Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Араб өлкөлөрүндөгү алдыңкы сулуулук борборуна окууга өткөн Хани Тукеева

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 17 декабрь 2018

Азыркы учурдун феялары бул - визажист, дизайнер, стилисттер. Алардын жардамы менен кыздар ачылган гүлдөй кулпуруп, жаркырап чыга келишет. Мына ошондой феялардын бири – Хани Тукеева. Хани айым Кыргызстанда эле эмес эл аралык деңгээлдеги күчтүү визажист экенин далилдей алды. Анткени ал жакында эле Оман Султанатындагы эң алдыңкы сулуулук борборуна тажрыйба алмашуу, кесиптик жактан жөндөмүн жогорулатуу боюнча окууга өтүү. Аталган борбор дүйнө жүзү боюнча конкурс жарыялап, окууга 1 гана адамды кабыл алат. Кыргызстандан эле 10 дон ашык визажист бул орун үчүн күч сынашкан. Ал орунга Хани Тукеева татыктуу болду. Сүйүктүү жубай, 2 уулдун мээримдүү энеси, ийгиликтүү айым Хани Тукеева - үлгү алууга татыктуу айым

null

- Ассалам алейкум, Хани. Кандай жүрөсүз? Көнүп калдыңызбы?

- Валейкум ассалам. Ооба, баары жакшы. Кыйналган жокмун. Оман Султанатынын борбору Маскаттамын. Бул жакка келгениме 10 күн болду.

- Чет жерде билим тажрыйбаны жогорулатуу сонун мүмкүнчүлүк эмеспи. Кандайча өттүңүз окууга?

- Чет жерден билим алуу бала кезимден берки кыялым эле. Тил үйрөнүүгө шыгым анча болбогондуктан, бул тек гана кыял деп койчумун. Бирок Аллах Таала мага күтүлбөгөн жерден чоң белек кылды. Конкурс тууралуу интернеттеги жарыялардан окуп, тапшырып көрүүнү чечтим. Кыргызстандан 10дон ашык кыз тапшырдык. Баары тең өз ишинин профессионалдары, арасынан тил билгендер да бар болчу. Эртеси күнү эле мага чалышып конкурстан өткөнүм тууралуу айтышканда, бир четинен сүйүнсөм, экинчи жагынан корко баштадым. Анткени жоопкерчилик эми даана келгенин түшүндүм да (күлүп). Ошентип, маектешүүгө бардым. Компаниядагылар менин жумушумду көрүп, дароо эле “ушул кызды алабыз” деген чечимге келишкенин айтып беришти. Негизи алар Кыргызстандан алгач ирет мастер алып жатышыптыр.

null
Хани Тукеева коомдук активист. "Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү иш-чарасында

- Сиз барган сулуулук борбору жөнүндө айтып берсеңиз?

- Бул жер Араб өлкөлөрүндөгү алдыңкы сулуулук борборлоруна кирет экен. 2003-жылы негизделиптир. Борборду жетектеген Сара айымды белгилүү визажист, ишкер айым жана кайрымдуу адам катары жакшы таанышат. Мен анын жеке окуучусу болдум. Чынын айтканда, көп талапкерлердин ичинен мен тандалганыма таң калдым. Балким, Сара айым экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, табитибиз төп келгендир деп ойлоп койдум.

- Канча убакыт болосуз?

- Келишим боюнча, 2 жыл жүрүшүм керек. Арада Кыргызстанга келип-кетип турсам болот. Эгер мага бул жак жакпай, кетким келсе келишимди бузуп кетүүмө деле болот. Бирок белгилүү өлчөмдөгү айып пул төлөп беришим керек.

- Чет өлкөгө чыгууга үй-бүлөңүздүн уруксатын алуу оор болгон жокбу?

- Жолдошум, ата-энебиз абдан түшүнүктүү адамдар. Өсүп-өнүгөм деген адамга алар эч качан каршы болушпайт, тескерисинче, колдоо гана көрсөтүшөт. Жолдошум өзү чет өлкөдө окуп келген. Андыктан, бул жаатта оор деле болгон жок.

null
Хани Тукеева коомдук, кайрымдуулук иш-чараларга байма-бай катышып турат

- 2 жыл аралыгында эмнелер менен алек болот экенсиз?

- Макияж жасоонун дагы жаңы техникаларын үйрөнөм. Косметиканын курамын изилдегенди өздөштүрөбүз. Макияж жасап, башкаларды да бул ишке үйрөтүшүм керек болот. Негизи бул жактан үйрөнчү көп нерселер бар экен. Макияж жасай турчу щетканы жууп, туура кургаткандан бери кылдат үйрөтүп жатышат. Бул жерге атайын экзамен тапшырып, анан ишке кирсе болот. Мен келген күнү ошондой сынактан өттүм. Мага бет түзүлүшү боегонго татаал, кара терилүү айымды беришти. Терисиндеги абдан билинип турган тактарды жабуу керек болчу. Буга кызыл корректордун да алы жеткен жок. Анан мен кызыл помада менен жабыш керек болгон тактарды боеп, үстүнүн тоналдык крем койдум. Тоналдык крем кызыл өңдү жакшы жабат. Ошентип, экзаменим ийгиликтүү болуп, жумушка кирдим.

- Куттуктайбыз! Деги эле Омандагы айымдардын боенуудагы кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?

- Негизи булардын бет түзүлүшү азияттардыкынан таптакыр башкача болгондуктан боенуу техникасы да кыйла өзгөчөлөнөт. Бул жакта дээрлик баары каштарын теришпейт. Дагы бир жагы, араб аялдарына жагыш өтө кыйын (күлүп). Бирок келгенден бери менин жумушумду жакшы кабыл алышып, кайсы жердин кызы экенимди кызыгып сурап жатышат. Кесиптештерим өтө ынтымактуу. Жалаң аялдар менен иштейм. Академияга эркек кишинин кирүүсүнө болбойт. Эгер мындай көрүнүш болсо алар дароо жоопко тартылышат. Келгенден бери абдан бактылуу болуп жүрөм. Жакшы көргөн ишиң менен алектенип, бул үчүн сага акча да төлөп беришсе кандай сонун!

null
Хани Тукееванын Оманга баргандагы 1-сынагы

- Демек, азыркы кесибиңизди сүйүп тандаган экенсиз да?

- Албетте. Кичинемде телевизордон ырчыларды көргөндө көйнөгүнө эндиги туура келбейт экен деп байкоо сала берчүмүн. Кийинчерээк, курбу кызым визаж курсуна жазылып, ал аркылуу мен да курска барып, улантып кеттим. Тууган-туушкан, кошуналарды “мага модель болуп бериңиз, сизди боентом” дечүмүн. Алар мага ишенишпейт эле. Мен болсо “келгиле, жол киреңерди төлөп берейин, тамагыңызды жасап, үйүңүздү жыйнап берем деп” көндүргөнгө аябай аракеттенер элем. Ал убакта колумду көндүрүп алуу мага маанилүү болчу. Ошентип, убагында жөндөмүмдү жогорулатууга болгон аракетимди жумшадым.

- Бул чөйрөгө аралашып баштаганыңызда кыйынчылыктар болдубу?

- Болду. Мен ошол кезде эле жоолук салынчумун. Көп учурда бизди басынтышат эле. Мен жаңыдан визажды үйрөнүп баштаганда шылдыңдагандар көп болгон. “Сен жоолук салынасын го, үйдө эле отура бербейсиңби”, “Сен телевизор көрөсүңбү?”, “Хани, сен чачыңды эмне менен жууйсуң? Кир самын жуусаң керек. Силерге боло берет да” деген сыяктуу басмырлаган суроолорду беришчү. Бизди көбү эч нерсе билбеген караңгы адам санашчу. Мен коомдогу мындай стереотиптерди бузгум келчү. Өзүм ал кезде чачымды кир самын менен жуумак турсун, чет өлкөдөн шампунга буйрутма берип алдырчумун (күлүп). Азыр ошол чогуу окугандардын ичинен жалгыз мен иштеп жүрөм.

- Учурда кыздардын көбү туура боенуу курстарынан окушуп, визажист боло калып жатышпайбы. Негизи бул оңой кесиппи?

- Ар бир кесиптин өз кыйынчылыктары болот. Профессионал визажист болуш үчүн, биринчиден, талант жана күчтүү фантазия керек. Кечинде чалып, “үлпөт тоюма боендуруп бериңиз” деген буйрутмалар түшөт. Ал кызды өмүрүңдө көрбөгөн болушуң мүмкүн. Ошол замат ага жага тургандай образ түзүп бере алууң керек. Бул - оңой эмес. Мен бул чөйрөдө бир топ жылдан бери жүрсөм да Оманга келип, билбеген нерселерим көп экенин көрүп жатам.

null
"Адамдардын сулуулугу көзүнүн нурунда жана жагымдуу жылмаюусунда деп билем"

- Сиз башка визажисттерден эмнеңиз менен өзгөчөлөнөсүз?

- Өз ишимде адамдардын табигый сулуулугун, нукуралыкты сактагым келет. “Кашымды тергим келип жатат, кирпик кошуш керек” деп келишет. Мен аларды кашын тербөөгө чакырам. “Кашыңызды тербей, кошумча кирпик чаптабай эле сулуу боло аласыз деп көндүргөнгө аракеттенем. Адатта, визажисттер беттин формасын чыгарып, тунук кылыш үчүн 11 кат косметикалык каражаттарды коюшат. Мен мынчалык көп катмар кылбай эле сулуулап бергенге аракеттенем.

- Бул жумушуңуз менен коомго кандай пайда келтирип жатам деп ойлойсуз?

- Мен өзүмдү тек гана визажист катары көрбөйм. Кардарларым менен курбу болуп, аларга кеңештерим менен бөлүшкөнгө аракеттенип турам. Негизи адамдардын көбү алгач келбетке карашат. Андыктан, өзүңдү тыкан, жарашыктуу алып жүрүү көп эле учурда чоң ролду ойноп коет. Андыктан, өзүңө туура кам көрө билүү да өтө маанилүү. Өзүнө ыраазы болбой, жүзүнө пластикалык операция жасаткысы келгендерди бул кадамдан кайтууга себепкер болгон көп учурлар болду. Ар бир адамдын өз индивидуалдуулугу бар экенин, Аллах Таала баарыбызды сулуу кылып жаратканын айтып, кеңештерим менен бөлүшөм. Мындан сырткары, мага жашоодо оор сыноого кабылган айымдар да келет. Жолдошу таштап кеткен айымдар депрессияга түшкөн, чөүп кеткен абалда келишет. Сүйлөшүп отуруп, анын себеби ал аялдын өзүн карабаганы үчүн күйөөсүнө жакпай калганы аныкталат. Ошондуктан, айымдардын өз күйөөлөрүнүн алдында жагымдуу алып жүрүүсү маанилүү экенин унутпашыбыз керек. Мен себеп болуп үй-бүлөлөр жарашкан учурлар көп эле болгон. Ушул нерселер мени мындан ары да шыктантат.

null
Омандан Кыргызстанга ысык салам!

- Адамдардын сулуулугу эмнесинде деп ойлойсуз?

- Көзүнүн нурунда жана жагымдуу жылмаюусунда деп билем. Сулуу болуш үчүн, биринчи кезекте, жан дүйнөң менен иштеп, жакшы адам болууга умтулуш керек. Жан дүйнөң таза, кооз болсо ал сөзсүз түрдө сырткы келбетке чагылат.

- Өзүңүз канча мүнөттө боеносуз?

- Мен көбүнчө боенбой эле жүрөм. Ал эми боенуп калсам 5 мүнөт жетиштүү.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Буюрса, бул жаатта өзүмдү дагы да өстүрүп, эл аралык деңгээлдеги алдыңкы визажисттерден болууну каалайм. Айымдарыбызга өз билгендерибиз менен бөлүшүп, алардын

null
"Айымдарыбыздын бактылуу болушуна аз да болсо салым кошкум келет"

бактылуу болушуна аз да болсо салым кошкум келет.

- Буюрса, бардык максаттарыңызга жетишиңизге тилектешпиз. Ийгилик!

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
24 август 2019г.
Багымдат
4:34
Күндүн чыгуу
6:18
Бешим
13:04
Аср
17:51
Шам
19:54
Куптан
21:22
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов