Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рысбай Исаков, манасчы: "Манас баатыр мусулман болгон"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 20 февраль 2019

Бүгүнкү күндө “Манас” эпосу менен Ислам динин бири-бирине карма-каршы койгон ой-пикирлер айтылып жүрөт. Бул көрүнүштүн жаңылыш экендигин белгилүү манасчы Рысбай Исаков баса белгилейт. Ислам дининин милдеттерин аткарууга аракеттенип, ошол эле учурда Манас айткан кыргыздын жылдызы, бүгүнкү күндүн залкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана манасчы Рысбай Исаков менен ушул темада маектештик.

%article_title%
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана манасчы Рысбай Исаков

- Ассалам алейкум, Рысбай мырза. Бүгүнкү күндө айрым адамдардын Манасты Ислам дининен бөлүп койгон аракетин байкоодобуз. Бул эки баалуулукту бири-бирине карама-каршы коюп жаткандарга сиз кандай карайсыз?

- Валейкум ассалам. Ооба, туура айтасыз. Тилекке каршы, мындай жагымсыз көрүнүштөр да болуп жатат. Азыр биз кыйчалыш, чалкеш, ыйыктарды бири-бирине каршы койгон чалды-куйду заманда жашап жатабыз. Манас менен Исламды каршы коюнун өзү туура эмес. Эң негизги эле себеби, Манас бул - дин эмес. Манасты биздин касиетибиз, кыргыздын куту деп түшүнүшүбүз керек. Минтип айтсак да айрым диндар адамдарыбыз тескери түшүнүп, “ширк келтирди”, “арбакка сыйынып жатат”, “Кудайдын ордуна коюп алды” деп ойлоп алгандары чыгат. Жок, андай эмес. Диндин өзүндө, Куранда ар бир элге өзүнүн ыйыктыгы берилгени айтылган. Биз ушул өңүттө карап, кыргыз элине Жаратканыбыз Манасты элдүүлүгүбүздү сактап калыш үчүн себепкер кылып жөнөткөн деп аңдаганыбыз туура болот. Куран бул - Кудайды таануу үчүн, Анын эрежеси менен жашоо үчүн түшүрүлгөн Ыйык Китеп. Ал эми Манас - элдин тарыхы, улуттун уңгусу, өзөгү.

- Калк арасында “Манас атабыз колдойт!” деген сөздөр, ураандар байма-бай айтылып жүрөт. Муну кандай түшүнсө болот? Колдоого жалгыз Кудай кудуреттүү эмеспи...

- Негизи биз “колдойт, колдобойт” деген сөздүн өзүн туура эмес түшүнүп алганбыз деп ойлойм. Эки башка сөздү бир түшүнүккө алып келип алгандай сезим калтырат. Бул маселе боюнча мен аалымдарыбыз менен жай отуруп сүйлөшөйүн деген жакшы пландарым бар. “Колдоо” деген сөздү биз кандай түшүнөбүз? Күнүмдүк турмушта жөнөкөй адамдарга деле “Мени колдоп койбойсузбу. Бүгүн бир сынакка катышып жаттым эле, колдоп келип коюңуздар” деген сыяктуу сөздөрдү айтабыз, туурабы? Демек, “колдоп кой” деген сөз - бардык жерде айтыла берчү түшүнүк. Ал эми Жалгыз Кудайга, Жаратканга карата айтылчу кыргыздын сөзү бар. Ал - жалгоо түшүнүгү. “Кудай жалгасын” дейбиз. Жалгоочу - жалгыз Жараткан. Ата-бабаларыбыз “этегинен жалга” деп бата беришчү. Бул Кудай жалгап, аман-эсен төрөп ал дегенди түшүндүрөт. Азыркы учурда ошол “жалгоо” менен “колдоо” дегенди айрымалай албай бириктирип салып, түшүнбөстүктөр чыгып жатат. “Колдойт” деген сөз Кудайдын ордуна коюп жаткандагы мааниге келбейт. Ата-бабаларыбыз деле келесоо болгон эмес да. Кыргыздан Калыгул сыяктуу олуяларыбыз, залкар манасчы, акындарыбыз чыккан. Биз аларды “адашып жүргөн” деп аларга акарат келтирбешибиз керек. Алар ар бир сөздүн төркүнүн билип, өз орду менен колдонушкан. Бабаларыбыз эч качан Манасты же башканы Кудайдын ордуна койгон эмес. Манас атабызды дагы, Пайгамбарыбызды (САВ) дагы, 18 миң ааламды жараткан жалгыз Аллах Таала.

null
Жакында эле Рысбай Исаков "Эмгек сиңирген артист" наамын алды

- “Манас” эпосунда, өзгөчө Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагысында Ислам дини өтө көп учурайт экен. Кеп нугун ушул тарапка бурсак.

- Негизи бардык эле манасчылардын варианттарынан Ислам дининин элементтерин байкоого болот. Ал эми Сагымбай Орозбак уулунун вариантында болсо өзгөчө жыш кездешет. Андагы Манастын ар бир казаты диний казат сыяктуу сезилип кеткени бар. Бул нерсени манасчынын өзүнүн көз карашы, ислам динин кармангандыгы менен байланыштырууга болот. Сагымбай атабыз өзү намаз окуган, кат тааныган киши болгон. Анын өзгөчөлүктөрүн айта берсек сөз түгөнбөйт, билбеген нерсеси жоктой туюлат. Сагымбай атабыз Ихлас сүрөсүнүн маанисин минтип ырга салып жатпайбы:

“Туудурду деген ата жок,

Турпатында ката жок.

Тууду деген эне жок,

Туш келишер неме жок.

Өзгө тууган-урук жок,

Өзүнөн бөлөк улук жок”,- дейт.

Бул саптарды өзгөртүүгө мүмкүн эмес, анан кемтиги жок кылып салып жатат.

Дагы бир мисал:

Кудаанын билсең бирлигин,

Кубаттуу болот тирлигиң.

Көрбөй туруп ынанып,

Көңүлдүн чыгар кирлигин.

Багымдат намазы жөнүндө мындай саптар бар:

“2 сүннөт, 2 парз намазын окуп алды эми,

Анан жууду колуну, анан жууду бутуну.

Колун сууга салды эми, кол дааратын алды эми,

Бутун сууга салды эми, бут дааратын алды эми” деген сыяктуу саптар өтө жыш кезигет.

null

- Демек, Манасты мусулман болгон деп айтсак болот турбайбы?

- Эпостун кайсы гана вариантында болбосун Манасты мусулман болгон деп ишеничтүү айта алабыз. Мусулман деген сөз бир Кудайга сыйынуу дегенди билдирет да. Манас атабыз бир Кудайга ишенген, анын Жалгыз экендигине, Бир экендигине ынанган.

- Өзүңүз тууралуу суроо берсем, кандайча Манас айтып калдыңыз?

- Манас айтып калуу бул түш, аян менен байланыштуу. Мен 11-12 жашымда түш көргөм. Түштү бул адамга берилген багыт гана деп түшүнүү керек. Ошол түш менен Манас айтып кеткендер да, айтпай калгандар да болот. Түштөн сырткаркысы адамдын өзүнүн эмгегинен көз каранды. Манасчы болуш - оор милдет, чоң жүк.

Рысбай Исаков орду менен сүйлөгөн тамашакөй адам

- Биз “Манас” эпосунун бир нече варианты бар экенин билебиз. Сиздин да жеке өзүңүздүн вариантыңыз барбы?

- Мен Манастын бардык вариантын окудум, тасмаларын көрдүм. Ушул нерселердин баары акылда калчанып, бир вариант пайда болот деп ойлойм. Кээ бир нерселер түшкө кирет. Кечээ жакында эле чоң казаттын окуясы түшүмө кирди. Укмуш нерселерди көрдүм. Мурда—кийин айта албай жүргөн нерселерим бар эле. Мына ошол нерселерди акылда жууруп анан айтып чыгасың. Кээде айтып жатканда да капыл-тапылдан таптакыр башкача окуялар айтылып калат. Негизи эле манасчынын жан дүйнөсүн, абалын башка бирөөгө, ал эле эмес, башка манасчыга да айтып жеткириш кыйын. Анткени башка манасчынын Манас айтып калуусу таптакыр башкача окуялар менен байланыштуу болушу ыктымал. Өзүмдүн вариантым тууралуу кеп кылсам, азырынча бул тууралуу айтуу эрте деп ойлойм. Албетте, Манасты өз алдынчалуулук менен айтабыз, бирок өзүмдүн вариантым деш үчүн баштан аяк айтып, китебиң, дисктериң чыгып, элге көргөзө турган нерсең болгондон кийин гана “өзүмдүн вариантым бар” деп айтуу туура болот го деп ойлойм.

- Айрым манасчылардын сахнада болсун же башка жердеби, Манас айтып жатып токтоно албай калганына күбө болгонбуз. Сизде да ушундай болобу?

- Жеке мен өзүм абалымды тескей алам. Бул нерсе элирип жүргөн учурда боло турган кубулуш. Бирок кээде муну зоок катары пайдаланып алгандар да жок эмес. Көпчүлүктүн көзүнчө токтоно албай калыптыр деттирип, бирөөсү көтөрүп кетип, бирөөсү суу чачып, айтор мындай көрүнүштөр болот. Менин айтарым, Манастан шоу жасабаш керек.

null
Белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов менен

- Көп берилчү суроо болсо керек, тарыхта Манас ким болгон деген маселенин айланасында бир топ талаш-тартыштар жүрөт. Буга сиздин оюңуз?

- Бул, чынында, татаал суроолордун бири. Манасты тарых барактарынан аңтарып-теңтерип, ар кайсы доорлорго алып барып, бирок, бир доорго келтире албай жатабыз. Жеке пикиримде, Манасты бир доорго батыра албайбыз. Мен да бул маселенин үстүнөн кызыгып, изилдеп көргөм. Эпостон чоң-чоң динозаврларды кезиктирүүгө болот. Мындай десем айрымдары “бул манасчы акылынан тайып кетти” деп да айтышы мүмкүн. Менин айтайын дегеним- Манас ошол доордо пайда болду дегендик эмес. Окумуштуулардын Манасты энциклопедия деп айтканы жөн жерден чыкпаган. Манасты мезгил менен мейкиндиктин ортосундагы болуп өткөн окуяларды сүрөттөп, ошол доордогуну баяндаган маалымат булагы катары карашыбыз керек.

- Манасчылардын арасында сизден башка да Ислам дининин эрежелерин карманып жашагандар барбы?

- Албетте, бар. Манасчылардын арасында намаз окуган жалгыз мен эмесмин. Намаз окубаган да манасчыларыбыз бар. Намаз окубай туруп эле өзүн мусулманмын деп эсептеген манасчыларыбыз бар. Мусулманчылыкка таптакыр каршы чыккан манасчылар да жок эмес. Бүгүнкү кыргыз элинин абалы кандай болсо манасчыларыбыздын да абалы ошондой.

null

- Динге болгон кызыгууңуз качан, кандайча башталды?

- 2011-2012-жылдарда десем болот. Динге болгон кызыгуума көп нерсе түрткү болду. Акыл калчап, ой чайкаган соң ушул жолду тандадым. Чөйрөм дагы өз таасирин тийгизди дей алам. Өзгөчө Шайырбек Абдрахманов деген жигитибизди баса белгилеп айткым келет. Эми мен азыр деле дин жаатында көп нерсени билем дей албайм. Колумдан келишинче, билишимче аракет кылып жүрөм. 5 убак намаз окуйм.

- Теңирчиликти дин катары киргизгиси келгендерге көз карашыңыз кандай?

- “Теңирчилик” же “Теңир” деген диндин болгондугунан маалыматыбыз жок. Кыргыздар Теңир деп Кудайды түшүнгөнүбүз чын. Биз бир эле Теңир деген эмес ар кандай аталыштарды да колдонуп келгенбиз, бирок баарынын мааниси бир. “Теңирчилик бул - дүйнө тааным” деп Чоюн Өмүралиев туура баа берген деп ойлойм. Ал эми бүгүнкү көз карашка келгенде, теңирчиликти дин кылып, ар кимдин өзүнчө эрежелерди киргизип жатканы туура эмес. Дин болуп кириши үчүн аны моюндаган эреже болуусу зарыл. Ал эрежелерди жөн эле ойлоп таап койгон болбойт. Аянды кабылдап, андан соң аны далилдеш керек. Балким бул адамдар жүрөгүндө кыргыз үчүн кызмат кылсак деп, туура иш жасап жатабыз деп ойлоп жаткан болушу мүмкүн. Азыркы тапта теңирчи, динчил болуп, социалдык тармакта бирин бири жектеп жаткандарды көрүп кейийм. Чыныгы мусулман баласы жаман сүйлөбөш керек деп ойлойм. “Адашып жүргөн экенсиң” деп аяп караш керек. Болбосо, түшүндүрүп бергенге аракет кылышы зарыл. Такыр түшүнбөй жаткан болсо, “Кудай жолуна салсын” деп, көңүл бурбай, жайына коюш керек.

- Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

1 / 4



Башка макалалар
Курандын маанисин ыр түрүндө которгон кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Курандын маанисин ыр түрүндө которгон кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков
Маек төр / 2 октябрь 2019 / Айдай Амангелди кызы
Бүгүн – Ашура. Бул кандай күн? Бүгүн – Ашура. Бул кандай күн?
Билүү керек / 9 сентябрь 2019 / "Умма" журналы
Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат
Билүү керек / 1 октябрь 2019 / Айкөл Болотбекова, кыргызчалаган - Айдай Амангелди кызы
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 октябрь 2019г.
Багымдат
5:48
Күндүн чыгуу
7:23
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:14
Куптан
19:45