Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

4 жумада бизнесин ачкан студент Алтынбек: "Чүкөнү бренд кылгым келет"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 18 июль 2019

Сиз 4 жуманын ичинде жеке ишкердигиңизди баштай алмак белеңиз? Маектешибиз Алтынбек, карапайым үй-бүлөнүн уулу, 3-курстун студенти 4 жуманын ичинде жеке ишкердигин баштап, азыркы тапта анын үстүнөн кызуу иш алып барып жаткан кези.

Маегибиздин башын Алтынбек өзүн “Кочкордун тоосунда кой кайтарып жүрүп ойгонгон Роберт Кийосаки” деп жылмаюу менен баштап берди. Алдыда муну кененирээк чечмелейбиз.

null

Алтынбектин 10-класска чейин алдыга койгон так максаты болгон эмес. Анан калса, ал мектепте ортодон төмөн окуган балдардын катарына кирчү. Жогорку окуу жайына тапшыруу оюнда да жок болчу. Алтынбек университетке окуш үчүн сабакты мыкты билүү зарыл же бай үй-бүлөнүн баласы болуу керек деп эсептечү. Ал өзүн бул 2 топтун биринен да көрө албагандыктан аны келечекке бийик максат коюу деген нерселер анчейин түйшөлтчү эмес. Бирок, жашоодо биз такыр күтпөгөн себептердин аркасында чоң бурулуштар болуп кетет тура. 4 жуманын ичинде жеке ишкерлигин баштап кеткен маектешибиз Алтынбек мына ушулар тууралуу биз менен ой бөлүштү.

- Ассалам алейкум, Алтынбек. Биз сиз менен бизнесиңизди баштай электе эле таанышканбыз. 10 күндөн соң “мен жеке ишкердигимди баштап жатам” деп, жакшы жаңылыгыңыз менен келип калдыңыз..?

- Валейкум ассалам. Ооба (жылмайып). Мен айылдан шаарга келе жатканда эле өзүмө так максат коюп койгом. Ал шаардан өз бизнесимди ачуу болгон. Ишти баштоого ушул умтулуу түрткү болду окшойт.

null
"Бир китеп жашоомо чоң бурулуш жасады"

- Буга чейин сиз өзүңүз тууралуу “максатсыз жүргөн бала элем” деп айткансыз. Оюңуздун өзгөрүшүнө ким же эмне себеп болду?

- Туура, окуучулук кезде сабактарга анчалык кызыкпагандыктан жакшы деле окучу эмесмин. Мындан улам, университетте окуу тууралуу пландарым болгон эмес. Бирок бир китеп жашоомо чоң бурулуш жасады. Кыштын кычыраган күндөрү. Тоодо туугандарыбыздын коюн кайтарып жүрдүм. Бир күнү атам борборго кетип, ал жактан 2 китеп ала келиптир. Алардын бири Роберт Кийосакинин “Акча агымынын квадранты” деген китеп экен. Мен аны чоң берилүү менен окуй баштадым. Дал ушул китептен адамдардын 4 секторго бөлүнүшү тууралуу түшүнүк алдым. Алар - жумушчу, өзүнө иштеген адам, бизнесмен жана инвестор. Иштин көзүн таап, өз системасын кура алган адамдар коомго көбүрөөк пайда келтирип, өзү жана үй-бүлөсү үчүн көбүрөөк убакыт бөлө аларын түшүндүм. Мындан сырткары, бул китептен дүйнө атактуулары, өз ишинин профессионалдары болгон Лев Толстой, Томас Эдисон сыяктуу адамдар мектепте начар окуганын билдим. Ошондо кадимкидей сүйүнүп кеттим. “Менде деле потенциал бар турбайбы, мен да чоң иш жасасам болот экен да” деген мотивация пайда болду. Өзүмө миллиардер болуу деген чоң максат койдум. Ошол мүнөттөн баштап аракетке кириштим. Китептерди окуй баштадым. “Алтынбек, сен сөзсүз жогорку окуу жайына тапшырышың керек” деп убада бердим. Ал үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алышым керек эле. Андыктан, мен тапшыра турган сабактардын суроолорун жаттай баштадым.

- Канча алдыңыз анан?

- 150 балл алдым. Биздин айылда эң эле жогорку упай алган мен болдум (күлүп). “Бул окубай жүргөн бала кантип жогорку балл алды?” деп көбү таң калды. Менимче, чын жүрөгүмдөн аракеттенгеним анан кроссвордду көп толтурганым мага жардам берди окшойт (күлүп).

null
"“Бул окубай жүргөн бала кантип жогорку балл алды?” деп көбү таң калды"

- Өзүңүз ушундай жакшы жыйынтыкка жетишериңизге ишендиңиз беле?

- Чынын айтсам, мен үчүн 150 балл аз болчу. Мындан да жогорку упайды көрсөтөм деп ишенгем. Тестке кире электе эле “Алтын сертификатты алганга кандай костюм кийип барам” деп ойлончумун. Негизи, ийгиликке жетише элек болсоң да өзүңдү ага жеткендей элестетип, визуалдаштыруу керектигин бир топ китептерден окугам.

- Ушу тапта Кыргызстандагы эң алдыңкы университеттердин биринде, журналистика багытында билим алып жатыпсыз. Демек, келечекте журналист болгуңуз келет экен да?

- Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүндө окуйм. Ачыгын айтканда, факультетти анчейин ойлонбостон жөн эле тандап койгом. Бирок кийин окуп баштаганда медиа тармагына болгон кызыгуум улам күчөп жатат. Буюрса, келечекте медиамагнат болгум келет.

null
"Негизи, ийгиликке жетише элек болсоң да өзүңдү ага жеткендей элестетип, визуалдаштыруу керектигин бир топ китептерден окугам"

- Бали, дымагыңыз күчтүү экен. Бул темага кайрадан кайтып келебиз. Азыр жаңы баштаган ишкерчилигиңиз тууралуу сөз кылсак.

- Негизи табиятым ишкерчиликке жакын болушу керек. Университетте окуп баштаган күндөн тарта эле кошумча акча табуу үчүн жумуш издеп, окуу жайдын ашканасында сатуучуларга жардамчы болуп ишке орношуп алдым. Ал арада бизнес курста окуп, анын аркасында өзүнүн гүл саткан дүкөнүн ачкан таежем: “Сен да ишкерчиликке кызыгасың го, мен барган курстан окуп көрбөйсүңбү, акчасын төлөп берейин” деп сунуштап калды. Ал курстан да окудум, бирок, тилекке каршы, университеттеги сабактарыма жетишпей жатып аягына чыкпай калдым. Ошол жылдары корей байпактары жаңы чыгып жаткан. Мен аларды дүңүнөн сатып алып, кайра жатаканадагы балдарга сатып жүрдүм. Каникулда болсо Түркияга барып иштеп келдим. Идиш жуудум, пицца жасагандарга жардамчы, официант болуп иштедим. Айтор, өзүмдү издегенге аракеттендим.

- Андан ары эмне болду?

- Ошентип, бул жылы Бишкекте чет жакта иштеп мигрант болуп келгендерге ишкерчиликти үйрөтүү, өзүнүн мекенине көнүп, коом менен адаптация болуусуна багытталган “Мигрант ишкер” деген бизнес-долбоор ачылганын уктум. Мен да өз кезегинде чет жакта иштеп, өз ордумду таба албай жүргөн элем. Долбоорго катышып көрүүнү чечтим. Бул мектеп бизге көп нерсени үйрөттү. Долбоордун алкагында биз кандай бизнес ачарыбыз тууралуу ойлонуп, аны ишке ашыруубуз керек эле.Бизге сабак бергендер 40 хобби жаздырды. Ошол хоббилердин арасынан пайда алып келе турганын тандап, аны бизнес ачууда пайдубал катары колдоно алат экенбиз. Мен хоббилерим тууралуу ойлонуп, чүкөнү эстеп кеттим. Анткени бала кезимде чүкө ойногонду абдан жакшы көрчүмүн. Чүкөгө байланыштуу идеяны өркүндөтүшүм керек дедим өзүмө.

null
"Бала кезде чүкө ойногонго аябай кызыкчумун"

- Анан эмнеден баштадыңыз?

- Продукцияны жасап көрөйүн дедим. Алгач үй-бүлөм, туугандар, дос-тааныштардан чүкө чогулта баштадым. Чогулган чүкөлөр ар кандай болду. Май, кир. Баарын чогултуп келип, мискейге салып, кайнатып, жумшартып, ар бирин өзүм тазалап, самын менен жууп чыктым. Түнү менен чүкө тазалаган күндөрүм болду (күлүп). Апам тикмечи болуп иштейт. Ал так ушул мезгилде жумуштары менен шаарга келип калды. Ага өзүмдүн идеямды айтып берсем, “Жакшы ишти баштапсың, бул эмгегиң менен чүкөнү да барктуу кылат турбайсыңбы” деп мени колдоду. Апама чүкөнү салганга эко-баштыкчаларды тигүү керек экенин айтып, кызматташууга чакырдым (күлүп). Апам атайын айылдан кийим тиккен машинасын алдырды. Ош базарына барып, кездемени өзүм тандап сатып алып келдим. Ошентип, баштыкчаларды тигип, ар бирине 9дан чүкө салдым.

null
"Апам “жакшы ишти баштапсың, бул эмгегиң менен чүкөнү да барктуу кылат турбайсыңбы” деп мени колдоду"

- Кардарларды табуу оңой эле болдубу?

- Кардар издөө дагы чоң жумуш экен. Тааныштарың көп болсо жакшы болчудай. Ар дайым сумкама чүкөлөрүмдү баштыгы менен салып, алып, ыңгайы келген жерде продукциям тууралуу айтып берип жүрө турган болдум. Айкөл деген тааныш эжеге да айтып берсем, ал жолдошуна сунуштап көрөйүн деди. Жолдошу курулуш компанияларынын биринде коммерциялык директор болуп иштейт экен. Алардын турак-жай комплекстеринин биринин логотиби чүкө болгондуктан, кардарларына символикалык белек катары чүкөнү белекке берүү идеясы келди. Ошентип, алар менден 50 баштыкча чүкө сатып алышты. Ар бир баштыкчага 30 даана чүкө салдым. Ишимдин башталышында эле мындай ири буйрутма алганыма абдан сүйүндүм.

null
"Ишимдин башталышында эле ири буйрутма алганыма абдан сүйүндүм"

- Чүкөлөрдү кайдан, кантип таап жатасыз?

- Айылдан сураштырып жатам. Ошондой эле, бул жактагы касапкана, шишкебек жасаган кафелерди кыдырып, издөөдөмүн.

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Продукциямды мындан да жакшы кылып, замандын талабына ылайык иштеп чыккым келет. Мисалы, чүкө салган баштыкчаларга чүкө оюндарынын инструкциясын кошо салып дегендей. Социалдык тармактан да баракчаларды ачып, чүкө тууралуу кызыктуу маалыматтарды, чүкө оюндарынын тарыхы, өзгөчөлүгү тууралуу жазгым келет. Негизи, чүкө оюндары балдарды физикалык жана интеллектуалдык жактан мыкты калыптандырат. Мен ушул нерсени пропагаландасам дейм.

null
"Түнү менен чүкө тазалаган күндөрүм болду"

- Жакшы экен. Чүкөнү белек катары кимдерге берсе болот?

- Эркек уул күтүп жаткандарга, эркек балалуу болгондор, жаңы үй алгандарга, мырзалардын туулган күнүндө жана чет өлкөлүктөргө сувенир катары берсе да сонун белек болот деп эсептейм.

null
Жаш ишкерге колдоо көрсөтүңүз. Чүкө дүйнөсүнө баш багыңыз!

- Жогоруда чүкө оюну балдардын өнүгүүсүнө жакшы таасир этет дедиңиз. Демек, сиз чүкө оюндарын жайылтып, элге да, ишкердигиңизге да чоң пайда келтире алат турбайсызбы?

- Ооба. Мен азыр ушунун үстүнөн ойлонуп жатам. Чүкө оюндары жаш балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрөт, мээлөө, ыкчамдык, тең салмактуулук, шамдагайлык ,концентрация сыяктуу мыкты сапаттарды арттырат. Негизи, чүкө оюндарынын 500 дөн ашуун түрү бар экен, азыркы учурда анын 8 түрү гана активдүү ойнолот.

null
"Чет өлкөлүктөр чүкөгө кызыгышат"

- Кесибиңиз журналист. Ошондо келечекте журналистика тармагындабы же ишкердик чөйрөдө эмгектенесизби?

- Экөөнү чогуу алып кетким келет. Журналистиканы окуп баштагандан бери маалымат агымынын маанилүүлүгүн түшүнө баштадым. Бизде чет өлкөдөн каржыланган ири массалык маалымат каражаттары бар. Алардын, сөзсүз түрдө, сырттан таасир эткен идеологиясы болот. Мен кыргыз элинин баалуулуктарын, тилин, салтын, динин жайылткан массалык маалымат каражаттарын ачкым келет.

- Маегиңизге рахмат. Ишиңиз илгери болсун!

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 октябрь 2019г.
Багымдат
5:50
Күндүн чыгуу
7:25
Бешим
12:46
Аср
16:24
Шам
18:11
Куптан
19:42
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов