Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Белгилүү "Elizabeth" бренди эми Бишкекте ачылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы, өздүк архив / Жарыяланды: 25 ноябрь 2019

Кыргызстандык белгилүү “Elizabeth” кийим бренди КМШ өлкөлөрү жана Россиянын бардык аймактарында 10 жылдан бери жогорку суроо-талап менен рыноктон түшпөй келет. Аталган бренд сапаты боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыга алды. Жакында эле “Elizabeth” бренди Бишкекте алгачкы дүкөнүн ачып, эми кыргызстандыктарга эксклюзивдүү, жогорку сапаттагы жана ыңгайлуу баадагы кийим-кечелерди тартууламакчы. Бул жерден мусулман кыздары өзүлөрүнө иштиктүү стилге (деловой стиль) ылайыктуу кийимдерди да таба алышат. Биз аталган бренд тууралуу кененирээк анын негиздөөчүсү Элиза Шаршенбаева менен чакан маек курдук.

null

- Ассалам алейкум, Элиза айым. Бренд дүкөнүнүн ачылышы менен куттуктайбыз. “Elizabeth” бренди алгач чет өлкөдө таанылып, өзүнүн татыктуу ордун тапкан соң гана Кыргызстандын рыногуна кирип жатат. Мунун себеби эмнеде?

- Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Мунун себеби, биринчиден, биз ишибизди дароо масштабдуу баштагыбыз келди, чоңураак аудиторияны камтысак деген ой болду. Экинчиден, кыргызстандык бренддин эл аралык рыноктогу деңгээлинин көтөрүлүшүнө өз салымыбызды кошсок деген тилегибиз бар эле. Кудайдын колдоосу менен ишибизди алдыга жылдырып, эл аралык рыноктон туруктуу кардарларыбызды таап иштеп кеттик.

- 10 жылдан кийин гана Кыргызстанда атайын бренд дүкөнүн ачууга эмне себеп болду?

- Ишибизди бир багытка коюп алган соң, мен жүрөгүм эңсеген максаттарымды акырындык менен орундатууга аракет кылып жатам. Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келген кийимдер кымбатыраак баада болот. Биз ошондой эле сапаттагы кийим-кечелерди ыңгайлуу баада мекендештерибизге сунуштагыбыз келет. Мындан тышкары, дүкөнүбүз аркылуу келечекте бир катар кайрымдуулук иш-чараларын да уюштуруу планда бар.

null
Бүгүнкү күндө Россияда “Елизабеттин шымдары, пиджактары барбы?” деп издеп кийишет.

- “Elizabeth” бренди чет өлкөлүк жана ата-мекендик бренддерден эмнеси менен айырмаланат?

- Биз, буюрса, басымды биринчи кезекте сапатка коебуз. Эң жакшы кездемелерден, заманбап тигүү технологиясы менен эксклюзивдүү кийим-кечелерди чыгарууну пландап жатабыз. Фабрикабыз Кыргызстанда болгондуктан, продукциябыздын баасы да, албетте, салыштырмалуу алда канча арзан болот. Ошондой эле, ислам эрежелерине ылайык кийинген мусулман кыздарга иштиктүү стилге (деловой стиль) ылайыктуу кийимдерди чыгарабыз. Азыр көптөгөн жоолук салынган эже-сиңдилерибиз өз кесиптеринде, коомдук иштерде да активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Биз алардын табитине жага турган классикалык кийимдерди тигүүнү да туура көрдүк.

- Бүгүнкү күндө сиздердин тигүү цехи 100гө чукул адамды иш менен камсыз кылат экен. Баары кандай башталды эле?

- Менин ишкерчиликте жүргөнүмө 12 жыл болуп калыптыр. Бул тармакка аралашуума апам түрткү болду. Башында чакан цех, 10 адам менен гана баштаганбыз. Тынымсыз аракеттин натыйжасында убакыттын өтүшү менен ишибизди чоңойто алдык. Продукциябызды дароо чет өлкөгө экспорттогондуктан, Кыргызстандын кадырын түшүрүп албайлы деп сапатка өзгөчө көңүл бурдук. Ошондуктанбы, айтор, бүгүнкү күндө Россияда “Елизабеттин шымдары, пиджактары барбы?” деп издеп кийишет. Мындан тышкары, россиялык абройлуу бир катар бренд дүкөндөрү менен да кызматташабыз. Туруктуу кардарларыбыз бар. Буйрутмалар абдан көп болот. Кээде жетишпей, баш тартканга аргасыз болобуз.

null
"Күчтүү дизайнер, кострукторлордон турган командабыз бар. Баарыбыз биргеликте эксклюзивдүү дизайндарды түзүүгө аракеттенебиз, ар бир продукцияны сезип, жүрөгүбүздөн өткөрөбүз".

- Командаңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

- Күчтүү дизайнер, кострукторлордон турган командабыз бар. Баарыбыз биргеликте эксклюзивдүү дизайндарды түзүүгө аракеттенебиз, ар бир продукцияны сезип, жүрөгүбүздөн өткөрөбүз. Кийим тигүүдө тийиштүү техникалык жабдыктар да чоң роль ойнойт эмеспи, андыктан, ушул жагына да өзгөчө көңүл бурулат. Эң эле башкысы, кардарларыбыз ыраазы болуп, биз чыгарган кийимдер люкс классына төп келгендей болушу керек. Мен бала чагыман бери, “көпчүлүгү жакшы көрүп кийген кийим брендим болсо” деп кыялдана берчүмүн. Ал эми азыр мени менен тилектеш болгон адамдар менен ушул кыялды орундатып, брендди ар тараптуу жакшыртканга болгон күчүбүздү жумшоо аракетиндебиз.

null
"Эң эле башкысы, кардарларыбыз ыраазы болуп, биз чыгарган кийимдер люкс классына төп келгендей болушу керек".

- Маегиңизге чоң рахмат, Элиза айым. Ишиңизге ийгилик!

(“Elizabeth” бренд дүкөнү “”Евразия” соода борборунун 1-кабатында жайгашкан. Дарек: Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилиши. Instagram дарек:@ez_lux. Байланыш номер: 0700 52 90 90).

1 / 13



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Жаӊылыктар
Намаз убактылары
9 апрель 2020г.
Багымдат
4:51
Күндүн чыгуу
6:31
Бешим
13:03
Аср
17:40
Шам
19:41
Куптан
20:56