Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Курандын маанисин ыр түрүндө которгон кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 2 октябрь 2019

Аллахтын сөзү болгон ыйык Куран китебин кыргызчага которгон, жөн эле которбой, ырга салып которгон улуу талантты билесизби? Ал – Надырбек Алымбеков. Жөн гана аты, фамилиясын жазып тааныштырганыбыздын да жөнү бар. Анткени бул улуу инсан тууралуу айтыла турчу сөз өтө көп. Өзгөчө талант менен болгон маекти анын төмөндөгү 4 сап ыры менен баштагыбыз келип турат:

“Алты миң ашуун аятты жүрөгүмдөн өткөрдүм,

Алты миң жолу толгонуп, азаптуу ишке бет келдим.

Ырга айлантып кыйналдым, Алланын сырлуу кептерин,

Түгөнгүс илим Курандын түбүнө бирок жетпедим”.

null

Талас жергесинин кулуну Надырбек Алымбеков эң алды менен Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, ЮНЕСКОнун “Боорукер” сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эл акыны. Надырбек ажы тууралуу ар кыл темада маек курууга мүмкүн, бирок бул жолу биз анын акындык жана котормочулук өнөр жолуна өзгөчө басым жасадык.

50 жашында акын болгон Надырбек Алымбеков

Надырбек Алымбеков алгач инженер катары, андан соң чейрек кылымдан ашуун убакыт жетекчилик кызматтарда иштеп, өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошсо, 50гө чукулдап калганда акындык өнөр менен олуттуу алпурушуп, деңиздей чалкып жаткан ыр дүйнөсүнө аттанган.

Бул тууралуу акын өзү мындай дейт:

“90-жылдарда СССР кулап, ишканалардын баары токтоп калды. 5-6 жыл эптеп кармап турдум. Болбой эле токтотууга туура келди. Себеби, байланыштарымдын баары үзүлдү. Мамлекеттен же башка жактан колдоо болгон жок. Эл тарай баштады, эл тентий баштады. Анын үстүнө менин ооруп жүргөн жылдарым болчу. Иштен суранып чыгып кеттим. 97- жылдар болсо керек. Ошол бойдон кайрылганым жок. 89-90-жылдардын башында поэзияга келдим. Буга чейин деле ырларды жазып калчумун, бирок олуттуу киришпегем. Анткени мамлекеттик кызматта чейрек кылымдан ашуун убакыт иштедим. Жоопкерчилик чоң, убактыбыз аз. 89-жылдан баштап ыр дүйнөсүнө олуттуу аралаша баштадым”.

null
Ташкент текстиль институтунда окуп жүргөн кез

Надырбек ажы өзү айткандай, акындыкка бир аз кечирээк келгени менен ырлары тез жазылып, биринин артынан экинчи китебин чыгарганга үлгүргөн. Жалпысынан Эл акынынын 49 китеби жарык көргөн.

“Аз уктап, өндүрүштө күн-түн иштеп, күжүлдөп көнгөн экенбиз. Бул адат кийин деле калган жок. Чыгармачылыкта да ушул күнгө дейре ырларымды жазып, чыгарып, толук аягына чейин бүтүрмөйүнчө уктабайм. Элге тартуу кылганча катуу иштейм. Кудай берген энергия, эс тутумдун эсебинен көбүрөөк китеп жазууга үлгүрдүм. 2000-жылдары 3 томдук, 2012-жылы 5 томдук, 2016-жылы 10 томдук чыгардым”, - дейт Надырбек ажы.

Ыйык Куранды кыргызчага ырга салып которууга 6 жылдык эмгек жумшалды

Надырбек Алымбековдун чыгармачылык жолундагы ары жоопкерчиликтүү жана ары түйшүктүү эмгектеринин бири бул -ыйык Куран китебинин маанилерин кыргызчага которуусу. Жөн эле которуп койбой, ырга салып которуусу болду. Которуу ишине жалпысынан 6 жылдык эмгек сарпталды. Бул убакыт аралыгында башка чыгарма жазбаганын Эл акыны баса белгиледи.

“2004-жылы баштап, 2009-жылдарда бүтүрдүм. Бул эмгегиме Молдо Сабыр деген чоң аалым жардам берип, редакторлук кылды. Араб тилин билбегендигимден орус, кыргыз, өзбек тилдеринен котордум. Молдо Сабыр арабчаны таза сүйлөгөн киши да. Куранды толугу менен которуп бүткөн соң Молдо Сабыр экөөбүз 1 жылдай отуруп, аны араб тили менен салыштырып, кайрадан оңдоп чыктык. Жаңылбаган бир гана Аллах Таала. Көп каталар кетти. Колдон келишинче оңдодук”, - дейт ал.

null
Надырбек Алымбековдун чыгармачылык жолундагы ары жоопкерчиликтүү жана ары түйшүктүү эмгектеринин бири бул -ыйык Куран китебинин маанилерин кыргызчага которуусу

Куранды которуп бүткөн соң Надырбек Алымбеков окурмандарга арнап мындай ыр жазган:

Алты миң ашуун аятты жүрөгүмдөн өткөрдүм,

Алты миң жолу толгонуп, азаптуу ишке бет келдим.

Ырга айлантып кыйналдым, Алланын сырлуу кептерин,

Түгөнгүс илим Курандын түбүнө бирок жетпедим.

Короттум буга беш жылды, жок беле башка эрмегим.

Талабын окуп Кудайдын тазарса дедим эл-жерим.

Мертинсем сөздөн кечиргин, мен деле сендей пендемин.

null
Надырбек ата өмүрлүк жубайы менен

"Кыргыздын жан дүйнөсү да, жазуусу да ырга жакын. Ошондуктан, Куранды ырга салып которууну чечтим"

Надырбек ажы алгач хадистердин түшүндүрмөсүн кыргызчага ыр түрүндө которуп баштаган. Мындан сырткары, ыйман темасындагы ыр жыйнагын да чыгарат. Бир жагынан тажрыйба алып, экинчи жагынан окурмандардын колдоосуна татыганын сезген Эл акыны ыйык Куран китебинин маанисин кыргызчага которуп көрүүнү чечет. Бул ой алгач кантип пайда болгонун мындайча баяндады:

“Советтик заман кулагандан кийин элибиз ар кандай башаламандыкка кирип кетти. Экономикалык эле жактан эмес, руханий жактан да кыйшайып кете бердик. Ар кандай диндер, секталар көбөйдү. Ошол кезде Курандын кара сөз түрүндөгү котормосу чыгып, элге жакшы эле тарап жатты. Эмгек кылгандардан Аллах ыраазы болсун. Бирок мен өзүм ал котормону кыйналып окудум, жакшы түшүнө алган жокмун. Мунун да өз себеби бар деп ойлойм. Тарыхка көз чаптырсак, биздин элде Октябрь революциясына чейин кара сөз деген болгон эмес. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Табылды”, “Эр Төштүк”, “Курманбек” сыяктуу 30 дан ашык эпосторубуздун бардыгы, бири калбай ыр менен сакталып келди. Кыргыздын жан дүйнөсү да, жазуусу да ырга жакын. Кара сөз менен кат эле жазылбаса, чыгарма жазылган жок. Биздин эл макалдаштырып, куюлуштуруп сүйлөгөндү, сөзгө маани бергенди абдан жакшы көрөт, ошондон ырахат алат. Манасчы, төкмө акындарыбыз уйкашкан, куюлушкан, тизилген ырдын сабагы менен айтылчу ойду жүрөккө отургузуп коет да. Биз ушундайга көнүп калган элбиз. Мен да ыйык Куранды ыр менен которуп көрсөм элибиз Аллахтын сөзүн тезирээк окуп, өздөштүрөбү деген ниет менен бул ишимди баштагам. “Элибиз кыйшайып эле баратат, каякка барып токтойт? Кой, мен да колумдан келишинче салым кошоюн” деген үмүт болду”, - деп эскерет Надырбек ата.

null
Надырбек Алымбек жаш кезинен эле күжүрмөн эмгекке тарбияланып чоңойгон

Акындын айтымында, Курандын маанисин кыргызчага которуу ишине арналган 6 жыл бир жагынан түйшүктүү болсо, экинчи жагынан жан дүйнөгө алмашкыс ырахат тартуулады:

“6 жыл деген абдан оор болду. Тилек кылып, даарат алып, 2 рекет намазымды окуп алып, күн-түн отура бердим. Кайда барбайын Куранды кучактап жаттым. Бир жакшылык - бул иштен мен тажаган жокмун. Ыр жазсам 2-3 күндөн кийин чарчап калам. Ал эми Курандан түк чарчаган жокмун. Башка ыр жазгым деле келген жок. Бул мезгилдерде мага Өзбек ажы Чотонов менен Молдо Сабыр ар тараптан колдоо көрсөтүштү. Мен окуймун, туура эмес болсо Молдо Сабыр “токтот” дейт. Токтотуп кайра оңдоп чыгабыз. Мен котормону ырдын тартибине салганча Молдо Сабыр үргүлөп отурат. Мага жолтоо кылбоого аракеттенет. Ал кишиден Аллах ыраазы болсун”.

"Куранды көз айнек менен баштап, көз айнеги жок бүтүрдүм"

Надырбек Алымбеков Ыйык Курандын маанилерин которуп жатып, кыргыздын макал-лакаптары Куран аяттарына өтө окшош экенин байкаганын айтты.

“14 кылымда кыргыз элине Куран жакшы эле сиңген экен. Молдокелердин, айрыкча ырчылардын эмгеги менен Жараткандын Сөзү элге тараптыр.

Биздин көптөгөн макал-лакаптарыбыздын Курандан алынганы байкалып турат. 45-сүрөдөгү 15-аят кадимки эле биздин макал-лакапка окшош. Аны өзгөртпөстөн ошол бойдон калтырдым:

Жакшылык кылсаң да өзүңө,

Жамандык кылсаң да өзүңө.

Жата калып түкүрсөң

Кайра түшөт көзүңө”.

null
Эки жолу ажылык сапарга барып келген

Эң кызыгы, Надырбек ата Куранды которуу ишин көз айнек менен баштап, көз айнеги жок бүтүргөн. Акынга илгери көз доктур 2 көз айнек жазып берген. Адатта, ал көз айнексиз эле жүрөт. Бирок көпкө китеп менен отурганда көзү талып кеткендиктен, көз айнек кийүүгө туура келет.

“Куранды көз айнек менен баштагам. Дайыма жанымда жүрчү. 2008-жылы которуу ишинин аягына чыктым. Ошондо такыр көз айнек тагынбай калганымды байкадым”, -дейт ал.

Надырбек атанын пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) арнаган ыры:

Жылдар келбейт анын атын тана турган,

Жылдыз болбойт андан бийик жана турган.

Алмуздактан кыямат күнгө чейин,

Адам болбойт андан артык жаратылган.

Аянындай Жараткандын аян болбойт.

Баянындай пайгамбардын баян болбойт.

"Куранды кучактап жүрүп тазардым"

Совет мезгилинде жашаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусунун динге болгон кызыгуусу кантип башталганын да сурабай коё албадык. Надырбек ата буга, эң биринчиден, анын үй-бүлөсү түрткү болгонун айтты:

“Чоң атам Султанаалы намаз окуган киши болгон, 74 жыл орозо кармаптыр. Өз атам да намаз окучу. Эртең менен атам багымдат намазын окуйт, мен төшөктө жатам. 6-7жашым болсо керек. Ошондо эле намазда кандай сүрөлөр окуларын жакшы билчүмүн. Апам Жамийла 14 жашында намазы менен үйгө келин болуп кирген экен. Илгери кыздарын “келин болуп барса намазы менен барсын. Жаман элдин тукуму эмес, Кудай деген элдин тукуму экен дешсин” деп турмушка даярдашчу экен. Мына ушундай, баары намаз окуган малчынын үй-бүлөсүндө өстүм. Андан кийин Ташкентте окудум. Ал жакта деле өзбек туугандар динден бура тарткан эл эмес болчу. Динди жакшы түшүнгөн балдар көп эле. Куранды кучактап жүрүп тазардым. Таптак тазарып кеткеним жок. Мурдагыга караганда жүрөгүм агарып, Аллага жакындадым десем болот”.

null
Надырбек ажынын чоң бөлмөсү өзүнүн атайын жеке китепканасына арналган

"Пенсиямды чогултуп туруп алам да, анан дароо басмаканага жөнөйм"

Надырбек ажынын чоң бөлмөсү өзүнүн атайын жеке китепканасына арналган. Төрдөгү кең китепкана түрдүү китептер менен көркүнө чыгып турганы дароо көзүбүзгө урунду. Надырбек ата жаш кезинен эле белекке китеп алганды жакшы көрчү экен. Студент кезден тартып ал кыргыз адабиятынан баштап дүйнөлүк классиканын чыгармаларын чогулткан. Атанын китеп текчесинде ислам дүйнөсүн тааныткан китептер да арбын.

Ал эми өзүнүн жазган китептерин Надырбек ата көбүнчө пенсиясын көпкө чейин албай топтоп туруп, ошонун эсебинен чыгарттырып турат.

“Үй-бүлөмдүн азыгы ушул китептер, чынын айтканда. Жолдошторум: “Кандай жашайсың, эмнең бар?” деп сурап калышканда, “Килемим жок, китебим бар” деп жооп берем”, -дейт Надырбек ата (күлүп).

Надырбек Алымбековдун хадисти котормосунан үзүндү:

Эгем Алла! Ошонуку ушул жан,

Диним ислам, өзүм болсо мусулман.

Пайгамбарым Аллах кулу Мухаммед,

Ал тазарткыч дүйнө коомун бузулган.

Ошондуктан көңүл төшөп пайгамбардын кебине,

Көрдүн камын силер дагы жегиле.

Көр ичинен периштелер сураса,

Эгем Алла, диним ислам дегиле.

Андан кийин пайгамбарың ким десе,

Мухаммед деп ысмын айтып бергиле.

Үч суроону унутуп койбогула

Дилге байлап, ушул баштан көнгүлө”.

Надырбек ата быйыл 75 жашта. Мамлекеттик кызматта 30 жыл иштеп, союздун 2 ири ишканасын башкарып, 8 жолу мамлекеттик сыйлыкка татып, 9 жыл Жазуучулар союзун башкарып, 4 мамлекеттин адабий сыйлыгына арзыган, “Манас” ордени менен сыйланган кыргыздын Эл акыны Надырбек ажы Алымбеков жашоосундагы эң чоң жетишкендигим деп руханий жактан калыптанып, адам катары өскөнүн баса белгилейт.

null
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен

“Куранды которуп, көптөгөн китептерди жазып, философиялык ойлор менен алпурушуп ички дүйнөм калыпка салынып, адам катары өстүм деп ойлойм. Жаш кезде чагылгандай болчубуз, азыр сабыр кылганды, токтоо, чыдамкай болгонду үйрөндүк. Жакшы кишилердин жанында жүрүп, алардын кешигин ичтим. Акырында эч кимге алмашкыс Айтматов менен көп жыл катары менен жүрдүм. Ошого жараша ички дүйнөм өсүп, калыпка келгенсийт”, - дейт Надырбек ажы.

Кыргыз элинин руханий байлыгына опол тоодой салым кошкон кадырлуу аксакал, Эл акыны Надырбек ажы Алымбековго терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узун өмүр, чыгармачылык ийгилик жана эки дүйнө бактылуулугун каалайбыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56