен иштешкенди жакшы көрүп, мындан ырахат алам. Элдерге жардам берип, сооп иш кылган учурларда мойнумдан чоң жүктү алып салгандай кубанам.

- Имамдын 1 күндүк убактысы кандай өтөт болду экен?

- Ар бир күнүм таңкы намаз менен башталат. Намаздын артынан эле Куранды кайталап, ага өзгөчө көңүл бөлөм. Өзүм кары (Куранды жатка айткан адам) болгондуктан, унутуп калбайын деп күн сайын кайталап турам. Андан соң үйгө келип, эс алып, өзүмө убакыт бөлгөн соң саат 9:30га жумушка барып калам. Көбүнчө саат 15:00го чейин мечитте түрдүү иштер менен алек болом. Элдер ар кандай суроолор менен кайрылышат. Алардын суроолоруна жооп берем. Саат 15:00дон 18:00го чейин администрация, мэрия, мектеп, колледж жана башка ушундай жерлерде чогулуштар, иш-чаралар болсо катышам. Жумуш аяктаганда үйгө келип, тыныгып алып, кайра мечитти көздөй жөнөйм. Шам намазынан соң Куран , ислам таануу боюнча балдарга сабак берем. Айтор, ушинтип бир күнүбүз да жыйынтыкталат. Албетте, убакытты болушунча эффективдүү пайдаланып коомго көбүрөөк пайда келтиргенге, Аллах жолунда сооп иштерди арбын жасаганга аракеттенебиз.

- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

- Чынын айтсам, бош убакыт өтө эле сейрек болот. Мындай учурда убактымды жакын адамдарымдын курчоосунда үйдө өткөрүүгө аракеттенем. Кары болгондуктан Куранды унутуп калбоо үчүн окуп, кайталаганды жакшы көрөм. Бош убакытта Куранга көңүл буруу жан дүйнөңө эс алуу тартуулайт.

- Келечекте Кыргызстанга келип, ишиңизди бул жерден улантуу ниети барбы? Дегеле алдыдагы ой-максаттарыңыз менен бөлүшсөңүз.

- Албетте, Кыргызстанга сөзсүз кайтам. Учурда Россияда жаңы мечиттин үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса, бул курулуш бүтүп калса, мекенге кайтууга камына баштайм. Кыргызстанга келгенимде окуу жай ачсам деген максатым бар. Билим берүү мекемесин ачуу боюнча азыртадан эле пландарды куруп, элестетип, бул долбоордун үстүнөн иштеп жатам. Эли-жериме, диниме илим-билим жагынан кызмат кылуу деген кыялым чоң.

- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 ноябрь 2018г.
Багымдат
06:21
Күндүн чыгуу
08:01
Бешим
12:47
Аср
15:52
Шам
17:39
Куптан
18:54