Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

18 жаштагы хафиз Абдулло: "Келечекте балдар дарыгери болгум келет"

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 15 июль 2019

Каарманыбыз өзүнүн жаш экендигине карабай, улуу-кичүүгө үлгү болорлук сапаты бар. Талыкпаган эмгек жана тырышчаактыгы менен билим алган Абдулло Закиров 18 жашында Куранды толук жатка айтат. Ал эл аралык Куран жаттоо жарыштарында Кыргызстандын желегин желбиретип, алдыңкы орундарды алып жүрөт. Ал эми быйыл Кыргызстанда өткөн Республикалык Курани Карим жарышында Абдулло Закиров 300гө чукул катышуучунун ичинен суурулуп чыгып, баш байгени утуп алды.Келечекте жаш балдар дарыгери болууну самаган хафиз менен маектештик.

null

- Ассалам алейкум, Абдулло мырза. Бул жылкы республикалык масштабдагы жарышта жеңип чыкканыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Алгачкы эле суроо, Куранды толугу менен жаттоого ким түрткү болду?

- Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Куранды жаттоого ата-энем түрткү болду. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Ата-энебиз биздин динибизге болгон кызыгуубузга, Куранды өздөштүрүүбүзгө чоң колдоо көрсөтүшөт. Үй-бүлөдө байкем экөөбүз Куранды толугу менен жатка айтабыз. Байкем 2017-жылы Республикалык Куран жарышта биринчи орунду алган. Мен буга чейин 20 парадан алып жүрчүмүн.

- Куранды канча жаштан баштап үйрөнүүгө кириштиңиз?

- 8 жашымда медресеге барып, сабактарга катыша баштадым. 14 жашымда, 7-класста медресени аяктап, Куранды толугу менен жаттап бүттүм. Бул мезгилде мектепке да баргандыктан, медреседеги бардык сабактарга катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 8-класстан баштап параллелдүү түрдө Арашандагы “Абдулла бин Аббас” атындагы медреседе окуумду уланттым. Бул жерден тажвид, эрежелер, Куранды кооз окууну үйрөндүм. 1 жылдан кийин ижаза алдым. Мындан тышкары, араб тилин да өздөштүрүп жатам. Аябай жакшы билбесем да түшүнөм.

null

- Демек, Куранды мектеп босогосун аттаган мезгилден баштап үйрөнүпсүз. Мектеп менен медресени айкалыштырып кетүү оор болгон жокбу?

- Андай деле чоң оорчулукту сезген жокмун. Болгону, медреседеги башка сабактарга толугу менен катыша албай калдым. Ата-энем, бир туугандарым, мугалимдерим мага ишеним көрсөтүп колдоп жатышты. “Сенин колуңдан келет, аракет кыла бер”, -деп мени шыктандырышты. Эжелерим сабактан келгенимде, атайын убакыт бөлүп, мага Куран жаттатышар эле. Бул нерсе дагы чоң жардам берди.

null

- Сиз эл аралык деңгээлдеги Куран жаттоо жарыштарына катышып жүрөсүз. Кайсы өлкөлөргө бардыңыз?

- Бахрейнге дүйнөлүк конкурска барып келгем. Бирок канчанчы орунду алганым айтылган эмес. Былтыр Рамазан айында Дубайдагы жарышка экзамен тапшырып, өтүп кетим. Ал жакта 100 мамлекеттин ичинен 29-орунду алдым.Индонезияга да барып 4-орунду алгам.

- МашаАллах! Эл аралык жарыштар Кыргызстандагыдан эмнеси менен айрымаланат экен?

- Айрымалар, албетте, болот. Эл аралык деңгээлдеги жарыштардын талаптары бийик. Мындан сырткары, жаш өзгөчөлүктөрү боюнча да айрымалар бар. Мисалы, Кыргызстанда Республикалык Курани Карим жарыштарына 25 жашка чейинкилер гана катыша алат. Ал эми Дубайда болсо чектөө жок экен. Эң башкысы, дүйнөлүк деңгээлдеги жарыштардан көп тажрыйба алам. Жаңы адамдар менен таанышам, досторду табам дегендей. Эстен кеткис сонун күндөр болот. - Абдулло, быйыл мектепти да аяктадыңыз. Кайсы кесипти тандайын деп жатасыз?

- Буюрса, медициналык академияга тапшырайын деген оюм бар. Кичинекей балдардын саламаттыгына кам көргөн дарыгер болгум келет. Мектепте да биология, химия сабактарын жакшы көрүп окуйт элем. Бул чечимимди ата-энем да колдоп, кубатташты.

- Ата-энеңиз да доктур окшойт?

- Жок. Апам үй кожойкеси, атам мал доктуру.

null

- Куранды жатка билүү сизге кандай сезимдерди берет?

- Аллахтын Сөзүн жатка билүү - бул чоң сыймык. Андыктан, мен абдан бактылуумун. Куран туура жолду көрсөтөт, адамзатты илим-билим, прогресске жетелейт, бийик руханий баалуулуктарды тартуулайт. Ошондой эле, Куран жаттоо адамдын эс-тутумун ушунчалык машыктырып, ой жүгүртүүсүн тездетет. Куранды түшүнүп жана ага амал кылып жашаган адам 2 дүйнө бактылуулугуна ээ болот. Мен Курандын тафсирин (түшүндүрмө котормосун) окубагандыктан, бардык аяттарды түшүнө бербейм. Ошентсе да, Куран ушунчалык жүрөгүмө жакын. Буюрса, келечекте Куран тафсирин да майын чыгара өздөштүрүүнү каалайм.

- Куран жаттап, келечекте дүйнөлүк деңгээлеги жарыштарга катышууну каалагандарга кандай кеңеш бермек элеңиз?

- Куран жаттоодо, эң биринчи, ниетти туура коюу керек. Анан окууга киришкенде айрымдары тез үйрөнөт, башкалар кыйналышы мүмкүн. Ошол кыйынчылыктарда “менин колумдан келбейт экен” деп таштап койбой, аракет кыла берүү маанилүү. Аллахка дуба кылып, жеңилдик берүүсүн сураныш керек. Анан ар бир жаңы теманы майын чыгара окуганга аракеттенүү зарыл.Үндү туура чыгара билүү да өтө маанилүү. Бардыгы жакшы болуп туруп, үнүң жакшы чыкпай калса жеңишке жете албайсың.Калыстар тобу ушунун баарын карайт.Кээде, сүрдөгөнүңдөн же көз тийгенде да айта албай калышың ыктымал.Аябай жакшы даярданып келип да айта албай калган учурлар болот.

- Сиз жарыштарга чыкканда сүрдөйсүзбү?

- Эмнегедир, менде катуу толкунданып, сүрдөө сезими жок. Медреседе мугалимдер жаттаган аяттарды бири-бирибизге айттырып текшертет. Эл алдында сүрдөбөө боюнча да пайдалуу кеп-кеңештерин беришет. Мунун баарын акылыма түйүп, өзүмдү психологиялык жактан даярдаганга аракеттенем. Анан, албетте, Аллах Тааладан жардам сурайм.

- Маегиңизге чоң рахмат! Ийгилик каалайбыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Балдарды мектепке даярдоо боюнча ата-энелерге 22 кеңеш Балдарды мектепке даярдоо боюнча ата-энелерге 22 кеңеш
Билүү керек / 27 август 2019 / Айдай Амангелди кызы
Калпычылык ден-соолукту талкалайт. 8 факт Калпычылык ден-соолукту талкалайт. 8 факт
Билүү керек / 4 октябрь 2019 / "Умма" журналы
Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат
Билүү керек / 1 октябрь 2019 / Айкөл Болотбекова, кыргызчалаган - Айдай Амангелди кызы
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:20
Күндүн чыгуу
07:59
Бешим
12:47
Аср
15:53
Шам
17:40
Куптан
18:55