Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түрктөрдүн Ибн Синасы атка конгон элдик дарыгер Исмаил Акбыйыктан 10 кеңеш

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 апрель 2019

Интернеттеги жарыялардын биринен Бишкекке “Түрктөрдүн Ибн Синасы (Авиценна) келет” деген жарыяны окуп, абдан кызыгып калдым. Көпчүлүгүнө маалым болгондой, Ибн Сина - орто кылымдагы улуу дарыгер, медицинанын атасы саналган Гиппократтын шакирти.

Кулагыма кылт дей түшкөн бул жарыя түрктөрдүн Ибн Синасын издөөгө түрттү. Анын жардамчысы болгон Акылбек байкеге байланышка чыгып, интервью алгым келерин айттым. Акылбек мырза менин сунушумду жакшы кабыл алып, жолугушуу уюштуруп берди.

%article_title%
Исмайил Акбыйык

"Дары жасоодо Ибн Синанын формулаларын пайдаланам"

Канчалаган адамдарды айыктырып, алар үчүн бүгүнкү күндүн Ибн Синасына айланган элдик дарыгер - Исмайил Акбыйык аттуу 70 жаштагы карыя экен. Исмайил атанын бул куракка келип калганына карабай ылдам кыймылдаган шамдагайлыгы мени аны менен кененирээк маектешүүгө болгон кызыгуумду дагы да арттырды. Ошентип, 3 саатка чукул ден соолук темасында сүйлөштүк. Биздин маекке Акылбек мырза чоң көмөк көрсөттү. Бул интервью окурмандарыбызга пайдалуу болот деген үмүттөбүз.

- Ассалам алейкум, Исмайил ата. Бишкекке кош келдиңиз. Өз өлкөңүздө эмне үчүн сизди Ибн Сина деп айтышат?

- Менин медициналык билимим жок. Бирок медицинага болгон шык-жөндөмүм, кызыгуум чоң. Буга жашоомдогу түрдүү кыйынчылыктар да себеп болду. 15 жылдан ашык убакыттан бери табыпчылык менен алектенип, элдерди дарылап келем. Табигый дары чөптөрдөн түрдүү дарыларды жасайм. Ал үчүн Ибн Сина жана аны менен замандаш болгон ислам ааламындагы улуу дарыгерлер, саламаттыкты сактоо жаатында из калтырган дүйнөдөгү мыкты доктурлардын эмгектерин жана дарылоо ыкмаларын колдоном. Айрыкча, Ибн Синанын формулаларын пайдаланам. Ошондуктан, мага ыраазы болгон бейтаптарым мени азыркы күндүн Ибн Синасы деп коюшса керек.

- Кыргызстанга кайсы ооруларды дарылоо үчүн келдиңиз?

- Бул жерге кыргыз тааныштарымдын суранычы менен эркектердин простатит оорусун (ички жыныс бездин сезгениши) дарылоо үчүн келдим. Көбүнчө абышкаларды карайм деп ойлогом. Бирок мага келгендердин көбү жаштар болуп жатышат. Көбүндө бул оору өнөкөт түрүнө айланып кетиптир.

- Анын себеби эмнеде?

- Себеби Кыргызстандын климатынын өзгөчөлүгүндө, суук аба-ырайы таасир этет. Эркектер бутун жылуу алып жүрүшү керек. Негизи, бир эле оору ар башка өлкөдө ар кандай түрдө болушу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандагы простатит менен Түркиядагы простатиттин айрымасы бар. Мен бул жакка келгенден бери кардарлар көп келип жатышат. Кудайга шүгүр, дарыларым жардам берип жатат, абдан жакшы жылыштар бар. Бирок Кыргызстанга ылайыкташтырып дарыларымды дагы да жакшыртсам болот экен. Натыйжасы, буюрса, мындан да сонун болот.

%article_title%
"Мен жасаган дарылар ички органдарга, тери, жыныс ооруларына жардам берет"

"Эгер бир органдын иштөөсү бузулса бүтүндөй организмге залакасы тиерин унутпашыбыз керек"

- Айтышыңызга караганда, дарыларды өзүңүз жеке рецептиңиз менен иштеп чыгат экенсиз. Канчаны жасаганга үлгүрдүңүз?

- 10 дон ашык. Ал эми капсула түрүндөгү дарылардын 40тан ашык түрүн жасадым. Дарыларым Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектерди каттоо департаментинин каттоосунан өткөн.

- Негизи сиздин дарылар кайсы ооруларга даба?

- Ички органдарга, тери, жыныс ооруларына жардам берет. Мындан тышкары, укалоо (массаж) жолу менен да дарылайм.

- Алгачкы жасаган дарыңыз эсиңиздеби?

- Албетте, эсимде. Мен табыпчылыкка баш-отум менен кирише электе курулуш тармагында иштеп жүрдүм. Ошентип, Африкага барып калдым. Африкада элдер түрдүү дарттар менен ооруганын көрдүм. Жергиликтүү эл чөптөр менен дарыларды жасаганга аракеттенишет. Мен алар менен бирге изилдеп, жергиликтүү элдин тилинде “афса” деп аталган өсүмдүктөн аялдардын жыныс оорусун айыктыруучу дары иштеп чыктым. Бул- менин тунгуч табылгам. Дары фирмамдын аталышы Афсанил да ошол “афса” деген чөптүн атынан алынган. Дарымдын дабасы көбүнө тийсин, өмүрү Нил дарыясындай узун болсун деген тилекте “Афсанил” деп койгом.

- Изилдөө, дары жасоо процессинен кеп салып берсеңиз...

- Жогоруда айтканымдай, дүйнөдөгү улуу дарыгерлердин эмгектерин окуп, изилдеп чыгам. Дарылардын формулалары ар кандай, чаржайыт болушу мүмкүн. Мен алардын эң таасирдүүлөрүн, туруктуу айыктыра тургандарын тандайм. Өзгөчө, Ибн Синанын формулаларын колдоном. Мисалы, ич ооруга Ибн Сина 100дөн ашык формуланы берген. Мен алардын ар бирин изилдеп, эң күчтүүсүн алганга аракеттенем. Андан соң аны ишке ашыруунун үстүнөн иштеп баштайм. Дары даяр болгондон кийин алгач сөзсүз түрдө өзүмө, же жакындарыма берип, байкап көрөм. Бир жолу чөптүн уругунан дары жасап, өлчөмүн көбүрөөк кошуп алыпмын. Өзүм ичип көргөм да, башым айланып, өлүп кала жаздагам (күлүп). Ошентип, анын өлчөмүн улам азайтып отуруп, керектүү граммга жеткирдим. Туура өлчөмдө анын дарылык касиети болот, эгер ашык болуп кетсе ден соолукка зыянын берет. Дары жасоо бул өтө жоопкерчиликтүү иш, чоң эмгекти жана талыкпай изденүүнү талап кылат.

- Оорубаш үчүн эмне кылуу керек?

- Албетте, оору да бул – Аллахтын сыноосу. Бирок биз себептерди жасоо менен аны алдын алып айыктырсак болот. Азыр көпчүлүгү өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, алдын алуу иштерин жасашпайт. Ооруп калган соң гана чуркап башташат. Эгер бир органдын иштөөсү бузулса бүтүндөй организмге залакасы тиерин унутпашыбыз керек. Андыктан, дарылоо да комплекстүү болуусу кажет. Мисалы, ашказандын жакшы иштебегени башка органдарга күч келтирет. Мисалы, жоон ичегилердин иштөөсүн басаңдатат. Андан ары барып ал заңдын чыгышын кыйындатат. Бул болсо геморройго алып келет. Бөйрөктөгү кум - таш зааранын айлануусун начарлатып, бул нерсе простатиттин өтүшүп кетишине түрткү болот. Ошондуктан, биз ооруну алдын алып, организмдин бир калыптагы системасын бузбай, тескерисинче, жардам беришибиз керек. Булар – эң жөнөкөй эле нерселер. Туура уйку, туура тамактануу, таманды жылуу кармоо, таза абада көбүрөөк сейилдөө, өтө көп ойлонуп кыжаалат боло бербөө, руханий абалыбызды азыктандырып, ички гармонияда болуу.

null
Үй-бүлөбүздөн ооругандар көп болду. Булардын баары мени саламаттыкты сактоо тармагын тереңден изилдөөгө түрттү

"Жаш кезимде катуу ооруп калып, мени өлөт деп ооруканадан чыгарып кетишкен"

- Медицинага болгон кызыгууңузга жашоодогу кыйынчылыктар да түрткү болгонун айттыңыз...

- Ооба, мен жана биздин үй-бүлө ден соолук менен жакшы эле сыналдык. Жаш кезде, курулуш тармагында иштеп жүргөндө Ливиядан буйрутма алып, ошол жерге иштегени кеттик. Ал жакка барганыма бир күн боло элек жатып катуу ооруп калдым. Дене табым 41 градуска чейин көтөрүлүп, кан келип баштады. Бөйрөктөрүм сезгениптир. Жанымда туугандарым бар эле. Мени баары өлөт деп чыгарып, Түркияга алып кетишти. Түркиядан дарыгерлер күнүнө 3төн антибиотик ийне сайып жатышты. Ошондо 1 жылдын ичинде 1000ден ашык антибиотик алыпмын. Эгер азыркыдай билимим болсо, ошончолук азап тартпай 3 жумада эле айыгып чыкмак экенмин. Мындан тышкары, кызым да көкүрөк рагынан каза болду. Узакка созулган дарылоодон кийин да айыкпай койду. Ошол жылдары бизде медицина жакшы өнүгө элек экен. Үй-бүлөбүздөн ооругандар көп болду. Булардын баары мени саламаттыкты сактоо тармагын тереңден изилдөөгө түрттү.

Балдарым өсүп жетилип, курулуш инженериясы боюнча билим алып, ишти алып кеткен соң өзүмдү медицина тармагына байладым.Аркы бөлмөдө байбичем уктап жатса, берки бөлмөдө мен жарыкты жандырып алып, түнү бою китеп окуп чыкчумун. Албетте, ортодо бири-бирибизди түшүнбөй урушкан күндөр да болду (күлүп). Бирок азыр ошонун натыйжасын көрүп жатабыз. Кээде уулум: “Ата, дүнүйөгө болгон иштериңизди токтотуңуз. Эс алыңыз, сизди толугу менен өзүбүз карайбыз”,- деп айтып калат. Бирок, бул иш өзүмө жагат. Максатым деле акча таап, бизнес кылуу эмес, элге пайда келтиргим келет.

null
"Менин кеңешим - Ашыкча ойго батып, сарсанаа боло бербеңиз. Аллах Таалага тобокел кылууну үйрөнүңүз"

"Жан дүйнөнүн оорусу сырткы денеге чыгат"

- Окурмандарыбызга ден соолукта болуудагы пайдалуу кеңештериңизди айтсаңыз...

- 1) Эң башкысы эмне жеп-ичип жатканыңызга көңүл буруңуз. Тамакты өлчөмү менен, азыраак жегенге аракеттениңиз. Өзгөчө кечинде өтө аз жеңиз;

2) Жылуу суудан көбүрөөк ичиңиз;

3) Кыргызстандын балы сонун, дарылык касиеттери укмуш. Андыктан, бал колдонуңуз;

4) Бутуңузду жана башыңызды жылуу кармаңыз;

5) Туздуу суу менен денени жууп туруу денедеги микробдорду кетирет. Жумасына 1-2 ирет кайталасаңыз жетиштүү, 1 чака сууга 2 кашык туз салынат;

6) Дагы бир жакшы рецепт: бир баш пиязды кабыгы менен жууп келип, башын түбүнөн кесип саласыз дагы кабыгы менен кайнасыз (болжол менен 2 чыныдай сууга). Андан соң үстүнө 1 лимонду сыгып туруп ичсеңиз, ал өтө пайдалуу. Бул процедураны жумасына 1-2 жолу кайталап турсаңыз организмдеги таштардын баары кетет. Негизи эле пияздын 84 ооруга дабасы бар. Алардын ичинде балалуу боло албай жаткан аялдар үчүн да өтө пайдалуу.

7) Лимондун ширеси менен бетиңизди сүртсөңүз тунартып, жумшартат. Лимонго зайтун майын да кошсо болот;

8) Ашыкча ойго батып, сарсанаа боло бербеңиз. Аллах Таалага тобокел кылууну үйрөнүңүз;

9) Кыжырланып, жиниңизди келтирбеңиз. Кыжырланып, нерв болгондо ооз жагыңыз тырышып, тиштер кычырайт. Нерв бүткүл денени бийлеп алганда адамда өсүү болбойт. Артка кетесиз, дагы башка оорулар чыгат. Кыжырлануудан алыс болуп, сабырдуулукту сактоо бул - аң-сезим маселеси. Аллах Таала адамды бул ааламдын үстүндө басып жүрсүн деп жараткан. Ал эми адамзат жердин үстүндө ээн-эркин басып, топук кылуу менен жашабай, бул дүйнөнүн бүткүл түйшүгүн жонуна үйүп алды. Ошол түйшүк менен адам эзилген бойдон жашап келе жатат. Дүйнөнүн жүгүн Аллах Таала менен бөлүшүүнү, Ага тобокел кылууну да үйрөнүү керек. Пенденин ырыскысы бир күнү аз, бир күнү көп болушу мүмкүн. Ачкөздүктү токтотуп, шүгүр кылууну билели. Бул да – ден соолуктун булагы.

10) Жан дүйнөнүн оорусу сыртка чагылып чыгарын унутпайлы. Ошондуктан, жан дүйнөнү да ыпылас нерселерден тазалап, аны Жаратканга болгон сүйүү менен сугарып туруу абзел.

- Маегиңизге чоң рахмат! Мындан ары да албан ийгиликтерди каалайбыз!

%article_title%
Исмайил Акбыйык жана жардамчысы Акылбек мырза

Түрктөрдүн Ибн Синасы Исмаил Акбыйык көп убакыт Кыргызстанда болот. Аны менен байланышкыңыз келсе 0777 881 122 (Акылбек) номерине чалыңыз. Дарыларды сатып алуу үчүн да 0777 881 122 (Акылбек) номерине байланышыңыз

1 / 4



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 июль 2019г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:41
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:39
Куптан
22:15
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов