Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Идеяга бай, көп кырдуу таланттын пикирин окуп, дем-күч алыңыз!

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 26 ноябрь 2018

Айрым адамдар 27 жашында дале өзүн таппай, бир нукка түшө албай жүрсө, биздин каарманыбыз өзү жаш, улгайган адамдарга да жол көрсөтүп, шыктандырууда. Бул адам идеяларга өтө бай. Анын долбоорлору жаштарга дем-күч берип, канат байлайт. 27 жаштагы Эрлан Жыргалбек уулу - дүйнөдөгү эмгекчил кыргыздардын башын бириктирүүнү көздөгөн “Эл аралык кыргыздар” ассоцациясынын аткаруучу директору, коомдук ишмер, өзгөчө программасы бар тамада жана сүйүктүү жубай, 2 баланын мээримдүү атасы.

“Өнүгүүнүн ачкычы – билимде” деген ураанды кармаган Эрлан мырза “Эл аралык кыргыздар” ассоцациясында- “Аксакалдар кеңеши”, “1 миллион сомдук стипендия”, “Таза айыл”, “100 максатыңды жаз”, “Сармерден форматындагы той” сыяктуу бир катар уникалдуу долбоорлорду түзүп, аны ишке ашырууну көздөшүүдө. Аталган долбоорлордун баары калкты билим алууга, мекенге кызмат кылууга шыктандырат. Эрлан мырза менен ассоцациянын өзгөчө идеялары тууралуу сүйлөштүк.

%article_title%
Эрлан Жыргалбек уулу

- Ассалам алейкум, Эрлан мырза! “Эл аралык кыргыздар” ассоцациясы тууралуу көп эле угуп жүрөбүз. Түзүлгөнүнө 2 жыл гана болсо да алкышка татырлык бир катар иш-чараларды уюштурду. Алгач ассоцация тууралуу айтып берсеңиз?

- Валейкум ассалам. Биздин ассоцация 2016-жылы мекенчил агабыз Нурмухаммед Миңбаев тарабынан негизделген. Мен аткаруучу директор катары кызмат кылам. Биздин эң негизги максатыбыз дүйнө жүзүндөгү “мен кыргызмын” дегендер менен иштешүү. Мисалы, Швейцарияда кыргызстандык агабыз бар, өзү - илимдин доктору. Биз ал агабыз менен байланышып: “Сиз Кыргызстанга Швейцариядан алып келчү кандай идеяңыз бар? Эгер ишке ашырам десеңиз, биз сизге жардам берели. Убактым жок десеңиз, анда биз жасайлы, автору сиз болосуз. Айтор Кыргызстанга пайдасы тийип калсын”, - деп сурадык. Ушул сыяктуу мээсинде бырышы бар чет өлкөдөгү мекендештердин башын бириктирип, Ата-Мекенибизди көтөрөлү деген ниетибиз күч.

- Бул жаатта алгачкы кадамдар кандай болуп жатат?

- Акырындап байланыштарды түзүп жатабыз. Алгач Кыргызстандын аймагында алгачкы иш-чараларды өткөрүүнү чечтик. Буюрса алдыда эл аралык деңгээлге чыгабыз.

- Сиздер уюштурчу иш-чаралар кайсы багытта?

- Иш-чараларыбыз элибиздин билим деңгээлин көтөрүп, ата-бабалардан келе жаткан каада-салтыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды, диний ишенибизди жандандыруу багытында өткөрүлөт. Эң масштабдуу долбоорлорубуздан Улуу Курман айт майрамына карата уюштурулган “Кыргыз майрам – КУРМАН АЙТ” иш-чарасын айта алабыз. 2017-жылкы “Кыргыз майрам – КУРМАН АЙТ” иш-чарасында улуттук спорттун 17 түрү боюнча жарыш өткөрдүк. 20 000ге чукул эл келип, майрамдык маанайдын шаңы даана сезилди. Негизи, баарыбыз “Жаңы жыл”, “Нооруз”, “8-март” деп майрамдап калабыз. Бирок жакшылап тамырын карасак, бир дагы майрамдын бизге тиешеси жок экен. Майрам деп санаган күндө дагы бизге өтө эле зыян. Мисалы, мындай ата-энелер болот, жаңы жылда: “Балам бир жылда эчтеке болбойт, бул жаңы жыл, анча деле күчтүү эмес, шампан ичимдигин ичип коелу”,- деп балдарына өздөрү сунушташат. Баласы 3-класста алгач ирет шампандын даамын татып, 11-класста виного өтөт. Бул-ойлоно турчу маселе. Ошондуктан, биз өзүбүзгө тиешелүү, кан-жаныбызга синген майрамдарды белгилегенибиз оң.

null
2017- жылы чоң шаң менен өткөн Курман айт

- Мындай чоң иш-чараларды уюштурууга каражатты кайдан аласыздар?

- Бирикменин негиздөөчүсү Миңбаев Нурмухаммед деген агабыз “Эл аралык кыргыздар ассоциациясына” деп атайын каражат бөлөт. Мындан сырткары, айрым учурда эл өзү колдойт. “Ушундай жакшы иш болуп жатса мен эмнеге карап турушум керек?” дегендер да бар.

- Долбоорлор жөнүндө айтып берсеңиз?

Биздин долбоорлор жаштарга түрдүү шарттар менен стипендия берип, алардын потенциалдарын ачуу. Алардын айрымдарын санап кетейин:

1- Айыл жергесиндеги балдарды билимге шыктандыруу максатында мектеп окуучуларына стипендия беребиз. Ал стипендияга ээ болуу үчүн окуучулар айылдагы кайсы бир жаштар уюмуна мүчө болуу керек. Мүчө болуунун да шарттары бар: Кыргызстандын 15 баатырынын өмүр-таржымалын жатка билүү, “Манастан” жок дегенде 150 сап айта алуу, 50гө чейин таблицаны жаттоо, англис тилинен эң аз 200 сөз билүү, араб тилинен тамгаларды таанып, эң аз 15 сүрөнү жатка айтуу. Ошондой эле, жаа атканды үйрөнүү.

2- Бул долбоордун катышуучулары 100 максатын жазышы керек. Көбү 10 максат жазат, ашып кетсе 15 максат жазат, андан кийин токтойт. “Дагы кандай максаттарым бар?” деп ойлоно баштайт. Максаттарын жазып алган соң алар убакытты туура пайдаланууну өздөрү эле пландаштырып калышат. Бул долбоор жаштарды кыялданып, жашоодо максат коюп жашоого шыктандырат деген үмүтүбүз чоң.

null
"Элибиз улуттук оюндарды берилип көрөт"

3- Тазалыкка шыктандыруучу дагы бир стипендияны ойлонуштурдук. Айылда ким эң көп таштанды чогултса, өз короосун жакшы жыйнаса, ошол адамга стипендия берилет.

4- Буюрса, алдыда “Айыл аксакал кеңеши” деген программаны да ишке ашыралы деп турабыз. Өткөн жылы Ош, Баткен, Нарын тарапта жасап көргөнбүз. Илгери кыргыздын салтында баарын тең чоң аталар чечип келген. “Урушупсуңар, талаш эмнеден чыкты?” деп тактап отуруп, элдештирип коюшар эле. Азыр кетип баратып, бирөөнүн бутун басып алсаңыз, артыңыздан арыз жазылат. Мындан кыргыздын ынтымагы кетет. Элибиздин илгерки каада-салтын, аталардын баркын көтөрүү максатында ушул долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө не кыларын билбей, пенсиясын “апаларга алдырып” отурган аталарыбыз да элге кызмат кылыш үчүн жакшы идеялар менен чыгып, мыкты кызматтарды кылат, буюрса.

