Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Аялдар абагына мечит салып, темир тор артындагыларга үмүт берген Анархан ажы

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 16 сентябрь 2019

“Эртең түрмөгө кирем” дегенде толкунданып, аябай башкача болдум. Түнү менен боорсок бышырып чыктым. 40 килограммдай бышырдым окшойт. Эртеси күнү Жамал (ред. Жамал Фронтбек кызы) экөөбүз кирдик. Ошондо биринчи жолу ушунча көп аялдын алдына (750 дөй аял бар эле) чыгып сүйлөдүм. Жакшы сүйлөдүм. Үйгө барып, сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим”.

Бул сөздөр анча-мынча эркектерде боло бербеген эрк жана кайратуулукка толгон мүнөздүн ээси Анархан апага таандык. Анархан Аблазовна Степное айылындагы №2 аялдар абагындагы кыз-келиндерге 15 жылдан бери адеп-ахлак сабактарын өтүп, аларды ислам баалуулуктары менен тааныштырып келет. Ал эми 4 жыл мурун Анархан апа кайрымдуу айымдын жардамы менен абактын жанына мечит салды. Темир тор артында үмүтүн жоготкон канчалаган айымдар эми бул жерде кайрадан жашоонун маңызын таап, үмүт шооласын кармай алышты.

null

Уккан адамга жашоосу сыноо, күтүлбөгөн окуялар жана бакытка толгон Анархан ажы менен маектештик.

- Ассалам алейкум, Анархан апа! “Түрмө” деген сөздүн өзүнүн эле сүрү канча. Сиздин коркпой, ушул жерге кирип, кыз-келиндерге сабак өтүшүңүзгө эмне түрткү болду?

- Ойлосом, Аллах Таала бул ишке мени тандап, ылайык көргөн окшойт. Темир тор артындагы эже-сиңдилериме ыйман сабактарын өтөрүм үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Мага кошуна жашаган 17 жаштагы кыз бул ишке себепчи болду.

- Кызык экен. Анда ушул окуяны кенен айтып бербейсизби?

- 45 жашымда ажылык зыяратка барып келдим. Бул сапар менин жашоомду 360 градуска өзгөрттү. Өз динимди тереңден билүүгө болгон кызыгуум барган сайын күчөп жатты. Буга чейин алектенип келген соода-сатык ишимди жыйыштырдым. Анткени өзүмдү билим алууга багыттагым келди. Ал кезде жоолук салынгандар бирин-серин эле. Дин жаңы гана жайылып баштаган. Кайсы жерге барып илим алсам экен деп сураштырып жүрө бердим. Ошондо “Мутакаллим” уюму жаңыдан түптөлүп жаткан экен. Мечиттердин биринен “Муткаллим” уюмунда аялдар үчүн лекция өтүлөт” деген жарыяны окуп калып, сүйүнүп кеттим. Бардым. Жамал айым лекция окуду. Мага аябай жакты. Ошондон баштап калтырбай сабак алып жүрдүм. Күндөрдүн биринде кошуна эженин кызы камалып кеткенин уктум. 17 жаштагы кыз эле. Жакшы кыз болчу, жакшы көрөт элем аны. Ак жеринен бул жагымсыз окуяга туш болуптур. Кыздын апасы мага келип: “Түрмөдөгү кыздар тартипсиз болушат турбайбы. Тамеки чегишет экен. Кызым коркуп жатат”,- деп ыйлай берчү. Кийинчерээк, ал кыз менин ажыдан келгенимди угуп, мага кат жазып жибериптир. Ал катында абакка келип, ыйман сабактарын өтүп, билгендерим менен бөлүшүүмдү өтүнгөн экен. “Кирбейм, корком” деп 6 ай макул болбой жүрдүм. Экинчи жагынан, менин сабак өтө ала турганчалык билимим жок эле. Өзүм жаңыдан үйрөнүп жаткан болчумун. Баягы кыз 10 чакты кыз менен сүрөткө түшүп, кайрадан мага кат жазыптыр. Сүрөттө баары мотурайып жоолукчан. “Бизден коркпой эле коюңуз, биз жакшы эле адамдарбыз”,- деп жазыптыр. Анын мени өзүлөрүнө тартууга болгон аракети кайдыгер калтырган жок. Жамалга барып оюмду айттым. “Коркпойсузбу?”- деп сурады. “Коркпойм. Мага документтерин тууралап берчи”,-дедим ишеничтүү. Көп жерден текшерүүдөн өттүм. 2-3 айдын ичинде күбөлүк алып берди.

- Абакка киргендеги 1-күн эсиңизде болсо керек. Кандай өттү?

- Эртең кирем дегенде түнү менен толкунданып башкача болдум. “Түрмөнүн ичинде канча аял болсо, ар биринин ошончо кыял-жоругу бар. Мени угушабы? Кантем?”- деп ойлондум. Түнү менен боорсок бышырдым. Болжолу 40 киллограммдай. Эртеси Жамал экөөбүз түшкү тамактануу маалында кирдик. Чоң ашканасы бар экен. 750дөй аялдын алдына чыгып сүйлөдүм. Жакшы сүйлөдүм. Керектүү сөздөр өзүнөн өзү келгендей туюлду. Баары чын жүрөктөн чыгып жатты. Завуч болуп иштеп, линейка өтүп, мугалимдерге чогулуш уюштуруп жүргөнгө конүп калгамбы, катуу толкунданган жокмун. Боорсок да баарына жетти. Жамал мени “Ушул эже жума сайын келип, силерге сабак өтүп турат” деп табыштады. Ошол күндөн баштап бүгүнкүгө дейре темир тор артындагы кыз-келиндерге ыйман сабактарын өтүп келебиз.

null

- Бул убакыт аралыгында кандай өзгөрүүлөр, жаңылыктар болду?

- Биз жаңы киргенде 10 чакты кыз жаңы намаз окуп башташкан экен. Андан бери намаз окугандардын саны көбөйдү. Мисалы, быйыл 85 аял орозо кармады. 100% оңолуп чыккан аялдар болот. Ыйман сабактары абактагылардын жүрүм-турумуна чоң таасир тийгизери даана байкала баштады. Сабак өтүүгө бизге урайын деп калган, ичи көгөрүп кеткен бир бөлмөнү беришти. Досторумдун жардамы менен акча чогултуп, ошол бөлмөнү сонун кылып оңдодук, астын полдоп да алдык. Жерге килем төшөп, астыбызга салып отурганга жапжаңы төшөктөрдү алып бардык. Убакыт өткөн сайын ыйман сабактарына катышкысы келгендер көбөйө баштады. 2-3 айда бир чоң иш-чараларды өткөрө баштадык. Аялдарды куран окуу боюнча жарыштырып, чоң байгелерди койдук. 5 жыл мурда оюма түрмөнүн жанына мечит салуу идеясы келди. Башчысына кирип: “Мечит салууга жер бөлүп бербейсизби”,- деп сурандым. “Бузулуп жаткан корпустардын бирин ал да, сала бер”,- деди. Долбоорун чийдирип, мыгына чейин эсептетип, кагазымды көтөрүп алып, 1 жылдай демөөрчү издедим. Эч ким чыккан жок. Адаттагыдай эле күндөрдүн биринде бир аял чалып, мени менен таанышып, сүйлөшүп отургусу келгенин, номурумду муфтияттан алганын айтты. Жолугуштук. Ал аялдын оор көйгөйү бар экен. “Менин маселемди чечкенге жардамдашсаңыз, эмне сурасаңыз да аткарам”, -деп убада берди. 2-3 күн катуу ибадат кылдым, тахажуддарга турдум, орозо кармадым. 1 жуманын ичинде ошол көйгөй чечилди. Баягы аял убада кылгандай эле каалаган нерсемди суроомду айтты. “Мечит салып бере аласыңбы?”, -десем, “Каякка?”,- дейт, “Түрмөгө”,-дедим. Ал: “Ишти баштайлы”,- деди. 10 бала 5 айдын ичинде мечиттин курулушун бүтүрүштү. Дал ошол аял чыгымдардын баарын көтөрдү. Мен усталарды тамак-аш менен камсыздадым. Ачылыш аземин жасадык, мамлекеттен өкүлдөр келишип, ыраазычылыктарын билдиришти. Негизи аялдар камалып келгенден кийин өзүлөрүн аябай жаман сезишет. Көпчүлүгү дароо мечитке тартылышат. Мечитибиздин ичи болсо аябай сонун. Гүлдөрдүн түрүн өстүрүп койгонбуз.

- МашаАллах! Эсте калган учурлардан да айтып берсеңиз.

- Негизи андайлар көп эле болот. Ошолордон бирөөнү айтып берейин. Бир күнү мага абактын жетекчиси чалып калды. “Анархан эже, ушул жума келип, жалпы колонияга аялдардын тартиби, жүрүм-туруму, адал- арам темасында лекция окуп бербейсизби”,- деп өтүндү. Эми абакта ар кайсы улуттагы, ар кыл диндеги аялдар бар. Баарына түшүнүктүү болушу үчүн орусча да сүйлөшүм керек эле. Баары мени уккудай кылып кантип айтып берем деген маселе мени ойго салды. Акыры Аллахка тобокел кылдым. Ошол күндү көп эстейм. Бара жатып, жолдон сапаттуу, кымбат тефаль чайнек сатып алдым. Ушуну байгеге коюп, кызыктырып суроо менен баштайын дедим. Адал, арам деген эмне? Так жообу керек. Мисал келтирип түшүндүрүп бергиле. Жакшы жоопко белек бар деп чайнекти көрсөттүм. Улуту, ишенимине карабай баары кызуу жарышка түштү. Ойлорун айтышты. Баарынын айткандары барып Кудайга такалып жатты. Өзүлөрүнүн жообун кайра өзүлөрүнө эле суроо кылып узаттым. “Ушул адал нерсе сенде барбы?”- дедим. “Жок, адал менде жок экен. Меники көбүнчө арам экен”,- деп өзүлөрүнүн каталарын мойнуна алып жатышты. Акыры байгени орус келинге бердик. Сонун жооп берди. Лекциядан чыгып, өзүмчө жалгыз калганда ыйлап ийдим. Айтылчу сөздөрдү Аллах өзү айттыргандай болду. Көңүлүм толуп чыктым. Жетекчи да ыраазычылыгын билдирди.

null

- Ал эми өзүңүздүн динге болгон кызыгууңуз кандай башталды эле?

- Негизи мен жаш кезимен бери ооруйм. 2-топтогу майыпмын. Жаш кезде ооруганымдан 2 жыл баспай калгам. Айылыбызда Акберди деген күчтүү молдо дем салып атып, бутума турдум. Катуу оорудан мени дин алып чыкты. Ошондон тарта багымдат намазын үйрөнүп, калтырбай окудум. Зикрди такай айтат элем. Намаз, зикрлер мага дары сымал таасир этчү. Ошондой күндөрдүн биринде сиңдим мени ажыга барууга кызыктырды. Мектепте иштеп жүрүп, кийинчерээк бутума туруу үчүн соода-сатыкка аралашып, акча жагынан көйгөй деле жок эле менде. Сиңдим: “Эже, сиздей акчам болгондо ажыга барат элем. Мына азыр автобус менен ажылыкка камынып жатышат. Сиз да кошулбайсызбы”,- деп айтты. Башында көнгөн жокмун. Ошондо 45 жашта элем. Ажыга барып келген соң шалбырап кийинип, жоолук салынып, кемпир болуп калам дедим. “Ой, аны ойлобоңуз, келгенде чечип коесуз. Сизди ким кыйнап жатты эле”, -деп аябай көндүрдү. Акыры көндүм. Документтеримди даярдап, акчамды төлөп койгон соң бирөөлөр: “Эже, сиздин ажылыгыңыз өтпөйт. Махрам жок барганга болбойт. Сизди коштоп жолдошуңуз, атаңыз, байкеңиз же уулуңуз барышы керек эле. А сиз жалгыз болуп жатасыз”,-дешти. Мен ал убакта жолдошум менен көз карашыбыз туура келбей эки ажырым жолго түшкөн болчубуз. “Ажылыгыңыз кабыл болбойт” деген сөздү укканда ыйладым, “анда жөн эле кетип жатамбы, эмнеге убара болуп даярдандым” деп өкүндүм. Ошонун эртеси түш көрдүм, мен үчүн бул түш бир керемет түштөй. Түшүмдө өзбекби же түркбү, айтор, башка улуттагы кишиге турмушка чыгып жаткан экенмин. Мындай сырдуу түштү жанымдагыларга айтсам, “койчу жомокту айтпаңызчы, эже. Эми ушуну таап чыктыңызбы?” деп күлүп, ишенбей коюшту. Мен болсо көргөн түшүмдөн соң жүрөгүм тынчтангандай болду. Ажылыкка сапар алып, автобус менен 13 күндө Меккеге жеттик. Жолдо бара жатканда эле жүрөгүм жумшарып, оюм өзгөрүлө баштады. Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) баскан кумдарды бастык. Жолдо баратып 5 убак намазды үйрөндүм, окуй баштадым. Жан дүйнөм толкуп-ташып ыр жаздым. Азыр ошол ырларымды окусам кадимкидей ыйлагым келет. Эң кызыгы, баягы түшүмдө турмушка чыккан кишини Ферганадан көрдүм. Таң калып, оозум ачылып калды. Бир көргөндө эле тааныдым. Келбети дал түшүмдөгүдөй экен. Биздин топтон аялдардан мен жалгыз, эркектерден ал жалгыз. Баары жуп-жубу менен. Тамактануу маалы келгенде бири-бирибизге жардам берип жаттык. Ошентип, ажылык милдеттерибизди аткарып, ар кимибиз өз жолубузга түштүк. Ал эми тиги киши болсо ажылык бүткөн соң 2 айдан кийин мени издеп, таап келиптир. Ал убакта уюлдук телефон деген деле жок. Көпкө издептир мени. Туугандарыбызга айтып, никеге турдук. Ошол адам менен 13-14 жыл чогуу жашадык. Кийин көзү өтүп кетти. Менин динге болгон сүйүүмдүн артышына 50% ушул жолдошум түрткү болду. Көп нерсени үйрөттү. Куран окуганымды, жаттаган сүрөлөрүмдү текшерип берет эле. Түрмөгө кирип, сабак өтө баштаганда да мени колдоп турду. Баса, түрмөдө ыйман сабактарын өтө баштаганда мага көбүрөөк билим керек экени байкалды.Жамал Фронтбек кызы билимимди, илимимди жогорулатуумду сунуштады. 2 жыл Кыргызстан ислам университетинде атайын апалар үчүн ачылган куран курсунда окудум. Бирок эмнегедир буга канаатанган жокмун. Өзүм физик-математик болгонумдан бир ишти так, майын чыгара жасаганды жакшы көрөм. Кайрадан ушул эле университеттин күндүзгү окуусуна тапшырдым. Ошентип, жаш кыздар менен бир партада отуруп, 55 жашымда окуумду бүтүрдүм. Билимди тереңдетүүгө абдан кызыгам. Бош убактымда көп китеп окуп, пикир жүгүрткөндү аябай жакшы көрөм. Сабактарымда да аялдарды ойлонууга түртүүгө аракеттенем.

- Аллах Таала илимиңизге береке берсин. Азыркы учурда эмне менен алектенесиз?

- Муфтияттан алган “куратор” деген күбөлүгүм бар. Ислам түшүнүгү боюнча кыз-келиндерге таалимдерди уюштурам. Ошондой эле, аялдар абагында ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Байгелерди коюп, Куран жаттоо жарыштарын уюштурабыз. Азыр мен колонияга ушундай иш-чараларга эле барып калдым. Ал эми жума сайын барып, сабак өтүүгө башка айымды дайындадым. Программасын карап, китеп, дептерлерди үзгүлтүккө учуратпай алып берип турам. 2 уул, 9 неберем бар. Алар менен да алектенем.

- Таасирдүү маегиңизге чоң рахмат. Аллах Таалам жашооңузду мындан ары да берекелүү кылсын.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
14 декабрь 2019г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48