Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Аманбек 15 жашында Кыргызстандын 7 облусундагы окуучулардын башын кошо алган

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 9 январь 2020

Аманбек Бургхан уулу 15 жашында республика боюнча жалпы окуучулардын башын бириктирип, “Кел окуйбуз окуу борбору” коомдук бирикмесин түзгөн. Азыр ал 18 жашта. Спортчу, манасчы, коомдук иштерде өтө активдүү окуучу жана мекенчил атуул Аманбек учурда Кыргызстан жаштарынын башын кошуп, биргеликте өнүгүүнүн аракетин көрүп жүрөт. Аманбек - Коммунисттик партияда 30 жыл депутат болгон, Таластын Балбал айылын негиздеген адамдын небереси, коомдук ишмер, спорт чебери Бургхан ажы Молдобаевдин уулу. Кыргыздын улуттук баалуулуктары жана исламдын бийик тарбиясында чоңойгон каарманыбыздын маегин сунуштайбыз.

null

- Ассалам алейкум, Аманбек! Сиз 6-классыңыздан баштап эле коомдук иштерге активдүүлүк менен киришиптирсиз? Себеби эмнеде?

- Валейкум ассалам. Мындай иш-аракетке чоң атамдын мекенчилдик жана эмгекчилдик мүнөзү чоң таасир этти деп ойлойм. Мен чоң атамдын жанында жүрүп, анын насааттарын угуп чоңойдум. Тарых сабагына болгон чоң кызыгуум, баатырдык эпосторго сүңгүп киргеним, атамдын окуучуларынын арасында жүргөнүм мени көп нерсеге шыктандырды. Ошентип, 13 жашымдан тарта эле коомдук иштерге активдүү аралашып, ар кандай уюмдарда ыктыярчы болдум. Көп жерлерде эң жаш ыктыярчы, “окуучу-ыктыярчы” мен болуп калар элем. Калгандары студенттер. Анан менде “студент кезде өнүккөн жакшы, бирок мектеп курагында эле коомго активдүү аралашып, өнүккөн андан да жакшы” деген ой пайда болуп, өзүм курактуу жаштарды чогултуп, “Кел окуйбуз окуу борбору” коомдук бирикмесин түзүү идеясы келди.

null
13 жашымдан тарта эле коомдук иштерге активдүү аралашып, ар кандай уюмдарда ыктыярчы болдум.

- Коомдук бирикмеңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Бирикмени негиздеп баштаганда мен 15 жашта элем. Анда Улуттук компьютердик гимназияда окучумун. Мектебибизге ар кандай жарыштарга катышууга өлкөнүн бардык облустарынан окуучулар келишчү. Ошондо алар менен таанышып, коомдук бирикме тууралуу айтып берчүмүн. Биз өз ара жакындан таанышып, байланышыбызды бекемдедик. Мисалы, мен Таластан болсом, балдарды Таласка алып барып тааныштырып, ал жерде жаштарды чогултуп, андан соң башка облустарга барып, ал жерден да жаштарды чогултуп, ошентип, республика боюнча билим, өнүгүү деген идеядагы жаштардын башын бириктиргенге аракет кылдык. Биздин бирикме 3 багыт боюнча иш алып барат. Биринчиси – бул түрдүү билим-берүү, социалдык, кайрымдуулук жаатындагы долбоор менеништөө. Экинчиси – жаштарды аларга шык бере турган, өрнөктүү, улуу инсандар менен жолуктуруу. Үчүнчүсү – китеп окууну жайылтуу. Алыскы аймактардагы окуучуларга китеп окууга, чет тилдерин үйрөнүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнүн үстүнөн иш алып барабыз. Биз ушул иштерибиздин баарын он-лайн режиминде да жүргүзө беребиз. Мисалы, китеп окуу боюнча он-лайн жарыштарды уюштуруп, финалдык беттеште бир жерди тандап, баарыбыз чогулабыз дагы, жеңүүчүлөрдү аныктап, аларга баалуу, кызыктуу белектерди ыйгарабыз.

%article_title%
Аманбек Кыргызстандын булуң-бурчундагы окуучулардын башын бириктирип, "Кел, окуйбуз окуу борбору" коомдук бирикмесин негиздеди.

- Жашооңузга чоң багыт берген чоң атаңыз тууралуу билгибиз келип жатат.

- Чоң атам Молдобаев Бектемир өз учурунда маданият кызматкери, китепканачы эле. Коммунисттик партияда 30 жыл депутат болуп турган. Биз негизи Таластын Балбал деген айылынан болобуз. Убагында ушул Балбал айылын түптөгөн адам да - биздин чоң атабыз. Айылдын генералдык планын түзүп, мектеп, жол, көпүрө, медпункт салган. Ар бир түтүнгө үлүш жерлерди бөлүп берген. Азыр чоң атабыз 85ке чыгып калды. Айылдаштары азыркыга чейин атайын келип, батасын алып турушат.

null
Аманбек атасы Бургхан ажы Молдобаев менен. Бургхан ажы - спорт чебери.

- Сиз манас айткан жагынан да алдыңкылардан экенсиз. Манас эпосуна болгон кызыгуу кандай жаралды?

- Башта айтканымдай эле, чоң атамдын жанында көп жүрүп калдым. Ал бизге эпосторду дайым айтып берер эле. Ошентип “Манас” эпосуна, дегеле адабиятка болгон кызыгуум күч алды. 1-классымда Таласта райондук жарышка катышып, 1-орунду алгам. 5-классымда да манас айтып, анда да 1-орунга татып, ЮНЕСКОго жолдомо алгам. “Манас” бул баатырдык эпос болгондуктан, ал жаштарга чоң мотивация бериши керек деп ойлойм. Мисалы, азыркы учурда айрымдарына музыка, рэптер шык берет. А дүйнөдө теңдеши жок “Манас” баяны эмнеге шык бербеши керек деген суроо жаралат. Мисалы, эпосто “узун бойлуу, кең далы” деп Чубак сүрөттөлүп жатса, ушундай жигит өзүн Чубакка салыштырып, баатырдык жагынан да ага окшошкусу келет да. Ошондой эле, “Манас” эпосунан биз өзүбүздүн улуттук жана диний баалуулуктарыбыз боюнча да маалымат ала алабыз. Мисалы, эпосто даарат алуу, намаз убактылары, намаз окууга байланышкан сонун саптар бар.

Мисалы:

“Колун сууга салыптыр, кол дааратын алыптыр,

Бутун сууга салыптыр, бут дааратын алыптыр,

Боюн сууга салыптыр, бой дааратын алыптыр”.

Багымдат намазынын убактысы киргени тууралуу: “Таң агарып атканда,

Тараза жылдыз батканда”,- деп сүрөттөйт. Ушул сыяктуу 5 убак намаз да нукура кыргыз тилинде сонун сүрөттөлөт. Улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктарыбызды бирдей алып кетүүгө атам менен чоң атамдын салымы чоң. Экөө тең ажыга барып келишкен.

null
"Улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктарыбызды бирдей алып кетүүгө атам менен чоң атамдын салымы чоң. Экөө тең ажыга барып келишкен".

- Адабият, маданиятка кызыктырып, коомдук активдүүлүккө үйрөтүп, диний жактан да сабатыңарды арттырып, ар тараптуу кылып тарбиялоодо үй-бүлөнүн да орду чоң эмеспи. Үй-бүлөңүз тууралуу азыноолак кеп кылып өтсөңүз.

- Атам Бургхан ажы Молдобаев кесиби боюнча куруучу. Ошону менен бирге маданият тармагында, коомдук иштерде да көп эмгектенген. Мындан тышкары, атам - спорт чебери. Апам азыр үй кожойкеси, билими боюнча медайым. Атамдын ар тараптуулугу анын ар бир баласына таасир эткендей туюлат. Биз 7 бир тууганбыз. Эжем Каным спорт тармагын алып кетти. Ал 5 спорттун түрүнөн чемпион болду. Азыркы учурда таяк тартыш боюнча эл аралык деңгээлдеги калыс. Дагы бир эжем адабиятка жакын, ыр жазат. Калган бир туугандарым да спорт менен активдүү машыгышат. Мен да күрөш боюнча эл аралык жарыштарга катышып, 1-орунду алган учурлар болду. Бирок спорт тармагына эмес, көбүрөөк билим тармагына басым жасоону туура көрдүм.

null
"Оптимист болууга аракеттенүү өтө маанилүү. Бир нерсенин дароо жаман жагын эмес, жакшы жагын көргөнгө умтулуу зарыл".

- Адам жашоодо ийгиликке жетүүсү үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

- Биринчиден, талыкпай эмгектене бериш керек. Анан дагы бир жагдай, оптимист болууга аракеттенүү өтө маанилүү. Бир нерсенин дароо жаман жагын эмес, жакшы жагын көргөнгө умтулуу зарыл. Бир мисал келтирейин. Бомж менен ишкер адамдын ой жүгүртүүсүндө, жашоого болгон көз карашында кандай айрыма бар? Бомж таштандыны көрсө, “бул таштанды, эч нерсеге жарабайт” деп басып кетип калат. Ал эми ишкер ошол эле таштандыны көрсө, “бул таштандыны кантип иштетип, продукция чыгарса болот?” деп ойлонот. Мекенге кызмат кылууда болсо “Мунун баарын мамлекет жасашы керек” деп күтүп отура бербей, “мен өлкө үчүн эмне кылып бере алам?” деген суроонун үстүнөн ойлонуп, биринчи кадам таштап көрүү зарыл деп эсептейм.

null
"Мекенге кызмат кылууда болсо “Мунун баарын мамлекет жасашы керек” деп күтүп отура бербей, “мен өлкө үчүн эмне кылып бере алам?” деген суроонун үстүнөн ойлонуп, биринчи кадам таштап көрүү зарыл деп эсептейм".

- Бали! Буюрса бул жылы мектепти да аяктайт экенсиз. Келечекте өзүңүздү кайсы тармактан көрөсүз?

- Мамлекеттик башкаруу, пландоо тармагына барсамбы деп турам. Азыр эң негизгиси биздин мамлекетке туура пландоо иши керек деп ойлойм. Эмне үчүн Германия 2-дүйнөлүк согуштан кийин эбегейсиз деңгээлге чыкты да, а биз калып калдык? Биз уттук бирок өнүгүп-өсүү жагынан артта калдык, Россия да калып калды. Анткени бизде пландоо жагынан мүчүлүштүктөр көп. Пландоону өөрчүтсөк, Кыргызстаныбыз эртерээк өнүгөт деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат! Келечегиңиз кең болсун. Ийгиликтерди каалайбыз!

1 / 11



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 февраль 2020г.
Багымдат
06:09
Күндүн чыгуу
07:43
Бешим
13:15
Аср
17:02
Шам
18:51
Куптан
20:06