5- Дагы бир жакшы планыбызды да айта кетейин. Азыр ушул идеянын үстүнөн ойлонуп жатабыз, азырынча ишке аша элек. Кыргызстанда 1000 окуучуга 1000 суроо түзөбүз. Ал суроолордун ичинде көп тармак камтылат. Кайсы суроолорду балдар билсе, мекенчил болуп, өлкөбүзгө салым кошот? Ушуга карап суроолорду иргейбиз. Ишке ашып кетсе, жыл сайын бир эле окуучуга миллион сом стипендия берилет. Бул стипендия үчүн студенттер изденет деген тилегибиз бар. Буюрса, ассоцация ар багытта жаңыча көз караш менен долбоорлорду алып чыкмакчы.

null
"Жаштардын эң чоң капиталы - убакыт"

Чын эле, шыктандырчу долбоорлор экен. Ассоцацияда канча адам эмгектенет?

- Ыктыярчылар көп. Ал эми ассоцацияга так катталгандар - 50-60дай адам.

- Сиз мындан тышкары тамадалык менен да алектенет экенсиз. Эмне үчүн бул жолду тандап алдыңыз?

- Студент кезде жатаканада жашап, чыныгы студенттин жашоосун көрдүк. Ачка болдук, майонез менен жашадык. Ошол жылдары “кантип акча тапсак экен?” деп ойлонуп, тамадалыкты тандадым. Чоң апабыз тарбиялаган, Аллах Таала берген өнөр, талант экен, жаңыдан эрке балдар чыгып, “тамадалык” деген өнөр өрчүп баштаганда той алып бара баштадым. Эң алгачкы тоюмда 30 кишиге 30 жылдык алып барганым эсимде. Ошондо 19 жашта болчумун.

- Ичимдиксиз өткөн адал гана тойлорду алып барат экенсиз?

- Ооба, өзүм намаз окуп, Аллах жолунда жүргөндүктөн диндин чегинен чыкпоого аракеттенем. Жаңы той алып барып жүргөн кезде “Намаз окугандардын тою кызыксыз. Барсаң тамак ичип эле отура беришет. Же бийлегенди билишпейт, же ойногонду, же арактан жок. Көңүлдүн баарын чөктүрөт, даават айтып, кишини бейишке алып чыгып, тозокко кууп киришет” деген сөздөрдү укчумун. Ойлонуп, чын эле ушундай го, эмнеге ушуну жакшыртпасак болбойт деп, жаңы форматтын үстүнөн издене баштадым. Жакшы оюндарды таап, улам редакциялап, жакшыртып отуруп, быйыл 8 жыл болуп калды, арагы, музыкасы жок, музыка болсо дагы кыргыздын чыныгы ырлары менен чыныгы ырчыларды тандап той алып барып аракет кылып келе жатабыз.

null
"Буюрса Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарынада эмес, сап башында болуусуна аракеттенели"

- Сиздин жаңы форматтагы той алып барууңузга элдин мамилеси кандай болду?

- Тамадалык менен Кыргызстандын булуң-бурчунун баарын көрүп келдим. Бүгүнкү күндө арагы жок тойлорду кыргызча деп алып баргандар өтө аз болуп жатат. Арагы жок тойду мен даана кыргызча деп айтар элем. Кээ бири “сен арапча той алып барасыңбы?” дешет. Көрсө, арак ичкен, коноктордун баары мас болуп калган тойду кыргызча деп ойлогондор көп экен. Кудайга шүгүр, араксыз тойлор жылдан -жылга өсүп бара жатат. 3-4 шакиртим бар. Үлгүрбөй калган учурларымда аларды жөнөтөм.

- Бүгүнкү күндө тойлордун чыныгы мааниси кетти деген кептер айтылууда. Сиз буга кошуласызбы?

- Кошулам. Тойдун максаты 1 ай мурун кошуп койгон 100долларды кайра алуу болбошу керек. Чыныгы тойдун мааниси бул - той берип жаткандарга бата берүү. Үйлөнүп жаткан болсо, аны элге жарыялоо. Эгер бата алыш керек десек, анда ал тойду арагы жок өткөрүү абзел. Анткени арак бар жерде бата кабыл болбойт. Манас төрөлгөндө бата берели деп Жакып, Акбалталар аябай ичти дегенди уккан эмессиз да, туурабы? Эң кейиштүүсү айрымдар өтө чыгымдуу той алып барып жатышат. “Баланчаны туурайм” деп насыя алгандар четтен чыгат. Кыргызды сызга отургузуп жаткан бир эле сөз деп ойлойм. Ал: эл эмне дейт? Негизи бул жакшы сөз эле, намыстуулук, адептүүлүк, ыймандуулукка чакырса, бүгүн кур намыска багытталып калды. Ошондуктан, той берүүнүн форматын башка нукка салуу керек деп эсептейм.

