Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Талантбек Ерназаров: "Мусулман эместер да адал тамакты тандай башташты”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 8 январь 2019

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө адал индустриясы интенсивдүү жол менен өнүгүүдө. Мунун сыры эмнеде? Адамдар адал тамактын диний көз караштан гана эмес, медициналык жактан да маанилүүлүгүн сезе башташты. Буга маектешибиз Талантбек Ерназаров толугу менен кошулат. “Мен адал тамак адамдын ден соолугуна гана эмес кулк-мүнөзүнө да чоң таасир этерин байкадым”, -дейт ал. Маектешибиз- адал индустриясы жаатында эксперт, 6 жылдан бери дал ушул тармакта иш алып барып келет. Талантбек мырза жакында эле Малайзияга тажрыйба алмашуу сапары менен барып, көп жаңы көрүнүштөргө күбө болгонун айтып берди.

%article_title%
Талантбек Ерназаров

- Ассалам алейкум, Талантбек мырза. Сөзүбүздү Малайзиядагы иш-сапарыңыздан баштасак.

- Малайзияга эл аралык келишимдин негизинде иш сапар менен барып келдим. Башка өлкөнүн тажрыйбасын көргөндө ойлоруң өзгөрүп, жаңы идеялар пайда болот экен. Анын үстүнө Малайзия 1972-жылдан бери адал индустриясына мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп келе жаткан тажрыйбага бай өлкө болуп саналат. Бул жерде тамак-аш эле эмес дары- дармек, боенуучу каражаттар жана башка тармактардын да адалдашуусуна өлкөнүн бардык министрликтери жапатырмак киришип, бири-бирине жардам беришет.

Малайзиянын элдери да “адал” маселесинде “ойгоо” келишет, башкача айтканда, алар адал деген эмне экенин жакшы түшүнүшөт жана ошол нерсени талап кылышат. Бул жерде чоң - чоң соода маркалары, ири бренддер сөзсүз түрдө адал сертификатын алышарын байкадым. Эгер компаниялар адал стандартына туура келбесе, эл алардын продукцияларын албай коюшат.

Иш сапарыбыздын алкагында Филиппин, Лаос, Түштүк Африкадан келгендер менен да пикир алыштык. Мисалы, Филиппинде мусулмандардын саны болгону 5%ды түзөт. Бирок бул өлкөдө адал индустриясынын өнүгүшүнө мамлекет түздөн түз киришет экен. Алар мусулман өлкөлөрүнө азык-түлүк экспорттоого кызыкдар болгондуктан, адал стандартына шайкеш келүүгө аракеттенишет.

Негизи эле, дүйнөлүк картаны карасак, адал продукциясын өндүргөн 75-80% мамлекет мусулман эмес өлкөлөр экен. Албетте, бул факт мени таң калтырбай койгон жок.

null
Малайзиянын элдери да “адал” маселесинде “ойгоо” келишет, башкача айтканда, алар адал деген эмне экенин жакшы түшүнүшөт жана ошол нерсени талап кылышат.

- Сиздин оюңузча, Кыргызстанда “адал” маселесине карата элдин түшүнүгү кандай?

- Бизде, эмнегедир, “адал” деген түшүнүк этке же колбасага гана байланып калган. Биз “суу да адал эмес болушу мүмкүн” дегенибизде элдердин көбү түшүнүшпөй, жаман кабыл алышчу. Азыр акырындап элдин аң-сезимине адал тамак деген нерсе кирип келе жатат окшойт. Элдерге туура маалымат берип, дагы да иштешибиз зарыл.

- Сиз адал индустриясы тармагында жеке компания жана мамлекеттик кызматта да иштедиңиз. Өндүрүүчүлөрдү адал сертификатын алууга чакыруу жана аларды контролдоп турууда кандай кыйынчылыктар жаралат?

- Эң башкы көйгөй деп мен айрым мусулмандардын өзүлөрүнүн так эместигин, сабатсыздыгын жана “боло берет” деген кайдыгер мамилесин айтат элем. Мисалы, сырттан тамактанып калганда, же дүкөндөн эт алганда “адалбы?” деп сурасаң, “ооба, адал, сакалчан байкеден алабыз. Анын атасы молдо” деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Бирок тиешелүү сертификатты көрсөтө алышпайт. Менин айтарым, тамак-аштын адалдыгына дүкөн ээсинин намаз окугандыгы, же сакалчан экендиги далил боло албайт. Адал стандартына жооп бергендигин далилдеген документтин болушу зарыл. Мисалы, биз Жалал-Абадга барып, кафеге кирдик. Ээси “өзүм ажымын” деп тамактардын адал экендигин тастыктады. Бирок текшергенибизде азыктардан арам кошулмалар чыкты. Кыргызстанга кошулмалардын көбү Россия, Кытайдан келет. Өндүрүүчү ал кошулмалардын адал экендигин кантип билмек эле. Ошондуктан, текшертип турган оң.

%article_title%
"Бизде, эмнегедир, “адал” деген түшүнүк этке же колбасага гана байланып калган".

- Биз, кыргыздар, тамак-ашта этке көбүрөөк басым жасайбыз. Эт маселесинде жагдай кандай?

- Кыргызстанда эт маселесинде чоң көйгөй бул – касапканалар. Менимче, бул маселе биз үчүн улуттук трагедия го дейм. Эгер касапканалардын акыбалын өз көзүңүз менен көрсөнүз, 1-2 жума эттен оолак болуп каласыз. Негизи малды союп жатканда аны башка малдар көрбөшү керек, анткени алар чочуп, коркуп калышат. А биздин касапканаларда малдар бири- биринин союлуп жатканын көрүп, угуп эле турушат. Эгерде малда аны соердон алдын коркуу сезими болуп калса, анын этине адамдын ден соолугуна зыян заттар тарап кетет. Мындай этти жеген адамдын да саламаттыгы жакшы болбойт. Бул-бир жагы. Экинчи жери касапканадагы мусулмандар келимени билишпейт, же түшүнүшпөйт. Үчүнчүдөн, мал адал стандартына туура келген таризде багылып, союлса дагы, кийин базарга түшкөндө чочконун эти менен аралашып кеткен учурлар аз эмес. Чочконун эти салынган тачкиге кой, уйдун эти салып сүйрөлсө, ал адал болбой калат. Ал эми Малайзияда мындай эмес: алар малды чөп жегенден баштап дасторконго эт түрүндө келгенге чейинки абалына дейре көзөмөл жүргүзүп, системага коюшкан. Малайзиялык стандарт боюнча малды сойгон касапчыга келимени гана билүү жетиштүү эмес, ал исламдын бардык эрежелерин сактаган мусулман болуш зарыл.

- Адал азык менен гана тамактанууга ислам дини буюрат. Бирок диний жактан гана эмес, медициналык жактан алганда да адал тамактар пайдалуу экени көп эле айтылып келет. Ушуга да токтолсоңуз.

- Байкоо салсак, динде тыюу салынган нерселердин баары ден соолугубузга зыян экен. Ошол сыяктуу арам тамактар дагы. Адамдар арам тамакты канчалык көп жеген сайын ошончолук көп ооруга чалдыгары медициналык жактан деле далилденип келе жатат. Буга мен Малайзияга барганда дагы бир ирет ынандым. Мисалы, Бишкектин көчөлөрүн байкасак, кафе – фаст - фуд – дарыкана - кафе– фаст - фуд – дарыкана. Биз жеп анан дарыланат экенбиз. Ал эми Малайзиянын көчөлөрүнөн мен биздикинчелик көп дарыкананы байкабадым. Адал тамак ден соолукка эле эмес, кулк-мүнөзгө да таасир берерин көрдүм. Малайзиялыктардын кулк-мүнөзү кадимкидей айырмаланып турат. Жайдары, жылмайып жүрүшөт, токтоо жана сабырдуу. Көчөдө, базарларында бири бири менен урушкандарды көргөн жокмун.

null
"Биздин мамлекет агрардык өлкө болгондуктан, адал продукцияны экспорттоого потенциал чоң"

- Адал индустриясын өнүктүрүү менен Кыргызстан дагы кандай ийгиликтерге жете алат деп ойлойсуз?

- Биздин мамлекет агрардык өлкө болгондуктан, адал продукцияны экспорттоого потенциал чоң. Ошол эле эт маселеси. Биздин малдардын эти өзгөчө даамдуу. Казактар: “Силердин этти биз даам берчү кошулма катары колбасаларга кошобуз”,- деп айтып калышат. Мал чарбачылыгыбызды өнүктүрүп, этти Араб Эмираты, Катар, Кувейтке жөнөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Азыр адал тамакка мусулмандар эле эмес, башка ишенимдин өкүлдөрү да кызыкдар экенин байкап жатам. Орус улутундагы таанышым бар. “Ушунуку адал, билем”, -деп тооктун этин ал белгилүү бир сатуучудан гана алат.

- Талантбек мырза, адал индустриясын өнүктүрүүдө Малайзиянын деңгээлине жете алабызбы?

- Ал деңгээлге жетүү үчүн көп иштеш керек. Албетте, каалоо жана аракет болсо эмнеге болбосун. Адал тармагын өнүктүрүүгө эң биринчи кезекте эл кызыкдар болушу керек. Анткени адал ыктыярдуу түрдө талап менен гана келет. Мисалы, Кыргызстан калкынын 80-90% ы мусулмандар дейбиз. Бирок алардын канчасы адалдан тамактанууга көңүл бурушат? Ар кандай кафе, фаст-фуд борборлоруна киргенде “Тамагыңыз адалбы? Сертификатын көрсөтө аласызбы?” деп канчасы сурайт. Эгер өзүбүз аракет кылбасак, өндүрүүчүлөргө адал сертификатынан өтүүнүн эмне кереги бар? Экинчи жагынан, бул тармакты мамлекет өзү колдоп, көмөктөшсө чоң жардам болот. Жогоруда айткандай, Малайзиянын бардык министрликтери адалдын өнүгүшүнө жардам беришет. Өлкөнүн ичине алынып кирген ар бир товардын адалдуулугу сөзсүз текшерүүдөн өтөт. Өзүлөрүнүн чоң, заманбап лабораториясы бар. Биз азыр тамак-аш жагын гана сөз кылдык. Мындан сырткары, фармацевтика, косметикалык каражат сыяктуу башка дагы тармактар бар. Аларды караган эч ким жок. Андыктан, адалга өткүбүз келсе, өзүбүз биринчи адал деген эмне экенин түшүнүп, талап кылганды үйрөнөлү.

- Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!

1 / 4



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов