Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мекендешибиз Рустам Казаков - жалпы орто азиялык мигранттарга үлгү

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Каармандын өздүк архивинен / Жарыяланды: 12 март 2020

Рустам Казаков - Москвада баарынан биринчилерден болуп сертификатташтырылган чоң адал чайхана ачкандардын бири. Бул жерде ал көптөгөн кыргызстандык диний аалымдар, коомдук ишмерлерди чогултуп, коноктоп, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү, мигранттардын ынтымагы тууралуу демилгелерди көтөрүп турат. Москва шаарынын муфтийи, Москва борбордук мечитинин имамы Ильдар Аляутдинов өзү жогорку баасын берип, суктангандыгын жашырган эмес. Мындан 10 жыл мурун катардагы мекендештердей эле акча табууну көздөп Москвага сапар алган Рустам мырза жеке бизнесте жана коомдук иштерде да ийгиликке жетип, жалпы орто азиялык мигранттарга кантип үлгү боло алды? Маегибизде биз ушулар тууралуу кеп кылабыз.

null

- Ассалам алейкум, Рустам мырза. Алгач сөздү учурда сиздер иштетип жаткан адал чайханадан баштагым келип турат. Чайхана тууралуу айтып берсеңиз?

- Валейкум ассалам. Чайханабыз “Фаиза” деп аталат, 2 жыл мурун Нурлан деген мекендеш агам менен тынымсыз эмгектин аркасында биргеликте ачканбыз. Москва шаарынын түштүк чыгыш тарабында Азовская көчөсү, 18 (метро Севастопольская) дареги боюнча жайгашкан. 400 орундуу, командабыз 35 адамдан турат. Адал стандартына туура келген баардык иш-чараларга кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жасалгасы улуттук колоритте кооздолгон. Кыргыз тамактарынын даамдуулугу, улуттук суусундуктар жана кызмат көрсөтүү жогорку деңгээлде. Ички тазалыгы жана акысыз автоунаа токтотуучу жай бар.

null
"Москвада орто азиялык мигранттар ачкан 150 дөн ашуун чайхана болсо, биз биринчилерден болуп эл аралык стандарттагы адал статусун алдык".

“Москвада диний аалымдарыбызды чайханага коноктойм деп өтө ыңгайсыз абалда калгам”

- МашаАллах, сонун экен. Чайхананын адал стандарттарына шайкеш келишине кандайдыр бир талап болдубу?

- Ооба. Билесиздер, Москвада Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын өкүлчүлүгү иштейт. Москвага келгенимде бул жерден руханий азык алып туруу үчүн сабактарга келип жүрдүм. Өкүлчүлүктүн уюштурган иш-чараларына активдүү катышканга аракеттенип жаттым. Ыйман кечелери өткөрүлүп, атайын Кыргызстандан дин аалымдарыбыз чакырылар эле. Активдүүлүгүмдү байкаган агалар аалымдарыбызды тосуп алып, аларды жайгаштыруу иштерин мага ишенип тапшырышчу. Ошондо ажыкелерибизди аба майданынан тосуп алып, бир чайханага алып барып, аябай ыңгайсыз абалда калганбыз. Анткени ал чайхананын тамак-ашы, ички атмосферасы “адал” деген түшүнүккө дал келбейт эле. Дал ошондо мага кыргыздын адал чайханасын ачуу ойго келди. “Москвада ушунча кыргыз жашайбыз. Арабызда бутуна туруп, байып калгандары деле бар. Андай болсо эмнеге өзүбүздүн адал чайханабыз жок?” деп өзүмө суроо бердим. Бул идеяны бир топко чейин ичимде бышырып жүрдүм. Мекендешибиз Нурлан ага менен оюбуз бир жерден чыгып калганы сонун болду.

null
"Кыргызстандан Москвага иш сапары менен келген диний аалымдарыбызды жогорку деңгээлде тосуп алууда салымымды кошконго аракеттенем"

Москвадагы 150 дөн ашык чайхананын ичинен кыргыз чайханасы тазалыгы жана тамак-ашынын даамдуулугунан эң алдыда

- Чет жерде жеке ишиңди баштоо кыйын. Ал эми аны кандайдыр бир стандарттарга шайкеш келтирүү андан бетер оор болсо керек. Сурайын дегеним, адал сертификатын алууда кандай кыйынчылыктар болду?

- Ооба, туура айтасыз. Биз эреже боюна Россиянын муфтийлер кеңешине арыз менен кайрылдык. Алар койгон бардык талаптарды аткарып, 1 жылдан ашыгыраак убакыттын ичинде сертификатка ээ болдук. Адал стандарттарына жооп бере турган комиссиянын тыкыр көзөмөлүнөн өттүк. Алар: “Бизге адал стандартын алууга көп эле компания кайрылат. Тиешелүү документ, кагаздарды жөнөткөнүбүздөн кийин ошол боюнча дайын-оту жок болуп кетишет, көбү 1-2-баскычтан эле өтпөй калышат. Ал эми силер биздин бардык талаптарды так аткарып, аябай аракет кылып жатасыңар”,- деп бир чети таң калып, экинчи жагынан ыраазы болушту. Москвада орто азиялык мигранттар ачкан 150 дөн ашуун чайхана болсо, биз биринчилерден болуп эл аралык стандарттагы адал статусун алдык.

null
"Маңдай тер, бел чечпей иштөө, оптимисттик көз караш сөзсүз ийгиликке жетелейт."

“Кечиресиздер, биз узунураак кийим кийип, анан кайра келет окшойбуз” дешет

- Негизги кардарларыңыздар ким? Башка ишенимдин өкүлдөрү “адал деген эмне?” деп сурашабы?

- Негизги кардарларыбыз өзүбүздүн мекендештер жана орто азиялык мигранттар. Орус улутундагылар да аз эмес. Ооба, “адал” деген сөздү алгач угуп жаткандар аябай кызыгышып, майда-баратына чейин тактап сурап алгандар бар. Чайханага киргенде конокторду ислам этикасына жана элибиздин салтына ылайык кийинген официанттар тосуп алышат. Андыктан, чайханабыздын босогосун аттаганда эле кыскараак кийинип келген айрым кардарларыбыздын: “Кечиресиздер, биз узунураак кийим кийип, анан кайра келет окшойбуз”,-деп баалуулуктарыбызга сый көрсөтүшкөндүктөрү жүрөгүбүздү жылытат. Дайымкы кардарларыбыздын арасында орус улутундагы бир үй-бүлө бар. “Мурун бул жер көңүл ачуучу клуб эле. Ал эми азыр өтө кооз, даамдуу тамак-аштарды даярдаган жерге айланды”,- деп кубангандарын жашырбай, ыраазычылык билдирип турушат. Адал тамакка чоң маани бергендер болсо “Фаизадан гана тамактанабыз. Анткени булардын сертификаты бар”,-деп айтып калышат. Албетте, мындай сөздөр бизге дагы да чоң мотивация берет. Бул чакан ишмердүүлүгүбүз менен динибиздин жана улутубуздун баалуулуктарын жеткирүүнү каалайбыз. Чайхананын ичинде аят, хадистер, ыйман сабактарын, кыргыз музыкасын маал-маалы менен коюп турабыз. Улуттук тамак-аштарды тамшанып жегендер көп. Өзгөчө “Шоронун” аралаш деген суусундугун аябай жакшы көрүп, “бул пайдалуу, талкандан жасалат” деп ичкендер арбын. Баса, чайханабызга Россия Федерациясынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү, белгилүү Никас Сафронов конок болуп, ишибизди жактырып, өзүнүн көркөм чыгармасын эстеликке белек кылган. Азыр ал керемет картиналар чайханабыздын дубалын кооздоп турат.

null
"Бул чакан ишмердүүлүгүбүз менен динибиздин жана улутубуздун баалуулуктарын жеткирүүнү каалайбыз".

“Дин Москвадагы кыргыз мигранттарынын жашоосун жакшы жакка өзгөртүүдө”

- Сиз Москвадагы коомдук, маданий иштерге да активдүү катышып турат экенсиз. Алсак, бул жылы Россиянын абройлуу деп саналган Крокус Сити Холлдун (Crocus City Hall) чоң залында өткөн Пайгамбарыбызды (САВ) таанытууга арналган ыйман кечесинде да сиз негизги уюштуруучулук милдетти алыпсыз. 6000 кишиге пландалган иш-чаранын үстүнөн эмгектенүү деле оңой иш эмес да. Негизи уюштуруучулукка жакын окшойсуз?

- Ооба, Кудайга шүгүр, Кыргызстан муфтиятынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев башында турган топ болуп бул жылкы ыйман кечесин жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Татар бир туугандар: “Кыска убакыттын ичинде сонун программадагы иш-чараны кантип уюштурдуңар?”,-деп таң калып жатышат. Баса, марттын аягында татарлар “Мен киммин?” деген темада ыйман кечесин өткөрүшөт. Уюштуруу иштеринде жардам бергенге алар бизди да чакырышып, катарына кошуп жатышат. Албетте, бул биз үчүн – чоң сыймык. Ал эми уюштуруучулук боюнча айтсам, өзүм социалдык жактан активдүү болууга умтулам. Колумдан келип турган иш болсо качпайм. Жогоруда айтканымдай, Москвага келгенде Кыргызстандагы муфтияттын Москвадагы өкүлчүлүгүнө ыйман сабактарын алып туруу үчүн келип, “Хадис” деген группага кошулуп калдым. Ушул группадагы ага-инилер менен азыркыга чейин байланышып, кайрымдуулук, уюштуруучулук иштерде башыбыз биригип турат. Негизи Москва шаарында башка бир да улуттун муфтиятынын өкүлчүлүгү жок. Биздин өкүлчүлүктүн болгону мигрант мекендештерге чоң таасирин тийгизип келет. Тиричилик деп акчанын эле артынан жүрө бербей, баалуулуктарыбыз, жан дүйнө маселелерине да көңүл бурулууда.

null
"Быйылкы Москвада өткөн 6000 кишилик Пайгамбарыбызды (САВ) таанытуу кечесин уюштурууда ушул жигиттердин эмгеги зор"

“Чыныгы жигит өз үй-бүлөсүнө гана эмес, эң азынан өз айылына жооптуу болушу керек”

- Мисалы, кандай иштер аткарылат?

- Адам баласынын коомдогу орду анын коомго кылган мамилесинен билинет деп ойлойм. Москвада оор кырдаалда калган мекендештердин абалына күбө болгон учурлар көп кездешет. Мындай кезде жөн эле кайдыгер карап турууга жүрөк чыдабайт. Анын үстүнө, чет жерде эл менен жердин баркын жакшыраак түшүнөсүң. Азыр менде мекенчилдик сезим өтө күчөп турган кези (күлүп). Андыктан, бир пикрдеги ага-инилер менен оор кырдаалдагы, документтерин жоготуп алган, кымбат баалуу операцияга муктаж болгон мекендештерге кайрымдуулук кылып турабыз. Мындан тышкары, муфтияттын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө да жардам керек болсо ар дайым даярбыз. Орозо айт, Курман айт, ыйман кечелерин уюштурууда, диний аалымдарыбызды тосуп алууда жоопкерчиликтүү милдеттерди сыймыктануу менен алабыз. Муну менен катар Москвада мигранттардын өзүлөрү жашаган райондорунун фонду бар. Мисалы, мен “Кара Кулжа” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары катарында бул жактагы жаштарга спорттук жана руханий багытта колдообузду көрсөтүп турабыз. Өз айылыбызга, районубузга жардамдарды жөнөтөбүз. Үйүнөн алыс жүргөн мигрант мекендештер менен жакшылык-жамандыкта чогуу болуп, ынтымагыбызды бекемдөөгө аракетибиз күч. Ай сайын чогулуп, пикир алышып турууга аракеттенебиз. “Келе албасаңар да, кабарыңарды билдирип тургула”, -деп көп айтам мекендештерге. Өзүмдү менден кичүү инилерге жоопкерчиликтүү сезем. Буга атамдын тарбиясы чоң роль ойноду. Эгер өзүмдү эле ойлоп жүрө берсем, бир күнү атам чалып: “Баланчанын баласын карап, контролдоп койбойсуңбу”,- десе, мен эмне деп жооп берем? Чыныгы жигит өз үй-бүлөсүнө гана эмес, эң азынан өз айылына жооптуу болушу керек.

null
"Өзүмдү менден кичүү инилерге жоопкерчиликтүү сезем. Буга атамдын тарбиясы чоң роль ойноду".

“Патриоттуулук жана диндарлык сезим мага канат байлап, өзүмө ишенүүгө жардам берди”

- Азыркы тапта Москвадагы мекендештердин жалпы абалына кандай баа бермексиз?

- Москвада кыргыздар көп. Кыргызстандын 8-облусундай эле болуп калды. Кудайга шүгүр, мурункуга салыштырмалуу мекендештерибиз бутуна туруп, жакшыраак жумуштарда иштеп жатышат. Чакан ишкерлик кылгандар көп. Акча эле таппай, акыл да тапкандар коомдон өз ордун ээлеп келе жатышат деп айта алам. Чет жакта жүргөндө улуттук жана диний баалуулуктарды сактоо кыйыныраак, азгырыктар көп болот. Анын сыңары, Россияда мекендештерибиз көп болгондуктан, биз алардын руханий дүйнөсүнө эшик кагып, ойготконго колдон келишинче аракетибизди кылуубуз зарыл. Акча деп жүрө берсең жашоо кантип өткөнүн деле байкабай каласың. Кыргыз деген элди башкалар өзүн сыйлаган, маданияттуу, интеллектуалдык деңгээли жогору калк катары таанып, сыймыктануу менен сөз кылуусун каалайм.

null
"Бул жылкы Пайгамбарыбызды таанытуу кечеси өтө жогорку деңгээлде өттү"

- Оштон Москвага катардагы мигрант болуп, иш издеп келип, эми акча эле таппастан, атайын убактыңызды бөлүп, коомдук иштердин да майын чыгарат экенсиз. Буга өзгөчө ким же эмне түрткү болду?

- Албетте, биринчи кезекте ата-энемдин тарбиясы. Алар мени бала кезден жоопкерчиликтүү жана тырышчаак болууга үйрөтүшкөн. Экинчиден, ата-энемдин мага эркиндик берип, шарт түзгөндүгү. Мисалы, Москвада иштегендердин көпчүлүгүнөн байкасам, алар тапкан акчасын дароо Кыргызстандагы ата-энесине, үй-бүлөсүнө жөнөтүшөт. Жадагалса, айлыктын кайсы бир бөлүгүн алдын-ала берип туруусун иш берүүчүдөн өтүнүп, ошол акчаны салып жиберишет. Ал эми менин учурумда ата-энем менден эч нерсе талап кылган жок. Бутума туруп, ишимди бир нукка салып алууга мүмкүндүк беришти, эч нерсе сурашкан жок. Мен болсо тапканымды чогултуп, акырындык менен пландаган иштеримди жүзөгө ашырып жаттым. Үчүнчүдөн, эмнегедир, Кыргызстандан эмес, Москвага келгенде исламды жашоомо тереңирээк киргиздим. Патриоттуулук жана диндарлык сезим мага канат байлап, чоң иштерди коркпостон, ишенимдүү баштап, Жаратканга тобокел кылганды үйрөттү. Анан албетте, бардык эле ийгиликтин сыры – талыкпаган эмгек. Маңдай тер, бел чечпей иштөө, оптимисттик көз караш сөзсүз ийгиликке жетелейт.

%article_title%
Үй-бүлөм, 2 кызым - чоң байлыгым

- Москвада жашаганыңызга 10 жыл болуп кетиптир. Кыргызстанга кайтуу планда барбы?

- Албетте, мекенге сөзсүз кайтабыз. Бул жерде жашасак да, Кыргызстан жүрөгүбүздө. Куса болобуз, абасын, суусун, бейиштей жаратылышын сагынабыз. Буюрса, бул жактан дагы көбүрөөк тажрыйба топтоп алып, Кыргызстанга кайтып, кызмат кылуу оюбузда бар.

- Маегиңизге рахмат. Мындан ары да албан ийгиликтерди каалайбыз.

1 / 24



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 май 2020г.
Багымдат
3:20
Күндүн чыгуу
5:28
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:33
Куптан
22:11