Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Өмүрбек Андарбеков (Ома) умра сапарын уюштуруучу компания ачты. Ыңгайлуу, сапаттуу, өзгөчө

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 24 октябрь 2019

Кыргызстанда умра сапарын (кичи ажылык) жогорку сапатта уюштуруучу компания ишке кирди. Ал – “Ummra.kg” деп аталат. Аталган компания келечекте миңдеген адамдардын кичи ажылык сапарын талаптагыдай уюштуруу менен биргеликте агартуучулук жана кайрымдуулукка багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү көздөшөт. Бул иштин башында аты көпчүлүккө таанымал Өмүрбек Андарбеков турат. Өмүрбек мырза - кезинде Ома деген каймана ат менен чыккан өнөр адамы. Ал азыркы тапта дин жолунда жана кайрымдуулук жаатындагы долбоорлордун үстүнөн иштеп жаткан кези. “Ummra.kg” да - Өмүрбек мырзанын мына ошондой долбоорлорунун бири.

null

“Ummra.kg” компаниясы тууралуу негиздөөчү Өмүрбек Андарбеков жана аткаруучу директор Аязбек Атамкулов менен маек курдук.

“Умма” журналы: Ассалам алейкум, Өмүрбек мырза. Умра сапарын уюштуруучу компания ачуу идеясы эмнеден улам пайда болду?

Өмүрбек Андарбеков: Валейкум ассалам. Аллах Таалам баардык ишибизге адамдарды, кырдаалдарды, окуяларды себепкер кылат экен. Анын сыңарындай, мындан 1 жыл мурун мага умра сапарына баруу насип болду. Ыйык жерлерде ибадаттарымды аткарып, жан дүйнөм үчүн чоң азык алдым. Бирок, бул ары маанилүү сапарды уюштуруу иштеринде бир катар мүчүлүштүктөр бар экенин өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сезген соң, дароо ошол жерден эле “Кудай буюрса, Кыргызстанга кайтканда бул ишти колго алып, өз деңгээлине чыгарганга болгон күчүмдү жумшайм” деп сөз бергем. Кудайдын буйругу менен Кыргызстанга кайткан соң, акырындап ишти баштап, алдыга сүйрөп отуруп, 1 жылдын ичинде документтик иштерди бүтүрүп, өнөктөштөрдү тапканга да үлгүрдүм. Кудай буюрса, компаниябыздын толук кандуу иштеп баштоосуна бардык шарттар түзүлүп калды.

"Биздин компания акча табуу багытында ачылган жок. Демек, сапат биринчи орунда болот"

“Умма” журналы: Кут болсун! Буюрса сиздердин кызмат көрсөтүү эмнелер менен өзгөчөлөнөт?

Өмүрбек Андарбеков: Компаниябыздын ураанын “Баардыгы үчүн эмес, ар бири үчүн” деп койдук. Кардарларыбыздын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, аларга унутулгус сапарды уюштуруп бергенге аракеттенебиз. Биздин компания акча табуу багытында ачылган жок. Демек, сапат биринчи орунда болот. Мындан тышкары, сапардын руханий жагына олуттуу көңүл бурулат.Тилекке каршы, биз айрым умра сапарындагылардын турист катары жүргөнүн байкап калып жатабыз. Мунун баары ошол адамдарга татыктуу маалымат берилбей, кызмат көрсөтүлбөй жана мыкты үлгүнүн жоктугунун себеби деп ойлойм. Исламдан жакшы эле түшүнүгү бар адамдын да ичинде умрада жүргөндө уйгу –туйгу, “туура эле кылып жатамбы?” деген өңдүү күмөн санап кетүүлөр болот. Ал эми исламга жаңы кызыгып баштаган адамдардыкы100% ошондой. Мына ушундай адамдар, Кудай буюрса, биздин компания аркылуу сапарга чыгышса, ажы башчыларыбыз аларга туура, толук, жатык тилде руханий азыкты беришсе, сапарга барып келген ар бир адамдын ички дүйнөсүндө чоң өзгөрүү болуп, жашоого болгон көз карашы дагы да жакшы нукка алмашат деп үмүттөнөбүз.

null
"Биздин компания акча табуу багытында ачылган жок. Демек, сапат биринчи орунда болот".

"Умра сапарынын руханий жагына олуттуу көңүл бурулат"

“Умма” журналы: Ажы башчылар тууралуу сөз кылып калдыңыз. Ушуга кененирээк токтолсоңуз?

Өмүрбек Андарбеков: Азыркы тапта “Силер менен иштешебиз, кызматыңарды колдойбуз” деген ажы башчыларыбыз бул – Кыргызстандагы Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү болгон Фархат ажы Юсупов, Кадыр ажы Маликов, учурда теология илими боюнча докторантурада окуп жаткан устаз Сабыр Мураталиев жана Куран тафсири багытында докторлук окуусун улантып жаткан устаз Шохимардан Орунбеков. Мына ушул биз сыймыктанган, көз карашы заманбап жашоонун талаптарына жооп бере алган, 2-3 тилде эркин сүйлөгөн аалымдарыбыз сапарга чыккандардын башында туруп, кардарларыбызга татыктуу руханий азык берет деп ишенебиз.

“Умма” журналы: Кичи ажылыкка кийилчү формалардын өзгөчө болуусуна басым жасарыңыздарды да айттыңыз эле?

Өмүрбек Андарбеков: Сөзсүз түрдө. Жогоруда айтканымдай эле, 1 жыл мурун кичи ажылыкка барганымда умрада жүргөндөрдүн кийимдеринен эле алар кайсы улуттун өкүлү экени билинип турганын байкагам. Ал эми, тилекке каршы, кыргызстандыктардыкы мындай эмес болчу. Ошондуктан, бул жагына да маани беребиз. Мен өзүм буга чейин ырчылык жаатта жүргөнгө байланыштуу чет мамлекеттеги чоң кароо-сынактарга катышып калдым. Барган жерлеримде Кыргызстан деген жер, кыргыз деген эл бар экенин көбү эле биле беришпейт. Бирок немис, француз, япондорго караганда баары менин жаныма келип, сүрөткө түшүшөр эле. Эмнеге? Анткени биздин улуттук кийимибиз ушунчалык кооз, көргөн адамдын көңүлүн сөзсүз өзүнө бурдурат. Кудай буюрса, умра сапарына мекендештерибиз кыргыз колоритинде тигилген сапаттуу, ибадатка ыңгайлуу болгон кийимдер менен барып калышат. Ал жактагы башка улуттагылар да бизди алыстан көргөндө “Кыргызстандан келген мусулман бир туугандар турбайбы” деп тааныгандай болушу керек.

null
Бул компания аркылуу кызмат гана көрсөтпөстөн кайрымдуулук, агартуучулук багытта да иш алып барабыз"

“Умма” журналы: Алдыда ушул эле иштин алкагында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөрүңүздү айттыңыз. Ачыктап берсеңиз?

Өмүрбек Андарбеков: Бул ишибизде кайрымдуулукту да кошо ала кетүү негизги орунда турат. ИншаАллах, кардарларыбыздын умра сапарына сатып алган ар бир билетинен кандайдыр бир өлчөмдөгү сумманы өзүнчө бөлүп чогултабыз. Топтолгон каражатты умрага барууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок ыйман жолунда кызмат кылып жүргөн эже-байкелерге акысыз умрага барып келүү шартын түзүп бергибиз келет. Маселен, алыскы элет жергелериндеги мечиттерде айлыгы жок эртеден-кечке Аллахтын ыраазычылыгы үчүн иштеп, кызмат кылып жүргөн мекендештерибиз бар.Эгер бул адамдарга ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берсек, алар кандай бактылуу болушуп, мындан аркы иштерине мотивация берер эле. Өз кезегинде акысыз сапарга барууга себепчи болуп жаткан адамдар да өзүлөрүн пайдалуу сезип, алдыда ушул сыяктуу кайрымдуулук иштерине аралашууга түрткү болоттур деген да ой келет. Негизи, биз, адамдар, жакшылык жасап, анын жыйынтыгын көргөндө кадимкидей энергия алат экенбиз. Андыктан, буюрса, бул ишибиз жүзөгө ашып калса, акысыз умрага баргандардын ыраазычылык сөздөрүн видео, кат түрүндө болсун бул жакшы ишке себепкер болгон адамдарга көрсөтөбүз. Аллахка жаккан ишке себепчи болгон адамдардын жүрөктөрү дагы да жумшарып, коомго пайдалуу иш кылууга шык берет деп ойлойбуз.

"Биздин кызмат жыл бою тынбай иштейт. Ажылык маалда гана кыска тыныгуу болот"

“Умма” журналы: Аязбек, сиз аткаруучу директор катары компаниядагы иш процесстерин толугу менен көзөмөлдөп жатасыз да. Алгачкы топту Умрага качан жөнөтүүнү пландап жатасыздар?

Аязбек Атамкулов: Ооба, азыр кызуу иш үстүндөбүз. Сайт, социалдык тармактардагы баракчаларыбызды акырындык менен ишке киргизип жатабыз. Кудай буюрса, биздин кызмат жыл бою тынбай иштейт. Ажылык маалда гана кыска тыныгуу болот. Буюрса, ноябрда “Бисмиллях” деп алгачкы топту узатабыз. 1 топто 30 адам болот. Ошондой эле, кишинин санына жараша эң көп – 35, эң аз 20 киши болсун деп пландап жатабыз. Толук маалыматты 0707 709 709 номери боюнча билүүгө мүмкүн. Фейсбуктан ummra.kg, инстаграмдан ummra.kg аркылуу, ошондой эле Ummra.kg расмий сайты аркылуу бардык суроолорго жооп беребиз.

null
"Кудай буюрса, биздин кызмат жыл бою тынбай иштейт"

“Умма” журналы: Социалдык тармактар демекчи, мага сиздердин ал жактагы билдирүүңүздөр жакты. Жалаң жарнама гана эмес, агартуучулук мүнөздөгү материалдардарыңыздар ,чынында, абдан кызыктуу экен...

Аязбек Атамкулов: Чоң рахмат. Негизи бир ишти ар тараптуу караш керек экен. Биздин компания агартуучулук мүнөздө да иш алып барганга куштар. Биз умра, ыйык шаарлар, бул сапарлардын пазилети, кызыктуу фактыларды камтыган текст, сүрөт, видео форматтагы материалдарды даярдап, агартуучулук таризде да иш жүргүзгөнгө болгон күчүбүздү жумшайбыз.

“Умма” журналы: Келечекте Ummra.kg`ден кардарларды кубандырган кандай программалар болот?

Аязбек Атамкулов: Алдыда буюрса, биз колдон келишинче ыңгайлуу системаларды киргизгенге аракеттенебиз. Азыркы учурда “Жаш жубайлар үчүн умра”, “Ата-энеге өзгөчө белек” деген пакеттердин программасын түзүп жатабыз. Калганы сыр болуп турсун.

“Умма” журналы: Өмүрбек мырза, Аязбек, маегиңиздерге чоң рахмат. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.

null
Аллахтын Элчиси (с.а.в) айтты: “ Умра кылуу, кийинки умрага чейинки аралыкта кетирилген ката-күнөө иштерди жууйт. Ал эми ажылыктын акыбети катары Бейиштен башка нерсенин болушу мүмкүн эмес” (аль-Бухари 1773, Муслим 3289 Абу Хурайрадан алыган)



Башка макалалар
Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат
Билүү керек / 1 октябрь 2019 / Айкөл Болотбекова, кыргызчалаган - Айдай Амангелди кызы
Омандагы 1 жыл. Араб айымдары мени кантип таң калтырды? Омандагы 1 жыл. Араб айымдары мени кантип таң калтырды?
Кызыктардан / 2 сентябрь 2019 / Хани Тукеева
Кантип тобо келтирүү керек? Шарттары Кантип тобо келтирүү керек? Шарттары
Билүү керек / 3 октябрь 2019 / "Умма" журналы
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов