Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жаш ишкер 1 жылда бизнесин кантип кайрадан гүлдөтө алды?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 20 август 2019

Мындан 3-4 жыл мурун Бекбол Расулбеков “Умма” журналынын активдүү ыктыярчыларынын бири эле. Ал окуу, коомдук иштерди жана жаңы баштаган бизнесин да мыкты айкалыштыра билген, убактысынын ар бир мүнөтүн пайдалуу өткөргөнгө жан дили менен ашыккан алдыңкы студент катары бизди ар дайым суткандырчу. Бекболдун бир колунан китеп, экинчи колунан ал өзү жасап чыгарган турниги түшчү эмес. Талыкпаган эмгек жана аракетчилдиктин жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. Ал өзүнүн 24 жашында ак эмгеги менен спорт шаймандарын саткан дүкөн ачып, автоунаа алганга да жетишти. Бизнесин 6 миң сомдон баштаган жөнөкөй студенттин баяны сизди сөзсүз шыктандырарына ишенебиз.

null
Ал өзүнүн 24 жашында ак эмгеги менен спорт шаймандарын саткан дүкөн ачып, автоунаа алганга да жетишти

Мигранттын түйшүгү Бекболду турмуш жолунда чыйралтты

Маектешибиз Бекбол Расулбеков Бишкекте төрөлүп, кийинчерээк ата-энесинин жумушуна байланыштуу түрдүү өлкөлөрдө жашаганга туура келген.

“3-класска чейин Бишкекте окудум. Андан соң үй-бүлөбүз менен Россияга көчүп кеттик. Россиядагы алгачкы жылдар бир топ кыйынчылыктар менен коштолду. Мисалы, тил жаатында. Бишкекте мен кыргыз классында окугандыктан, Россиядан 7 –класска чейин орус тилин түшүнүп, сүйлөөдө бир топ эле кыйналдым. 10-11-класстарга чукул орусчаны мыкты өздөштүрүп калдым”, - дейт ал.

“18 жашымда жашоого өз алдынча кадам таштадым”

Жашоодо максатын так билген адамдар кыйынчылыктардан коркпойт. Бекболду дал ушундай адамдардын катарына кошууга толук негиз бар. Өз алдынча, көз карандысыз болууну самаган маектешибиз 10-класстан соң ата-энесинен аны Кыргызстанга кое берүүсүн өтүнгөн.

“11-классымда өз каалоом менен жалгыз Бишкекке келе бердим. Ата-энем Россияда калышымды суранышты. Ал жакта мен үчүн мүмкүнчүлүктөр көп эле. Бирок мен кыялымды ишке ашыруу үчүн кайсы гана жер болбосун мүмкүнчүлүктөр табыларын айтып, аларды буга көндүрдүм”, -дейт Бекбол.

18 жашында өзүнүн жашоосу үчүн бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, Кыргызстанга жалгыз кайткан Бекболду бул жерде бир катар сыноолор күтүп турган эле. Ата-эненин узакта экенин, туугандар дайыма эле каралаша бербестигин, алардын да өз жашоосу бар экендигин сезүү маектешибиздин өз өмүрүнүн алдындагы жоопкерчилигин андан бетер күчтөндүргөн.

“Мындай кырдаалда жалгыз өзүңө жана Кудайга гана үмүт кыла аларыңды түшүнөт экенсиң. Кайра Кыргызстандан кетип калгым келген учурлар болгон. Бирок мен өзүмдү кармадым”, - дейт ал.

null

“Ата-энем стабилдүүлүктү каалашты, бирок мен тобокелчиликти жакшы көрөт экенмин”

Бишкектен 11-классты аяктаган Бекбол үчүн кайсы университетке, кандай адистикке тапшыруу маселеси турган эле.

“Ата-энем - жөнөкөй адамдар. Алар мени ар дайым стабилдүү жумушум жана айлыгым болушу керек деп тарбиялашкан. Ошондуктан, башкаруу сферасын тандап, президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшырдым.Студенттик жылдары бир топ практикадан өтүп, бул тармак меники эмес экенин даана түшүндүм. Маселен, кандайдыр бир жаңы, кызыктуу идеяларды сунуштасаң, адамдар аны кабылдашпайт экен. Бул тармакта идеяларды өткөрүү, иш жүзүнө ашыруу кыйын. Мен ичимде ачыла элек потенциалым бар экенин сезчүмүн. Ал потенциалдын жөн эле соолуп, өчүп калышын каалабадым. Ошентип, кичинекейимен жүрөгүмө жакын келген бизнес тармагына баш отум менен кирүүнү чечтим”, - дейт Бекбол.