- Сиздин форматты айтып берсеңиз, эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Биздин адал тойлордун башка тойлордон 20га чукул айрымасы бар:

1- Биринчиден, ичимдиги жок өтөт;

2- Салтыбыз боюнча, сармерден форматында, аялдар өзүнчө, эркектерди өзүнчө кылып отургузууну сунуштайбыз;

3- Эгер үйлөнүү той болсо эки жашты эмес, ата-энелер төргө отурушат. Ар бир ата-эне наристеси төрөлгөндө эле баласынын тою тууралуу кыялданып башташат. Ошол көптөн күткөн күн келгенде ата-эненин босогодо баштык ташып калганы туура эмес;

4- Тойлордо оюндарга өзгөчө көңүл бөлөбүз. Кайнатанын көзүнчө келинди бийлетип, бирөөнүн аялы менен бөтөндүн күйөөсүн бийлеткенге жол бербейбиз. Жаңы төрөлгөн баладан баштап, эң улуу аксакалдарга чейин оюндарды түзүп чыгабыз.

5- Белектерге да маани беребиз. Кереги, пайдасы жок, ар бир тойдо колдон колго өтө турчу эмес, арзан болсо да пайдалуу белектерди берүүнү той ээлерине сунуштайбыз.

6- Тойго жалаң 100 доллар алып келчү гана эмес, жетим-жесирлерди да кошууну сунуштайм. Алар тойго келгенде “биз мындай кафеге кирип көрө элек болчубуз” деп сүйүнгөнүнөн ыйлашат.

7- Албетте, тамак-ашка да өзгөчө көңүл бурабыз. Ысырапкерчиликтен алыс болууга аракеттенип, дасторкондун үстүнө Кыргызстандын экономикасына пайда келтире турганын азык-түлүктөрдү алуусун той ээлерине сунуштайбыз.

8- Тойду эрте баштоону айтып көрөбүз. Бизде тойду кечки 6 да баштап, түнкү 12де бүтүрүү адат болуп калган. Бул жөн гана кыйноо болсо керек. Көп эле жолу биздин сунушубуз менен 2де баштап, 7де бүтүргөн тойлорду алып бардык.

9- Көп тойлордо апалар тойго кирип келе жатканда жакшы эле киришет да, чыгып бара жатканда капа болуп, баштары ооруп чыгышканын байкайбыз. Жакшы оюнубуз бар. Анда апалар менен балдары чогуу чыгат. Салат, сок алып келебиз да балдарды апаларына эркелетип жедирүүсүнө тапшырма беребиз. Оюндарда балдар апаларын эркелетип жедире албарын көрдүк. Көбүндө комплекс бар. Ошол тойдо апаларын эркелеткенге да жол ачылып калганына күбө болуп сүйүнөбүз. Апалардын сүйүнүчү ушундан билинет, тойдогу тыныгуу учурунда сүрөтчүлөрдүн жанында жүргөн болот. “Балам, жанагы менин балам оозума салат салып келе жаткандагы сүрөттү чоң кылып чыгарып берчи” дешип, чөнтөгүндөгү платочкасынын ичинен акчасын чыгарып беришет.

10- Ошондой эле, тойдо номинацияларды берүүнү ойлоп таптык. Ушул баарына жагып келе жатат. “Эрте келген мейман”, “Убагында келген мейман” номинациясы жана башка.

11- Эң негизгиси, келген 250-300дөй кишиге элибиздин каада-салтын сиңирип калуу максатында түрдүү суроолорун түзөбүз, көбү жооп бере албайт. 5000 сомго чейинки жакшы белектерди коебуз. “Калпак кийүү эрежеси кандай? Жашыл калпактарды кимдер киет? Кызыл калпакты кимдер киет? Маңдайы тилик ак калпакты кимдер киет? Маңдайы туюк ак калпакты кимдер киет?”. Ошол жерде “мен кыргызмын” деп төш каккандар унчугушпайт. Айтор, ушундай жол менен кыргыздын этно тою исламга каршы келберине көбү ынанып келе жатышат.

- Эрлан мырза, сизден улуттук баалуулуктарга болгон терең сүйүү жана чоң кызыгууну байкадык. Буга ким түрткү болгон?

- Мында чоң апабыздын эмгеги зор деп эсептейм. Эң негизги тарбияны чоң апамдан алдым. Ал киши мени 6 жашымдан баштап Манас айтканды үйрөткөн. “Момпосуй берем, конокко ээрчите барам” деп кызыктырып, санжыра, тарыхты бүт айтып берер эле. 2-класстан баштап күнүнө 15 бет, 8-класстан баштап күн сайын 150 бет китеп окууну тапшырма берип, өзү дыкаттык менен текшерип турчу. Шар окуганга, түшүнүп окуганга, үндү чыгарып окуганга, адабияттарды туура тандоого тарбиялаган. Дайыма мага: “Мобу кар жаткан Ала-Тоонун баары сеники. Сенден эч ким талашпаш керек”, - деп айтчу. Көрсө, ошондо эле биздин мекенге болгон сүйүүбүздү сиңире баштаптыр.

- Ал эми дин менен качан тааныштыңыз?

- Кичине кезимден эле. Чоң атабыз ээрчитип жүрүп, намаз окуганды үйрөттү. Апам да ар дайым “намаз окуган бала жакшы болот, баатыр болот, элге жардам берет” деп тажабай айтар эле.

- Үйдө кандай атасыз? Бала тарбиялоодо өзгөчө ыкмаларыңыз барбы?

- 1 кыз, 1 уулум бар. Жубайыма сүйүктүү жолдош, балдарыма мээримдүү ата болгонго аракеттенем. Акыркы убактарда бала тарбиялоо тууралуу адабияттарды көп окуй баштадым. 2 жарым жаштагы кызым Манас айтат. Куран окуйт. Кыргызча, орусча , англисче, арабча санайт. Баарын үйдө апасы үйрөтөт. Менин пикирим, ар бир ата жубайына балдарынын тарбиясына байланыштуу тапшырма берип кетсе. Үйгө келгенде “Кана, балдарым, бүгүн кандай жаңы нерсе үйрөндүң?” деп сурап турса. Балдардын интеллектуалдык, руханий, дене тарбиясы жагынан өсүүсүн мектепке эле жүктөп коюу-чоң жаңылыштык. Буга, биринчи кезекте ата-эне өзү киришиши керек.

null
"Билимге өзгөчө көңүл бөлөлү"

- Канча тил билесиз?

- Меники бул жагы кызык (күлүп). Чет тилдерин үйрөнүүгө өзгөчө ашыгам. Ошондуктан, өзүмдүн ыкмам бар. Айылдан чоң атам араб тилин окутуп, Куран окуганга түшүрүп койгон деңгээлге жеткен. Кийин шаарга келгенде арабчаны устаздардан үйрөнүүдө баягы 4-класста жаттагандар эсиме келип, өтө оңой алып кеттим. Ошондуктан, 1-курста азыр кайсыл тил болбосун окуп кое берейин, кийин кереги мага кереги тийген кезде, андан ары улап кетем деп бир нече тилдин базалык деңгээлдерин окудум. Ошентип, япон тилин 1 жыл окудум, анан корей тилине башыбызды салдык, англис, араб, хинди, испан, еврей тилдери болуп, жалпысынан, 13 тилдин башталгыч программасын өздөштүрдүм. Буюрса, келечекте кереги тийсе, ылдам өздөштүргөнгө жардамы тиеттир.

- Маегиңизге чоң рахмат! Аллах Таалам өмүрүңүзгө береке берсин! Ийгилик каалайбыз!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27