Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дзюдо боюнча чемпион Разия: "Көчөдөн эркек кишиге кол көтөргөнгө туура келген"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 4 декабрь 2018

Бул каарманыбыз өзүнүн жөнөкөйлүгү, тырышчаактыгы жана эмгекчилдиги менен суктандырат. Дал ушул сыпаттарынын аркасында ал өзүнөн 8-9 киллограмм оор салмактагы аттандаштары менен беттешип, дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. 21 жаштагы студент Разия Мамашарипова окуудан тышкары учурда бизнес чөйрөсүнө кадам таштап, курбусу экөө атайын кыз-келиндер үчүн машыгуучу залын иштетип жаткан чагы. Разия бизге спорт жана алдыдагы максаттары менен ой бөлүштү.

null

- Ассалам алейкум, Разия! Спорт менен канча убакыттан бери машыгасыз?

- Валейкум ассалам. Спорт менен активдүү машыкканыма 8 жыл болуп калды.

- Үй-бүлөңүздө спортчулар барбы? Дегеним, эмнеге бул жолду тандадыңыз?

- Үй бүлөмдө спорт менен профессионалдык түрдө машыккандар деле жок. Бул менин жеке тандоом болду. Эсимде, 1-классымда мектептен үйгө бара жаткан жолдо алдыман бейтааныш кыздар чыгып, жөндөн- жөн эле кол көтөрүп кеткен учурлар болгон. 5-классымда болсо балдар жолдон алдымды тороп, “акча бер" деп коркутушкан. Классташым таэквондого барып, машыгып жүрчү эле. Анын сунушу менен 6-классымда таэквондонун ИТФ түрү менен активдүү машыга баштадым. ИТФ түрүндө кол менен бут иштейт. Спорт менен машыгып баштагандан кийин өзүмдү эркин, ишеничтүү сезип, алды-артымды карап коркпой калдым. Ошондон бери спортту таштабай, машыгып келе жатам.

- Спорт дүйнөсүндө кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

- Университетте алгачкы курстарда дене тарбия сабагы өтүлөт эмеспи, ошол дене тарбия сабагынан агайым мени байкап калып, дзюдо боюнча машыгып, мелдештерге чыгууну сунуштады. “Эгер жакшы машыксаң, сөзсүз, мелдештерде алдыңкы орунду аласың” деп мага дем-күч берди. Башында бул нерсеге ишенген жокмун. Бирок машыга берейин дедим. Ошентип, дзюдо менен 4 ай машыккан соң республикалык универсиадага окуу жайымдын атынан чыгып, 1-орунду алып, Кыргызстандын чемпиону болгом. Мындан тышкары, республикалык, шаардык деңгээлдеги мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алып жүрөм.

null

- Сонун го. Кандай өзгөчөлүктөрүңүз менен чемпион боло алдым деп ойлойсуз?

- Тырышчаактыгым болсо керек. Эгер мага кайсы бир жумуш жакса, мен аны ийне-жибине чейин өздөштүрүп, бүткүл жан дүйнөм менен берилип, майын чыгарганга аракет кылам. Анан бул мелдеште мага эң башкы жардамчы дуба болду. Анткени мелдешке чейин жакшы жыйынтык көрсөтөйүн деп Кудайга тынымсыз дуба кылдым.

- Өзүңүз сыртыңыздан арыкчырай, кичинекей көрүнөт экенсиз. Спортчу экениңизге ишенбегендер да болсо керек э?

- Ооба, андайлар көп эле болот (күлүп). Сыртыман алсыз көрүнгөнүм менен мелдеш же машыгуу учурунда мени көргөндөр “ушунча күчүң барбы?” деп таң калышат.

- Учурда кайсы жерде окуйсуз?