“1- курстагы депрессиялык абалым мага сонун идея берди”

“1-курста мен кандайдыр бир деңгээлде депрессиялык абалда жүрдүм. Өзүмдү жоготуп койдум десем да болот. Университетке чейин акылдуумун, кыйынмын деп өзүмдү баалап, сезип келсем, бул жерден менден да күчтүү балдардын бар экендигин, алар бул окуу жайга конкреттүү максат менен тапшырышканын байкадым. “Эгер акыл жагынан аларды озо албасам, жок дегенде күч жагынан кыйыныраак болоюн” деген ой спорт менен олуттуу машыгууга түрттү”, - дейт Бекбол. Бирок ал кезде маектешибиздин спорт залга жазылууга акча каражаты болбогондуктан, альтернативдүү башка жолдорун издей баштайт. Эл аралык сайттардын биринен үйгө орнотулчу турниктер жөнүндө окуп калып, Кыргызстандан да ошондой кызматтарды издеп, өзүнө ылайыктуусун таппайт.

“Ошондо айылдан байкем келип, ширетүүчү аппарат сатып алып, турник жасап берген эле. Үйдө эми ушул турник менен машыга баштадым. Кийинчерээк мага конокко келген досторум турнигиме кызыгышып, кайдан алса болорун сурай башташты. Ошондо мага турник даярдап, орноштуруу сыяктуу иш баштаса болору тууралуу идея келди”, - деп эскерет Бекбол.

null

“19 жашымда 6 миң сом менен азыркы бизнесиме кадам таштадым”

Бекбол бул идеясын өзүнөн 5-6 жаш улуу болгон досуна айтып, биргеликте жасап көрүүнү чечишет. “Биздин орток бизнесибиз 12 миң сомдон башталды. Ал 6 миң сом, мен 6 миң сом чыгардым. Университетте сабак арасында ак көйнөк, галстукчан турнигимди жана аны орнотчу чемоданымды көтөрүп алып үйлөрдү кыдырып, турник орноштуруп жүрдүм”, - дейт ал. Бул чакан бизнеси менен Бекболдун чоң нерсеге акча табуу оюна да келген эмес. Ал болгону ата-энесинен акча сурабай, өз муктаждыктарын өзү камсыздоону каалаган.

Бизнестеги чоң сыноолор

Жаңы ишти бирөөнүн колдоосусуз, нөлдөн баштап жатканда, сөзсүз, түрдүү коркунучтар, ишенбестиктер болушу мүмкүн. Бул нерсенин баарын Бекбол Жаратканга болгон бекем ишеним жана күчтүү каалоо менен жеңип чыга алган. Чоң, кичине сыноолорду ал өтө баалуу сабак катары кабылдоону үйрөнгөн.

“Долбоорубуз өзүн актап, жакшы акчаларды алып келип баштаганда үйүм жана аны менен кошо турниктер, шаймандарым сакталуучу склад да өрттөнүп кетти. Албетте, бул биз үчүн чоң сокку болду. Арада “Бизнеске кирбей эле коюш керекпи? Стабилдүү эле жумуш жакшыбы?” деген да ойлор болбой койгон жок. Бирок мен колумдан келишинче бул окуяны “биз дагы да күчтүү болушубуз үчүн ушундай сыноо берилди” деп кабылдаганга аракеттенип жаттым”, - дейт Бекбол.

2017-жыл да каарманыбызга күтүлбөгөн сыноолорду алып келди. “Бир күнү турник бизнесин чогуу баштаган бизнес өнөктөшүмдүн күтүүсүз чечимин угуп, дендароо болуп отуруп калдым. Ал мага мындан ары ушул эле ишти өз алдынча алып кетүүнү пландап жатканын айтты. Ошентип, экөөбүз кыска аралыкта ортодогу тапканыбызды тең экиге бөлүп, өз алдынча жолдорго түштүк. Ишти андан ары улантканга аракеттендим, бирок жалгыз болсоң кыйыныраак экен. Калган турниктерди сатып, Москвага кетүүнү чечтим”, - деп эскерет Бекбол. Бирок Аллах Таала бизнестен бир аз көңүлү калып бара жаткан Бекболго эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү даярдап койгонун ал биле элек эле. Көп өтпөй иш-чаралардын биринен маектешибиз бүгүнкү күндө ага ишкерчилик эле эмес турмуштук бай тажрыйбалары менен да бөлүшүп, жол көрсөтүп келе жаткан устатын жолуктурат. “Ушундай кырдаалда мага арка-жөлөк болуп, эң баалуу кеңештери менен бөлүшкөн устатымды жолуктурганыма Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк келтирем. Ошол күнү биз түнкү саат 3 кө чейин сүйлөшүп отурдук. Устатым мага: “Билет алып, баарын таштап кетип калуу оңой, буга сен каалаган убакта үлгүрөсүң. Азыр сен ишиңди сактап калууга аракет кылып көр, мен жардам берем”,- деди. Мына ушул жолугушуу менин ишкерчиликтеги чоң бурулушум болду”, - дейт Бекбол.

null

“Эмне кыларымды билбей калганда Куран аяттары мага дем берет”

Бекбол Расулбеков жашоосундагы кыйынчылыктарда ага Куран аяттары дем-күч берерин баса белгилейт:

“Аллах Тааланын адамдар өздөрүн өзгөртмөйүнчө алардын ал-абалы да өзгөрбөстүгү тууралуу айткан аятты дайыма эстейм. Ишим жүрбөй жатканда “Бекбол, сен өзүңдү өзгөртпөсөң, абалың да өзгөрбөйт. Билимимди дагы да жогорулатышым керек, өсүшүм керек, ошондо ишимда жакшы жакка өзгөрүп баштайт” деп өзүмө-өзүм эскертип турам”.

“Үйлөргө турниктерди орнотуп жүрүп миң түркүн адамдарды көрдүм”

2014-жылдан бери биз канчалаган үйлөрдү кыдырдык. Бул мен үчүн өтө кызыктуу тажрыйба болду. Аллах Таала мага ар кандай кырдаалдарда жашаган адамдарды көрүү мүмкүнчүлүгүн бергенине ыраазымын.

Мисалы, турмуш-шарты жөнөкөй, жупуну эле болгон, бирок жашоодо баалуулуктарды туура койгон үй-бүлөлөрдү коюп суктанасың. Алар ден соолугуна инвестиция жасагандан аянышпайт. Балдарына турник койдуруп беришет. Бул жумушум мени башкаларга пайдалуу болууга, келечекте кайрымдуулук менен активдүү алектенүүгө ойлондуруп койду. Буюрса, ал пландар да ишке ашарына ишенем.

null

“Биздин долбоор мекендештерибизди өзүн сүйүүгө жана ден соолугуна кам көрүүгө чакырат”

Бекбол Расулбеков жумушунан ырахат аларын өзгөчө баса белгилейт. “Биз өлкөбүздө дени сак жашоо образын жайылтып жатабыз деп ойлойм. Биз турниктерди орнотуп гана бербестен, көнүгүүлөрдү регламенти менен кошо түзүп беребиз. Негизи турниктер - бул ден соолукка жасаган чоң салым. Баарынын эле атайын залга барып машыгууга мүмкүнчүлүк, убактысы боло бербейт. Үйгө же кеңсеге орнотуп коюп, маал-маалы менен машыгып турса ден соолукка абдан пайдалуу, билинбегени менен бир канча ооруларды алдын алат. Биз 1000-2000 сомго 10-20 жыл кызмат кылчу турниктерди сунуштайбыз. Жеткиликтүү баада сапаттуу продукция сунуштап, адамдардын ден соолугуна кам көрүүсүнө себепчи болуп жатканыбызга командабыз менен кубанабыз”, -дейт маектешибиз.

“Профессионал өз ишинин перфекционисти болушу керек”

Бекбол адамдарда чынчылдык менен иштин майын чыгара жасаган сапаттарды, берилгендикти өзгөчө баалайт. “Эгер адам өз ишинин мыкты профессионалы болом десе, анда ал перфекционист болушу керек”,- деп эсептейт ал. Ар бир адам ичиндеги потенциалын иш жүзүнө туура ашырып, адистигин жогорку деңгээлде аткарса, ал өлкөсүнө чоң салым кошот деген пикирде жаш ишкер.

null

Убакыт, китеп, чөйрө, акча тууралуу

Убакытымды болушунча туура сарптаганга аракеттенем. Ар дайым жаныма китеп алып жүрөм. Кезек күтүп калганда же жол тыгындарда, айтор ушундай кырдаалдарда убакытты бош өткөрбөй, китеп окуйм.

Китеп окууга болгон сүйүүм Рэй Брэдберинин “451 градус по Фаренгейту” деген чыгармасынан соң ойгонгон.

Жашоо мени туура чөйрө тандоого үйрөттү. Досторуң сенин жашоодогу баалуулуктарыңды, принциптериңди тең бөлүшкөн адамдардан болушу керек деп эсептейм.

Акча мен үчүн бул күчтүү инструмент. “Жашоодо акча маанилүү эмес” дегендер чоң жаңылышат. Акчанын жардамы менен биз башкалардын бактысынын себеби боло алабыз. Түрдүү социалдык көйгөйлөрдү чечебиз.

Мен мурун жөн гана бай адам болгум келсе, азыр адамдарга жардам берүү үчүн бай болуу каалоосу пайда болду.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
12 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:49
Бешим
12:46
Аср
16:00
Шам
17:47
Куптан
19:02
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов