Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

8 жана 9 жаштагы ага-ини Куран жарышында финалга чыкты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 12 апрель 2019

9 жана 8 жаштагы бир туугандар Махмануров Мухаммад менен Махмануров Ахмад Курандын 10 парасын жатка билет. Алар Кыргызстандагы Республикалык Курани Карим жарышында биринчи жана үчүнчү орунду алышты. Бул тууралуу аталган жарышта калыстар тобунун мүчөсү болгон Асылбек кары Таштемиров билдирди.

null

Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан тандап алуу турунан ийгиликтүү өткөн бир туугандар эми финалдык жарышка аттанышат.

Биз балдардын атасы Абдумажит мырзага байланышка чыктык.

Абдумажит мырзанын 6 баласы бар. Мухаммад менен Ахмад - улуу балдары. Мухаммад 9 жашта болсо, Ахмад 8 жашта. Абдумажит мырза балдарын кичинесинен эле диний тарбия менен чоңойтуп, аларды эркелетип “кары”, “карыке” деп койчу. Ал келечекте балдарынын Аллахтын сөзү болгон Ыйык Куран китебин билип, маанисин терең түшүнүп, ага амал кылып жашаган уулдардан болуусун каалайт.

null

Учурда 3-класста окуп жаткан Мухаммад Курандын 17 парасын жатка айтса, 2-класстагы Ахмад 13 парасын билет. Алар буга бир жарым жылдын ичинде жетишишти. Балдар мектепте да жакшы окушарын атасы бизге айтып берди.

“Негизи балдарга кичинесинен Куран жаттатканга аракет кылса, алардын тарбиясына, интеллектуалдык деңгээлине да чоң таасир тийгизет. Кудайга шүгүр, уулдарым мектепте алдыңкы окуучулардан. Балдарыбызга кичинесинен эле оозеки түрдө ар кандай дуаларды үйрөтүп, жаттатчубуз. Азыр алар үйгө киргенде, тамак ичерде, уктарда жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди дуа менен баштаганды үйрөнүп алышты. Андан соң биз аларды жакшы устазга Куран жаттатуу үчүн бердик”, - дейт Абдумажит мырза.

Ата үчүн баланын ар бир жетишкендиги – чоң сыймык. Абдумажит мырзанын айтымында, атанын балага болгон дуасы - күчтүү. Андыктан, балдарынын Куранды билип, диний жолдо чоңоюшуна, биринчи кезекте, ата көп-көп дуа кылышы керек. Андан сырткары, балдарга мотивация берип, кызыктырып туруу да маанилүү.

null

“Биз конкурска катышып жатканда максатыбызды утушубуз керек деп койгон эмеспиз. Мен бул конкурс балдарыма мындан ары да аракеттенүүлөрү үчүн мотивация болуусун кааладым. Албетте, алардын орун алып калышы биз үчүн жакшы жаңылык болду. Бирок мен ага чейин деле өзүм белек даярдап, устаздарга берип коеюн дегем. Алар өзүлөрүнүн атынан деп берип, балдарыбызга мотивация берип коюшсун деген тилегим бар болчу. Бирок уулдарым минтип бизди кубантып, тандап алуу турунан өтүп, финалга жолдомо алып жатышат. Албетте, мен абдан кубанычтамын”, -деди ал.

Белгилей кетсек, салтка айланган IX Республикалык Куран жарышынын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан тандап алуу туру “Абу Бакр ас-Сыддык Мусахан-төрө” атындагы мечитинде өтүп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана "Адеп Башаты" коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулду. Быйылкы жарыш атактуу Атабаев Зиябидин карынын жаркын элесине арналганын уюштуруучулар белгилешет.

1 / 10



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 июль 2019г.
Багымдат
3:33
Күндүн чыгуу
5:39
Бешим
13:08
Аср
18:22
Шам
20:41
Куптан
22:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов