Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Асан: "Москвада кыргыз тойканалары өтө көбөйүп жатат. А биз кыргыз китепканасын да ачкыбыз келет"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 7 январь 2020

Маектешибиз Асан алгач ирет чоң Москва шаарына 18 жашында жумуш издеп келген. Анда ал дем алышы жок, күнүнө 12 саат оор жүктөрдү ташып иштеп, бир катар кыйынчылыктарды көргөн. Арадан 7 жыл өттү. Бул 7 жыл Асан үчүн жөн эле өтүп кеткен жок. Эми ал акча табууну гана көздөгөн мигрант эмес, коомго пайда келтирүүгө аракеттенген Асан болду. Ал бүгүнкү күндө Москванын борборуна кыргыз китепканасын ачуунун үстүндө жең түрө киришип, чуркап жүрөт. Жумасына бир жолу Москвадагы жаштарды чогултуп, китеп окуу акциясын өткөрүп турат.

Асан Мамит уулу “Умма” журналына Москвадагы мекендештердин абалы жана башынан өткөн ары кызыктуу, ары түйшүктүү учурлардан айтып берди. Бул маек көпчүлүгүнө сабак жана күчтүү мотивация болот деп ишенебиз.

null

- Асан, ассалам алейкум! Жакшы жүрөсүзбү? Москва шаарына кыргызча китептерди камтыган китепкана ачуунун үстүнөн жүгүрүп жүрөсүз. Иш илгери болсун!

-Валейкум ассалам. Чоң рахмат, баары жакшы. Ооба, аз да болсо элибизге кызмат кылуу максатында пикирлештерибиз менен азыр Москвадагы журтташтарыбыз үчүн чакан китепкана ачуу аракетинде жүрөбүз. Өзүңүздөр билгендей, учурда Кыргызстанда кызуу иш алып барып жаткан “Бир адамдан - бир китеп” долбоорунун авторлору менен байланыш түзүп, ушул долбоордун алкагында иш алып баруудабыз. Китепканабыз ачылганга чейин деп бул жакта китепкөйлөрдүн чөйрөсүн түзүп, кыргыз адабияты, дүйнөлүк адабият жана диний китептерди өз ара алмашып окуп жатабыз. Мамилебиз бекемделип, ынтымагыбыз артсын, байланышыбыз үзгүлтүккө учурап калбоосу үчүн ар жуманын эс алуу күндөрү китепкөйлөр үчүн жыйын уюштуруп, жаштарга үлгү боло алчу адамдарды конок катары чакырып, сүйлөтүп, өзүбүздү өнүктүрүүнүн аракетиндебиз. “Элибиздин алтыдан бир бөлүгү мында жүрсө эмне үчүн китиепканабыз жок?” деген суроо ойлондурбай койгон жок. Мына ушул суроолордун негизинде байкоо салып отуруп китепкөй жаштарыбыздын кыргыз адабиятына болгон чаңкоосу күч экендигине ынанып калдым.

%article_title%
“Элибиздин алтыдан бир бөлүгү мында жүрсө эмне үчүн китиепканабыз жок?” деген суроо ойлондурбай койгон жок

-Сонун экен. Биз да интернет аркылуу Москадагы жаштардын атайын эс алуу багында чогулуп, биргеликте китеп окуп жатканын көрүп суктандык эле. Көрсө, бул иштин да башында сиз турбайсызбы, Асан. Мындай акцияны уюштуруу идеясы кандайча пайда болду?

- Мекенибизден алыс жүргөндүктөн күндө Кыргызстанда кандай жаңылыктар болуп жатканын карап турабыз. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча жүрүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” жана “Китепкөй Ала-Тоо” акциясы тууралуу укканыбыздан кийин бул жерде да уюштуруу идеясы келди. Оюмду жакын санаалаштарыма айтсам алар колдошту. Өткөрүлчү жер катары Москвадагы биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун атынан коюлган эс алуу багын тандадык. Бул жактагы мекендештердин жумасына бир гана жолу эс алуу күнү болот. Ошого карабастан, жолугушууларыбызга калбай келгени абдан кубандырат бизди.

null
Асан Москвадагы кыргызстандыктарды чогултуп, китеп окуу акциясын уюштуруп турат

- Демек, билимге суусаган жаштар аз эмес экен да...?

- Аз эмес, буюрса. Жылдан жылга жаштар билим жашоодо өтө керек экендигин түшүнүп бара жаткандай. Бул жерде мекендештер кыргыз тилиндеги тарых, адабият, мотивациялык китептерди издеп таппай калышат. Жаштарыбыз ыйманга чаңкагандыктан диний китептер да талапта. Биз Бишкектеги “Бир адамдан –бир китеп" долбоорунун авторлору менен байланышып, бизге керектүү китептерди ыңгайлуу баада Москвага салып турууга сүйлөштүк (Эскерте кетсек, “Бир адамдан бир китеп” жана “Китепкөй Ала-Тоо” долбоорунун негиздөөчүлөрү – Бакай Акылбек уулу, Эрлан Смайыл уулу жана Табылды Муратбеков). Бул жактагы мигрант журтташтарга да жарыя жасап, буюрса ачыла турчу китепканабыз үчүн китептерди чогултуу иши башталды. Алдыда китепканадан мекендештерибиз акысыз пайдаланып руханий жана акыл азыгын алып турушмакчы. Москвадагы журтташтарыбыз кара жумуш менен гана чектелбей, өзүн өнүктүрсүн деген тилегибиз буюрса акырындан аткарылып келе жатат.

null

- Асан, өзүңүз да эл катары маңдай тер төгүп иштеп жүрөсүз. Бирок ошого карабай ыктыярчылык негизде Москвага кыргыз китепканасын ачуу, жаштарды өнүктүрө турчу жолугушууларды уюштурууга эмне түрткү болду?

- Москва шаарында мени ойго салган көрүнүштөр арбын. Маселен, кайсы бир жылдары мекендештерибиз бул жерге аргасыздыктан улам иш издеп келишкен болсо, бүгүнкү күнү жөн гана адатка айлангандай сезим калтырат. Анткени үй-бүлөлүк шарты жакшысы да, ортосу да келип, мигранттык эмес, кадимки жарандык турмушун курап алышкандай туюла берет. Бул жерде кыргыздын азык-түлүгү, ашкана, тойканадан тарта издегениңдин баарын табуу мүмкүнчүлүгү кенен, кудум, өлкөбүздүн сегизинчи облусундай эле саналып калды. Бирок, тилекке каршы, мындагы мекендештердин билим деңгээли унутта калгандай сезилет. Дагы жакшы, Москада биздин муфтияттын өкүлчүлүгү бар. Дал ушул өкүлчүлүк 10 жылдан ашуун убакыттан бери аз да болсо журтташтарыбыздын руханиятын тазартып, улуттук баалуулуктар, адеп-ахлак багытында сабактарды уюштуруп келишет. Мында эмгектенген милиондогон журтташтар үчүн бул эмгектер жетишсиз экени айкын. Ушул сыяктуу маселелер мени ар дайым түйшөлтөр эле. Ашыкча ойлорго батпай, колдон келишинче аракет кылып көрүүнү чечтим. “Мындай айлык акысы болбой турган иштерге убактыңды коротуп эмне кыласың?” деген да суроолор болбой койбойт. Бирок бул иштер финансылык пайда алып келбесе да Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасалып жатканы мага чоң мотивация берет. Ушунун өзү эле жетиштүү го деп ойлойм.

null
Асандын дагы бир таланттарынын бири - акындык. Поэзия кечесинен 2-орун

- Асан, сиз өзүңүз, Орусияга алгач ирет мындан 7 жыл мурун келген экенсиз. Ошондогу мекендештерибиздин абалы андан бери канчалык деңгээлде өзгөрдү деп ойлойсуз?

- Ал учурдагы элибиздин коомчулуктагы өзүн алып жүрүүсү, маданияты, чынында, өтө жан кейитерлик эле. Тамеки тарткандар, ичип-чеккендер четинен чыкчу. Тез жардам бөлүмдөрүнө мекендештерибиздин мас абалында түшүп калганы жүрөк оорутарлык эле. Азыр мындай көрүнүштөр азайды деп ойлойм. Ошентсе да, кейиштүү нерсе - Москвада кыргыз түнкү клубдары көбөйгөндөн көбөйүп бара жатканы. Ошондуктан да, мындагы активдүү жаштардын демилгеси менен мигрант мекендештерибизге үгүт-насаат иштерин жүргүзгүбүз келет.

- Кеп нугун өзүңүз тарапка бургум келет. Мектепти бүтүп эле чет жерге жумуш издеп кетүүгө эмне себеп болду?

- Биз Ош облусунун Кара-Суу районунан болобуз. “Болобуз” дегенимдин себеби Жараткан Аллах Таала ата-энебизге бизди эгиз кылып тартуулаган экен. Менин Үсөн аттуу шеригим бар. Биз мектепти аяктаган жылдары Ош коогалаңы болуп, жакындарыбыз ал жылы окууга тапшырбай эле туруубузду сунушташты. Ошентип, жыл өтүп шеригим Үсөн өзү кызыккан юридика тармагы боюнча жогорку окуу жайга кабыл алынып, а мен ал жылы да айрым себептүү окууга тапшырбай калдым. Жыл айланбай элдин миграциялык агымы көңүл чордонунда болдубу, айтор, ал агымдын таасири мага да жетип, Москвага барып эмгектенип келүү үчүн сапар алган элем.

null
Асан коомдук иштер үчүн жаралгандай. "Умма" журналынын активдүү ыктыярчысы катары Рамазан айындагы иш-чараларга чоң салым кошкон

- Мектепти жаңы гана аяктаган 18 жаштагы бала үчүн чет өлкөдө жашоо, иштөө тажрыйбасы оңой болбосо керек...

- Ооба, туура айтасыз. Көп эле кыйынчылыктар болду. Туруктуу бир жумушта иштей алган жокмун. Бир канча ай жумушсуз жүргөн да күндөр өттү. Такыр эле жумуш табылбагандыктан, бир дүкөнгө оор жүктөрдү ташып жумушка орноштум. 6 ай бою дем алышы жок күнүнө 12 сааттан жүк ташып иштедим. Жумуштан уруксат сурасак айлыгыбыздан кыскартып коюшчу. “Сабырдын түбү - сары алтын” деген чын экен, акырындык менен Москвага да көнүп, кийинчерээк жеңилирээк, бирок айлыгы жакшы жумуштар да табылды. Ошол кездеги күндөр мага азаптуу болгону менен, азыркы тапта анын баары бүгүнкүм үчүн дары, дем-күч, шык болуп кайтып келди. Үч жылым Москвада кантип өтүп кеткени байкалбай деле калды. Коендой окшош күндөр зуулдап өтүп жатты. А бирок артка бир кылчайып жарытылуу иш жасабаганым мени өкүндүрө берди. Азыркы тапта коомдук иштерде активдүү болууга мени ушул сезимдер да түрттү десем болот.

- Сыр болбосо азыр кандай жумушта иштеп жатасыз?

- Учурда интернет - дүкөндө иштеймин. Кардарларга чай-кофе жеткиремин. Күн сайын ондогон жаңы адамдар менен кызматташуу, иш алып баруу өзүнө жараша чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айрым кардарлар орой болот, кээ бири сылык, анын баары менен бирдей сүйлөшүп кетүү, чындыгында, кыйын нерсе. Бирок биз сылык-сыпаа мамиле жасоого аракет кылабыз. Эгер терс мамиле жасачу болсок, биринчи келтирген зыяны кардарлардын азаюусу болсо, экинчи зыян - өз улутубуздун жүзүнө кара так түшүрүү. Албетте бул - биринчи зыянга салыштырмалуу орчундуу.

null
Москвадагы мекендештердин ынтымагы

- Бөтөн жерде диний ибадаттарды аткаруу жагынан кыйынчылыктар жокбу?

- Бөтөн элде ибадатка бек болуу, албетте, оңой нерсе эмес. Бирок аракет кылса, анан каалоо болсо жеңилдиги сезиле баштайт. Башында иш убагында намазды эч ким көрбөгөн жерде окууга аракет кылып жүрдүм. Азыр болсо, башкаларга кедергисин тийгизбеген, таза жер болсо тартынбастан окуй берем.

%article_title%
"Аллах Таалам бизди эгиз кылып, мени Үсөнгө шерик кылып жаратып койгонуна абдан бактылуумун"

- Маегибиздин соңунда шеригиңиз тууралуу да айта кетиңиз?

- Аллах Таалам бизди эгиз кылып, мени Үсөнгө шерик кылып жаратып койгонуна абдан бактылуумун. Эгизим экөөбүз жашоодо, өзгөчө билим алууда бири-бирибизге жардам беребиз. Мен Кыргызстандан тиш техниги адистиги боюнча билим алып жатканда Үсөн мага каржылык колдоо көрсөттү. Үсөн окуп турганда мен жардам берип жаттым. Айтор, экөөбүз бири-бирибизге арка-жөлөкбүз. Кайда барбайын, “Мен Үсөндүн шеригимин” десем, ал тууралуу ар дайым жылуу пикирлерди айтышат.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз!

1 / 5



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 май 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:33
Куптан
22:11