- Азыр эл аралык “Ататүрк-Алатоо” университетинин прикладдык математика жана информатика факультетинде 2-курста окуйм. Кичинекейимден окуганга караганда эсептегенди жакшы көрчүмүн. Мектепте математика сабагынан алдыңкы окуучулардын катарында элем. Ошондуктан, ушул факультетти тандагам.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Биз Баткендин Исфана шаарынан болобуз. 5 жашыма чейин Исфанада чоңоюп, андан соң Бишкекке үй-бүлөбүз менен көчүп келдик. Үйдө 5 бир туугандын эң кичүүсүмүн, 4 байкем бар.

null

- Дин жолуна түшүшүңө үй-бүлөңүздүн таасири барбы?

- Ооба, үй-бүлөм, айлана-чөйрөмдүн таасири, анан өзүмдүн кызыгуум десем да болот. Ата жактагы туугандарыбыздын көбү ажы, карыкелер. Эжелерим да жоолук салынып, намаз окушчу. Алар үйгө келген сайын намаз окугандарын көрүп, мен да аларды туурап намаз окучумун. 2-3-классымда алардын айткан сөздөрүн эстеп калыпмын, азыркыга чейин унутпайм. Мисалы, адам эстегенде эмне кылышы керек, дааратты кантип алуу зарыл деген маселелер. Биринчи жолу 11-классымда, декабрь айында намаз окуп баштаганым да эсимде.

- А жоолукту качан салындыңыз?

- 1-курста. Жоолукту жума күнү салынсам деп кыялданып, ниеттенип койгом. Анткени, жума күндөрдүн эң жакшысы делет эмеспи. 1-курсумда жогоруда айткан республикалык универсиада аяктаган соң жоолук салындым. Ошол күн жума күнүнө туш келген эле. Байкелерим жоолук салынарымды укканда абдан сүйүнүшүп, “кийимдериңдин баарын биз төлөп беребиз” деп мага колдоо көрсөтүшкөн.

- Жоолукчан болуп спорт менен машыкканыңа терс пикирлер айтылган учурлар болду беле?

- Ооба,андайларды угуп эле жүрөбүз. “Эркектей болбой кызга эле тиешелүү иштерди кылбайбы” деп айткандар болот. Өкүндүргөнү, мындай сөздөрдү спорт эмне экенин билбеген ага-инилердин айтканы. Шариятыбыздын эч бир жеринде кыздардын спорт менен машыгуусуна тыюу салган жери жок. Тескерисинче, бул сүннөт болуп эсептелинет. Спорт менен машыккан адам дене боюн эле эмес, аң-сезимин да саламаттыкта кармайт. Спорт- бардык жагынан пайдалуу.

- Эмне үчүн таэквондо менен машыкканга атайын кыздарга арналган зал ачууну чечтиң?

- Өзүм жоолук салынып, түрдүү мелдештерде түшкөн сүрөттөрүмдү интернетке жүктөй баштагандан кийин спорттун бул түрүнө кызыккан кыздар абдан көп болду. “Кайсы жерге машыкканы барасың? Биз да баргыбыз келет” деп жаза башташты. Мен ал убакта университеттин залында машыкчумун. Агайымдан “машыгууга сырттан адамдарды алып келүүгө болобу?” деп сурасам, ал эрежеге ылайык келбестигин айтты. Ошентип, чогуу машыккан курбум Нурайым экөөбүздө кыздарга арналган зал ачуу идеясы пайда болду. Кыдырып, издеп жүрүп, Учкундагы мектептин жер төлөсүнөн зал таптык. Алгачкы эле жолугушууда абдан көп кыз келди. Биз мындайды күткөн эмеспиз. Ошентип, баарыбыз чогуу машыга баштадык. 1 жума өткөндөн кийин мектептин директору бизге жер төлөнү ижарага берген байкеге: “Жоолук салынгандар бул жерде эмне кылып жүрөт? Булар террорчуларбы? Эгер эртең бизге арыз түшүп, текшерип келишсе эмне болот? Жоолук салынып, машыгып алышып бир жакка аттанганы жатышабы?”, - деп жаман ойдо болуптур. Бирок ижарага берген байке бизди колдогон. Албетте, башында жаман болгонбуз. Бирок мен ичимден “бул эже минтип айтканы үчүн кийин өкүнөт. Машыгып жаткан кыздар качандыр бир убакта ийгиликке жетип, эл оозуна алына баштаганда, “кыргыз кыздарынын өсүшүнө бут тосупмун” деп ойлонот деп ойлогом. Азыр, Кудайга шүгүр, кичинекей ийгиликтерге акырындан жетишип келе жатабыз. Бизге бир катар авторитеттүү ММКлар кызыгышып, маек берүү тууралуу сунуштар түшүп жатат. Эң башкысы, биз эже-сиңдилерибизди дени сак жашоо образына үндөп жатабыз. Кыздар жумуштан чарчап келгендерине карабай залга келип машыгууга ашыгышат. Анткени бул жактан чыккандан кийин өзүлөрүн сергек сезип, ырахат алышат экен.

