Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр Маликов: “Болочок жубайлар бири-бирине билим деңгээлдери боюнча да төп келгени жакшы”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 3 январь 2019

Ислам дини мамиле, байланыштардын тазалыгына чоң маани берет. Алсак, эркек менен аялдын мамилеси шарияттагы эрежелер менен коштолот. Жигит менен кыз жаңы таанышкандан тарта үйлөнүүгө чейин кандай мамилени сактоосу керек? 21-кылымдын талабы бул эрежелер менен шайкеш келеби? Диний маселелер боюнча эксперт, профессор Кадыр ажы Маликов ушул тууралуу ой бөлүшөт.

%article_title%

Айдай Амангелди кызы: Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух, Кадыр ажы. Ислам дининдеги аял менен эркектин мамилеси тууралуу айтып берсеңиз?

Кадыр Маликов: Ва алейкум салям ва рахматуллахи ва баракатуху. Аллах Таала Адамды (алейхи салам) жараткан соң анын кабыргасынан аялды жараткан.

Ыйык Куранда “Аялдарыңар-силер үчүн кийим, силер аялдарыңар үчүн кийимсиңер”
деген аят бар.
Кийим биздин уяттуу жерлерибизди жаап, денебизди айрым зыяндуу нерселерден коргоп жана келбетибизге көрк берип тургандай эле, эркек менен аял да бири-биринин жаманын жашырып, жакшысын ашырып, бири-бирине көрк берип турат. Эркек менен аялдын ортосундагы мамиле достук, сүйүү, сый-урмат жана өз ара тартылуу сезимдеринин негизинде түзүлөт. Баш кошкон түгөйлөр бири-биринен тынчтык таап, өмүр бою Алланын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн жакшы иштерге бирге кадам таштоосу зарыл. Аллах Таала бизге эң чоң бакыт, сүйүү сезимин тартуулаган. Демек, аны бапестеп, баркына жете билели.

Айдай Амангелди кызы: Турмуш куруу адамдын жашоосундагы эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү учур. Өз түгөйүн тандоодо кандай сапаттарга көңүл бурган дурус?

Кадыр Маликов: Албетте, адам ар дайым өзүнүн теңин издейт жана буга муктаж. Байкасаңыз, жашоодо баары жуп-жубу менен жаратылган. Бактылуулуктун негизи өз теңин адашпай туура тандоодо жатат. Ислам дининде түгөй тандоодо эң биринчи ыйманына, баалуулуктарына, ички жан дүйнөсүнө маани берилет. Ак ниеттүүлүк, боорукердик, кечиримдүүлүк сыяктуу адамдагы асыл сапаттар өзгөчө бааланат. Ошондой эле түгөй тандоодо дагы бир маанилүү жагдай бар. Кыргызда “Тең -теңи, тезек кабы менен” деген жакшы макал бар эмеспи... Жуптар бири-бирине билим деңгээли боюнча да төп келгени жакшы. Алардын сүйлөшүп, талкуулай турчу орток темасы, кызыкчылыктарынын болуусу чоң роль ойнойт. Билим деңгээлдери бирдей болбогон үй-бүлөдө тил табышып кетүү кыйын. Жашоодо мындай учурларды көп эле көрүп жүрөбүз.

Айдай Амангелди кызы: Сөзүңүздү улай, эгер аял эркектен жашы боюнча улуу, статусу жана материалдык жагынан жогору болуп, бирок экөөнү сезимдер байлап турса кандай болот?

Кадыр Маликов: Бул нерсе ошол коомдун өзгөчөлүгү, менталитети жана адамдын жеке дүйнө таанымынан да көз каранды. Маселен, пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өзүнөн бир топ жаш улуу, бай, көз карандысыз жана кадыр-барктуу Хадижа энебизге үйлөнгөн. Демек, мындай учурларда баш кошууга болот, тыюу салынбайт. Эң башкысы, түгөйлөр бири-бирин туура түшүнүп, кийин “мен жогору турам” илдетине чалдыкпай, бири – бирин басмырлабай тургандай жашоосу абзел.

Айдай Амангелди кызы: Ислам эрежелерине ылайык жигит менен кыз кандай таанышат? Жолдорун айтып берсеңиз?

Кадыр Маликов: Эгер салтыбызга кайрыла турган болсок, илгери кыз менен жигит дос-туугандар аркылуу таанышып, анан мамиле курушкан. Ал эми бүгүнкү XXI кылымдын шартында абал өзгөрдү. Кээ бир жерлерде бул ыкма дагы деле бар. Бирок биз дагы башка альтернативдүү жолдорду караштырышыбыз керек. Маселен, интернет тармактары, ислам эрежелери боюнча иштеген таанышуу бюролору. Кандай гана жолдор болбосун, шариаттын чегинен, ислам этикасынан чыкпоо зарыл.

Айдай Амангелди кызы: “Исламда кыз менен эркек 3 жолу гана жолугушу керек” деген эреже айтылат. Ушул маселеге токтолсоңуз...

Кадыр Маликов: 3 жолу деген чектөө жок. Пайгамбардын доору менен азыркы учурду салыштырбай эле коелу. Ал убакта коомго, никеге, үй-бүлөгө болгон мамиле башкача эле. Албетте, таанышуу учурунда бири-бири тууралуу керектүү маалыматтарды билүүгө убакыт талап кылынат. Бирок бул нерсени бир нече айларга, жылдарга создуктурбоо керек. Эгер таанышып жаткан адамда сиз каалаган сапаттар бар болсо жана ал сиздин адам экенин сезсеңиз дароо баш кошууга камыныңыз. Бир топ убакытка чейин сүйлөшүп үйлөнбөй койгон, же турмушка чыгуудан баш тартып коюу эки тарапка тең зыян алып келет. Коомдо жана жакындардын арасында да туура эмес пикир жаралышы мүмкүн.

Айдай Амангелди кызы: Кыз менен жигит жолугушууга сөзсүз башка адамдардын да коштоосу менен келиши керекпи? Жалгыз келүүгө уруксат жокпу?

Кадыр Маликов: Башка адамдардын коштоосу сөзсүз эмес. Бирок жолугушуу күндүзгү убакта жана ачык жерде, тактап айтканда, коомдук жайда болууга тийиш. Никеге чейинки жолугушууларда эркек менен кыз бири-бирине кол тийгизип, жакындашууга болбойт. Караңгы жерде жалгыз калбашы керек. Жолугуушуулар көңүл ачуу эмес, бири-бирин билүү максатында болгону дурус.

Айдай Амангелди кызы: Кыргыздарда сөйкө салуу салты бар. Кызга сөйкө салып коюп, тойду 1 жылдан кийин жасашы мүмкүн. Буга ислам кандай карайт?

Кадыр Маликов: Ооба, буга ислам туура эле карайт. Эгер жергиликтүү салт ислам эрежелерине каршы келбесе колдонула берет.

Айдай Амангелди кызы: Сөйкө салгандан кийин кыз менен баланын ортосундагы мамиле кандай болуп калат?

Кадыр Маликов: Бул учурда эки жаш кандайдыр бир иш-чараларга чогуу барып, бири-биринин туугандарына ачык көрүнүп калат. Дос-тааныштарына да болочок жубайлар экендигин жар салса болот. Бири-бири менен белек алышып-беришип, мамилелер дагы жакындайт. Бирок ортодогу чек ара дагы деле сакталуусу керек. Үйлөнгөнгө сөз берүү үйлөндү дегендик эмес да.

Айдай Амангелди кызы: Бала тандаган кызды ата-энеси жактырбай, үйлөнгөнгө тыюу салып коюшу мүмкүн. Ушундай эле кырдаал кызда да болушу ыктымал. Бул учурда эмне кылуу керек?

Кадыр Маликов: Болочоктогу түгөйүңөрдү ата-энеңер менен тааныштыргандан кийин алардын да насаатына сөзсүз көңүл буруу зарыл. Мисалы ата-энеге бала тууралуу кыз билбей турган айрым маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн. Бул учурда баарылап кеңешүү туура чечим чыгарууга өбөлгө түзөт. Бирок “биз байбыз, алар кедей” деген сыяктуу шылтоолор туура эмес. Ата- энеге адамдык сапаттары, ички дүйнөсү баарынан маанилүү экендигин жумшак тил менен түшүндүрүүгө болот.

Айдай Амангелди кызы: Кыз бала турмуш курууга биринчи өзү сунуш киргизүүгө болобу?

Кадыр Маликов: Бул албетте биздин менталитетке өөн учурашы мүмкүн. Бирок, шарият маселесине келсек, бул жерде анын уяты деле жок. Тактап айтсак, Хадижа энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбызга үйлөнүү тууралуу өзү биринчи сунуш киргизген.

Айдай Амангелди кызы: Эмнегедир коомдо ажырашуулардын саны арбын болууда...

Кадыр Маликов: Бул нерсенин баары сабырсыздыкка барып такалат. Турмуш курган соң биз күтпөгөн түрдүү кырдаалдар жана сыноолор жаралат. Эки тарап тең ачууга алдырбай, убактылуу кыйынчылыктарды сабырдуулук менен жеңиши керек.

Айдай Амангелди кызы: Маегиңиз үчүн рахмат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 май 2019г.
Багымдат
3:23
Күндүн чыгуу
5:30
Бешим
12:59
Аср
18:12
Шам
20:31
Куптан
22:08