null

- Өзүңүз таэквондо боюнча кайсы курга жеттиңиз?

- Мен көк курду алгам. Ал эми чогуу машыккан курбу кызым кара курдун ээси. Негизи бул ишти ал алып барат, анын машыктыруучулук укугу бар. Ал эми мен болсо ага жардам берем. Азыр Ахунбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Арабика” студиясында машыгуудабыз.

- Спорт менен машыккандыгыңыздын күнүмдүк жашоодо пайдасы тийген учур болду беле?

- Албетте. Спорт менен машыгуу, биринчиден, сергектик, өзүңө ишенгендик, тайманбастык сезимдерин берет. 1-2 ай мурун эле мындай окуя болду. Жумуштан үйдү көздөй кетип бара жаткам. Сумкамда чоң суммадагы акча бар болчу. Бейшеналиева – Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде эл көп жерден өтүп бара жатып, бир байке санымдан кармап өттү. Анын бул аракети менин намысыма катуу тийди. Ошол жерден мен аны таэквондо ыкмасы менен урдум. Ал киши дендароо болуп туруп калды. Мендей кичинекей кыздан мындайды күтпөсө керек. “Сиз эмнеге минтесиз? Уятыңыз барбы?” деп элдин көзүнчө айттым. Мен негизи балдарга кол көтөргөндү туура көрбөйм. Бирок ушинтип намысыңа тийсе коргонот экенсиң.

- Канча тил билесиз?

- Түрк, англис, орус тилдерин билем. Казакча, өзбекче түшүнөм.

- Сизди инстаграммдын активдүү колдонуучусу катары билебиз. Инстаграмм сиз үчүн?

- Инстаграммдан бир максатты көздөгөн эже-сиңдилерди табам. Таанышып, достошуп да калабыз. Ошондой эле, катталуучуларым көп болгондуктан айрым товарларды жарнамалайм.

null

- Адамдардын кандай сапаттарын өзгөчө баалайсыз?

- Сөзүнө турган, ыйманына бекем болгон жана жөнөкөй адамдарды өтө баалайм. Анан “көңүл” деген түшүнүккө чоң маани берем. Бирөөнүн көңүлүн калтырбаганга, таарынтпаганга аракеттенем. Анткени өзүм да абдан көңүлчөөк адаммын.

- Келечекте сизди кайсы тармактан көрө алабыз?

- Азыр өзүмдүн факультетимден англис тили факультетине которулсамбы деп ойлонуп жатам. Котормочулукту жактырып жүрөм. Буюрса, келечекте котормочу болуп, аны менен бирге жеке бизнесимди иштетип, спортту да бирге ала кетүүнү көздөйм.

- Ой-максаттарыңыз ишке ашышына тилектешпиз. Маегиңизге рахмат!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
24 август 2019г.
Багымдат
4:34
Күндүн чыгуу
6:18
Бешим
13:04
Аср
17:51
Шам
19:54
Куптан
21:22
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов